ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (50) سورة: الكهف
وَإِذۡ قُلۡنَا لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ ٱسۡجُدُواْ لِأٓدَمَ فَسَجَدُوٓاْ إِلَّآ إِبۡلِيسَ كَانَ مِنَ ٱلۡجِنِّ فَفَسَقَ عَنۡ أَمۡرِ رَبِّهِۦٓۗ أَفَتَتَّخِذُونَهُۥ وَذُرِّيَّتَهُۥٓ أَوۡلِيَآءَ مِن دُونِي وَهُمۡ لَكُمۡ عَدُوُّۢۚ بِئۡسَ لِلظَّٰلِمِينَ بَدَلٗا
Оо, Мухаммад! Эстечи, Биз периштелерге: «Адамга саламдашуу иретинде сажда кылгыла» – дегенде Раббисинин буйругуна моюн сунушуп баарысы ага сажда кылышты. Бир гана Иблис кылган жок. Ал жиндерден болчу. Периштелерден эмес эле. Ал сажда кылуудан текеберленип баш тартты, Раббисине моюн сунган жок. Эй, адамдар! Алар силерге душман болсо дагы Мени таштап, аны жана анын урпактарын өзүңөргө жакын дос тутуп жатасынарбы?! Залымдардын Аллахты жакын туткандын ордуна шайтанды дос тутканы кандай жаман иш!
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• على العبد الإكثار من الباقيات الصالحات، وهي كل عمل صالح من قول أو فعل يبقى للآخرة.
Пенде сообу түбөлүк калуучу иштерди көп кылуусу зарыл. Алар сөз же иш түрүндө аткарылып акыретке калган бардык жакшылык иштер.

• على العبد تذكر أهوال القيامة، والعمل لهذا اليوم حتى ينجو من أهواله، وينعم بجنة الله ورضوانه.
Пендеге кыяматтагы коркунучтарды эстеп туруу жана андагы коркунучтардан аман калыш үчүн ал күн үчүн амал кылуу зарыл. Ошондо ал Аллахтын ыраазылыгына жана бейиш ырахатына бөлөнөт.

• كَرَّم الله تعالى أبانا آدم عليه السلام والجنس البشري بأجمعه بأمره الملائكة أن تسجد له في بدء الخليقة سجود تحية وتكريم.
Аллах таала түпкү атабыз Адамды жана бүткүл адамзатты урматтады жана аны жаңы жаратканда периштелерге ага сый-урмат көрсөтүп саламдашуу иретинде сажда кылууларын буйруду.

• في الآيات الحث على اتخاذ الشيطان عدوًّا.
Аяттарда шайтанды душман туткула деген чакырык айтылды.

 
ترجمة معاني آية: (50) سورة: الكهف
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق