ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (18) سورة: ابراهيم
مَّثَلُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِرَبِّهِمۡۖ أَعۡمَٰلُهُمۡ كَرَمَادٍ ٱشۡتَدَّتۡ بِهِ ٱلرِّيحُ فِي يَوۡمٍ عَاصِفٖۖ لَّا يَقۡدِرُونَ مِمَّا كَسَبُواْ عَلَىٰ شَيۡءٖۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلضَّلَٰلُ ٱلۡبَعِيدُ
Каапырлар берген садака, башкаларга жакшылык кылуусу, алсыздарга ырайымдуулук кылуусу сыяктуу жакшылык иш-аракеттеринин мисалы бороондуу күндө шамал учуруп кеткен күлгө окшош. Анткени аны шамал көтөрүп ар тарапка изин калтырбай чачып салат. Кудум ушундай эле каапырлардын каапырчылыгы да жакшылык иш-аракеттерин учуруп жок кылат. Кыямат күнү жакшылык иш-аракеттери аларга пайда бербейт. Иш-аракеттер ыйманга негизделбеген болсо, анда ал акыйкат жолунан алыс болгон адашуу болот.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• أن الأنبياء والرسل بشرٌ من بني آدم، غير أن الله تعالى فضلهم بحمل الرسالة واصطفاهم لها من بين بني آدم.
Пайгамбарлар жана элчилер да Адам атанын урпактары. Аллах таала аларды башкалардан өзгөчөлөп пайгамбар кылып көтөрдү. Жана аларды Адам атанын урпактарынан пайгамбарлыкка тандап алды.

• على الداعية الذي يريد التغيير أن يتوقع أن هناك صعوبات جَمَّة سوف تقابله، ومنها الطرد والنفي والإيذاء القولي والفعلي.
Жамандыктарды жакшылыкка өзгөртүүнү каалап даават кылган адамга тоскоол боло турган көптөгөн кыйынчылыктар болот. Ал кыйынчылыктар даават кылган адамды элден чыгарып салуу, көп нерседен тосуп коюу жана кол менен жана тил менен да ага ыза берүү.

• أن الدعاة والصالحين موعودون بالنصر والاستخلاف في الأرض.
Албетте даават кылган адамдарга жана салих адамдарга жеңиш жана жер бетинде орун басар болуп калууга убада берилген.

• بيان إبطال أعمال الكافرين الصالحة، وعدم اعتبارها بسبب كفرهم.
Каапырларга жакшы иш-аракеттери да пайда бербейт. Анткени алардын кылган иш-аракеттери каапырчылык себебинен эске алынбайт.

 
ترجمة معاني آية: (18) سورة: ابراهيم
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق