ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (228) سورة: البقرة
وَٱلۡمُطَلَّقَٰتُ يَتَرَبَّصۡنَ بِأَنفُسِهِنَّ ثَلَٰثَةَ قُرُوٓءٖۚ وَلَا يَحِلُّ لَهُنَّ أَن يَكۡتُمۡنَ مَا خَلَقَ ٱللَّهُ فِيٓ أَرۡحَامِهِنَّ إِن كُنَّ يُؤۡمِنَّ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۚ وَبُعُولَتُهُنَّ أَحَقُّ بِرَدِّهِنَّ فِي ذَٰلِكَ إِنۡ أَرَادُوٓاْ إِصۡلَٰحٗاۚ وَلَهُنَّ مِثۡلُ ٱلَّذِي عَلَيۡهِنَّ بِٱلۡمَعۡرُوفِۚ وَلِلرِّجَالِ عَلَيۡهِنَّ دَرَجَةٞۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Ажырашкан аялдар үч этек кир мөөнөтүндө күтүшөт, ал арада башкага турмушка чыгышпайт. Эгер Аллахка жана акырет күнүнө чындап ыйман келтиришкен болсо, анда Аллах алардын жатынында жараткан нерсени жашырбоосу керек. Ал эми аларга талак берген күйөөлөрү кайра жарашуунунун артынан ынтымакты жана талактын айынан жаралган нерселерди жок кылууну көздөсө, анда күтүү (идда) мөөнөтүндө алар менен кайра жарашууга толук укуктуу. Адамдардын арасында белгилүү болгондой аялдардын да күйөөлөрү сыяктуу укуктары жана милдеттери бар. Ал эми башкаруу жана талак маселеси жактан алганда эркектердин даражасы аялдардыкынан жогору. Аллах эч нерсе нерсеге жеңилбеген Кудуреттүү, шариятында жана башкаруусунда Даанышман.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• بيَّن الله تعالى أحكام النكاح والطلاق بيانًا شاملًا حتى يعرف الناس حدود الحلال والحرام فلا يتجاوزونها.
Аллах таала адамдар адал менен арамдын чектерин билип, алардын чегинен чыкпоо үчүн аларга нике менен талактын өкүмдөрүн баяндады.

• عظَّم الله شأن النكاح وحرم التلاعب فيه بالألفاظ فجعلها ملزمة، وألغى التلاعب بكثرة الطلاق والرجعة فجعل لها حدًّا بطلقتين رجعيتين ثم تحرم عليه إلا أن تنكح زوجا غيره ثم يطلقها، أو يموت عنها.
Аллах никенин баркын көтөрдү жана ар кандай сөздөр менен аны тамаша тутуудан тыйып, аларды милдеттүү түрдө аткарыла турган кылып койду. Ошондой эле кайра-кайра талак берүүнү жана жарашууну оюн тутуудан токтотуп, аны жарашууга мүмкүн болгон эки талак сөзү менен чектеди, андан кийинкисинде ал башка күйөөгө тийип, аны менен ажырашмайынча же өлмөйүнчө аны менен никелешүүгө болбойт.

• المعاشرة الزوجية تكون بالمعروف، فإن تعذر ذلك فلا بأس من الطلاق، ولا حرج على أحد الزوجين أن يطلبه.
Жубайлардын жашоосу жакшылык менен уланууга тийиш. Эгер бул такыр мүмкүн болбосо, анда ажырашууга уруксат жана жубайлардын бирөөсү ажырашууну талап кылса, ага эч кандай күнөө эмес.

 
ترجمة معاني آية: (228) سورة: البقرة
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق