ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (26) سورة: ص
يَٰدَاوُۥدُ إِنَّا جَعَلۡنَٰكَ خَلِيفَةٗ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَٱحۡكُم بَيۡنَ ٱلنَّاسِ بِٱلۡحَقِّ وَلَا تَتَّبِعِ ٱلۡهَوَىٰ فَيُضِلَّكَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَضِلُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ لَهُمۡ عَذَابٞ شَدِيدُۢ بِمَا نَسُواْ يَوۡمَ ٱلۡحِسَابِ
Оо, Дауд! Биз сени жер бетинде диний жана дүйнөлүк өкүм-буйруктарды ишке ашырууң үчүн орун басар кылдык. Эми сен адамдардын ортосунда адилеттик менен өкүм кыл. Адамдардын ортосунда өкүм кылууда напси каалооңо ээрчибе! Туугандык же достук себептүү эки тараптын бир жагына тартпа же душмандык себептүү экинчи тарапка зыян бербе. Антсең сени напси каалооң Аллахтын туура жолунан адаштырып коёт. Чындыгында Аллахтын туура жолунан адашкандар сурак күнүн унутушканы себептүү аларга катуу азап болот. Эгерде алар аны эстешкенде жана андан коркушканда, анда напси каалоолоруна ээрчишпейт болчу.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• بيان فضائل نبي الله داود وما اختصه الله به من الآيات.
Аллахтын пайгамбары Дауддун артыкчыларын жана Аллахтын ага өзгөчөлөп берген аят-белгилерин баяндоо.

• الأنبياء - صلوات الله وسلامه عليهم - معصومون من الخطأ فيما يبلغون عن الله تعالى؛ لأن مقصود الرسالة لا يحصل إلا بذلك، ولكن قد يجري منهم بعض مقتضيات الطبيعة بنسيان أو غفلة عن حكم، ولكن الله يتداركهم ويبادرهم بلطفه.
Пайгамбарлар Аллах тараптан жеткирүүдө катачылык кетирүүдөн таза. Анткени пайгамбарчылыктын максаты ошонун негизинде гана ишке ашат. Бирок кээде алардан унутуу же өкүмдү элес албагандык сыяктуу нерселер табиятынан болушу мүмкүн. Бирок Аллах Өз мээрими менен аларды алдын алып, оңдоп түзөйт.

• استدل بعض العلماء بقوله تعالى: ﴿ وَإِنَّ كَثِيرًا مِّنَ اْلْخُلَطَآءِ لَيَبْغِي بَعْضُهُمْ عَلَى بَعْضٍ ﴾ على مشروعية الشركة بين اثنين وأكثر.
Кээ бир аалымдар Аллахтын: «Нечендеген шериктер бири-бирине зулум кылышат» – деген сөзүн эки же андан көп адамдардын ортосундагы шериктештиктин шариятта уруксат экендигине далил кылышкан.

• ينبغي التزام الأدب في الدخول على أهل الفضل والمكانة.
Пазилеттүү жана абройлуу адамдардын алдына киргенде адеп сактоо керек.

 
ترجمة معاني آية: (26) سورة: ص
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق