ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (260) سورة: البقرة
وَإِذۡ قَالَ إِبۡرَٰهِـۧمُ رَبِّ أَرِنِي كَيۡفَ تُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰۖ قَالَ أَوَلَمۡ تُؤۡمِنۖ قَالَ بَلَىٰ وَلَٰكِن لِّيَطۡمَئِنَّ قَلۡبِيۖ قَالَ فَخُذۡ أَرۡبَعَةٗ مِّنَ ٱلطَّيۡرِ فَصُرۡهُنَّ إِلَيۡكَ ثُمَّ ٱجۡعَلۡ عَلَىٰ كُلِّ جَبَلٖ مِّنۡهُنَّ جُزۡءٗا ثُمَّ ٱدۡعُهُنَّ يَأۡتِينَكَ سَعۡيٗاۚ وَٱعۡلَمۡ أَنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٞ
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Ибрахим: «Оо, Раббим! Өлүктөр кантип тирилерин өз көзүм менен көрөйүнчү?» ¬– дегенде, Аллах ага: «Сен бул нерсеге ишенген эмес белең?» – деди. Ибрахим айтты: «Жок, ишенгем. Бирок жүрөгүмдүн тынчтануусун арттыруу үчүн». Ошондо Аллах ага буйрук кылып айтты: «Канаттуулардан төртөөнү ал, аларды өзүңө чогулт жана майдалап кескиле. Андан соң айланаңдагы тоолордун ар бирине алардын бир бөлүгүн кой, анан аларды чакырсаң, алар сага тирилген абалда шашылып келишет. Оо, Ибрахим! Билип кой, Аллах Өз мүлкүндө Кудуреттүү, буйругунда, шарияттында жана жаратуусунда Даанышман».
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• مراتب الإيمان بالله ومنازل اليقين به متفاوتة لا حد لها، وكلما ازداد العبد نظرًا في آيات الله الشرعية والكونية زاد إيمانًا ويقينًا.
Аллахка болгон ыймандын даражалары жана Ага болгон ишенимдин орундары ар түрдүү жана чеги жок. Пенде Аллахтын шарияттык жана ааламдык аят-белгилерине назар салуусу күчөгөн сайын анын ыйманы жана ишеними көбөйөт.

• بَعْثُ الله تعالى للخلق بعد موتهم دليل ظاهر على كمال قدرته وتمام عظمته سبحانه.
Аллах тааланын макулуктарды өлгөндөн кийин кайра тирилтүүсү – Анын толук кудуреттүүлүгүнө жана чексиз улуулугуна ачык далил болот.

• فضل الإنفاق في سبيل الله وعظم ثوابه، إذا صاحبته النية الصالحة، ولم يلحقه أذى ولا مِنّة محبطة للعمل.
Аллах жолунда мал-мүлк сарптоонун артыкчылыгы жана сооп-сыйлыгынын көптүгү. Анткени аны иш-аракетти жок кылган милдет кылуу жана зыян берүү коштобостон, жакшы ниет коштоду.

• من أحسن ما يقدمه المرء للناس حُسن الخلق من قول وفعل حَسَن، وعفو عن مسيء.
Адамдын башкаларга кылган эң чоң жакшылыктарынан – жакшы сөз айтуу, жакшы иш кылуу жана жамандык кылганды кечирүү сыяктуу кулк-мүнөздүүлүк.

 
ترجمة معاني آية: (260) سورة: البقرة
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق