ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (15) سورة: آل عمران
۞ قُلۡ أَؤُنَبِّئُكُم بِخَيۡرٖ مِّن ذَٰلِكُمۡۖ لِلَّذِينَ ٱتَّقَوۡاْ عِندَ رَبِّهِمۡ جَنَّٰتٞ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَا وَأَزۡوَٰجٞ مُّطَهَّرَةٞ وَرِضۡوَٰنٞ مِّنَ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ بَصِيرُۢ بِٱلۡعِبَادِ
Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силерге бул кумарлардан да жакшыраак нерсени айтайынбы?». Аллахка иш жүзүндө моюн сунуп жана Ага баш ийбестик кылууну таштап Андан корккондор үчүн хан сарайларынын жана бактарынын астынан дарыялар агып турган бейиштер бар, алар ал жайда өлбөстөн жана жок болбостон түбөлүк калышат жана алар үчүн жаралуусунда жана кулк-мүнөзүндө бардык жамандыктардан таза болгон аялдар бар. Ушуну менен бирге алар үчүн Аллахтан болгон ыраазылык бар жана Ал аларга эч качан ачууланбайт. Аллах пенделеринин абалдарын Көрүүчү. Алардын эч нерсеси Ага жашыруун эмес. Жакында аларга сыйлыгын берет.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• أن غرور الكفار بأموالهم وأولادهم لن يغنيهم يوم القيامة من عذاب الله تعالى إذا نزل بهم.
Каапырлардын мал-мүлктөрү жана бала-чакалары менен текеберленүүсү кыямат күнү аларга Аллахтын азабы түшкөн кезде эч кандай пайда келтирбейт.

• النصر حقيقة لا يتعلق بمجرد العدد والعُدة، وانما بتأييد الله تعالى وعونه.
Чындыгында жеңиш санга жана даярдыкка байланыштуу эмес, ал Аллахтын колдоосу жана жардамы менен гана болот.

• زَيَّن الله تعالى للناس أنواعًا من شهوات الدنيا ليبتليهم، وليعلم تعالى من يقف عند حدوده ممن يتعداها.
Аллах таала адамдарды сынаш үчүн жана ким Анын чектеринен чыкпастан бекем болорун билиш үчүн дүйнө кумарларынын кээ бир түрлөрүн кооз кылып койду.

• كل نعيم الدنيا ولذاتها قليل زائل، لا يقاس بما في الآخرة من النعيم العظيم الذي لا يزول.
Дүйнөнүн бардык жыргалдары жана ырахаттары аз жана жок болуучу. Аларды акыреттеги түбөлүк улуу жыргалчылыктар менен салыштырууга болбойт.

 
ترجمة معاني آية: (15) سورة: آل عمران
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق