للإطلاع على الموقع بحلته الجديدة

ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني سورة: الزمر   آية:
أَوۡ تَقُولَ لَوۡ أَنَّ ٱللَّهَ هَدَىٰنِي لَكُنتُ مِنَ ٱلۡمُتَّقِينَ
Же болбосо ал тагдырды бетине кармап: «Эгер Аллах мага ийгилик бергенде мен дагы такыбалардан болмокмун, Анын буйруктарын аткармакмын, тыйгандарын таштамакмын» – деп айтат.
التفاسير العربية:
أَوۡ تَقُولَ حِينَ تَرَى ٱلۡعَذَابَ لَوۡ أَنَّ لِي كَرَّةٗ فَأَكُونَ مِنَ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Же болбосо ал азапты өз көзү менен көргөндө: «Эгер мен дүйнөгө кайра кайтсам, мен Аллахка тообо кылмакмын, жакшылык иштерди кылган адамдардын катарында болмокмун» – деп айтат.
التفاسير العربية:
بَلَىٰ قَدۡ جَآءَتۡكَ ءَايَٰتِي فَكَذَّبۡتَ بِهَا وَٱسۡتَكۡبَرۡتَ وَكُنتَ مِنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Сен туура жолду кыялданып ойлогондой болбойт! Сага Менин аят-белгилерим келгенде сен аны жалганга чыгаргансың, текеберлик кылгансың жана Аллахка, Анын аяттарына жана пайгамбарларына каапырлык кылгансың.
التفاسير العربية:
وَيَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ تَرَى ٱلَّذِينَ كَذَبُواْ عَلَى ٱللَّهِ وُجُوهُهُم مُّسۡوَدَّةٌۚ أَلَيۡسَ فِي جَهَنَّمَ مَثۡوٗى لِّلۡمُتَكَبِّرِينَ
Аллахтын шериги бар, баласы бар деп Ага жалган жалаа жапкандардын жүздөрү кыяматта карарып кеткенин көрөсүң. Бул алардын бактысыз экендигинин белгиси. Аллахка жана Анын пайгамбарларына ыйман келтирүүгө текеберлик кылгандар үчүн тозокто орун жок бекен?! Албетте, алар үчүн орундар бар!
التفاسير العربية:
وَيُنَجِّي ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوۡاْ بِمَفَازَتِهِمۡ لَا يَمَسُّهُمُ ٱلسُّوٓءُ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ
Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондорду Аллах ийгилик жайы болгон бейишке киргизип азаптан сактайт. Аларга азап тийбейт жана алар дүйнөдө өткөрүп жиберген жыргалчылыктарга эч качан кайгырышпайт.
التفاسير العربية:
ٱللَّهُ خَٰلِقُ كُلِّ شَيۡءٖۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ وَكِيلٞ
Аллах бүткүл нерселердин Жаратуучусу, Андан башка Жаратуучу жок. Ал бардык нерсени Сактоочу. Ал иштерди башкарат жана аны Өзү каалагандай жолго салат.
التفاسير العربية:
لَّهُۥ مَقَالِيدُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۗ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ
Асмандар менен Жердеги жакшылык казыналарынын ачкычтары жалгыз Ага гана таандык. Ал аны Өзү каалаганга берет, Өзү каалагандан тыйып коёт. Аллахтын аяттарына каапырлык кылгандар – мына ошолор жоготууга учурагандар. Анткени алар дүйнө жашоосунда ыймандан куру калышты жана акыретте түбөлүк тозокко киришти.
التفاسير العربية:
قُلۡ أَفَغَيۡرَ ٱللَّهِ تَأۡمُرُوٓنِّيٓ أَعۡبُدُ أَيُّهَا ٱلۡجَٰهِلُونَ
Оо, пайгамбар! Сени өздөрүнүн кудайларына сыйынууга азгырып жаткан мушриктерге айт: «Эй, Раббисине наадандык кылгандар! Силер мени Аллахтан башкага сыйынууга буйруп жатасыңарбы?! Жалгыз Аллахтан башка эч ким сыйынууга татыктуу эмес. Мен Андан башкага сыйынбайм».
التفاسير العربية:
وَلَقَدۡ أُوحِيَ إِلَيۡكَ وَإِلَى ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكَ لَئِنۡ أَشۡرَكۡتَ لَيَحۡبَطَنَّ عَمَلُكَ وَلَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ
Оо, пайгамбар! Аллах сага жана сенден мурунку пайгамбарларга: «Эгерде сен Аллах менен катар башкага сыйынсаң, жакшы иштериңдин сооптору жок болуп кетет жана бул дүйнөдө диниңден куру калган, акыретте азапка туш болгон жоготууга учурагандардан болосуң» – деп вахий кылган.
التفاسير العربية:
بَلِ ٱللَّهَ فَٱعۡبُدۡ وَكُن مِّنَ ٱلشَّٰكِرِينَ
Жалгыз Аллахтын Өзүнө гана сыйын, Ага эч кимди шерик кылба жана сага кылган жакшылыктары үчүн шүгүр кылгандар менен бирге бол!
التفاسير العربية:
وَمَا قَدَرُواْ ٱللَّهَ حَقَّ قَدۡرِهِۦ وَٱلۡأَرۡضُ جَمِيعٗا قَبۡضَتُهُۥ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ وَٱلسَّمَٰوَٰتُ مَطۡوِيَّٰتُۢ بِيَمِينِهِۦۚ سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
Мушриктер Аллахка алсыз макулуктарды шерик кылып, Аны талаптагыдай улукташкан жок. Жана алар Аллахтын кудуреттүүлүгүнө көңүл бурушкан жок, Анын кудуреттүүлүгүнүн белгилеринен – жер бетиндеги тоолор, бак-дарактар, дарыялар, деңиздер кыямат күнү Анын чеңгелинде болот жана жети кабат асмандын баарысы Оң Колунда түрмөктөлгөн болот.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• الكِبْر خلق ذميم مشؤوم يمنع من الوصول إلى الحق.
Текеберлик – акыйкатка жетүүгө тоскоол болгон терс сыпат.

• سواد الوجوه يوم القيامة علامة شقاء أصحابها.
Жүздөрдүн караюусу – кыямат күнү бактысыз адамдардын белгиси.

• الشرك محبط لكل الأعمال الصالحة.
Ширк кылуу – бардык жакшылык иштердин сообун жок кылат.

• ثبوت القبضة واليمين لله سبحانه دون تشبيه ولا تمثيل.
Чеңгелдөө жана оң кол сыпаттары Аллахка таандык экендигин окшоштурбастан жана мисал кылбастан тастыктоо.

 
ترجمة معاني سورة: الزمر
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

صادرة عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق