ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (58) سورة: الكهف
وَرَبُّكَ ٱلۡغَفُورُ ذُو ٱلرَّحۡمَةِۖ لَوۡ يُؤَاخِذُهُم بِمَا كَسَبُواْ لَعَجَّلَ لَهُمُ ٱلۡعَذَابَۚ بَل لَّهُم مَّوۡعِدٞ لَّن يَجِدُواْ مِن دُونِهِۦ مَوۡئِلٗا
Аны жалганга чыгаргандарга азапты тездетүүгө шашылбоосу үчүн Аллах пайгамбарына минтип айтты: «Эй, пайгамбар! Раббиң тобо кылган пенделерине Кечиримдүү. Ал ырайымдын Ээси, Анын ырайымдуулугу бардык нерсени өзүнө камтыйт. Күнөөкөрлөр, балким, тобо кылышар деп аларга мөөнөт бергени – бул Анын ырайымдуулугунан. Эгерде Аллах баш тарткандарды жазаласа, анда бул дүйнөдө эле аларды дароо азаптамак. Бирок Ал Кеңпейил, Ырайымдуу. Ошондуктан алар тобо кылышар деп азаптабай турду. Эгерде алар тобо кылышпаса, анда алар баш тартканы жана каапырлыгы үчүн жазасын ала турган белгилүү убактысы жана белгилүү жайы бар. Ошондо алар Аллахтан башка баш калкалаар эч кимди таппай калышат».
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• عظمة القرآن وجلالته وعمومه؛ لأن فيه كل طريق موصل إلى العلوم النافعة، والسعادة الأبدية، وكل طريق يعصم من الشر.
Куран – улук, ыйык жана бүт баарын өзүнө камтыган. Анткени Куранда пайдалуу илимдерге, түбөлүк бакытка жеткирүүчү бардык жолдор жана жамандыктардан сактаган бардык ыкмалар камтылган.

• من حكمة الله ورحمته أن تقييضه المبطلين المجادلين الحق بالباطل من أعظم الأسباب إلى وضوح الحق، وتبيُّن الباطل وفساده.
Акыйкатты жалган менен жокко чыгаргандардын жана талашып тартышкандардын барлыгы – акыйкаттын ачыкка чыгышына, жалгандын билинишине түрткү болгон чоң себептерден болуп эсептелет. Бул Аллахтын даанышмандуулугунан жана ырайымдуулугунан.

• في الآيات من التخويف لمن ترك الحق بعد علمه أن يحال بينه وبين الحق، ولا يتمكن منه بعد ذلك، ما هو أعظم مُرَهِّب وزاجر عن ذلك.
Аяттарда акыйкатты билип туруп таштаган адамдарга эскертүүлөр айтылды. Аллах алар менен акыйкаттын ортосуна тосмо коет. Ошондон кийин акыйкатка жете албай калышат. Мындан өткөн коркунуч кемсинтүү барбы.

• فضيلة العلم والرحلة في طلبه، واغتنام لقاء الفضلاء والعلماء وإن بعدت أقطارهم.
Илимдин, аны үйрөнүү үчүн сапар кылуунун жана алыста болсо да аалымдар менен жолугууга ашыгуунун артыкчылыгы.

• الحوت يطلق على السمكة الصغيرة والكبيرة ولم يرد في القرآن لفظ السمك، وإنما ورد الحوت والنون واللحم الطري.
Аятта келген “хуут (кит)’ деген сөз кичине жана чоң балыкка колдонулат. Куранда “самак (балык)” деген сөз келген эмес. Куранда балык деген сөз “хуут”, “нуун”, “ал-лахм ат-торий” деген сөздөр менен келет.

 
ترجمة معاني آية: (58) سورة: الكهف
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق