ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (91) سورة: البقرة
وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ ءَامِنُواْ بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ قَالُواْ نُؤۡمِنُ بِمَآ أُنزِلَ عَلَيۡنَا وَيَكۡفُرُونَ بِمَا وَرَآءَهُۥ وَهُوَ ٱلۡحَقُّ مُصَدِّقٗا لِّمَا مَعَهُمۡۗ قُلۡ فَلِمَ تَقۡتُلُونَ أَنۢبِيَآءَ ٱللَّهِ مِن قَبۡلُ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ
Ал жөөттөргө: «Аллах Өз элчисине түшүргөн акыйкатка жана туура жолго ыйман келтиргиле» – деп айтылса, алар: «Биз өзүбүздүн пайгамбарларга түшкөн нерсеге ыйман келтиребиз» – деп, андан башка Мухаммадга түшкөн нерсеге каапырлык кылышат, болбосо бул Куран алардагы Аллахтан келген нерсеге шайкеш келет. Эгер алар өздөрүнө түшүрүлгөнгө чындап ишенишсе, анда Куранга да ыйман келтиришмек. Оо, пайгамбар! Аларга жооп катары айт: «Эгер силер Аллахтын пайгамбарлары алып келген акыйкатка чындап ыйман келтирген болсоңор, эмне үчүн аларды өлтүрдүңөр?».
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• اليهود أعظم الناس حسدًا؛ إذ حملهم حسدهم على الكفر بالله وردِّ ما أنزل، بسبب أن الرسول صلى الله عليه وسلم لم يكن منهم.
Жөөттөр эң көрө албас адамдар. Анткени алардын көрө албастыгы Аллахка каапырлык кылууга жана Ал түшүргөн нерсени четке кагууга түрттү. Себеби пайгамбар алардан эмес болчу.

• أن الإيمان الحق بالله تعالى يوجب التصديق بكل ما أَنزل من كتب، وبجميع ما أَرسل من رسل.
Аллах таалага болгон чыныгы ыйман, Ал түшүргөн бардык китептерге жана Ал жиберген бардык пайгамбарларга ишенүүнү талап кылат.

• من أعظم الظلم الإعراض عن الحق والهدى بعد معرفته وقيام الأدلة عليه.
Чындыкты жана туура жолду билип туруп, ага далил келтиргенден кийин андан баш тартуу – эң чоң зулумдуктардан.

• من عادة اليهود نقض العهود والمواثيق، وهذا ديدنهم إلى اليوم.
Келишимдерди жана убадаларды бузуу жөөттөрдүн адаты жана ушул күнгө чейин кылып келген көнүмүш адаты.

 
ترجمة معاني آية: (91) سورة: البقرة
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق