ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (96) سورة: البقرة
وَلَتَجِدَنَّهُمۡ أَحۡرَصَ ٱلنَّاسِ عَلَىٰ حَيَوٰةٖ وَمِنَ ٱلَّذِينَ أَشۡرَكُواْۚ يَوَدُّ أَحَدُهُمۡ لَوۡ يُعَمَّرُ أَلۡفَ سَنَةٖ وَمَا هُوَ بِمُزَحۡزِحِهِۦ مِنَ ٱلۡعَذَابِ أَن يُعَمَّرَۗ وَٱللَّهُ بَصِيرُۢ بِمَا يَعۡمَلُونَ
Оо, пайгамбар! Дүйнө жашоосу канчалык кор жана арзыбаган болсо да, сен адамдардын арасынан жөөттөрдүн жашоого айрыкча жанталашканын көрөсүң. Алар кайра тирилүүгө жана сурак берүүгө ишенген Китеп ээлери болушса да, кайра тирилүүгө жана сурак берүүгө ишенбеген мушриктерден өтүп жанталашышат. Эгер алардын бирөөсү миң жашка жетүүнү кааласа да, анын өмүрүнүнүн узактыгы аны Аллахтын азабынан алыстата албайт. Аллах алардын иш-аракеттерин Билүүчү, Көрүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• المؤمن الحق يرجو ما عند الله من النعيم المقيم، ولهذا يفرح بلقاء الله ولا يخشى الموت.
Чыныгы ыймандуу адам Аллахтын алдындагы түбөлүк жыргалчылыкты үмүт кылат. Ошол себептен Аллахка жолукканга кубанат жана өлүмдөн коркпойт.

• حِرص اليهود على الحياة الدنيا حتى لو كانت حياة حقيرة مهينة غير كريمة.
Дүйнө жашоосунун барксыз, арзыбаган жана кордук абалда болгонуна карабастан, жөөттөр ага жанталашышат.

• أنّ من عادى أولياء الله المقربين منه فقد عادى الله تعالى.
Ким Аллахтын Өзүнө жакын туткан сүйүктүүлөрүнө душмандык кылса, ал Аллах таалага душмандык кылды.

• إعراض اليهود عن نبوة محمد صلى الله عليه وسلم بعدما عرفوا تصديقه لما في أيديهم من التوراة.
Жөөттөр Мухаммаддын пайгамбарлыгынын чындыгын колдорундагы китептерден билгенден кийин жүз буруп кетишти.

• أنَّ من لم ينتفع بعلمه صح أن يوصف بالجهل؛ لأنه شابه الجاهل في جهله.
Илиминен пайда албаган адамды наадан деп айтуу туура. Анткени ал сабатсыздыгы жактан нааданга окшош.

 
ترجمة معاني آية: (96) سورة: البقرة
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق