ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (49) سورة: آل عمران
وَرَسُولًا إِلَىٰ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ أَنِّي قَدۡ جِئۡتُكُم بِـَٔايَةٖ مِّن رَّبِّكُمۡ أَنِّيٓ أَخۡلُقُ لَكُم مِّنَ ٱلطِّينِ كَهَيۡـَٔةِ ٱلطَّيۡرِ فَأَنفُخُ فِيهِ فَيَكُونُ طَيۡرَۢا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۖ وَأُبۡرِئُ ٱلۡأَكۡمَهَ وَٱلۡأَبۡرَصَ وَأُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰ بِإِذۡنِ ٱللَّهِۖ وَأُنَبِّئُكُم بِمَا تَأۡكُلُونَ وَمَا تَدَّخِرُونَ فِي بُيُوتِكُمۡۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لَّكُمۡ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ
Ошондой эле аны Исраил урпактарына элчи кылат, ал аларга айтат: «Мен силерге жиберилген Аллахтын элчисимин жана силерге пайгамбарлыгымдын чындыгын билдирген белгилер менен келдим, алар: мен силерге ылайдан куш жасап, ага үйлөсөм, ал Аллахтын уруксаты менен тирүү кушка айланат, тубаса сокурду айыктырам, ал көрүп калат, ала оорусуна чалдыккандардын терисин калыбына келтирем, өлгөн адамды тирилтем. Ушулардын баарысы Аллахтын уруксаты менен болот. Силерге тамак-аштардан эмнени жеп, эмнени үйүңөрдө катып жатканыңарды айтып берем. Мен силерге айткан адам баласынын кудурети жетпеген мындай улуу иштер, эгер силер ыйманды кааласаңар жана далилдерге ишенсеңер, анда менин силерге Аллахтын элчиси экендигиме ачык белги болот.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• شرف الكتابة والخط وعلو منزلتهما، حيث بدأ الله تعالى بذكرهما قبل غيرهما.
Жазуу жана кат таануунун артыкчылыгы жана алардын ордунун бийиктиги. Анткени Аллах таала башкалардан мурун экөөсүн эскерди.

• من سنن الله تعالى أن يؤيد رسله بالآيات الدالة على صدقهم، مما لا يقدر عليه البشر.
Пайгамбарлардын чынчылдыгын көрсөткөн жана аларды адам баласынын кудурети жетпеген аят-белгилер менен колдоо – Аллах тааланын жолдорунан.

• جاء عيسى بالتخفيف على بني إسرائيل فيما شُدِّد عليهم في بعض شرائع التوراة، وفي هذا دلالة على وقوع النسخ بين الشرائع.
Иса пайгамбар Исраил урпактарына Тоораттагы кээ бир оор шарият өкүмдөрүнө карата жеңилдикти алып келген. Мында шарияттардын ортосунда кээ бир өкүмдөрдү жокко чыгаруу бар экендигине далил бар.

 
ترجمة معاني آية: (49) سورة: آل عمران
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق