للإطلاع على الموقع بحلته الجديدة

ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني سورة: هود   آية:
وَيَصۡنَعُ ٱلۡفُلۡكَ وَكُلَّمَا مَرَّ عَلَيۡهِ مَلَأٞ مِّن قَوۡمِهِۦ سَخِرُواْ مِنۡهُۚ قَالَ إِن تَسۡخَرُواْ مِنَّا فَإِنَّا نَسۡخَرُ مِنكُمۡ كَمَا تَسۡخَرُونَ
Нух Раббисинин буйругун аткарып кеме курууга кирише баштады. Ал дарыялар жана суу жок жерде кеме жасап жаткандыктан, анын коомунун аттуу-баштуулары качан анын жанынан өткөн сайын шылдыңдап өтүшөт эле. Алар көп шылдыңдап баштаганда Нух аларга: “Эй, адамдар! Биз кеме жасап жатканда шылдыңдасаңар, анда силер чөгүп кетишиңерден кабарсыз жүргөнүңөргө биз да шылдыңдайбыз.
التفاسير العربية:
فَسَوۡفَ تَعۡلَمُونَ مَن يَأۡتِيهِ عَذَابٞ يُخۡزِيهِ وَيَحِلُّ عَلَيۡهِ عَذَابٞ مُّقِيمٌ
Кыйраткан жана зыянга учураткан азап кимге келишин жакында билесиңер. Ал эми кыямат күнү алар үзүлбөй токтоосуз дайыма болуп турган азапта болшат.
التفاسير العربية:
حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَ أَمۡرُنَا وَفَارَ ٱلتَّنُّورُ قُلۡنَا ٱحۡمِلۡ فِيهَا مِن كُلّٖ زَوۡجَيۡنِ ٱثۡنَيۡنِ وَأَهۡلَكَ إِلَّا مَن سَبَقَ عَلَيۡهِ ٱلۡقَوۡلُ وَمَنۡ ءَامَنَۚ وَمَآ ءَامَنَ مَعَهُۥٓ إِلَّا قَلِيلٞ
Аллах жаса деп буйруган кемени Нух пайгамбар жасап бүттү. Аларды жок кылууга буйругубуз келгенде топон суунун келишине белги болуп алар нан жасап жүргөн тандырлардан суулар атылып чыкты. Ошондо Нух пайгамбарга мындай деп айттык: “Жер бетинде жүргөн айбанаттардан эркек-ургаачы кылып кемеге сал. Жана үй-бүлөңдөн ыйман келтирбегендиктен, ал чөгөт деп өкүм болгон адамдан башкаларын кемеге киргиз. Коомуңдан сени менен кошо ыйман келтирген адамдарды да киргиз. Бирок Аллахка ыйман келтирүүгө чакырган узак убакыттын ичинде анын коомунан аз гана адамдар ыйман келтиришкен эле.
التفاسير العربية:
۞ وَقَالَ ٱرۡكَبُواْ فِيهَا بِسۡمِ ٱللَّهِ مَجۡر۪ىٰهَا وَمُرۡسَىٰهَآۚ إِنَّ رَبِّي لَغَفُورٞ رَّحِيمٞ
Нух өзүнүн коомунан жана үй-бүлөсүнөн ыйман келтиргендерге мындай деп айтты: “Кемеге чыккыла, Аллахтын аты менен кеме жыла баштайт жана Анын аты менен токтойт. Чындыгында Раббим тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү жана аларга Ырайымдуу. Ыймандууларга ырайым кылып аларды кыйроодон сактайт”.
التفاسير العربية:
وَهِيَ تَجۡرِي بِهِمۡ فِي مَوۡجٖ كَٱلۡجِبَالِ وَنَادَىٰ نُوحٌ ٱبۡنَهُۥ وَكَانَ فِي مَعۡزِلٖ يَٰبُنَيَّ ٱرۡكَب مَّعَنَا وَلَا تَكُن مَّعَ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Кеме ичиндеги адамдар жана жаныбарлар менен тоодой болгон чоң толкундарды аралап жүрүп кетти. Аталык сезимдин себебинен Нух пайгамбар каапыр баласын чакырды. Анын баласы коомунан алыс өзүнчө башка жерде турган эле. “Эй, балам! Биз менен кошо кемеге чык! Чөгүп кетүүдөн аман каласың. Каапыр коом менен бирге болбо. Эгерде алар менен бирге болсоң, аларга жеткен кыйроо жана чөгүү сага да жетет.
التفاسير العربية:
قَالَ سَـَٔاوِيٓ إِلَىٰ جَبَلٖ يَعۡصِمُنِي مِنَ ٱلۡمَآءِۚ قَالَ لَا عَاصِمَ ٱلۡيَوۡمَ مِنۡ أَمۡرِ ٱللَّهِ إِلَّا مَن رَّحِمَۚ وَحَالَ بَيۡنَهُمَا ٱلۡمَوۡجُ فَكَانَ مِنَ ٱلۡمُغۡرَقِينَ
Нухтун баласы атасына айтты: “Бул суу мага жетпеши үчүн мен бийик тоого чыгып кетемин”. Нух баласына: “Топон суу менен чөгүп кетүү азабынан бүгүн бир гана Ырайымдуу Аллах кимди кааласа сактайт. Ал гана чөгүп кетүүдөн сактай алат” – деп айтып жатканда Нух пайгамбар менен каапыр баласынын ортосун толкун келип бөлүп салат. Ошентип Нухтун каапыр баласы каапырчылыгы себептен топон сууга чөккөндөрдүн катарында болду.
التفاسير العربية:
وَقِيلَ يَٰٓأَرۡضُ ٱبۡلَعِي مَآءَكِ وَيَٰسَمَآءُ أَقۡلِعِي وَغِيضَ ٱلۡمَآءُ وَقُضِيَ ٱلۡأَمۡرُ وَٱسۡتَوَتۡ عَلَى ٱلۡجُودِيِّۖ وَقِيلَ بُعۡدٗا لِّلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
Топон суу басылып калганда Аллах жерге: “Эй, жер! Топон суунун калганын өзүңө сиңирип ал” – деп айтты. Асманга болсо: “Эй, асман! Жамгырды токтот” – деп буйруду. Ошондо суу азайып жерге сиңип кетти. Аллах каапырларды жок кылды. Кеме Жуудий тоосуна келип токтоду. Ошондо: “Каапырлык менен Аллахтын чегинен ашкан адамдар алыс болсун жана аларга кыйроо болсун!” – деп айтылды.
التفاسير العربية:
وَنَادَىٰ نُوحٞ رَّبَّهُۥ فَقَالَ رَبِّ إِنَّ ٱبۡنِي مِنۡ أَهۡلِي وَإِنَّ وَعۡدَكَ ٱلۡحَقُّ وَأَنتَ أَحۡكَمُ ٱلۡحَٰكِمِينَ
Нух пайгамбар Раббисинен жардам сурап Ага мындай деп кайрылды: “Оо, Раббим! Үй-бүлөңдү сактаймын деп убада кылгандай эле менин балам да үй-бүлөмдүн катарында эле. Чындыгында Сенин убадаң акыйкат жана анда кыянаттык болбойт. Сен өкүм кылуучулардын эң Адилеттүүсүсүң жана Билүүчүсүң.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• بيان عادة المشركين في الاستهزاء والسخرية بالأنبياء وأتباعهم.
Пайгамбарларды жана аларды ээрчиген адамдарды маскаралоо жана шылдыңдоо мушриктердин адаты экендиги баяндалды.

• بيان سُنَّة الله في الناس وهي أن أكثرهم لا يؤمنون.
Аллахтын табияттагы өкүмдөрүнүн негизинде адамдардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт.

• لا ملجأ من الله إلا إليه، ولا عاصم من أمره إلا هو سبحانه.
Аллахка гана башкалка кылынат. Жана Анын өкүмүнөн Ал Өзү гана коргой алат.

 
ترجمة معاني سورة: هود
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

صادرة عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق