ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (83) سورة: آل عمران
أَفَغَيۡرَ دِينِ ٱللَّهِ يَبۡغُونَ وَلَهُۥٓ أَسۡلَمَ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ طَوۡعٗا وَكَرۡهٗا وَإِلَيۡهِ يُرۡجَعُونَ
Аллахка баш ийбестик кылып, Анын дининен чыккандар Аллах пенделери үчүн Өзү тандаган Ислам дининен башканы каалап жатышабы?! Асмандардагы жана жердеги макулуктардын баарысы ыймандуулардын абалы сыяктуу ыктыярдуу түрдө жана каапырлардын абалы сыяктуу мажбур түрдө Ага моюн сунуп, багынышты. Кийин кыямат күнү макулуктардын бүт баарысы сурак берүү үчүн, сыйлык жана жаза алуу үчүн Аллах таалага кайтышат.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• ضلال علماء اليهود ومكرهم في تحريفهم كلام الله، وكذبهم على الناس بنسبة تحريفهم إليه تعالى.
Жөөт аалымдарынын адашуусу, Аллахтын сөзүн бурмалоодогу айла-амалдары жана Ага карата бурмалоого байланыштуу адамдарга жалган айтуусу.

• كل من يدعي أنه على دين نبي من أنبياء الله إذا لم يؤمن بمحمد عليه الصلاة والسلام فهو ناقض لعهده مع الله تعالى.
Аллахтын пайгамбарларынын биринин дининдемин деп айткан кайсы гана адам болбосун, эгер ал Мухаммад пайгамбарга ыйман келтирбесе, анда ал Аллах таала менен түзгөн келишимин бузган болот.

• أعظم الناس منزلةً العلماءُ الربانيون الذين يجمعون بين العلم والعمل، ويربُّون الناس على ذلك.
Эң бийик даражадагы адамдар – алар илим менен амалды айкалыштырган жана ошого жараша адамдарды тарбиялаган кудайчыл аалымдар.

• أعظم الضلال الإعراض عن دين الله تعالى الذي استسلم له سبحانه الخلائق كلهم بَرُّهم وفاجرهم.
Эң чоң адашуу – бүткүл макулуктардын жакшысы да, жаманы да баш ийген Аллах тааланын дининен жүз буруу.

 
ترجمة معاني آية: (83) سورة: آل عمران
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق