ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (223) سورة: البقرة
نِسَآؤُكُمۡ حَرۡثٞ لَّكُمۡ فَأۡتُواْ حَرۡثَكُمۡ أَنَّىٰ شِئۡتُمۡۖ وَقَدِّمُواْ لِأَنفُسِكُمۡۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّكُم مُّلَٰقُوهُۗ وَبَشِّرِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Жер түшүм берген сыяктуу аялдарыңар да силерге бала-чака төрөп берген эгинзарыңар. Ал эгинзарга (жыныс мүчөсүнө) каалаган тараптан, каалагандай абалда алды жагына гана кошулгула. Өзүңөр үчүн жакшылык иштерди камдагыла. Алардын бири – эркек киши аялы менен кошулганда Аллахка жакындоону көздөөсү жана таза урпакты үмүт кылуусу. Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Андан корккула. Мунун ичинде Аллах силерге шарият кылган аялдардын маселелери да камтылган. Билгиле, кыямат күнү Ага жолугасыңар, Анын алдында турасыңар, Ал иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет. Оо, пайгамбар! Ыймандуулар Раббисине жолукканда жана Анын асыл Жүзүн көргөн кезде аларды кубанычка бөлөгөн түбөлүк жыргалчылыкты аларга сүйүнчүлө.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• تحريم النكاح بين المسلمين والمشركين، وذلك لبُعد ما بين الشرك والإيمان.
Ширк менен ыймандын ортосундагы алыстыктан улам мусулмандар менен мушриктердин ортосунда нике кыюунун арамдыгы.

• دلت الآية على اشتراط الولي عند عقد النكاح؛ لأن الله تعالى خاطب الأولياء لمّا نهى عن تزويج المشركين.
Аят никеге турууда камкорчунун (валийдин) күбө болуусу шарт экенине далил. Анткени Аллах таала мушриктерге турмушка бербегиле деп камкорчуларга кайрылды.

• حث الشريعة على الطهارة الحسية من النجاسات والأقذار، والطهارة المعنوية من الشرك والمعاصي.
Шарият сырткы ыплас жана булганыч нерселерден таза болууга, ошондой эле ички күнөөлөрдөн жана ширктен таза болууга үндөйт.

• ترغيب المؤمن في أن يكون نظره في أعماله - حتى ما يتعلق بالملذات - إلى الدار الآخرة، فيقدم لنفسه ما ينفعه فيها.
Ыймандуу адамды иш-аракеттеринде, ал тургай ырахаттанууга байланышкан нерселерде да акыретке назар салууга жана ал үчүн өзүнө пайдалуу нерселерди камдоого үндөдү.

 
ترجمة معاني آية: (223) سورة: البقرة
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق