ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني سورة: الروم   آية:

سورة الروم - Рум

من مقاصد السورة:
تأكيد تفرّد الله سبحانه بتصريف الأمور، وبيان سنن الله في خلقه.
Иштерди Жалгыз Аллах гана башкаруусун бекемдөө жана Аллахтын макулуктарына койгон жолун баяндоо.

الٓمٓ
Алиф. Лаам. Миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.
التفاسير العربية:
غُلِبَتِ ٱلرُّومُ
Перстер Римди жеңди.
التفاسير العربية:
فِيٓ أَدۡنَى ٱلۡأَرۡضِ وَهُم مِّنۢ بَعۡدِ غَلَبِهِمۡ سَيَغۡلِبُونَ
Перстердин мамлекетине карай Шам жергесине жакын жерде. Римдиктер перстерден жеңилгенден кийин көп өтпөй кайра жеңишке жетишет.
التفاسير العربية:
فِي بِضۡعِ سِنِينَۗ لِلَّهِ ٱلۡأَمۡرُ مِن قَبۡلُ وَمِنۢ بَعۡدُۚ وَيَوۡمَئِذٖ يَفۡرَحُ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ
Үч жылдан кем эмес, он жылдан ашык эмес аралыкта. Рим жеңишке жеткенге чейин да, андан кийин да өкүм кылуу Аллахка гана таандык. Римдиктер перстерди жеңген күнү ыймандуулар сүйүнүшөт.
التفاسير العربية:
بِنَصۡرِ ٱللَّهِۚ يَنصُرُ مَن يَشَآءُۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ
Аллахтын римдиктерге жардам бергенине сүйүнүшөт. Анткени алар Китеп ээлери. Аллах кимдин үстүнөн кимге кааласа жеңиш берет. Ал жеңилбеген Кудуреттүү, ыймандуу пенделерине Ырайымдуу.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• لجوء المشركين إلى الله في الشدة ونسيانهم لأصنامهم، وإشراكهم به في الرخاء؛ دليل على تخبطهم.
Мушриктердин кыйынчылыкта Аллахка кайрылып жалбаруусу жана бакубатчылыкта Аны унутуп кудайларына кайтуусу, аларды Аллахка шерик кылуусу – алардын адашууларына далил.

• الجهاد في سبيل الله سبب للتوفيق إلى الحق.
Аллах жолунда согушуу акыйкатка карай ийгиликтин себеби.

• إخبار القرآن بالغيبيات دليل على أنه من عند الله.
Курандын кайып нерселер тууралуу кабар берүүсү Аллах тараптан экендигине далил болот.

وَعۡدَ ٱللَّهِۖ لَا يُخۡلِفُ ٱللَّهُ وَعۡدَهُۥ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ
Бул жардам Аллахтын берген убадасы болчу. Аллах убадасын аткарбай койбойт. Убаданын ишке ашуусу менен, Аллахтын жардамы тууралуу берген убадасына ыймандуулардын ишеними күчөйт. Бирок, адамдардын көбү каапырлыгы себептүү муну түшүнбөйт.
التفاسير العربية:
يَعۡلَمُونَ ظَٰهِرٗا مِّنَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَهُمۡ عَنِ ٱلۡأٓخِرَةِ هُمۡ غَٰفِلُونَ
Алар ыйманды жана шарият өкүмдөрүн билишпейт. Чындыгында алар тиричилик кылуу жана материалдык цивилизацияны куруу сыяктуу дүйнө жашоосунун сырткы көрүнүшүн гана билишет. Алар чыныгы жашоонун жайы болгон акыреттен баш таштышат жана ага көңүл да бурушпайт.
التفاسير العربية:
أَوَلَمۡ يَتَفَكَّرُواْ فِيٓ أَنفُسِهِمۗ مَّا خَلَقَ ٱللَّهُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَآ إِلَّا بِٱلۡحَقِّ وَأَجَلٖ مُّسَمّٗىۗ وَإِنَّ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلنَّاسِ بِلِقَآيِٕ رَبِّهِمۡ لَكَٰفِرُونَ
Жалганчы мушриктер Аллах аларды кантип жаратканын жана дене келбетин мыкты, ар тарабынан келишимдүү кылганын ойлонбойбу? Аллах асмандар менен Жерди жана алардын ортосундагы нерселерди акыйкаттык менен жаратты. Аларды жөндөн-жөн эле жаратып койгон жок. Ошондой эле асман-жердин бул дүйнөдө сакталып туруусуна бир мөөнөттү чектеп койду. Чынында, адамдардын көпчүлүгү кыямат күнү Раббисине жолугууга ишенишпеди. Ошондуктан, алар Раббиси ыраазы боло турган жакшылык иштерди кылуу аркылуу кайра тирилүүгө даярданбайт.
التفاسير العربية:
أَوَلَمۡ يَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَيَنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ كَانُوٓاْ أَشَدَّ مِنۡهُمۡ قُوَّةٗ وَأَثَارُواْ ٱلۡأَرۡضَ وَعَمَرُوهَآ أَكۡثَرَ مِمَّا عَمَرُوهَا وَجَآءَتۡهُمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِۖ فَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيَظۡلِمَهُمۡ وَلَٰكِن كَانُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ
Алар жер жүзүн кезип, алардан мурунку акыйкатты жалганга чыгарган коомдордун акыбети кандай болгонун көрүшпөйбү? Ал коомдор алардан да күчтүү болушкан, жерлерди айдоо эгинзарларга айландырышып,курулуштарды салып жерди өзгөртүшкөн жана аны алардан да жакшы гүлдөтүшкөн. Кийин аларга пайгамбарлары Аллахтын жалгыздыгына ачык-айкын далилдер менен келишкенде аларды жалганга чыгарышты. Аллах аларды кыйратып жок кылууда аларга зулумдук кылган жок. Бирок алар каапырлык кылуу менен кыйроого туш болуп өздөрүнө зулумдук кылышты.
التفاسير العربية:
ثُمَّ كَانَ عَٰقِبَةَ ٱلَّذِينَ أَسَٰٓـُٔواْ ٱلسُّوٓأَىٰٓ أَن كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَكَانُواْ بِهَا يَسۡتَهۡزِءُونَ
Кийин Аллахка ширк жана күнөөлөрдү кылып жаман иштерди жасагандардын акыбети эң жаман акыбет болду! Анткени алар Аллахтын аяттарын жалганга чыгарышты жана аларды маскара кылып, шылдыңга алышты.
التفاسير العربية:
ٱللَّهُ يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ ثُمَّ إِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
Аллах жан-жаратылышты мурун болбогондой көрүнүштө абалкы ирет жаратат. Кийин аларды кайрадан жаратат. Кийин силер кыямат күнү сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн Ага гана кайтасыңар.
التفاسير العربية:
وَيَوۡمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ يُبۡلِسُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ
Кыямат кайым болгон күнү күнөөкөрлөр Аллахтын ырайымынан үмүттөрүн үзүшөт. Алар Аллахка каапырлык кылышкандарына далил таба албагандыгы себептүү үмүттөрү үзүлөт.
التفاسير العربية:
وَلَمۡ يَكُن لَّهُم مِّن شُرَكَآئِهِمۡ شُفَعَٰٓؤُاْ وَكَانُواْ بِشُرَكَآئِهِمۡ كَٰفِرِينَ
Алардын бул дүйнөдө сыйынышкан кудайларынан эч кимиси аларды азаптан куткаруу үчүн шапаат кылбайт. Анан алар кудайларына каапыр (каршы) болушат. Аларды муктаж болуп турган учурда жардамсыз таштап кетишти. Анткени алардын баарысы кыйроодо бирдей.
التفاسير العربية:
وَيَوۡمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ يَوۡمَئِذٖ يَتَفَرَّقُونَ
Кыямат кайым башталган күнү адамдар сыйлык же жаза алууда дүйнөдөгү кылган иш-аракеттерине жараша бөлүнүшөт, алардын арасында бейиштеги даражаларга көтөрүлгөндөрү жана эң төмөн даражага түшкөндөрү болот.
التفاسير العربية:
فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَهُمۡ فِي رَوۡضَةٖ يُحۡبَرُونَ
Ал эми Аллахка ыйман келтирип, Ал ыраазы болгон жакшылык иштерди кылгандар бейиште болушат. Алар андагы түгөнбөгөн түбөлүк жыргалчылыктар себептүү кубанычка батышат.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• العلم بما يصلح الدنيا مع الغفلة عما يصلح الآخرة لا ينفع.
Акыретте пайда бере турган нерсени унутуу менен бул дүйнөдө пайда берген нерсени билүү адамга пайда келтирбейт.

• آيات الله في الأنفس وفي الآفاق كافية للدلالة على توحيده.
Адамдын өзүндөгү жана ааламдагы Аллахтын аят-белгилери Анын жалгыздыгына жетиштүү далил болот.

• الظلم سبب هلاك الأمم السابقة.
Зулумдук кылуу мурунку коомдордун кыйроо себеби болгон.

• يوم القيامة يرفع الله المؤمنين، ويخفض الكافرين.
Кыямат күнү Аллах ыймандуулардын даражаларын көтөрөт, каапырлардыкын түшүрөт.

وَأَمَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَلِقَآيِٕ ٱلۡأٓخِرَةِ فَأُوْلَٰٓئِكَ فِي ٱلۡعَذَابِ مُحۡضَرُونَ
Ал эми Аллахка каапырлык кылгандар, пайгамбарыбызга түшкөн аяттарыбызды жалганга чыгаргандар жана кайра тирилүүнү, сурак берүүнү жалган дегендер — мына ошолор азапка алып келинет, алар анда калуучулар.
التفاسير العربية:
فَسُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ حِينَ تُمۡسُونَ وَحِينَ تُصۡبِحُونَ
Кеч киргенде шам менен куптан намазынын убагында Аллахты аруулагыла жана таңга маал багымдат намазынын убагында Аллахты аруулагыла.
التفاسير العربية:
وَلَهُ ٱلۡحَمۡدُ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَعَشِيّٗا وَحِينَ تُظۡهِرُونَ
Мактоолор жалгыз Аллахка гана таандык. Асмандагы периштелер Ага мактоо айтышат жана жердеги жан-жаратылыш да Ага мактоо айтышат. Кечке маал асыр намазынын убагында Аны аруулагыла. Ошондой эле бешим убагында Аны аруулагыла.
التفاسير العربية:
يُخۡرِجُ ٱلۡحَيَّ مِنَ ٱلۡمَيِّتِ وَيُخۡرِجُ ٱلۡمَيِّتَ مِنَ ٱلۡحَيِّ وَيُحۡيِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَاۚ وَكَذَٰلِكَ تُخۡرَجُونَ
Ал бел суудан инсанды, жумурткадан жөжөнү чыгарган сыяктуу өлүктөн тирүүнү чыгарат жана инсандан бел сууну, тооктон жумуртканы чыгарган сыяктуу тирүүдөн өлүктү чыгарат. Ошондой эле жерди кургап калгандан кийин жамгыр жаадырып жана аны өндүрүп тирилтет. Жерди өндүрүп тирилткен сыяктуу силер дагы сурак берүү үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн кабырларыңардан чыгарыласыңар.
التفاسير العربية:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنۡ خَلَقَكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ إِذَآ أَنتُم بَشَرٞ تَنتَشِرُونَ
Эй, адамдар! Аллах Тааланын түпкү атаңар Адамды топурактан жаратканы, андан соң силердин тукум улап көбөйгөнүңөр, жердин батыш-чыгышына таркооңор — Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын даңазалаган улуу аят-белгилерден.
التفاسير العربية:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنۡ خَلَقَ لَكُم مِّنۡ أَنفُسِكُمۡ أَزۡوَٰجٗا لِّتَسۡكُنُوٓاْ إِلَيۡهَا وَجَعَلَ بَيۡنَكُم مَّوَدَّةٗ وَرَحۡمَةًۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ
Эй, эркектер! Ошондой эле силер бейпил-тынч болууңар үчүн өз ара окшоштук себептүү өзүңөрдөн жуптарды жаратуусу жана ортоңордо сүйүү менен мээримди пайда кылуусу — Анын жалгыздыгын жана кудуреттүүлүгүн билдирген аят-белгилерден. Чындыгында бул айтылгандарда акыл жүгүрткөн коом үчүн ачык-айкын далилдер бар. Анткени алар акыл жүгүртүүдөн пайда алышат.
التفاسير العربية:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦ خَلۡقُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَٱخۡتِلَٰفُ أَلۡسِنَتِكُمۡ وَأَلۡوَٰنِكُمۡۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّلۡعَٰلِمِينَ
Жана Аллах асмандар менен жерди жаратуусу, тилдердин жана түстөрдүн ар түрдүү болуусу – Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген улуу аят-белгилерден. Чындыгында бул айтылгандарда илим жана көрөгөч ээлери үчүн далилдер бар.
التفاسير العربية:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦ مَنَامُكُم بِٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ وَٱبۡتِغَآؤُكُم مِّن فَضۡلِهِۦٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَسۡمَعُونَ
Жана силер түндөсү жана күндүзү иштен чарчаганыңардан эс алууңар үчүн укташыңар – Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген аят-белгилерден. Ошондой эле силер ар тарапка таркап Раббиңерден ырыскы издешиңер үчүн күндүздү кылуусу да Анын аят-белгилеринен. Чындыгында бул айтылгандарда ой жүгүртүп, кабыл алуу менен уккан коом үчүн далилдер бар.
التفاسير العربية:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦ يُرِيكُمُ ٱلۡبَرۡقَ خَوۡفٗا وَطَمَعٗا وَيُنَزِّلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَيُحۡيِۦ بِهِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَآۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ
Жана силерге асмандан чагылганды көргөзүүсү, силер анын соккусунан коркуу менен бирге андан жамгырды үмүт кылууңар, силерге асмандан жамгыр суусун түшүрүүсү жана жерди кургап калгандан кийин өсүмдүктөрдү өстүрүп аны тирилтүүсү – Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген улуу аят-белгилерден. Чындыгында бул нерселерде акыл жүгүрткөн коом үчүн ачык-айкын далилдер бар. Алар бул нерселерди өлүмдөн кийин сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн кайра тирилүүгө далил кылышат.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• إعمار العبد أوقاته بالصلاة والتسبيح علامة على حسن العاقبة.
Пенде өз убактыларын намаз окуу, Аллахты аруулоо менен өткөрүүсү – анын жакшы акыбетке жетүүсүнүн белгиси.

• الاستدلال على البعث بتجدد الحياة، حيث يخلق الله الحي من الميت والميت من الحي.
Жашоонун кайталанып жаңылануусун кайра тирилүүгө далил кылуу. Анткени Аллах тирүүдөн өлүктү жана өлүктөн тирүүнү жаратат.

• آيات الله في الأنفس والآفاق لا يستفيد منها إلا من يُعمِل وسائل إدراكه الحسية والمعنوية التي أنعم الله بها عليه.
Аллахтын аят-белгилери адамдын өзүндө жана ааламдарда бар. Аллахтын берген ички жана сырткы аңдап билүү каражаттарын иштеткен адам гана алардан пайда алат.

وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَن تَقُومَ ٱلسَّمَآءُ وَٱلۡأَرۡضُ بِأَمۡرِهِۦۚ ثُمَّ إِذَا دَعَاكُمۡ دَعۡوَةٗ مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ إِذَآ أَنتُمۡ تَخۡرُجُونَ
Жана Аллахтын буйругу менен асмандын кулабай, жердин урабай кармалып туруусу – Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген аят-белгилерден. Кийин сур кернейин периштеге тарттыруу менен Аллах силерге жерден бир жолу чакырык таштаганда силер кабырларыңардан сурак берүү үчүн, сыйлык же жаза алуу үчүн чыгасыңар.
التفاسير العربية:
وَلَهُۥ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ كُلّٞ لَّهُۥ قَٰنِتُونَ
Асмандардагы жана жердеги бийлик кылуу, жаратуу жана тагдыр кылуу Ага гана таандык. Асмандар менен жердеги бүткүл нерселер Анын жараткандары. Алар Анын буйругуна моюн сунушат.
التفاسير العربية:
وَهُوَ ٱلَّذِي يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ وَهُوَ أَهۡوَنُ عَلَيۡهِۚ وَلَهُ ٱلۡمَثَلُ ٱلۡأَعۡلَىٰ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Ал дүйнө-ааламды мурун болбогондой көрүнүштө абалкы жолу жараткан жана жок болгондон кийин аларды кайрадан жаратат. Кайрадан жаратуу абалкы жаратуудан жеңил. Экөөсү тең Ага жеңил. Анткени Ал бир нерсени кааласа, анда ага «бол» деп айтат, ал ошол замат болот. Бүткүл нерседеги улуулук жана толуктук сыпаттары менен сыпатталган эң жогорку сыпаттоолор Ага гана таандык. Ал жеңилбеген Кудуреттүү. Өз жаратуусунда жана башкаруусунда Даанышман.
التفاسير العربية:
ضَرَبَ لَكُم مَّثَلٗا مِّنۡ أَنفُسِكُمۡۖ هَل لَّكُم مِّن مَّا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُم مِّن شُرَكَآءَ فِي مَا رَزَقۡنَٰكُمۡ فَأَنتُمۡ فِيهِ سَوَآءٞ تَخَافُونَهُمۡ كَخِيفَتِكُمۡ أَنفُسَكُمۡۚ كَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ
Эй, мушриктер! Аллах силерге өзүңөрдөн мисал келтирди. Силердин кулдарыңардын арасында мал-мүлкүңөргө силер менен бирдей деңгээлде шерик болгондору барбы? Силер алар менен мал-мүлкүңөрдү бөлүшүүдөн кудум араңардан кээ бириңер эркин киши менен мал-мүлктү бөлүшүүдөн корккон сыяктуу коркосуңар. Силер кулдарыңарга ушундай болуусун ыраазы болуп кабыл алат белеңер? Шек жок, силер буга ыраазы болбойсуңар. Андай болсо Аллах Өз жараткандарына жана кулдарына ээлик кылууда шериги жок болууга эң татыктуу! Биз ушул сыяктуу мисалдарды келтирүү менен акыл жүгүрткөн коом үчүн түрдүү-түрдүү далилдерди баяндайбыз. Анткени алар мындан пайда алышат.
التفاسير العربية:
بَلِ ٱتَّبَعَ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ أَهۡوَآءَهُم بِغَيۡرِ عِلۡمٖۖ فَمَن يَهۡدِي مَنۡ أَضَلَّ ٱللَّهُۖ وَمَا لَهُم مِّن نَّٰصِرِينَ
Алардын адашуусу далилдердин жетишсиздигинен, же аны түшүндүрбөй коюудан улам болгон жок. Напси каалоосун жана ата-бабаларын сокур ээрчигендиктен улам болду. Аллах адаштырган адамды туура жолго ким багттай алат? Эч ким. Аларды Аллахтын азабынан куткара ала турган эч кандай жардамчы болбойт.
التفاسير العربية:
فَأَقِمۡ وَجۡهَكَ لِلدِّينِ حَنِيفٗاۚ فِطۡرَتَ ٱللَّهِ ٱلَّتِي فَطَرَ ٱلنَّاسَ عَلَيۡهَاۚ لَا تَبۡدِيلَ لِخَلۡقِ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكَ ٱلدِّينُ ٱلۡقَيِّمُ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Сен жана сени менен бирге болгондор башка диндерден четтеп, Аллах сени багыттаган, адамдардын түпкү таза табиятына салган Ислам динине жүзүңөрдү бургула! Аллахтын жаратканын өзгөртүү мүмкүн эмес. Ал эч кандай бурмалануусу жок туура дин. Бирок адамдардын көпчүлүгү бул дин акыйкат дин экенин билишпейт.
التفاسير العربية:
۞ مُنِيبِينَ إِلَيۡهِ وَٱتَّقُوهُ وَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَلَا تَكُونُواْ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ
Күнөөңөргө тообо кылып Ага кайткыла, Анын буйруктарын аткаруу, тыйгандарын таштоо менен Ага такыбалык кылгыла жана намазды толук түрдө аткаргыла! Аллах менен катар башкаларга сыйынып, түпкү таза табиятка каршы чыккан мушриктерден болбогула!
التفاسير العربية:
مِنَ ٱلَّذِينَ فَرَّقُواْ دِينَهُمۡ وَكَانُواْ شِيَعٗاۖ كُلُّ حِزۡبِۭ بِمَا لَدَيۡهِمۡ فَرِحُونَ
Өздөрүнүн динин өзгөрткөн мушриктерден болбогула! Алар анын кээ бирине ыйман келтирип, кээ бирине каапырлык кылышты жана топторго бөлүнүп кетишти. Ар бир топ өздөрү тутунган жалгандары менен кубанып, биз гана акыйкаттабыз, а башкалар болсо жалганда деп ойлошот.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• خضوع جميع الخلق لله سبحانه قهرًا واختيارًا.
Бүткүл жандуу-жансыз жаратылыш мажбур жана ыктыярдуу түрдө Аллахка моюн сунушат.

• دلالة النشأة الأولى على البعث واضحة المعالم.
Баштапкы жаралуу кайрадан жаралууга ачык-айкын далил болот.

• اتباع الهوى يضل ويطغي.
Напси каалоолорду ээрчүү адаштырат жана чектен чыгарат.

• دين الإسلام دين الفطرة السليمة.
Ислам дини – түпкү таза табияттын дини.

وَإِذَا مَسَّ ٱلنَّاسَ ضُرّٞ دَعَوۡاْ رَبَّهُم مُّنِيبِينَ إِلَيۡهِ ثُمَّ إِذَآ أَذَاقَهُم مِّنۡهُ رَحۡمَةً إِذَا فَرِيقٞ مِّنۡهُم بِرَبِّهِمۡ يُشۡرِكُونَ
Эгерде мушриктердин башына оору, жакырчылык, кургакчылык сыяктуу балээлер түшсө, алар андан кутулуу үчүн Раббисине гана кайтуу менен жалбарып дуба кылышат. Кийин Ал аларды андан куткарып ырайым кылган болсо, алардын бир тобу кайрадан Аллахка башкаларды теңеп, шерик кылып, ал нерселерден дуба кылып сурай башташат.
التفاسير العربية:
لِيَكۡفُرُواْ بِمَآ ءَاتَيۡنَٰهُمۡۚ فَتَمَتَّعُواْ فَسَوۡفَ تَعۡلَمُونَ
Алар Аллахтын жакшылыктарына (анын ичинде кыйынчылыктан куткаруу жакшылыгы да бар) каапырлык кылып, бул жашоодогу кол астындагы нерселерди жыргап пайдалана беришсин. Алар жакында кыямат күнү ачык адашууда болгондорун өз көздөрү менен көрүшөт.
التفاسير العربية:
أَمۡ أَنزَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ سُلۡطَٰنٗا فَهُوَ يَتَكَلَّمُ بِمَا كَانُواْ بِهِۦ يُشۡرِكُونَ
Аларга эч кандай далилдери жок туруп Аллахка ширк кылууга эмне түрткү берди? Алар Аллахка ширк кылууга далил кыла тургандай Биз аларга китептен эч кандай далил түшүргөн эмеспиз. Ошондой эле алардын колунда алар кылган ширктери тууралуу айтылган жана алардын каапырлыгын туура деп тастыктаган эч кандай китеп жок.
التفاسير العربية:
وَإِذَآ أَذَقۡنَا ٱلنَّاسَ رَحۡمَةٗ فَرِحُواْ بِهَاۖ وَإِن تُصِبۡهُمۡ سَيِّئَةُۢ بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيهِمۡ إِذَا هُمۡ يَقۡنَطُونَ
Эгерде Биз адамдарга ден-соолук, байлык сыяктуу жакшылыктарыбыздан берген болсок, алар ага чиренип кубанычка батышат жана теберленишет. А эгер аларга өз колдору менен кылган күнөөлөрү себептүү аларга жакпагандай оору, жакырчылык келген болсо, алар дароо Аллахтын ырайымынан жана аларга жеткен жамандыктан кутулуудан үмүттөрүн үзүшөт.
التفاسير العربية:
أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّ ٱللَّهَ يَبۡسُطُ ٱلرِّزۡقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقۡدِرُۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Алар көрүшкөн жокпу, Аллах пенделери шүгүр кылабы же танып кетеби деп сынаш үчүн алардан Өзү каалаганына ырыскысын кенен кылды, ошондой эле алар сабыр кылабы же нааразы болобу деп сынаш үчүн алардан Өзү каалаганынын ырыскысын тар кылды? Чындыгында кээ бирлерге ырыскынын көп берилип, кээ бирлерге аз берилишинде ыймандуулар үчүн Аллахтын ырайымдуулугуна белгилер бар.
التفاسير العربية:
فَـَٔاتِ ذَا ٱلۡقُرۡبَىٰ حَقَّهُۥ وَٱلۡمِسۡكِينَ وَٱبۡنَ ٱلسَّبِيلِۚ ذَٰلِكَ خَيۡرٞ لِّلَّذِينَ يُرِيدُونَ وَجۡهَ ٱللَّهِۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ
Эй, мусулман! Тууганыңа, ага ылайыктуу жакшылык кыл жана аны менен катташкын. Муктаж адамды муктаждыгынан чыгар, өз жеринен алыста жүргөн мусапырга (жардам) бер. Ушундай жакшылыктарды кылуу – Аллахтын ыраазылыгын каалагандар үчүн жакшы. Алар ушундай жардам берип, адамдардын акысын өтөп өз милдеттерин аткарышат. Мына ошолор көздөгөн бейишине жетип, корккон тозогунан кутулуп, ийгиликке жеткендер.
التفاسير العربية:
وَمَآ ءَاتَيۡتُم مِّن رِّبٗا لِّيَرۡبُوَاْ فِيٓ أَمۡوَٰلِ ٱلنَّاسِ فَلَا يَرۡبُواْ عِندَ ٱللَّهِۖ وَمَآ ءَاتَيۡتُم مِّن زَكَوٰةٖ تُرِيدُونَ وَجۡهَ ٱللَّهِ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُضۡعِفُونَ
Силер ашыгы менен кайтарып алуу максатта кээ бир адамдарга берген мал-мүлкүңөрдүн Аллахтын алдында сообу көбөйбөйт. Ал эми силер кадыр-баркка жана адамдардан сыйлыкка жетүүнү көздөбөстөн, Аллахтын гана Жүзүн каалап муктаж болгон адамдарга мал-мүлкүңөрдөн берсеңер, мына ошолорго Аллахтын алдында сооптор эселеп көбөйтүлүп берилет.
التفاسير العربية:
ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَكُمۡ ثُمَّ رَزَقَكُمۡ ثُمَّ يُمِيتُكُمۡ ثُمَّ يُحۡيِيكُمۡۖ هَلۡ مِن شُرَكَآئِكُم مَّن يَفۡعَلُ مِن ذَٰلِكُم مِّن شَيۡءٖۚ سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
Аллах жалгыз Өзү силерди жаратты, кийин силерге ырыскыңарды берди. Андан соң силерди өлтүрүп, кийин кайра тирилтет. Силер Аны менен катар сыйынып жаткан кудайларыңардан кимиси ушуларды кыла алат? Аллах мушриктердин айткан сөздөрүнөн жана ойлогон ойлорунан Аруу жана Ыйык.
التفاسير العربية:
ظَهَرَ ٱلۡفَسَادُ فِي ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِ بِمَا كَسَبَتۡ أَيۡدِي ٱلنَّاسِ لِيُذِيقَهُم بَعۡضَ ٱلَّذِي عَمِلُواْ لَعَلَّهُمۡ يَرۡجِعُونَ
Адамдар колу менен жасаган күнөөлөрүнүн айынан, алардын жашоосунда жетишпестик, ар кандай жугуштуу, жаман оорулар, кургакта да, деңизде да түрдүү бузукулуктар пайда болду. Аллах Таала мындай нерселерди адамдардын кээ бир күнөөлөрүнө жараша аларды бул дүйнө жашоосунда жазалоо үчүн жана алар тообо кылабы деген үмүттө жасады.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• فرح البطر عند النعمة، والقنوط من الرحمة عند النقمة؛ صفتان من صفات الكفار.
Жакшылыкта менменсинип кубануу жана жамандыкта Аллахтын ырайымынан үмүт үзүү – каапырлардын сыпаттарынан.

• إعطاء الحقوق لأهلها سبب للفلاح.
Ар бир адамга өз акысын берүү ийгиликке жетүүнүн себеби.

• مَحْقُ الربا، ومضاعفة أجر الإنفاق في سبيل الله.
Сүткорлуктун жок болуусу жана Аллах жолунда берилген садаканын сообунун эселеп көбөйүүсү.

• أثر الذنوب في انتشار الأوبئة وخراب البيئة مشاهد.
Жугуштуу оорулардын жайылуусуна жана жаратылыштын бузулушуна күнөөлөрдүн тийгизген таасири ачык көрүнүп турат.

قُلۡ سِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلُۚ كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّشۡرِكِينَ
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Жер жүзүн кезип, силерден мурунку жалганчы коомдордун акыбети кандай болгонун карап ага ой жүгүрткүлө. Алардын арты жамандык менен бүткөн. Алардын көпчүлүгү Аллах менен катар башка нерселерге сыйынып ширк кылышкан. Ошондуктан алар Аллахка ширк кылышканы себептүү кыйрап жок болушкан.
التفاسير العربية:
فَأَقِمۡ وَجۡهَكَ لِلدِّينِ ٱلۡقَيِّمِ مِن قَبۡلِ أَن يَأۡتِيَ يَوۡمٞ لَّا مَرَدَّ لَهُۥ مِنَ ٱللَّهِۖ يَوۡمَئِذٖ يَصَّدَّعُونَ
Оо, пайгамбар! Анын келүүсүн эч ким токтото албаган кыямат күнү келгенге чейин эч кандай бурмалануусу жок туура Ислам динине жүзүңдү бур! Ал күнү адамдар бөлүнүп калышат, бир тобу бейиште жыргалчылыкта болушат, экинчи тобу тозокто азапталышат.
التفاسير العربية:
مَن كَفَرَ فَعَلَيۡهِ كُفۡرُهُۥۖ وَمَنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا فَلِأَنفُسِهِمۡ يَمۡهَدُونَ
Кимде-ким Аллахка каапырлык кылса, анда анын каапырлыгынын зыяны өзүнө кайтат, ал тозокто түбөлүк калат. Ал эми ким Аллахтын Жүзүн каалап жакшылык иштерди кылса, анда алар өздөрү үчүн бейишке кирүүнү жана андагы жыргалчылыктарды даярдаптыр, алар ал жакта түбөлүк калышат.
التفاسير العربية:
لِيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ مِن فَضۡلِهِۦٓۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Ал, Аллахка ыйман келтирип, Раббисин ыраазы кыла турган жакшы иштерди кылгандарды сыйлоо үчүн ушинтет. Чынында, Аллах Ага жана Анын элчилерине каапыр болгондорду сүйбөйт. Тескерисинче, аларды аябай катуу жек көрөт жана кыямат күнү катуу азаптайт.
التفاسير العربية:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَن يُرۡسِلَ ٱلرِّيَاحَ مُبَشِّرَٰتٖ وَلِيُذِيقَكُم مِّن رَّحۡمَتِهِۦ وَلِتَجۡرِيَ ٱلۡفُلۡكُ بِأَمۡرِهِۦ وَلِتَبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِهِۦ وَلَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ
Эй, адамдар! Жамгырдан кийинки пайда болгон түшүмдүүлүк жана бакубатчылык аркылуу силерге Өз ырайымын сездириш үчүн жана Өз каалоосу менен деңизде кемелерди жүргүзүш үчүн жана ошондой эле деңизде соода-сатык кылып Анын жакшылыктарын сурашыңар үчүн пенделерге жамгырдын жаашын сүйүнчүлөгөн шамалдарды жиберүүсү – Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген улуу аят-белгилерден.
التفاسير العربية:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ رُسُلًا إِلَىٰ قَوۡمِهِمۡ فَجَآءُوهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَٱنتَقَمۡنَا مِنَ ٱلَّذِينَ أَجۡرَمُواْۖ وَكَانَ حَقًّا عَلَيۡنَا نَصۡرُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун да элчилерди өз коомдоруна жиберип, аларга чынчылдыктарын билдирген далилдерди алып келишкен. Ошондо алар элчилери алып келген нерселерди жалганга чыгарышты. Анан Биз күнөөлөрдү кылгандардан өч алдык жана аларды Өз азабыбыз менен кыйратып жок кылдык. Ал эми элчилерди жана аларга ыйман келтиргендерди кыйроодон сактак калдык. Ыймандууларды куткаруу жана аларга жардам берүүнү – Биз Өзүбүгө милдет кылганбыз.
التفاسير العربية:
ٱللَّهُ ٱلَّذِي يُرۡسِلُ ٱلرِّيَٰحَ فَتُثِيرُ سَحَابٗا فَيَبۡسُطُهُۥ فِي ٱلسَّمَآءِ كَيۡفَ يَشَآءُ وَيَجۡعَلُهُۥ كِسَفٗا فَتَرَى ٱلۡوَدۡقَ يَخۡرُجُ مِنۡ خِلَٰلِهِۦۖ فَإِذَآ أَصَابَ بِهِۦ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦٓ إِذَا هُمۡ يَسۡتَبۡشِرُونَ
Аллах Таала шамал соктурат. Шамал булуттарды козгоп айдайт. Анан аларды асманда Өзү каалагандай, же аз, же көп кылып жаят жана бөлөк-бөлөк кылып таркатат. Анан сен, эй, карап турган адам, булут арасынан чыккан жамгырды көрөсүң. Ал Өзү каалаган пенделеринин үстүнө жамгыр жаадырганда, алар Аллахтын ырайымы менен жааган жамгырга сүйүнүшөт. Анткени, жамгырдан кийин жер бетине алардын өзүнө жана үй жаныбарларына керек болгон азык-тоюттар өнүп чыгат.
التفاسير العربية:
وَإِن كَانُواْ مِن قَبۡلِ أَن يُنَزَّلَ عَلَيۡهِم مِّن قَبۡلِهِۦ لَمُبۡلِسِينَ
Аллах аларга жамгыр жаадырганга чейин алар андан үмүтсүз болуп калышкан эле.
التفاسير العربية:
فَٱنظُرۡ إِلَىٰٓ ءَاثَٰرِ رَحۡمَتِ ٱللَّهِ كَيۡفَ يُحۡيِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَآۚ إِنَّ ذَٰلِكَ لَمُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Оо, пайгамбар! Аллах Өз пенделерине ырайым кылып түшүргөн жамгырдын белгилерин кара, Аллах жер бети кургап калгандан кийин түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүп аны кантип тирилткенин кара! Чындыгында ал кургак жерди тирилткен Аллах өлүктөрдү кайра тирилте алат. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Аны эч ким алсыз кыла албайт.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• إرسال الرياح، وإنزال المطر، وجريان السفن في البحر: نِعَم تستدعي أن نشكر الله عليها.
Шамалдарды жиберүү, жамгыр жаадыруу жана деңизде кемелерди жүргүзүү – Аллахка шүгүр кылуубузду талап кылган жакшылыктардан.

• إهلاك المجرمين ونصر المؤمنين سُنَّة إلهية.
Күнөөкөрлөрдү кыйратып жок кылуу жана ыймандууларга жардам берүү – Аллахтын жолу.

• إنبات الأرض بعد جفافها دليل على البعث.
Жер кургап калгандан кийин андан өсүмдүктөрдү өстүрүп чыгаруу кайра тирилүүгө далил болот.

وَلَئِنۡ أَرۡسَلۡنَا رِيحٗا فَرَأَوۡهُ مُصۡفَرّٗا لَّظَلُّواْ مِنۢ بَعۡدِهِۦ يَكۡفُرُونَ
Эгерде Биз алардын эгиндерине жана жашылча-жемиштерине зыян келтире тургандай шамал жиберип, ага чейин жапжашыл болуп турган эгиндери саргайып кеткендерин көрүшсө, анда аны көрүшкөндөн кийин Аллахтын аларга мурун берген көптөгөн жакшылыктарын танып кетишет.
التفاسير العربية:
فَإِنَّكَ لَا تُسۡمِعُ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَلَا تُسۡمِعُ ٱلصُّمَّ ٱلدُّعَآءَ إِذَا وَلَّوۡاْ مُدۡبِرِينَ
Сен өлүктөргө сөзүңдү угуза албаган сыяктуу дүлөйлөргө да сөзүңдү угуза албайсың. Алардын укпастыгы анык болуш үчүн алар сенден алыстап кетишти. Ошол сыяктуу эле сен аларга окшоп баш тарткандарды жана пайда албагандарды туура жолго сала албайсың.
التفاسير العربية:
وَمَآ أَنتَ بِهَٰدِ ٱلۡعُمۡيِ عَن ضَلَٰلَتِهِمۡۖ إِن تُسۡمِعُ إِلَّا مَن يُؤۡمِنُ بِـَٔايَٰتِنَا فَهُم مُّسۡلِمُونَ
Ошондой эле сен түз жолдон адашкандарды акыйкат жолго түшүрө албайсың. Биздин аяттарыбызга ыйман келтирип, пайда алуу үчүн уккан адамга гана угуза аласың. Анткени ал сенин айткан сөзүңдөн пайда алат. Мына ошолор Биздин буйруктарыбызга ээрчип, баш ийгендер.
التفاسير العربية:
۞ ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن ضَعۡفٖ ثُمَّ جَعَلَ مِنۢ بَعۡدِ ضَعۡفٖ قُوَّةٗ ثُمَّ جَعَلَ مِنۢ بَعۡدِ قُوَّةٖ ضَعۡفٗا وَشَيۡبَةٗۚ يَخۡلُقُ مَا يَشَآءُۚ وَهُوَ ٱلۡعَلِيمُ ٱلۡقَدِيرُ
Эй, адамдар! Аллах силерди алсыз суудан жаратты. Андан соң балалык кездеги алсыздыктан кийин киши курактагы күч-кубаттуулукту берди. Андан соң киши курактагы күч-кубаттуулуктан кийин карылык кездеги алсыздыкты берди. Аллах алсыздыктан жана күч-кубаттуулуктан Өзү каалаганды жаратат. Ал бүткүл нерселерди Билүүчү, Ага эч бир нерсе жашыруун эмес. Ал Кудуреттүү, Аны эч ким алсыз кыла албайт.
التفاسير العربية:
وَيَوۡمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ يُقۡسِمُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ مَا لَبِثُواْ غَيۡرَ سَاعَةٖۚ كَذَٰلِكَ كَانُواْ يُؤۡفَكُونَ
Кыямат күн болгондо күнөөкөрлөр кабырларында аз гана убакыт болдук деп касам ичишет. Алар дүйнөдө акыйкаттан адашып кетишкени сыяктуу аларга кабырларында канча убакыт болгондорун билүүдө да адашышты.
التفاسير العربية:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ وَٱلۡإِيمَٰنَ لَقَدۡ لَبِثۡتُمۡ فِي كِتَٰبِ ٱللَّهِ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡبَعۡثِۖ فَهَٰذَا يَوۡمُ ٱلۡبَعۡثِ وَلَٰكِنَّكُمۡ كُنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ
Аллах илим берген пайгамбарлар жана периштелер минтип айтышат: «Силер Аллах Таала илими менен жазган алгачкы жаралган күнүңөрдөн баштап, өзүңөр ишенбей четке каккан кайра тирилүү күнүңөргө чейин турдуңар. Бирок, силер кайра тирилүүнү билбей туруп, ага каапыр болгонсуңар".
التفاسير العربية:
فَيَوۡمَئِذٖ لَّا يَنفَعُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ مَعۡذِرَتُهُمۡ وَلَا هُمۡ يُسۡتَعۡتَبُونَ
Ал күнү Аллах бүткүл адамдарды, жиндерди, жан-жаныбарларды сурак үчүн жана сыйлык же жаза бериш үчүн кайра тирилтет. Заалымдарга алар ойлоп тапкан шылтоолору пайда бербейт жана алардан Аллахты ыраазы кылыш үчүн тообо кылуу да, Ага кайтуу да талап кылынбайт. Анткени анын убактысы өтүп кеткен.
التفاسير العربية:
وَلَقَدۡ ضَرَبۡنَا لِلنَّاسِ فِي هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانِ مِن كُلِّ مَثَلٖۚ وَلَئِن جِئۡتَهُم بِـَٔايَةٖ لَّيَقُولَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا مُبۡطِلُونَ
Биз адамдарга камкордук кылып, аларга акыйкат жалгандан айырмаланып билинүүсү үчүн бул Куранда ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Оо, пайгамбар! Эгерде сен аларга чындылдыгыңды билдирген далил алып келсең, Аллахка каапырлык кылгандар: «Силер өзүңөр алып келген нерседе анык жалганчысыңар» – деп айтышат.
التفاسير العربية:
كَذَٰلِكَ يَطۡبَعُ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِ ٱلَّذِينَ لَا يَعۡلَمُونَ
Сен алып келген аятка ыйман келтирбегендердин жүрөктөрүнө мөөр басылган сыяктуу Аллах сен аларга алып келгенди акыйкат деп билбеген бардык адамдардын жүрөктөрүнө мөөр басат.
التفاسير العربية:
فَٱصۡبِرۡ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞۖ وَلَا يَسۡتَخِفَّنَّكَ ٱلَّذِينَ لَا يُوقِنُونَ
Оо, пайгамбар! Элиңдин сени жалганга чыгарганына сабыр кыл! Чындыгында Аллах сени жеңишке, кубаттуулукка жеткирип, диниңди бекем орнотуу тууралуу убадасы шексиз ишке ашат. Андыктан кайра тирилүүгө ишенбегендер сени шаштырууга жана сабырсыздык кылууга түртпөсүн.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• يأس الكافرين من رحمة الله عند نزول البلاء.
Каапырлар кыйынчылыкка кабылган кезде Аллахтын ырайымынан үмүт үзүшөт.

• هداية التوفيق بيد الله، وليست بيد الرسول صلى الله عليه وسلم.
Туура жолго салуу пайгамбардын эмес, Аллахтын колунда.

• مراحل العمر عبرة لمن يعتبر.
Өмүр курактары – ой жүгүртөн адамдар үчүн үлгү-сабак болот.

• الختم على القلوب سببه الذنوب.
Жүрөктөргө мөөрдүн басылуусу күнөөлөр себептен болот.

 
ترجمة معاني سورة: الروم
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق