ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (216) سورة: البقرة
كُتِبَ عَلَيۡكُمُ ٱلۡقِتَالُ وَهُوَ كُرۡهٞ لَّكُمۡۖ وَعَسَىٰٓ أَن تَكۡرَهُواْ شَيۡـٔٗا وَهُوَ خَيۡرٞ لَّكُمۡۖ وَعَسَىٰٓ أَن تُحِبُّواْ شَيۡـٔٗا وَهُوَ شَرّٞ لَّكُمۡۚ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ وَأَنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ
Оо, ыймандуулар! Аллах жолунда согушуу табиятынан адамга жагымсыз болсо да, ал силерге парз кылынды. Анткени мында мал-мүлктү жана жанды курман кылуу бар. Балким силер Аллах жолунда согушуу сыяктуу кээ бир нерселерди жаман көрүшүңөр мүмкүн, чынында ал силер үчүн жакшы жана пайдалуу чыгар. Анткени ал өзүнө улуу сооптор менен бирге душмандын үстүнөн жеңишке жетүүнү жана Аллахтын сөзүн бийик көтөрүүнү камтыган. Балким силер Аллах жолундагы согушка барбай коюу сыяктуу кээ бир нерселерди жакшы көрүшүңөр мүмкүн, чынында ал силер үчүн жамандык жана балээ чыгар. Анткени мында жеңилүү жана душманга баш ийүү бар. Аллах иштердин жакшы-жаманын толук билет, а силер аны билбейсиңер. Андыктан Анын буйругуна жооп бергиле. Анткени анда силер үчүн жакшылыктар бар.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• الجهل بعواقب الأمور قد يجعل المرء يكره ما ينفعه ويحب ما يضره، وعلى المرء أن يسأل الله الهداية للرشاد.
Иштердин акыбетин билбестик, кээде адамдын өзүнө пайдалуу нерсени жек көрүүсүнө, зыяндуу нерсени жакшы көрүүсүнө себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан адам Аллахтан тууралыкка карай жол көрсөтүүнү суроосу керек.

• جاء الإسلام بتعظيم الحرمات والنهي عن الاعتداء عليها، ومن أعظمها صد الناس عن سبيل الله تعالى.
Ислам дини ыйык нерселерди улуктоону жана аларга душмандык кылуудан тыюуну алып келди. Ал эми алардын эң чоңдорунун бири – адамдарды Аллах тааланын жолунан тосуу.

• لا يزال الكفار أبدًا حربًا على الإسلام وأهله حتَّى يخرجوهم من دينهم إن استطاعوا، والله موهن كيد الكافرين.
Каапырлар мусулмандарды дининен чыгармайынча аларга жана Исламга каршы согушту дайыма уланта беришет. Аллах каапырлардын айласын курутат.

• الإيمان بالله تعالى، والهجرة إليه، والجهاد في سبيله؛ أعظم الوسائل التي ينال بها المرء رحمة الله ومغفرته.
Аллахка ыйман келтирүү, Ал үчүн көчүү жана Анын жолунда согушуу – Аллахтын ырайымына жана кечиримине жетүүнүн эң улуу жолдору.

• حرّمت الشريعة كل ما فيه ضرر غالب وإن كان فيه بعض المنافع؛ مراعاة لمصلحة العباد.
Шарият адамдардын кызыкчылыгын эске алуу менен зыяндуулугу басымдуулук кылган бардык нерселерге, анын ичинде анча-мынча пайдасы бар болсо да, аларды арамга чыгарат.

 
ترجمة معاني آية: (216) سورة: البقرة
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق