ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني سورة: فاطر   آية:

سورة فاطر - фaатыр

من مقاصد السورة:
بيان فقر العباد المطلق إلى فاطر السماوات والأرض، وكمال غناه عنهم.
Асман-жерди башкарып турган Аллахтын алдында бардык пенделер муктаж, жакыр экени жана Аллах Тааланын муктажсыздыгы толук экени айтылган.

ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ فَاطِرِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ جَاعِلِ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ رُسُلًا أُوْلِيٓ أَجۡنِحَةٖ مَّثۡنَىٰ وَثُلَٰثَ وَرُبَٰعَۚ يَزِيدُ فِي ٱلۡخَلۡقِ مَا يَشَآءُۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Асмандар менен Жерди мурун болбогондой көрүнүштө Жаратуучу Аллахка мактоолор болсун! Ал периштелердин арасында тагдыр буйруктарын аткарган элчилерди кылды. Алардын арасында пайгамбарларга вахийди жеткирип, аларды өз аманаттарын аткарууга күч-кубат бергендери бар. Ошондой эле алардын арасында эки, үч, төрт канаттуулары бар. Алардын жардамы менен буйруктарды аткаруу үчүн учушат. Аллах жараткандарына Өзү каалагандай мүчө же сулуулук же үн кошуп берет. Чындыгында Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү. Аны эч ким алсыз кыла албайт.
التفاسير العربية:
مَّا يَفۡتَحِ ٱللَّهُ لِلنَّاسِ مِن رَّحۡمَةٖ فَلَا مُمۡسِكَ لَهَاۖ وَمَا يُمۡسِكۡ فَلَا مُرۡسِلَ لَهُۥ مِنۢ بَعۡدِهِۦۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Чынында, бардык нерсенин ачкычы Аллахтын колунда. Ал адамдарга ырыскы, туура жол, бактылуулук эшигин ачса, аны эч ким токтото албайт. Ал эми бул эшиктердин кайсы бирин жаап койсо, аны эч ким ача албайт. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, жаратууда, тагдыр кылууда жана башкарууда Даанышман.
التفاسير العربية:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَتَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡۚ هَلۡ مِنۡ خَٰلِقٍ غَيۡرُ ٱللَّهِ يَرۡزُقُكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِۚ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ فَأَنَّىٰ تُؤۡفَكُونَ
О, адамдар! Аллахтын силерге берген жакшылыктарын жүрөк, тил жана дене-мүчөңөр менен амал кылып эстегиле. Силерге асмандан жамгыр жаадырып, жерден мөмө-жемиш, эгин өстүрүп ырыскы берген, Андан бөлөк ибадатка татыктуу болбогон Аллахтан башка жаратуучуңар барбы? Ушундан кийин кантип акыйкаттан жүз буруп, Аллахка жалаа жаап жатасыңар?! Ал силерди жаратып, ырыскы берип жатса, силер Анын шериги бар деп ойлоп жатасыңар?!
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• مشهد فزع الكفار يوم القيامة مشهد عظيم.
Кыяматта каапырлардын коркунучка түшкөн көрүнүшү чоң көрүнүш.

• محل نفع الإيمان في الدنيا؛ لأنها هي دار العمل.
Ыймандын пайда бере турган жайы бул дүйнө. Анткени ал иш-аракет кыла турган жай.

• عظم خلق الملائكة يدل على عظمة خالقهم سبحانه.
Периштелердин ушунчалык чоң болуп жаралуусу алардын Жаратуучусунун улуктугуна далил болот.

وَإِن يُكَذِّبُوكَ فَقَدۡ كُذِّبَتۡ رُسُلٞ مِّن قَبۡلِكَۚ وَإِلَى ٱللَّهِ تُرۡجَعُ ٱلۡأُمُورُ
Оо, пайгамбар! Эгерде элиң сени жалганга чыгарышса, сабыр кыл! Сен өз эли жалганга чыгарган биринчи пайгамбар эмессиң. Сенден мурунку Аад, Самуд жана Луттун эли сыяктуу коомдор да пайгамбарларын жалганга чыгарышкан. Бардык иштер жалгыз Аллахка гана кайтат. Жалганчылар акыры кыйрап жок болот, ал эми пайгамбарлар менен ыймандууларга жеңишти Аллах өзү берет.
التفاسير العربية:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞۖ فَلَا تَغُرَّنَّكُمُ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا وَلَا يَغُرَّنَّكُم بِٱللَّهِ ٱلۡغَرُورُ
Эй, адамдар! Кыямат күнү кайра тирилүү, сыйлык же жаза алуу сыяктуу Аллахтын силерге берген убадасы эч кандай шек-күмөнү жок чындык. Андыктан бул күнгө жакшылык иштерди кылуу менен даярдануудан силерди бул дүйнө жыргалчылыктары жана ырахаттары азгырып койбосун. Ошондой эле шайтан силерге жалганды кооз көргөзүп, дүйнөгө берилтип азгырып койбосун.
التفاسير العربية:
إِنَّ ٱلشَّيۡطَٰنَ لَكُمۡ عَدُوّٞ فَٱتَّخِذُوهُ عَدُوًّاۚ إِنَّمَا يَدۡعُواْ حِزۡبَهُۥ لِيَكُونُواْ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلسَّعِيرِ
Эй, адамдар! Чындыгында шайтан силерге түбөлүк душман. Андыктан ага каршы күрөшүү менен аны душман туткула. Чындыгында шайтан өзүнө ээрчигендерди Аллахка каапырлык кылууга чакырып, алардын акыбети кыяматтагы жалындаган тозок болуусун каалайт.
التفاسير العربية:
ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَهُمۡ عَذَابٞ شَدِيدٞۖ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُم مَّغۡفِرَةٞ وَأَجۡرٞ كَبِيرٌ
Шайтанды ээрчип Аллахка каапырлык кылгандар үчүн катуу азап бар. Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар үчүн алардын күнөөлөрүнө кечирим жана аларга бейиш болгон улуу сыйлык бар.
التفاسير العربية:
أَفَمَن زُيِّنَ لَهُۥ سُوٓءُ عَمَلِهِۦ فَرَءَاهُ حَسَنٗاۖ فَإِنَّ ٱللَّهَ يُضِلُّ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِي مَن يَشَآءُۖ فَلَا تَذۡهَبۡ نَفۡسُكَ عَلَيۡهِمۡ حَسَرَٰتٍۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمُۢ بِمَا يَصۡنَعُونَ
Шайтан анын кылган жаман ишин кооз көргөзүп, ал аны жакшы деп ойлогон адам, Аллах ага акыйкатты кооз көргөзүп, ал аны акыйкат деп ойлогон адам сыяктуу эмес. Чындыгында Аллах Өзү каалаганды адаштырат, Өзү каалаганды туура жолго салат. Аны эч ким мажбурлай албайт. Оо, пайгамбар! Адашкандардын адашканына кайгырып таптакыр эле чөгүп кетпе! Чындыгында Аллах таала алардын кылгандарын билет. Алардын иш-аракеттеринин эч бири Ага жашыруун эмес.
التفاسير العربية:
وَٱللَّهُ ٱلَّذِيٓ أَرۡسَلَ ٱلرِّيَٰحَ فَتُثِيرُ سَحَابٗا فَسُقۡنَٰهُ إِلَىٰ بَلَدٖ مَّيِّتٖ فَأَحۡيَيۡنَا بِهِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَاۚ كَذَٰلِكَ ٱلنُّشُورُ
Аллах шамалды жиберди. Ал шамалдар болсо булуттарды кыймылга келтирди. Анан Биз ал булуттарды эч кандай өсүмдүк өспөгөн жерге айдап барып, анын суусу менен кургап калган жерди тирилтип өсүмдүктөрдү өстүрдүк. Биз бул өлүк жерден өсүмдүктөрдү өстүрүп тирилткенибиз сыяктуу кыяматта өлүктөр да ушинтип кайра тирилишет.
التفاسير العربية:
مَن كَانَ يُرِيدُ ٱلۡعِزَّةَ فَلِلَّهِ ٱلۡعِزَّةُ جَمِيعًاۚ إِلَيۡهِ يَصۡعَدُ ٱلۡكَلِمُ ٱلطَّيِّبُ وَٱلۡعَمَلُ ٱلصَّٰلِحُ يَرۡفَعُهُۥۚ وَٱلَّذِينَ يَمۡكُرُونَ ٱلسَّيِّـَٔاتِ لَهُمۡ عَذَابٞ شَدِيدٞۖ وَمَكۡرُ أُوْلَٰٓئِكَ هُوَ يَبُورُ
Кимде-ким бул дүйнө менен акыреттеги кадыр-баркты кааласа, анда аны Аллахтан гана сурасын. Эки дүйнөдөгү кадыр-барк жалгыз Ага гана таандык. Жакшы эскерүүлөр Анын Өзүнө гана көтөрүлөт. Пенделердин жакшылык иштери, да Ага гана көтөрүлөт. Ал эми пайгамбарды өлтүрүүгө болгон аракеттер сыяктуу жаман айла-амал кылгандар үчүн катуу азап бар. Ал каапырлардын айлакерлиги жокко чыгат жана бузулат, алардын эч бир максаты ишке ашпайт.
التفاسير العربية:
وَٱللَّهُ خَلَقَكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ مِن نُّطۡفَةٖ ثُمَّ جَعَلَكُمۡ أَزۡوَٰجٗاۚ وَمَا تَحۡمِلُ مِنۡ أُنثَىٰ وَلَا تَضَعُ إِلَّا بِعِلۡمِهِۦۚ وَمَا يُعَمَّرُ مِن مُّعَمَّرٖ وَلَا يُنقَصُ مِنۡ عُمُرِهِۦٓ إِلَّا فِي كِتَٰبٍۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٞ
Аллах силердин түпкү атаңар Адамды топурактан жаратты, кийин силерди бел суудан жаратты, анан силерди бири-бириңерге жуп болгон эркектер жана аялдар кылды. Кайсы аялдын боюнда болбосун же баласын төрөбөсүн, ал Анын илими менен гана болот. Алардын эч бири Андан жашырылып калбайт. Ал жараткандардын кимисинин өмүрү узарбасын же кемибесин, ал нерсе Сакталган Тактада (Лаухуль Махфуз) жазылган. Чындыгында силердин топурактан жаралышыңар, баскыч-баскыч болуп жаралууңар жана Сакталган Тактада өмүрлөрүңөрдүн жазылуусу сыяктуу бул айтылган нерселер Аллах үчүн жеңил.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• تسلية الرسول صلى الله عليه وسلم بذكر أخبار الرسل مع أقوامهم.
Пайгамбарлардын өз элдери менен болгон окуяларын айтып пайгамбардын көңүлүн көтөрүү.

• الاغترار بالدنيا سبب الإعراض عن الحق.
Дүйнөгө азгырылуу акыйкаттан баш таштууга себеп болот.

• اتخاذ الشيطان عدوًّا باتخاذ الأسباب المعينة على التحرز منه؛ من ذكر الله، وتلاوة القرآن، وفعل الطاعة، وترك المعاصي.
Аллахтын зикир кылуу, Куран окуу, ибадат кылуу жана күнөөлөрдү таштоо сыяктуу шайтандан коргонууга жардам берген себептерди аткаруу менен аны душман тутуу.

• ثبوت صفة العلو لله تعالى.
Аллах бийиктик сыпатка ээ экендигин тастыктоо.

وَمَا يَسۡتَوِي ٱلۡبَحۡرَانِ هَٰذَا عَذۡبٞ فُرَاتٞ سَآئِغٞ شَرَابُهُۥ وَهَٰذَا مِلۡحٌ أُجَاجٞۖ وَمِن كُلّٖ تَأۡكُلُونَ لَحۡمٗا طَرِيّٗا وَتَسۡتَخۡرِجُونَ حِلۡيَةٗ تَلۡبَسُونَهَاۖ وَتَرَى ٱلۡفُلۡكَ فِيهِ مَوَاخِرَ لِتَبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِهِۦ وَلَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ
Эки деңиз бирдей эмес, алардын бирөөсү тузсуз таза суу, ал тузсуз болгону үчүн аны ичүү жеңил, ал эми экинчиси өтө туздуу болгону үчүн аны ичүү мүмкүн эмес. Силер бул айтылган эки деңиздин ар биринен жумшак эттүү балыктарды жейсиңер жана алардан берметтерди, маржандарды кооздукка тагыныш үчүн чыгарып аласыңар. Эй, назар салуучу! Силер соода-сатык аркылуу Аллахтын жакшылыктарын издеп, деңизди жарып алдыга да, артка да сүзгөн кемелерди көрөсүңөр. Балким силер Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кыларсыңар.
التفاسير العربية:
يُولِجُ ٱلَّيۡلَ فِي ٱلنَّهَارِ وَيُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِي ٱلَّيۡلِ وَسَخَّرَ ٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ كُلّٞ يَجۡرِي لِأَجَلٖ مُّسَمّٗىۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمۡ لَهُ ٱلۡمُلۡكُۚ وَٱلَّذِينَ تَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦ مَا يَمۡلِكُونَ مِن قِطۡمِيرٍ
Аллах түндү күздүзгө киргизип аны узартат жана күндүздү түнгө киргизип аны узартат. Ошондой эле Ал Күн менен Айды моюн сундурду. Алардын ар бири Аллах билген белгилүү бир мөөнөткө чейин жүрүшөт. Ал кыямат күн. Мына ошолордун баарысын силердин Раббиңер Аллах өлчөп белгилейт жана жүргүзөт. Бийлик Ага гана таандык. Андан башка силер сыйынып жаткан кудайлар данектин кабыгындай нерсеге да ээлик кылышпайт, анан Менден башка аларга кантип сыйынып жатасыңар?!
التفاسير العربية:
إِن تَدۡعُوهُمۡ لَا يَسۡمَعُواْ دُعَآءَكُمۡ وَلَوۡ سَمِعُواْ مَا ٱسۡتَجَابُواْ لَكُمۡۖ وَيَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ يَكۡفُرُونَ بِشِرۡكِكُمۡۚ وَلَا يُنَبِّئُكَ مِثۡلُ خَبِيرٖ
Эгерде силер кудайларыңарга дуба кылсаңар, алар дубаңарды угушпайт. Алар эч нерсени укпаган жансыз заттар. Эгер алар силердин дубаңарды угушат дей турган болсок, алар силерге жооп бере алышпайт. Алар кыямат күнү силердин ширктериңерден жана сыйынганыңардан баш тартышат. Оо, пайгамбар! Сага Аллахтан башка эч ким чындык кабарды айтпайт.
التفاسير العربية:
۞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ أَنتُمُ ٱلۡفُقَرَآءُ إِلَى ٱللَّهِۖ وَٱللَّهُ هُوَ ٱلۡغَنِيُّ ٱلۡحَمِيدُ
Эй, адамдар! Силер бардык иштериңерде, бүткүл абалдарыңарда Аллахка муктажсыңар. Ал эми Аллах эч бир нерседе силерге муктаж эмес. Ал бул дүйнөдө жана акыретте пенделерине тагдыр кылган нерседе мактоого татыктуу.
التفاسير العربية:
إِن يَشَأۡ يُذۡهِبۡكُمۡ وَيَأۡتِ بِخَلۡقٖ جَدِيدٖ
Эгерде Ал силерди кыйратып жок кылууну кааласа жок кылып коймок жана силердин ордуңарга Ага сыйынган, Ага эч нерсени шерик кылбаган башка жаңы адамдарды алып келип коймок.
التفاسير العربية:
وَمَا ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ بِعَزِيزٖ
Силерди кыйратып жок кылуу жана ордуңарга жаңы адамдарды алып келүү Аллах үчүн оор эмес.
التفاسير العربية:
وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٞ وِزۡرَ أُخۡرَىٰۚ وَإِن تَدۡعُ مُثۡقَلَةٌ إِلَىٰ حِمۡلِهَا لَا يُحۡمَلۡ مِنۡهُ شَيۡءٞ وَلَوۡ كَانَ ذَا قُرۡبَىٰٓۗ إِنَّمَا تُنذِرُ ٱلَّذِينَ يَخۡشَوۡنَ رَبَّهُم بِٱلۡغَيۡبِ وَأَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَۚ وَمَن تَزَكَّىٰ فَإِنَّمَا يَتَزَكَّىٰ لِنَفۡسِهِۦۚ وَإِلَى ٱللَّهِ ٱلۡمَصِيرُ
Эч бир күнөөкөр башка күнөөкөрдүн күнөөлөрүн көтөрбөйт. Ар бир күнөөкөр өз күнөөсүн гана көтөрөт. Эгер оор күнөөлөрү бар адам алардын кээ бирлерин көтөрүшүүгө башкаларды чакырса, анын күнөөлөрүнөн эч бири ага жүктөлбөйт, эгер ал чакырылган адам анын жакыны болсо дагы. Оо, пайгамбар! Чындыгында сен кайыптагы Раббисинен корккон, намазды толук түрдө аткарышкан адамдарды гана Аллахтын азабынан коркута аласың. Мына ошолор гана сенин коркутууңдан пайда алышат. Кимде-ким күнөөлөрдөн (алардын эң чоң ширк кылуу) тазаланган болсо, анда ал өзү үчүн гана тазаланган болот. Анткени мунун пайдасы анын өзүнө кайтат. Аллах анын моюн сунуусуна муктаж эмес жана кыяматта сурак берүү, жаза же сыйлык алуу үчүн кайтуу Аллахка гана болот.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• تسخير البحر، وتعاقب الليل والنهار، وتسخير الشمس والقمر: من نعم الله على الناس، لكن الناس تعتاد هذه النعم فتغفل عنها.
Деңизди моюн сундуруу, түн менен күндүн алмашуусу, Күн менен Айды моюн сундуруу Аллахтын адамдарга берген жакшылыктарынан. Бирок адамдар бул жакшылыктарды адаттагыдай кабылдашып, аларга көңүл бурбай калышкан.

• سفه عقول المشركين حين يدعون أصنامًا لا تسمع ولا تعقل.
Мушриктердин кем акылдыгы, анткени алар укпаган жана акыл жүгүртө албаган айкелдерге дуба кылып жатышат.

• الافتقار إلى الله صفة لازمة للبشر، والغنى صفة كمال لله.
Аллахка болгон муктаждык адамдардын ажырагыс сыпаты. Ал эми беймуктаждык Аллахтын толуктук сыпаты.

• تزكية النفس عائدة إلى العبد؛ فهو يحفظها إن شاء أو يضيعها.
Жан дүйнөнү тазартуу пенденин өзүнө кайтат. Демек, ал аны кааласа сактайт же жоготот.

وَمَا يَسۡتَوِي ٱلۡأَعۡمَىٰ وَٱلۡبَصِيرُ
Сокур менен көзү көргөн адам бирдей болбогону сыяктуу каапыр менен ыймандуунун даражалары да бирдей эмес.
التفاسير العربية:
وَلَا ٱلظُّلُمَٰتُ وَلَا ٱلنُّورُ
Караңгылыктар менен нур бирдей болбогону сыяктуу каапырлык менен ыйман да бирдей эмес.
التفاسير العربية:
وَلَا ٱلظِّلُّ وَلَا ٱلۡحَرُورُ
Көлөкө менен ысык шамал бирдей болбогону сыяктуу бейиш менен тозоктун да таасирлери бирдей эмес.
التفاسير العربية:
وَمَا يَسۡتَوِي ٱلۡأَحۡيَآءُ وَلَا ٱلۡأَمۡوَٰتُۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُسۡمِعُ مَن يَشَآءُۖ وَمَآ أَنتَ بِمُسۡمِعٖ مَّن فِي ٱلۡقُبُورِ
Тирүүлөр менен өлүктөр бирдей эмес болгону сыяктуу ыймандуулар менен каапырлар да бирдей эмес. Чындыгында Аллах Өзү каалаганга туура жолду угузат. Эй, пайгамбар! Сен кабырлардагы өлүктөр сымал каапырларга угуза албайсың.
التفاسير العربية:
إِنۡ أَنتَ إِلَّا نَذِيرٌ
Сен болгону аларга Аллахтын азабын эскертүүчүсүң.
التفاسير العربية:
إِنَّآ أَرۡسَلۡنَٰكَ بِٱلۡحَقِّ بَشِيرٗا وَنَذِيرٗاۚ وَإِن مِّنۡ أُمَّةٍ إِلَّا خَلَا فِيهَا نَذِيرٞ
Оо, пайгамбар! Биз сени Аллах ыймандууларга даярдап койгон улуу соопторду сүйүнчүлөөчү жана каапырларга даярдап койгон кыйноочу азапты эскертүүчү кылып шек-күмөнсүз акыйкат менен жибердик. Мурунку коомдордун кимиси болбосун, аларга Аллах тараптан Анын азабынан эскертүүчү элчи келген.
التفاسير العربية:
وَإِن يُكَذِّبُوكَ فَقَدۡ كَذَّبَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ جَآءَتۡهُمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ وَبِٱلزُّبُرِ وَبِٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُنِيرِ
Оо, пайгамбар! Эгерде элиң сени жалганга чыгарган болсо, анда сен коому жалганга чыгарган биринчи пайгамбар эмессиң. Аад, Самуд, Луттун эли сыяктуу мурунку коомдор да пайгамбарларын жалганга чыгарышкан. Аларга пайгамбарлары Аллах тараптан алардын чынчылдыгын билдирген ачык-айкын далилдерди алып келишкен, пайгамбарлары баракчаларды жана ой жүгүрткөндөргө нурдуу Китепти алып келишкен эле.
التفاسير العربية:
ثُمَّ أَخَذۡتُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْۖ فَكَيۡفَ كَانَ نَكِيرِ
Бирок алар ага карабастан Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылышты, Ал тараптан алып келишкен нерселерге ишенишпеди. Ошондо Мен каапырлык кылгандарды жок кылдым. Оо, пайгамбар! Мен аларды жок кылып четке какканым кандай болгонун карачы!
التفاسير العربية:
أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَخۡرَجۡنَا بِهِۦ ثَمَرَٰتٖ مُّخۡتَلِفًا أَلۡوَٰنُهَاۚ وَمِنَ ٱلۡجِبَالِ جُدَدُۢ بِيضٞ وَحُمۡرٞ مُّخۡتَلِفٌ أَلۡوَٰنُهَا وَغَرَابِيبُ سُودٞ
Оо, пайгамбар! Көрбөдүңбү, Аллах асмандан жамгырдын суусун түшүрдү. Анан Биз ал суунун жардамы менен дарактарды сугаргандан кийин кызыл, жашыл, сары жана башка түркүн түстөгү мөмө-жемиштерди чыгардык. Тоолордун арасында ак жолдор, кызыл жолдор жана капкара жолдор бар.
التفاسير العربية:
وَمِنَ ٱلنَّاسِ وَٱلدَّوَآبِّ وَٱلۡأَنۡعَٰمِ مُخۡتَلِفٌ أَلۡوَٰنُهُۥ كَذَٰلِكَۗ إِنَّمَا يَخۡشَى ٱللَّهَ مِنۡ عِبَادِهِ ٱلۡعُلَمَٰٓؤُاْۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ غَفُورٌ
Ошондой эле адамдар, айбанаттар жана үй жаныбарлары (төө, уй, кой) да жогоруда айтылгандай ар түрдүү өң-түстөрдө болушат. Чындыгында илимдүүлөр гана Аллахтын ордун улукташат жана Андан коркушат. Анткени алар Анын сыпаттарын, шариятын жана кудуретинин белгилерин билишет. Чындыгында Аллах эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, пенделеринен тообо кылгандарынын күнөөлөрүн Кечирүүчү.
التفاسير العربية:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يَتۡلُونَ كِتَٰبَ ٱللَّهِ وَأَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَأَنفَقُواْ مِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ سِرّٗا وَعَلَانِيَةٗ يَرۡجُونَ تِجَٰرَةٗ لَّن تَبُورَ
Чындыгында Биз пайгамбарыбызга түшүргөн Аллахтын Китебин окугандар, андагыны иш жүзүндө аткаргандар, намазды толук түрдө окугандар, Биз ырыскы кылып берген нерселерден ачык жана жашыруун түрдө зекет ж.б. бергендер бул кылган иш-аракеттери үчүн Аллахтын алдында зыянга учурабаган сооданы үмүт кылышат.
التفاسير العربية:
لِيُوَفِّيَهُمۡ أُجُورَهُمۡ وَيَزِيدَهُم مِّن فَضۡلِهِۦٓۚ إِنَّهُۥ غَفُورٞ شَكُورٞ
Аллах алардын иш-аракеттеринин соопторун толук бериш үчүн жана аларга Өз жакшылыгын көбөйтүш үчүн. Анткени Ал буга татыктуу. Чындыгында Аллах мына ушул сыпаттарга ээ адамдардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, алардын жакшылык иштерине Ыраазы болуучу.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• نفي التساوي بين الحق وأهله من جهة، والباطل وأهله من جهة أخرى.
Бир тараптагы акыйкат жана анын ээлери менен башка тараптагы жалган жана анын ээлеринин ортосундагы теңдикти жокко чыгаруу.

• كثرة عدد الرسل عليهم السلام قبل رسولنا صلى الله عليه وسلم دليل على رحمة الله وعناد الخلق.
Пайгамбарыбыздан алдын пайгамбарлардын санынын көптүгү Аллахтын ырайымдуулугуна жана адамдардын баш ийбестигине далил болот.

• إهلاك المكذبين سُنَّة إلهية.
Жалганчыларды жок кылуу Аллахтын жолу.

• صفات الإيمان تجارة رابحة، وصفات الكفر تجارة خاسرة.
Ыйман сыпаттары пайдага жеткирген соода-сатык, ал эми каапырлардын сыпаттары жокко учураган соода-сатык.

وَٱلَّذِيٓ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ هُوَ ٱلۡحَقُّ مُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِۗ إِنَّ ٱللَّهَ بِعِبَادِهِۦ لَخَبِيرُۢ بَصِيرٞ
Оо, пайгамбар! Биз сага вахий кылган китеп эч кандай шек-күмөнү жок чындык. Аллах аны мурунку китептерди тастыстап түшүргөн. Чындыгында Аллах пенделеринен Кабардар, аларды Көрүүчү. Ал бардык коомдордун пайгамбарларына өз заманына жараша зарылдуу нерселерди вахий кылып турган.
التفاسير العربية:
ثُمَّ أَوۡرَثۡنَا ٱلۡكِتَٰبَ ٱلَّذِينَ ٱصۡطَفَيۡنَا مِنۡ عِبَادِنَاۖ فَمِنۡهُمۡ ظَالِمٞ لِّنَفۡسِهِۦ وَمِنۡهُم مُّقۡتَصِدٞ وَمِنۡهُمۡ سَابِقُۢ بِٱلۡخَيۡرَٰتِ بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَضۡلُ ٱلۡكَبِيرُ
Кийин Биз башка үммөттөрдөн артык кылып тандап алган Мухаммаддын үммөтүнө Куранды бердик. Алардын арасында арам иштерди кылып, парздарды таштап өзүнө зулум кылгандары бар, ошондой эле алардын арасында парздарды аткарып, арам иштерди таштоо менен бирге кээ бир мустахабдарды таштаган жана кээ бир макрухтарды кылган орточолору бар. Ошондой эле алардын арасында Аллахтын уруксаты менен жакшылыктарда жарышкандар бар. Бул нерсе парз жана мустахаб иштерди аткаруу, арам жана макрух иштерди таштоо менен болот. Бул үммөттү тандоо жана ага Куранды берүү тууралуу айтылган бул нерселер артыкчылыкта ага эч бир нерсе келбеген улуу жакшылык.
التفاسير العربية:
جَنَّٰتُ عَدۡنٖ يَدۡخُلُونَهَا يُحَلَّوۡنَ فِيهَا مِنۡ أَسَاوِرَ مِن ذَهَبٖ وَلُؤۡلُؤٗاۖ وَلِبَاسُهُمۡ فِيهَا حَرِيرٞ
Ал тандалгандар кире турган түбөлүктүү бейиш. Алар ал жайда берметтерди, алтын билериктерди тагынып жүрүшөт жана алардын кийимдери жибектен болот.
التفاسير العربية:
وَقَالُواْ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِيٓ أَذۡهَبَ عَنَّا ٱلۡحَزَنَۖ إِنَّ رَبَّنَا لَغَفُورٞ شَكُورٌ
Алар бейишке киргенден кийин айтышат: «Биз тозокко кирүүдөн коркконубуз себептүү бизден кайгы-капаны жок кылып койгон Аллахка мактоолор болсун! Чындыгында Раббибиз пенделеринен тообо кылгандардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, алардын моюн сунгандарына Ыраазы болуучу.
التفاسير العربية:
ٱلَّذِيٓ أَحَلَّنَا دَارَ ٱلۡمُقَامَةِ مِن فَضۡلِهِۦ لَا يَمَسُّنَا فِيهَا نَصَبٞ وَلَا يَمَسُّنَا فِيهَا لُغُوبٞ
Ал бизди Өз жакшылыгы менен жайгашкандан кийин көчүп кетүү болбогон түбөлүктүү бейишке киргизди. Бул биздин күч-кудуретибиз менен болгон жок. Биз бул жайда чарчоого жана кыйынчылыкка кабылбайбыз.
التفاسير العربية:
وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَهُمۡ نَارُ جَهَنَّمَ لَا يُقۡضَىٰ عَلَيۡهِمۡ فَيَمُوتُواْ وَلَا يُخَفَّفُ عَنۡهُم مِّنۡ عَذَابِهَاۚ كَذَٰلِكَ نَجۡزِي كُلَّ كَفُورٖ
Ал эми Аллахка каапырлык кылгандар тозок отунда түбөлүк калышат. Алар өлүп кала турганчалык жана азаптан эс ала турганчалык өлүм менен алардын жаны кыйылбайт. Аларга эч бир тозок азабы жеңилдетилбейт. Биз Раббисинин жакшылыктарын четке каккан ар бир адамды мына ушундай жаза менен жазалайбыз.
التفاسير العربية:
وَهُمۡ يَصۡطَرِخُونَ فِيهَا رَبَّنَآ أَخۡرِجۡنَا نَعۡمَلۡ صَٰلِحًا غَيۡرَ ٱلَّذِي كُنَّا نَعۡمَلُۚ أَوَلَمۡ نُعَمِّرۡكُم مَّا يَتَذَكَّرُ فِيهِ مَن تَذَكَّرَ وَجَآءَكُمُ ٱلنَّذِيرُۖ فَذُوقُواْ فَمَا لِلظَّٰلِمِينَ مِن نَّصِيرٍ
Алар ал жакта болгон үндөрү менен жардам сурап кыйкырышып: «Раббибиз! Бизди тозоктон чыгара көр, биз Сенин ыраазылыгыңды алып, азабыңдан кутулуш үчүн дүйнөдө кылган иштерибизден башкача жакшылык иштерди кылабыз» – деп айтышат. Аллах аларга жооп кылып айтат: «Биз силерди эсине келүүнү каалаган адам эсине келип, Аллахка тообо кылып жана жакшылык иштерди кылганчалык өмүр берип жашатпадыкпы?! Силерге Аллахтын азабынан эскертүүчү пайгамбар да келген! Силердин эч кандай далилиңер жок, ушунун баарынан кийин кечирим да жок. Андыктан тозоктун азабын тарткыла. Каапырлык жана күнөө кылып өздөрүнө зулум кылгандар үчүн аларды Аллахтын азабынан куткарган же аны алардан жеңилдеткен эч кандай жардамчы жок».
التفاسير العربية:
إِنَّ ٱللَّهَ عَٰلِمُ غَيۡبِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ إِنَّهُۥ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ
Чындыгында Аллах асмандар менен Жердеги кайыпты Билүүчү. Ал анын эч бирин өткөрүп жибербейт. Чындыгында Ал пенделери көкүрөктөрүндө жашырган жакшылыкты жана жамандыкты Билүүчү.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• فضل أمة محمد صلى الله عليه وسلم على سائر الأمم.
Мухаммад пайгамбардын үммөтүнүн башка бардык үммөттөрдөн артыкчылыгы.

• تفاوت إيمان المؤمنين يعني تفاوت منزلتهم في الدنيا والآخرة.
Ыймандуулардын ыймандарындагы айырмачылык бул алардын дүйнөдөгү жана акыреттеги даражаларынын айырмачылыгын билдирет.

• الوقت أمانة يجب حفظها، فمن ضيعها ندم حين لا ينفع الندم.
Убакыт – аны сактоо милдет болгон аманат. Ким аны пайдасыз өткөрсө, анда ал өкүнүч пайда бербеген учур келгенде өкүнөт.

• إحاطة علم الله بكل شيء.
Аллахтын илими өзүнө бүткүл нерселерди камтыйт.

هُوَ ٱلَّذِي جَعَلَكُمۡ خَلَٰٓئِفَ فِي ٱلۡأَرۡضِۚ فَمَن كَفَرَ فَعَلَيۡهِ كُفۡرُهُۥۖ وَلَا يَزِيدُ ٱلۡكَٰفِرِينَ كُفۡرُهُمۡ عِندَ رَبِّهِمۡ إِلَّا مَقۡتٗاۖ وَلَا يَزِيدُ ٱلۡكَٰفِرِينَ كُفۡرُهُمۡ إِلَّا خَسَارٗا
Эй, адамдар! Ал силерди иш жүзүндө сынаш үчүн жер бетинде бири-бириңерге орун басар кылды. Кимде-ким Аллахка жана пайгамбарлар алып келген нерсеге каапырлык кылса, анда анын каапырлыгынын күнөөсү өзүнө кайтат, анын каапырлыгы Раббисине зыян бербейт. Каапырлардын каапырлыгы Раббисинин алдында ашыкча жек көрүүнү көбөйткөндөн көбөйтө берет жана каапырлардын каапырлыгы зыянга учуроону да көбөйтөт. Эгер алар ыйман келтиришкенде Аллах алар үчүн бейиште даярдап койгон нерселерде зыян тартышмак эмес.
التفاسير العربية:
قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ شُرَكَآءَكُمُ ٱلَّذِينَ تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَرُونِي مَاذَا خَلَقُواْ مِنَ ٱلۡأَرۡضِ أَمۡ لَهُمۡ شِرۡكٞ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ أَمۡ ءَاتَيۡنَٰهُمۡ كِتَٰبٗا فَهُمۡ عَلَىٰ بَيِّنَتٖ مِّنۡهُۚ بَلۡ إِن يَعِدُ ٱلظَّٰلِمُونَ بَعۡضُهُم بَعۡضًا إِلَّا غُرُورًا
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Мага айткылачы, силер Аллахтан башка сыйынган кудайларыңар Жер бетинде эмнени жаратты? Тоолорду жараттыбы? Дарыяларды жараттыбы? Жан-жаныбарларды жараттыбы? Же алар асмандарды жаратууда Аллах менен шериктешпи?». Же Биз аларга кудайларына сыйынуу туура деген далилдерди камтыган китеп бериптирбизби? Алардын эч бири болгон эмес! Тескерисинче каапырлык жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зулум кылгандардын бири-бирине кылган убадасы алдоо гана.
التفاسير العربية:
۞ إِنَّ ٱللَّهَ يُمۡسِكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ أَن تَزُولَاۚ وَلَئِن زَالَتَآ إِنۡ أَمۡسَكَهُمَا مِنۡ أَحَدٖ مِّنۢ بَعۡدِهِۦٓۚ إِنَّهُۥ كَانَ حَلِيمًا غَفُورٗا
Чындыгында Аллах асмандар менен Жерди жок болуп кетүүдөн сактап кармап турат. Эгерде ал экөөсү жок болуп кетсин дей турган болсок, анда Аллахтан кийин аны жок болуп кетүүдөн эч ким кармап кала албайт. Чындыгында Ал жазалоого шашылбаган Токтоо, пенделеринен тообо кылгандардын күнөөлөрүн Кечирүүчү.
التفاسير العربية:
وَأَقۡسَمُواْ بِٱللَّهِ جَهۡدَ أَيۡمَٰنِهِمۡ لَئِن جَآءَهُمۡ نَذِيرٞ لَّيَكُونُنَّ أَهۡدَىٰ مِنۡ إِحۡدَى ٱلۡأُمَمِۖ فَلَمَّا جَآءَهُمۡ نَذِيرٞ مَّا زَادَهُمۡ إِلَّا نُفُورًا
Ал жалганчы каапырлар эгер аларга Аллах тараптан Анын азабын эскерткен пайгамбар келсе, анда акыйкатка түздөнүүдө жана аны карманууда жөөттөрдөн да, христиандардан да ашып түшөбүз деп катуу ант беришкен. Ал эми качан Мухаммад аларга Раббиси тараптан пайгамбар болуп келип, аларды Аллахтын азабынан коркутканда, анын келиши аларды акыйкаттан алыстатып, жалганды карманууларын күчөттү. Алар мурункулардан да түз жолдо болобуз деп берген бекем анттарын аткарышкан жок.
التفاسير العربية:
ٱسۡتِكۡبَارٗا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَكۡرَ ٱلسَّيِّيِٕۚ وَلَا يَحِيقُ ٱلۡمَكۡرُ ٱلسَّيِّئُ إِلَّا بِأَهۡلِهِۦۚ فَهَلۡ يَنظُرُونَ إِلَّا سُنَّتَ ٱلۡأَوَّلِينَۚ فَلَن تَجِدَ لِسُنَّتِ ٱللَّهِ تَبۡدِيلٗاۖ وَلَن تَجِدَ لِسُنَّتِ ٱللَّهِ تَحۡوِيلًا
Алардын Аллахтын аты менен ант беришкени жакшы ниетте жана туура максатта болгон эмес. Тескерисинче Жер бетинде текеберлик кылуу жана адамдарды алдоо үчүн болгон. Бузуку айла-амал айлакерлердин өздөрүн курчап алат. Ал текебер айлакерлер аларга окшогон мурункуларды жок кылгандай аларды да жок кылган Аллахтын өзгөрбөс өкүм жолун күтүп жатышабы?! Сен тебекерлерди жок кылууда Аллахтын өкүм жолу аларга келбей тургандай кылып аны өзгөрткөн же алардан башкаларга буруп жибере тургандай нерсени эч качан таба албайсың. Анткени Аллахтын өкүм жолу өзгөрбөйт.
التفاسير العربية:
أَوَلَمۡ يَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَيَنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ وَكَانُوٓاْ أَشَدَّ مِنۡهُمۡ قُوَّةٗۚ وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيُعۡجِزَهُۥ مِن شَيۡءٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَلِيمٗا قَدِيرٗا
Курайштагы сени жалганга чыгаргандар жер бетин кезип, алардан мурунку жалганчы коомдордун акыбети кандай болгонун көрүшпөйбү? Алардын акыбети жамандык менен бүттү, анткени Аллах аларды жок кылды. Алар курайштан да күч-кубаттуу эле. Аллах асмандар менен Жердеги эч бир нерсени өткөрүп жибербейт. Чындыгында Ал жалганчылардын иш-аракеттерин Билүүчү, алардын иш-аракеттеринин эч бирин өткөрүп жибербейт. Ал качан кааласа аларды кыйратууга Кудуреттүү.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• الكفر سبب لمقت الله، وطريق للخسارة والشقاء.
Каапырлык Аллахтын жек көрүүсүнө себеп болот, кыйроого жана бактысыздыкка жол ачат.

• المشركون لا دليل لهم على شركهم من عقل ولا نقل.
Акыл жактан да, накыл жактан да мушриктердин ширктерине эч кандай далил жок.

• تدمير الظالم في تدبيره عاجلًا أو آجلًا.
Залымдын ой-максаты эртеби-кечпи аны кыйроого түртөт.

وَلَوۡ يُؤَاخِذُ ٱللَّهُ ٱلنَّاسَ بِمَا كَسَبُواْ مَا تَرَكَ عَلَىٰ ظَهۡرِهَا مِن دَآبَّةٖ وَلَٰكِن يُؤَخِّرُهُمۡ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗىۖ فَإِذَا جَآءَ أَجَلُهُمۡ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِعِبَادِهِۦ بَصِيرَۢا
Эгерде Аллах адамдарды кылган күнөөлөрү жана кылмыштары үчүн жазасын тездете турган болсо, анда жер бетиндеги адамдардын баарысы байлыктары жана мал-жандыктары менен кошо ошол замат кыйроого учурашмак. Бирок Аллах аларды Өз илиминде мөөнөтү белгиленген кыямат күнүнө чейин кечиктирет. Ал эми кыямат күнү келгенде, албетте Аллах пенделерин Көрүүчү, алардын эч бир нерсеси Ага жашыруун эмес. Ошондо аларга иш-аракеттери үчүн сыйлыгын же жазасын берет, жакшы болсо жакшы, жаман болсо жаман болот.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• العناد مانع من الهداية إلى الحق.
Баш ийбестик акыйкат жолго түшүүнү тосот.

• العمل بالقرآن وخشية الله من أسباب دخول الجنة.
Куранда келгенди аткаруу жана Аллахтан коркуу бейишке кирүүнүн себептеринен.

• فضل الولد الصالح والصدقة الجارية وما شابههما على العبد المؤمن.
Такыба баланын, сообу улануучу садаканын жана башка ушуга окшогон нерселердин ыймандуу адамга тийгизген жакшылыгы.

 
ترجمة معاني سورة: فاطر
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق