ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (39) سورة: طه
أَنِ ٱقۡذِفِيهِ فِي ٱلتَّابُوتِ فَٱقۡذِفِيهِ فِي ٱلۡيَمِّ فَلۡيُلۡقِهِ ٱلۡيَمُّ بِٱلسَّاحِلِ يَأۡخُذۡهُ عَدُوّٞ لِّي وَعَدُوّٞ لَّهُۥۚ وَأَلۡقَيۡتُ عَلَيۡكَ مَحَبَّةٗ مِّنِّي وَلِتُصۡنَعَ عَلَىٰ عَيۡنِيٓ
Биз ага илхам кылган кезде ага буйрудук: «Ал төрөлгөндөн кийин аны сандыкка салып, аны дарыяга ташта. Кийин дарыя Биздин буйругубуз менен аны жээкке алып чыгат. Ошондо аны Менин жана анын душманы болгон Фараон таап алат». Мен сага Өзүм тараптан сүйүү тартууладым. Ошол себептен сени адамдар жакшы көрөт жана сен Биздин көз алдыбызда, коргообузда жана камкордугубузда тарбияланасың.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• كمال اعتناء الله بكليمه موسى عليه السلام والأنبياء والرسل، ولورثتهم نصيب من هذا الاعتناء على حسب أحوالهم مع الله.
Мусага, пайгамбарларга жана элчилерге болгон Аллахтын камкордугунун толуктугу. Ошондой эле алардын мураскорлору да Аллах менен болгон абалдарына жараша бул камкордукка ээ болушат.

• من الهداية العامة للمخلوقات أن تجد كل مخلوق يسعى لما خلق له من المنافع، وفي دفع المضار عن نفسه.
Жаратылгандардын баарына Аллах тарабынан жашоолорунда жол көрсөтүлгөн. Андыктан ар бир жаратылыштын мүчөсү пайдалуу нерселерге жетүүгө, зыяндуу нерселерди өзүнөн алыстатууга аракет кылат.

• بيان فضيلة الأمر بالمعروف والنهي عن المنكر، وأن ذلك يكون باللين من القول لمن معه القوة، وضُمِنَت له العصمة.
Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюунун артыкчылыгын баяндоо. Бул нерсе күч-кубатка жана коргоо кепилдигине ээ болгон адамга сылык сөз менен болуусу керек.

• الله هو المختص بعلم الغيب في الماضي والحاضر والمستقبل.
Өткөн чак, учур чак жана келечекке байланыштуу кайып илими Аллахка гана таандык.

 
ترجمة معاني آية: (39) سورة: طه
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق