ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني سورة: فصلت   آية:

سورة فصلت - Фуссилат

من مقاصد السورة:
بيان حال المعرضين عن الله، وذكر عاقبتهم.
Аллахка моюн толгогондордун абалы жана алардын жаман акыбети тууралуу (айтылган).

حمٓ
Хаа-миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.
التفاسير العربية:
تَنزِيلٞ مِّنَ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
Бул Куран Ырайымдуу, Мээримдүү Аллах тараптан түшүрүлгөн.
التفاسير العربية:
كِتَٰبٞ فُصِّلَتۡ ءَايَٰتُهُۥ قُرۡءَانًا عَرَبِيّٗا لِّقَوۡمٖ يَعۡلَمُونَ
Ал аяттары эң толук деңгээлде баяндалган Китеп жана ал билген адамдар үчүн арабча Куран кылынды. Анткени алар анын маанилеринен жана андагы акыйкатка карай багыттамалардан пайда алышат.
التفاسير العربية:
بَشِيرٗا وَنَذِيرٗا فَأَعۡرَضَ أَكۡثَرُهُمۡ فَهُمۡ لَا يَسۡمَعُونَ
Аллахтын ыймандууларга даярдаган улуу сыйлыгын сүйүнчүлөөчү, каапырларды Аллахтын жан кыйнаган азабы менен коркутуучу. Бирок алардын көпчүлүгү жүз буруп кетишти. Алар андагы туура жолду кабыл алуу менен кунт коюп угушпайт.
التفاسير العربية:
وَقَالُواْ قُلُوبُنَا فِيٓ أَكِنَّةٖ مِّمَّا تَدۡعُونَآ إِلَيۡهِ وَفِيٓ ءَاذَانِنَا وَقۡرٞ وَمِنۢ بَيۡنِنَا وَبَيۡنِكَ حِجَابٞ فَٱعۡمَلۡ إِنَّنَا عَٰمِلُونَ
Алар айтышты: «Биздин жүрөктөрүбүздү тосмолор чулгап калган, алар сен чакырган нерсеге акыл жүгүртө алышпайт. Кулактарыбыз дүлөйлүктөн аны уга алышпайт. Сени менен биздин ортобузда тосмо болгону үчүн сенин айткан сөздөрүн бизге жетпейт. Сен өз жолуңда аракетиңди кыл, биз дагы өз жолубузда аракетибизди кылалы. Биз сени эч качан ээрчибейбиз».
التفاسير العربية:
قُلۡ إِنَّمَآ أَنَا۠ بَشَرٞ مِّثۡلُكُمۡ يُوحَىٰٓ إِلَيَّ أَنَّمَآ إِلَٰهُكُمۡ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞ فَٱسۡتَقِيمُوٓاْ إِلَيۡهِ وَٱسۡتَغۡفِرُوهُۗ وَوَيۡلٞ لِّلۡمُشۡرِكِينَ
Оо, пайгамбар! Ал каршы чыккандарга айткын: «Чындыгында мен силерге окшогон эле адаммын. Аллах мага: «Силердин чыныгы жалгыз кудайыңар – Аллах» – деп вахий кылды. Андыктан Ага жеткирген жолго түшкүлө жана Андан күнөөлөрүңдү кечирүүсүн сурагыла! Аллахтан башкага сыйынган же башканы Ага шерик кылган мушриктерге кыйроо жана азап болсун!».
التفاسير العربية:
ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَهُم بِٱلۡأٓخِرَةِ هُمۡ كَٰفِرُونَ
Ал эми мал-мүлкүнөн зекет бербегендер болсо түбөлүк жыргалчылыктар жана жан ооруткан азаптар болгон акыретке каапыр болгондор.
التفاسير العربية:
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُمۡ أَجۡرٌ غَيۡرُ مَمۡنُونٖ
Ал эми Аллахка жана пайгамбарларына ыйман келтиргендердин, жакшылык иштерди кылгандардын сыйлыгы эч качан бүтпөгөн түбөлүктүү бейиш болот.
التفاسير العربية:
۞ قُلۡ أَئِنَّكُمۡ لَتَكۡفُرُونَ بِٱلَّذِي خَلَقَ ٱلۡأَرۡضَ فِي يَوۡمَيۡنِ وَتَجۡعَلُونَ لَهُۥٓ أَندَادٗاۚ ذَٰلِكَ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Оо, пайгамбар! Мушриктерди жемелеп мындай деп айт: «Жерди эки күндө, жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү жараткан Аллахка эмнеге каапырлык кылып жатасыңар жана Андан башкаларга сыйынып, аларды Ага шерик кылып жатасыңар? Ал бүткүл макулуктардын Раббиси».
التفاسير العربية:
وَجَعَلَ فِيهَا رَوَٰسِيَ مِن فَوۡقِهَا وَبَٰرَكَ فِيهَا وَقَدَّرَ فِيهَآ أَقۡوَٰتَهَا فِيٓ أَرۡبَعَةِ أَيَّامٖ سَوَآءٗ لِّلسَّآئِلِينَ
Мурдагы эки күнгө б.а. шейшемби жана шаршемби күндөрүнө төрт күн кошуп, ал күндөрү жер үстүнө ал силкинөөсү үчүн бекем тоолорду орнотту жана адамдардын, жан-жаныбарлардын азык-оокаттарын өлчөп белгилеп койду. Муна ал тууралуу суроону каалагандар үчүн (айтты).
التفاسير العربية:
ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰٓ إِلَى ٱلسَّمَآءِ وَهِيَ دُخَانٞ فَقَالَ لَهَا وَلِلۡأَرۡضِ ٱئۡتِيَا طَوۡعًا أَوۡ كَرۡهٗا قَالَتَآ أَتَيۡنَا طَآئِعِينَ
Андан соң асманды жаратууга бет алды. Ошол кезде ал түтүн болчу. Ошондо ага жана Жерге кайрылып: «Өз ыктыярыңар менен же мажбур түрдө Менин буйругума моюн сунуп келгиле! Силер мындан кача албайсыңар» – дегенде алар: «Моюн сунуп келдик. Оо, Раббибиз! Биз үчүн Сенин каалооңдон башка каалоо жок» – дешти.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• تعطيل الكافرين لوسائل الهداية عندهم يعني بقاءهم على الكفر.
Каапырлардын туура жолго жеткирген себептерди жокко чыгаруусу – алардын каапырлыкта калабыз дегенин билдирет.

• بيان منزلة الزكاة، وأنها ركن من أركان الإسلام.
Зекеттин ээлеген ордун жана ал Ислам түркүктөрүнүн бири экенин баяндоо.

• استسلام الكون لله وانقياده لأمره سبحانه بكل ما فيه.
Бүткүл ааламдын Аллахка моюн сунуусу жана Анын буйруктарына баш ийүүсү.

فَقَضَىٰهُنَّ سَبۡعَ سَمَٰوَاتٖ فِي يَوۡمَيۡنِ وَأَوۡحَىٰ فِي كُلِّ سَمَآءٍ أَمۡرَهَاۚ وَزَيَّنَّا ٱلسَّمَآءَ ٱلدُّنۡيَا بِمَصَٰبِيحَ وَحِفۡظٗاۚ ذَٰلِكَ تَقۡدِيرُ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡعَلِيمِ
Ошентип Аллах асмандарды жаратууну эки күндө, бейшемби жана жума күндөрү толук бүтүрдү. Асмандар менен жердин жаралуусу ошол экөөсү менен кошо алты күндө толук бүттү. Аллах вахий кылып ар бир асманга өзүнө тийиштүү иштерди белгиледи, ошондой эле милдеттерди жана ибадаттарды буйруду. Жана Биз дүйнө асманын жылдыздар менен кооздоп, алар аркылуу асманды жин-шайтандардын уурдап уккандарынан коргоп койдук. Бул айтылгандардын баарысы эч кимден жеңилбеген Кудуреттүүнүн, жараткандарын Билүүчүнүн тагдыры.
التفاسير العربية:
فَإِنۡ أَعۡرَضُواْ فَقُلۡ أَنذَرۡتُكُمۡ صَٰعِقَةٗ مِّثۡلَ صَٰعِقَةِ عَادٖ وَثَمُودَ
Оо, пайгамбар! Эгер алар сен алып келген нерсеге ыйман келтирүүдөн баш тартышса, анда аларга айт: «Мен силерди Худдун коому Аад жана Салихтин коому Самуд жалганга чыгарышканда алардын башына түшкөн азап сыяктуу азаптын келишинен эскерттим».
التفاسير العربية:
إِذۡ جَآءَتۡهُمُ ٱلرُّسُلُ مِنۢ بَيۡنِ أَيۡدِيهِمۡ وَمِنۡ خَلۡفِهِمۡ أَلَّا تَعۡبُدُوٓاْ إِلَّا ٱللَّهَۖ قَالُواْ لَوۡ شَآءَ رَبُّنَا لَأَنزَلَ مَلَٰٓئِكَةٗ فَإِنَّا بِمَآ أُرۡسِلۡتُم بِهِۦ كَٰفِرُونَ
Качан аларга пайгамбарлары биринин артынан бири келип, аларды Аллахка гана сыйынгыла деген нерсеге гана чакырганда алардын арасындагы каапырлар айтышты: «Эгерде Раббибиз бизге периштелерди элчилер кылып жиберүүнү каалаганда, анда ал аларды түшүрмөк. Чындыгында биз силер алып келген нерсеге каапырлык кылдык. Анткени силер биз сыяктуу эле адамсыңар».
التفاسير العربية:
فَأَمَّا عَادٞ فَٱسۡتَكۡبَرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ بِغَيۡرِ ٱلۡحَقِّ وَقَالُواْ مَنۡ أَشَدُّ مِنَّا قُوَّةًۖ أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّ ٱللَّهَ ٱلَّذِي خَلَقَهُمۡ هُوَ أَشَدُّ مِنۡهُمۡ قُوَّةٗۖ وَكَانُواْ بِـَٔايَٰتِنَا يَجۡحَدُونَ
Ал эми Худдун коому Аад Аллахка каапырлык кылышканы аз келгенсип, жер бетинде эч бир себепсиз текеберленишти, айланасындагыларга зулумдук кылышты жана күч-кубаттуулугуна азгырылып: «Бизден да күчтүү ким бар?» – деп айтышты. Алар бизден күчтүү эч ким жок деп ойлошкон. Ошондо Аллах аларга жооп кылып айтты: «Аларды жараткан жана аларга чектен чыгарган күч-кубатты берген Аллах алардан да күчтүү экенин билишпейби жана көрүшпөйбү?!». Алар Худ пайгамбар алып келген Аллахтын аят-белгилерине каапырлык кылышты.
التفاسير العربية:
فَأَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ رِيحٗا صَرۡصَرٗا فِيٓ أَيَّامٖ نَّحِسَاتٖ لِّنُذِيقَهُمۡ عَذَابَ ٱلۡخِزۡيِ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۖ وَلَعَذَابُ ٱلۡأٓخِرَةِ أَخۡزَىٰۖ وَهُمۡ لَا يُنصَرُونَ
Кийин Биз аларга дүйнө жашоосунда кордук азабын таттыруу үчүн каргашалуу күндөрдө азап менен коштолгон добулдуу шамалды жибердик. Аларды күткөн акырет азабы андан да кордоочу! Алар азаптан куткарып колдой турган эч кимди таба алышпайт.
التفاسير العربية:
وَأَمَّا ثَمُودُ فَهَدَيۡنَٰهُمۡ فَٱسۡتَحَبُّواْ ٱلۡعَمَىٰ عَلَى ٱلۡهُدَىٰ فَأَخَذَتۡهُمۡ صَٰعِقَةُ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡهُونِ بِمَا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ
Ал эми Салихтин үммөтү Самуд коомуна акыйкат жолду түшүндүрүп, багыт көрсөттүк, бирок алар акыйкаттын ордуна адашууну артык көрүштү. Ошондо каапырлыгы жана күнөөлөрү үчүн аларды кордоочу кыйкырык азабы жок кылды.
التفاسير العربية:
وَنَجَّيۡنَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَكَانُواْ يَتَّقُونَ
Биз Аллахка жана пайгамбарларга ыйман келтиргендерди куткардык. Алар Аллахтан коркуп Анын буйруктарына баш ийишти жана Анын тыюуларынан алысташты. Биз аларды коомуна түшкөн азаптан куткарып калдык.
التفاسير العربية:
وَيَوۡمَ يُحۡشَرُ أَعۡدَآءُ ٱللَّهِ إِلَى ٱلنَّارِ فَهُمۡ يُوزَعُونَ
Аллах ал күнү душмандарын тозокко чогултат жана тозок сакчылары алардын бирин да калтырбай кайтарат. Алар тозоктон качып кете алышпайт.
التفاسير العربية:
حَتَّىٰٓ إِذَا مَا جَآءُوهَا شَهِدَ عَلَيۡهِمۡ سَمۡعُهُمۡ وَأَبۡصَٰرُهُمۡ وَجُلُودُهُم بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Алар тозокко айдалып келишкенде дүйнөдө кылгандарын танып башташат. Ошондо аларга кулактары, көздөрү, терилери алардын дүйнөдө кылган каапырлыктарын жана күнөөлөрүн айтып күбөгө өтүшөт.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• الإعراض عن الحق سبب المهالك في الدنيا والآخرة.
Акыйкаттан жүз буруу – бул дүйнөдө жана акыретте кыйроого туш болуунун себеби.

• التكبر والاغترار بالقوة مانعان من الإذعان للحق.
Текеберлик жана күч-кубаттуулукка азгырылуу – акыйкатка моюн сунууга тоскоол болуучу нерселер.

• الكفار يُجْمَع لهم بين عذاب الدنيا وعذاب الآخرة.
Каапырлар дүйнө азабын да, акырет азабын да чогу тартышат.

• شهادة الجوارح يوم القيامة على أصحابها.
Кыямат күнү адамдарга дене-мүчөлөрү күбөгө өтөт.

وَقَالُواْ لِجُلُودِهِمۡ لِمَ شَهِدتُّمۡ عَلَيۡنَاۖ قَالُوٓاْ أَنطَقَنَا ٱللَّهُ ٱلَّذِيٓ أَنطَقَ كُلَّ شَيۡءٖۚ وَهُوَ خَلَقَكُمۡ أَوَّلَ مَرَّةٖ وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
Каапырлар терилерине: «Эмне үчүн дүйнөдө кылган иштерибизди айтып бизге каршы күбөгө өттүңөр?» – дешкенде, терилер өз ээлерине айтышат: «Бүткүл нерсеге тил берген Аллах бизди да сүйлөттү». Ал силерди дүйнөдө болгонуңарда алгачкы жолу жараткан жана силер акыретте сурак бериш үчүн, жаза-сыйлык алыш үчүн Ага гана кайтасыңар.
التفاسير العربية:
وَمَا كُنتُمۡ تَسۡتَتِرُونَ أَن يَشۡهَدَ عَلَيۡكُمۡ سَمۡعُكُمۡ وَلَآ أَبۡصَٰرُكُمۡ وَلَا جُلُودُكُمۡ وَلَٰكِن ظَنَنتُمۡ أَنَّ ٱللَّهَ لَا يَعۡلَمُ كَثِيرٗا مِّمَّا تَعۡمَلُونَ
Силер күнөө кылган кезде кулактарыңар, көздөрүңөр, терилериңер силерге каршы күбөгө өтпөсүң деп жашынбайт элеңер. Анткени силер өлүмдөн кийинки суракка, жазага жана сыйлыкка ишенчү эмессиңер. Аллах силердин кылганыңардын көбүн билбейт деп ойлогонсуңар, атүгүл Ага белгисиз деп куру ойлорго жетеленгенсиңер.
التفاسير العربية:
وَذَٰلِكُمۡ ظَنُّكُمُ ٱلَّذِي ظَنَنتُم بِرَبِّكُمۡ أَرۡدَىٰكُمۡ فَأَصۡبَحۡتُم مِّنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ
Силер Раббиңер тууралуу ойлогон мына ушул жаман оюңар силерди кыйроого алып келди. Ошонун айынан силер дүйнөдө жана акыретте жоготууга учурагандардан болдуңар.
التفاسير العربية:
فَإِن يَصۡبِرُواْ فَٱلنَّارُ مَثۡوٗى لَّهُمۡۖ وَإِن يَسۡتَعۡتِبُواْ فَمَا هُم مِّنَ ٱلۡمُعۡتَبِينَ
Мына ошол кулактары, көздөрү, терилери күбөгө өткөндөр сабыр кылышса да тозок алардын турак жайы жана баш калкалаган жери болот. Алар азапты алууну жана Аллахтын ыраазылыгын сурашса да алар эч качан Анын ыраазылыгына жетишпейт жана бейишке да киришпейт.
التفاسير العربية:
۞ وَقَيَّضۡنَا لَهُمۡ قُرَنَآءَ فَزَيَّنُواْ لَهُم مَّا بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡ وَحَقَّ عَلَيۡهِمُ ٱلۡقَوۡلُ فِيٓ أُمَمٖ قَدۡ خَلَتۡ مِن قَبۡلِهِم مِّنَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِۖ إِنَّهُمۡ كَانُواْ خَٰسِرِينَ
Биз ал каапырларга аларды коштоп жүргөн жин-шайтандардан болгон жан жөкөрлөрдү кылып койдук. Ал жин-шайтандар аларга дүйнөдө кылган иш-аракеттерин кооз кылып көргөзүштү жана алардын артындагы акырет иштерин да кооз кылып көргөзүшүп, аларга аны эстөөнү, ал үчүн аракет кылууну унуттурушту. Ошентип аларга да адамзат менен жиндерден болгон мурунку өткөн коомдор менен бирге азап милдет болду. Чындыгында алар кыяматта тозокко кирип өздөрүн жана үй-бүлөлөрүн зыянга учураткандардан болушту.
التفاسير العربية:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَا تَسۡمَعُواْ لِهَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانِ وَٱلۡغَوۡاْ فِيهِ لَعَلَّكُمۡ تَغۡلِبُونَ
Качан каапырлар далилге далил менен жооп берүүгө алдары келбей калганда бири-бирине насаат кылып: «Силерге Мухаммад окуп жаткан бул Куранды укпагыла! Андагы айтылгандарга ээрчибегиле! Ал окуп баштаганда эле кыйкырып, ызы-чуу салып баштагыла! Балким ушундай кылуу менен аны жеңесиңер. Ошондо ал силерге окубай калат, даават да кылбай калат, анан андан кутулуп эс аласыңар» – дешти.
التفاسير العربية:
فَلَنُذِيقَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ عَذَابٗا شَدِيدٗا وَلَنَجۡزِيَنَّهُمۡ أَسۡوَأَ ٱلَّذِي كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Биз Аллахка каапырлык кылып, пайгамбарларды жалганга чыгаргандарга кыяматта оор азапты таттырабыз. Ошондой эле алардын жазасы катары өздөрү кылган ширк жана күнөөлөрдүн эң катаалы менен жазасын беребиз.
التفاسير العربية:
ذَٰلِكَ جَزَآءُ أَعۡدَآءِ ٱللَّهِ ٱلنَّارُۖ لَهُمۡ فِيهَا دَارُ ٱلۡخُلۡدِ جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ بِـَٔايَٰتِنَا يَجۡحَدُونَ
Бул айтылган жаза – Аллахка каапырлык кылган, пайгамбарларды жалганга чыгарган Анын душмандарынын жазасы болгон тозок. Алар ал жакта түбөлүк калышат. Бул алардын Аллахтын аят-белгилерин жокко чыгарганынын, анын ачыктыгына жана далили күчтүүлүгүнө карабастан ыйман келтирбегенин жазасы болду.
التفاسير العربية:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ رَبَّنَآ أَرِنَا ٱلَّذَيۡنِ أَضَلَّانَا مِنَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِ نَجۡعَلۡهُمَا تَحۡتَ أَقۡدَامِنَا لِيَكُونَا مِنَ ٱلۡأَسۡفَلِينَ
Аллахка каапырлык кылып, Анын пайгамбарларын жалганга чыгаргандар айтышты: «Раббибиз! Бизди адаштырган жиндер менен адамдарды көргөз, каапырлыкты жана ага үгүттөөнү негиздеген Иблисти жана кан төгүүнү баштаган Адам атанын баласын көргөз, биз ал экөөсүн тозокто эң катуу кордолуп азапталгандардан болушу үчүн алардын үстүнө чыгып буттарыбыз менен тебелеп-тепсейбиз».
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• سوء الظن بالله صفة من صفات الكفار.
Аллах тууралуу жаман ойлоо – каапырлардын сыпаттарынан.

• الكفر والمعاصي سبب تسليط الشياطين على الإنسان.
Каапырлык жана күнөө кылуу – жин-шайтандардын адамга ээлик кылуусуна себеп болот.

• تمنّي الأتباع أن ينال متبوعوهم أشدّ العذاب يوم القيامة.
Кыямат күнү ээрчиген адамдар өз башчыларына катуу азап берилишин каалашат.

إِنَّ ٱلَّذِينَ قَالُواْ رَبُّنَا ٱللَّهُ ثُمَّ ٱسۡتَقَٰمُواْ تَتَنَزَّلُ عَلَيۡهِمُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ أَلَّا تَخَافُواْ وَلَا تَحۡزَنُواْ وَأَبۡشِرُواْ بِٱلۡجَنَّةِ ٱلَّتِي كُنتُمۡ تُوعَدُونَ
Ал эми «Раббим – Аллах! Андан башка Рабби жок» деп айткандарга жана Анын буйруктарына баш ийүүдө, тыюуларын таштоодо түз жолду тутунгандарга өлүм келген кезде периштелер түшүп: «Өлүмдөн жана андан кийинки нерселерден коркпогула жана дүйнөдө артыңарда калтырган нерселерге кайгырбагыла! Аллахка келтирген ыйманыңар, жакшылык иштериңер үчүн дүйнөдө силерге убада кылынган бейишке сүйүнгүлө!.
التفاسير العربية:
نَحۡنُ أَوۡلِيَآؤُكُمۡ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَفِي ٱلۡأٓخِرَةِۖ وَلَكُمۡ فِيهَا مَا تَشۡتَهِيٓ أَنفُسُكُمۡ وَلَكُمۡ فِيهَا مَا تَدَّعُونَ
Биз силердин дүйнө жашооңордогу колдоочуңарбыз. Биз силерди тууралап жана коргоп жүргөнбүз. Ошондой эле силердин акыреттеги колдоочуңарбыз. Биздин колдообуз дайым силерди коштойт. Бейиште силер үчүн жан дүйнөңөр каалаган жыргалчылыктар жана кумарлар бар, ошондой эле силер эңсеп каалаган бүт нерселер бар.
التفاسير العربية:
نُزُلٗا مِّنۡ غَفُورٖ رَّحِيمٖ
Тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Мээримдүү Раббинин силерди сыйлаш үчүн даярдап койгон ырыскысы!».
التفاسير العربية:
وَمَنۡ أَحۡسَنُ قَوۡلٗا مِّمَّن دَعَآ إِلَى ٱللَّهِ وَعَمِلَ صَٰلِحٗا وَقَالَ إِنَّنِي مِنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ
Аллахты жалгыздоого, Анын шариятын иш жүзүндө аткарууга жана Раббисин ыраазы кылган жакшылык иштерди кылууга чакырган, ошондой эле «Мен Аллахка ээрчип моюн сунгандардынмын» деп айткан адамдан да жакшы сүйлөгөн эч ким жок. Кимде-ким ушулардын баарысын кылса, анда ал адамдардан эң жакшы сүйлөгөнү.
التفاسير العربية:
وَلَا تَسۡتَوِي ٱلۡحَسَنَةُ وَلَا ٱلسَّيِّئَةُۚ ٱدۡفَعۡ بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُ فَإِذَا ٱلَّذِي بَيۡنَكَ وَبَيۡنَهُۥ عَدَٰوَةٞ كَأَنَّهُۥ وَلِيٌّ حَمِيمٞ
Аллахты ыраазы кылган жакшылыктарды, ибадаттарды кылуу менен Анын каарын келтирген жамандыктарды, күнөөлөрдү кылуу бирдей эмес. Сага жамандык кылган адамга эң жакшы мүнөз менен жооп бер! Эгер экөөңөрдүн ортоңордо мурунтан душмандык болуп, сен анын жамандыгына жакшылык менен жооп берсең, анда ал күйүмдүү жакыныңдай болуп калат.
التفاسير العربية:
وَمَا يُلَقَّىٰهَآ إِلَّا ٱلَّذِينَ صَبَرُواْ وَمَا يُلَقَّىٰهَآ إِلَّا ذُو حَظٍّ عَظِيمٖ
Мактоого арзыган мындай мүнөзгө адамдардын кылган жамандыгына сабыр кылган адам гана жете алат. Мындай мүнөзгө улуу энчиге ээ болгон адам гана жетет. Анткени бул нерседе көптөгөн жакшылыктар жана пайдалар бар.
التفاسير العربية:
وَإِمَّا يَنزَغَنَّكَ مِنَ ٱلشَّيۡطَٰنِ نَزۡغٞ فَٱسۡتَعِذۡ بِٱللَّهِۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
Эгерде шайтан сени кайсы убакта болбосун жамандыкка азгырса, анда Аллахтан коргоо сура! Чындыгында Ал сенин айткандарыңды Угуучу, абалыңдың Билүүчү.
التفاسير العربية:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِ ٱلَّيۡلُ وَٱلنَّهَارُ وَٱلشَّمۡسُ وَٱلۡقَمَرُۚ لَا تَسۡجُدُواْ لِلشَّمۡسِ وَلَا لِلۡقَمَرِ وَٱسۡجُدُواْۤ لِلَّهِۤ ٱلَّذِي خَلَقَهُنَّ إِن كُنتُمۡ إِيَّاهُ تَعۡبُدُونَ
Күн менен түндүн алмашуусу, Күн жана Ай – Аллахтын улууктугун жана жалгыздыгын билдирген аят-белгилерден. Эй, адамдар! Күнгө сажда кылбагыла жана Айга сажда кылбагыла! Эгер Аллахка чындап сыйынсаңар, анда ошолордун баарын жараткан Аллахка гана сажда кылгыла!
التفاسير العربية:
فَإِنِ ٱسۡتَكۡبَرُواْ فَٱلَّذِينَ عِندَ رَبِّكَ يُسَبِّحُونَ لَهُۥ بِٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ وَهُمۡ لَا يَسۡـَٔمُونَ۩
Эгерде алар текеберленип жана жүз буруп Жаратуучу Аллахка сажда кылышпаса, анда Анын алдындагы периштелер күнү-күнү Аны аруулашат, мактоолорду айтышат. Алар Ага сыйынуудан тажашпайт.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• منزلة الاستقامة عند الله عظيمة.
Түз жолдо жүрүү – Аллахтын алдында бийик орунга ээ.

• كرامة الله لعباده المؤمنين وتولِّيه شؤونهم وشؤون مَن خلفهم.
Аллахтын ыймандуу пенделерине болгон сый-урматы, алардын жана алардын артындагы адамдардын иштерин Өз милдетине алуусу.

• مكانة الدعوة إلى الله، وأنها أفضل الأعمال.
Аллахка даават кылуунун даражасы. Ал эң жакшы иш-аракет болуп эсептелет.

• الصبر على الإيذاء والدفع بالتي هي أحسن خُلُقان لا غنى للداعي إلى الله عنهما.
Зыяндарга сабыр кылуу жана жакшылык менен жооп берүү – Аллах жолуна даават кылган адам үчүн зарыл болгон эки сыпат.

وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنَّكَ تَرَى ٱلۡأَرۡضَ خَٰشِعَةٗ فَإِذَآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡهَا ٱلۡمَآءَ ٱهۡتَزَّتۡ وَرَبَتۡۚ إِنَّ ٱلَّذِيٓ أَحۡيَاهَا لَمُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰٓۚ إِنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ
Анын улуктугун, жалгыздыгын жана кайра тирилтүүгө болгон кудуреттүүлүгүн билдирген аят-белгилеринен – сен көрүп турган өсүмдүк өспөгөн жер. Эгер Биз ага жамгыр суусун түшүрсөк, ал андагы көмүлгөн дандардын өнгөнүнөн кыймылга келип, көтөрүлө баштайт. Чындыгында ушундай өлүк жерди өсүмдүктөр аркылуу тирилткен Аллах – сурак жана жаза-сыйлык үчүн өлүктөрдү кайрадан тирилте алат. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Өлүк жерди кайра тирилтүү жана өлүктөрдү кабырларынан кайра тирилтүү Аны алсыратпайт.
التفاسير العربية:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يُلۡحِدُونَ فِيٓ ءَايَٰتِنَا لَا يَخۡفَوۡنَ عَلَيۡنَآۗ أَفَمَن يُلۡقَىٰ فِي ٱلنَّارِ خَيۡرٌ أَم مَّن يَأۡتِيٓ ءَامِنٗا يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ ٱعۡمَلُواْ مَا شِئۡتُمۡ إِنَّهُۥ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٌ
Ал эми Аллахтын аят-белгилерин четке кагып, жалганга чыгарып жана бурмалап тууралыктан четтеп кеткендердин абалы бизге маалым. Биз аларды билебиз. Тозокко ыргытылган адам жакшыбы же кыяматта азаптан кутулган адамбы? Эй, адамдар! Өзүңөр каалаган жакшылык-жамандык иштерди жасай бергиле. Биз силерге жакшыны да, жаманды да баяндап бердик. Аллах кайсынысын кылып жатканыңарды Көрүүчү. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес.
التفاسير العربية:
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِٱلذِّكۡرِ لَمَّا جَآءَهُمۡۖ وَإِنَّهُۥ لَكِتَٰبٌ عَزِيزٞ
Аллах тараптан Куран келгенде ага каапырлык кылгандар кыямат күнү азапталышат. Чындыгында ал ыйык жана улук Китеп. Аны эч ким бурмалай албайт, эч ким өзгөртө да албайт.
التفاسير العربية:
لَّا يَأۡتِيهِ ٱلۡبَٰطِلُ مِنۢ بَيۡنِ يَدَيۡهِ وَلَا مِنۡ خَلۡفِهِۦۖ تَنزِيلٞ مِّنۡ حَكِيمٍ حَمِيدٖ
Ага кошумчалап же кемитип же өзгөртүп же бурмалап, анын алдынан да, артынан да жалган жолой албайт. Ал китеп бүткүл абалда мактоого арзыган жана жаратууда, тагдыр кылууда, шариятты өкүм кылууда Даанышман тараптан түшкөн.
التفاسير العربية:
مَّا يُقَالُ لَكَ إِلَّا مَا قَدۡ قِيلَ لِلرُّسُلِ مِن قَبۡلِكَۚ إِنَّ رَبَّكَ لَذُو مَغۡفِرَةٖ وَذُو عِقَابٍ أَلِيمٖ
Оо, пайгамбар! Сага айтылган жалган сөздөр сенден мурунку пайгамбарларга да айтылган. Андыктан сабыр кыл! Чындыгында Раббиң тообо кылган пенделери үчүн Кечиримдүү жана тообо кылбастан күнөө кыла бергендерди катаал Жазалоочу.
التفاسير العربية:
وَلَوۡ جَعَلۡنَٰهُ قُرۡءَانًا أَعۡجَمِيّٗا لَّقَالُواْ لَوۡلَا فُصِّلَتۡ ءَايَٰتُهُۥٓۖ ءَا۬عۡجَمِيّٞ وَعَرَبِيّٞۗ قُلۡ هُوَ لِلَّذِينَ ءَامَنُواْ هُدٗى وَشِفَآءٞۚ وَٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ فِيٓ ءَاذَانِهِمۡ وَقۡرٞ وَهُوَ عَلَيۡهِمۡ عَمًىۚ أُوْلَٰٓئِكَ يُنَادَوۡنَ مِن مَّكَانِۭ بَعِيدٖ
Эгерде Биз бул Куранды араб тилинде түшүрбөсөк алардын арасындагы каапырлар: «Бизге түшүнүктүү болуш үчүн аяттарына түшүндүрмө берилсе болмок? Куранды алып келген араб болсо, анан ал өзү башка тилде болмок беле?» – деп айтышмак. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Бул Куран Аллахка ыйман келтирип, Анын пайгамбарын чынчыл деп тастыктагандар үчүн адашуудан сактаган туура жол, көкүрөктөгү наадыкдыкка жана ушуга окшогон нерселерге шыпаа. Ал эми Аллахка ыйман келтирбегендердин кулактары дүлөй, ага карата көздөрү сокур, ала аны түшүнүшпөйт. Мына ушул сыпаттарга ээ болгондор алыс жерден чакырык салган адамдардай, эми алар чакырган адамды кантип угушсун?».
التفاسير العربية:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ فَٱخۡتُلِفَ فِيهِۚ وَلَوۡلَا كَلِمَةٞ سَبَقَتۡ مِن رَّبِّكَ لَقُضِيَ بَيۡنَهُمۡۚ وَإِنَّهُمۡ لَفِي شَكّٖ مِّنۡهُ مُرِيبٖ
Биз Мусага Тооратты бердик. Алар ал тууралуу талашып-тартышты, кээ бири ага ыйман келтирди, кээ бири ага каапыр болду. Эгерде Аллахтын алардын талаштары тууралуу кыяматта пенделердин ортосунда өкүм кылам деген убадасы болбогондо, анда Тоорат тууралуу талашып-тартышкандардын ортосунда өкүм кылмак. Кимиси акыйкатта, кимиси жалганда экенин ачыктап, чынчылды урматтамак жана жалганчыны кордомок. Чындыгында каапырлар Куран тууралуу катуу шек-күмөндө.
التفاسير العربية:
مَّنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا فَلِنَفۡسِهِۦۖ وَمَنۡ أَسَآءَ فَعَلَيۡهَاۗ وَمَا رَبُّكَ بِظَلَّٰمٖ لِّلۡعَبِيدِ
Кимде-ким жакшылык иш кылса, анда жакшылык ишинин пайдасы өзүнө кайтат. Эч кимдин кылган жакшылык иши Аллахка пайда келтирбейт. Ал эми ким жамандык иш кылса, анда анын зыяны өзүнө кайтат. Макулуктардан эч кимдин кылган күнөөсү Аллахка зыян бербейт. Ар бирине өзү татыктуу болгон сыйлыгын же жазасын берет. Оо, пайгамбар! Раббиң пенделерине зулум кылбайт, алардын жакшылыгын кемитпейт жана күнөөлөрүн көбөйтпөйт.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• حَفِظ الله القرآن من التبديل والتحريف، وتَكَفَّل سبحانه بهذا الحفظ، بخلاف الكتب السابقة له.
Аллах Куранды өзгөртүүдөн жана бурмалоодон сактап койгон. Аллах мурунку китептерден айырмалап, бул китепти сактоону Өз кепилдигине алган.

• قطع الحجة على مشركي العرب بنزول القرآن بلغتهم.
Курандын арабча түшүшү араб мушриктеринин шылтоолоруна бөгөт койгон.

• نفي الظلم عن الله، وإثبات العدل له.
Аллахтан зулумдукту жокко чыгаруу жана Анын адилеттигин тастыктоо.

۞ إِلَيۡهِ يُرَدُّ عِلۡمُ ٱلسَّاعَةِۚ وَمَا تَخۡرُجُ مِن ثَمَرَٰتٖ مِّنۡ أَكۡمَامِهَا وَمَا تَحۡمِلُ مِنۡ أُنثَىٰ وَلَا تَضَعُ إِلَّا بِعِلۡمِهِۦۚ وَيَوۡمَ يُنَادِيهِمۡ أَيۡنَ شُرَكَآءِي قَالُوٓاْ ءَاذَنَّٰكَ مَا مِنَّا مِن شَهِيدٖ
Кыяматтын илими Аллахтын Өзүнө гана кайтарылат. Ал анын качан болорун Өзү гана билет, аны Андан башка эч ким билбейт. Мөмө-жемиштердин аларды сактоочу бүчүрлөрдөн чыгуусу, ургаачынын боюна бүтүп жана төрөөсү Анын илими менен гана болот. Ал алардын эч бирин өткөрүп жибербейт. Кыяматта Аллах менен катар айкелгендерге сыйынган мушриктерди бул кылгандары үчүн Аллах аларды жемелеп: «Силер шериктер деп ойлогон Менин шериктерим кайда?» – дегенде мушриктер айтышат: «Сенин алдыңда мойнубузга алабыз, Сенин шеригиң бар деп арабыздан азыр эч ким күбөлүккө өтпөйт».
التفاسير العربية:
وَضَلَّ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَدۡعُونَ مِن قَبۡلُۖ وَظَنُّواْ مَا لَهُم مِّن مَّحِيصٖ
Алар дуба кылышкан айкелдери аларды таштап кетишти жана Аллахтын азабынан качып кутула албастарын анык билишти.
التفاسير العربية:
لَّا يَسۡـَٔمُ ٱلۡإِنسَٰنُ مِن دُعَآءِ ٱلۡخَيۡرِ وَإِن مَّسَّهُ ٱلشَّرُّ فَيَـُٔوسٞ قَنُوطٞ
Инсан өзүнө ден-соолук, байлык жана бала-чака сыяктуу жакшылыктарды сурагандан эч тажабайт. Эгер ал кедейликке же ооруга туш болсо, анда ал Аллахтын ырайымынан таптакыр эле үмүт үзүп коёт.
التفاسير العربية:
وَلَئِنۡ أَذَقۡنَٰهُ رَحۡمَةٗ مِّنَّا مِنۢ بَعۡدِ ضَرَّآءَ مَسَّتۡهُ لَيَقُولَنَّ هَٰذَا لِي وَمَآ أَظُنُّ ٱلسَّاعَةَ قَآئِمَةٗ وَلَئِن رُّجِعۡتُ إِلَىٰ رَبِّيٓ إِنَّ لِي عِندَهُۥ لَلۡحُسۡنَىٰۚ فَلَنُنَبِّئَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِمَا عَمِلُواْ وَلَنُذِيقَنَّهُم مِّنۡ عَذَابٍ غَلِيظٖ
Эгерде Биз ага ден-соолук, байлык берсек жана аны башына түшкөн балээден, оорудан саламат кылсак ал мындай деп гана айтат: «Бул мага буйрук экен. Анткени мен ага татыктуумун. Мен кыямат болот деп эч ойлобойм. Эгер кыямат болуп калчу болсо деле Аллахтын алдында мен үчүн байлык жана мал-мүлк бар. Ал мага аны дүйнөдө татыктуу болгонум себептүү бергени сымал акыретте да мага аларды берет». Биз Аллахка каапырлык кылгандарга алардын кылган каапырлыгы менен күнөөлөрүнүн кабарын сөзсүз айтабыз жана аларга чектен ашкан катаал азапты таттырабыз.
التفاسير العربية:
وَإِذَآ أَنۡعَمۡنَا عَلَى ٱلۡإِنسَٰنِ أَعۡرَضَ وَنَـَٔا بِجَانِبِهِۦ وَإِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ فَذُو دُعَآءٍ عَرِيضٖ
Эгерде Биз инсанга ден-соолук, амандык сыяктуу жакшылыктарды берсек, ал Аллахты эстөөнү жана Ага моюн сунууну унутуп, кырын салып текеберленип калат. А эгер анын башына оору, кедейлик келсе, ал Аллахка башына түшкөн балээден куткар деп арыз-муңун айтып, узак дубаларды кылып баштайт. Ал Раббисинин ага берген жакшылыктарына шүгүр кылбайт жана Анын сыноолоруна сабыр кылбайт.
التفاسير العربية:
قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِن كَانَ مِنۡ عِندِ ٱللَّهِ ثُمَّ كَفَرۡتُم بِهِۦ مَنۡ أَضَلُّ مِمَّنۡ هُوَ فِي شِقَاقِۭ بَعِيدٖ
Оо, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерге айт: «Айткылачы, эгер бул Куран Аллах тараптан болуп, кийин силер ага каапырлык кылып, жалганга чыгарган болсоңор, анда силердин абалыңар кандай болот? Акыйкаттын ачыктыгына жана анын далилдеринин күчтүүлүгүнө карабастан ага баш ийбестик кылган адамдан да көбүрөөк адашкан ким бар?
التفاسير العربية:
سَنُرِيهِمۡ ءَايَٰتِنَا فِي ٱلۡأٓفَاقِ وَفِيٓ أَنفُسِهِمۡ حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَهُمۡ أَنَّهُ ٱلۡحَقُّۗ أَوَلَمۡ يَكۡفِ بِرَبِّكَ أَنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدٌ
Биз курайш каапырларынын бул Куран тууралуу шектенүүлөрүн жок кылып, ал шек-күмөнсүз акыйкат экени анык болгонго чейин аларга Аллахтын мусулмандарга ачып койгон жер мейкиндигиндеги аят-белгилерибизди көргөзөбүз жана ошондой эле Биз Меккени багынтуу менен аларга өздөрүндөгү аят-белгилерди көргөзөбүз. Куран Аллах тараптан экендигине Ал Өзү күбө бергени мушриктерге жетиштүү эмеспи? Аллахтан да күчтүү күбөлүккө өтүүчү ким бар? Эгерде алар акыйкатты каалашканда, анда аларга Раббисинин күбөлүгү жетиштүү болмок.
التفاسير العربية:
أَلَآ إِنَّهُمۡ فِي مِرۡيَةٖ مِّن لِّقَآءِ رَبِّهِمۡۗ أَلَآ إِنَّهُۥ بِكُلِّ شَيۡءٖ مُّحِيطُۢ
Чындыгында мушриктер кыяматта кайра тирилүүнү жокко чыгарышканы үчүн Раббисине жолугуудан шектенүүдө. Алар акыретке ыйман келтиришпейт. Ошондуктан жакшылык иштерди кылып ага даярдык көрүшпөйт. Акыйкатта Аллах илими жана кудурети менен бүткүл нерсени Өзүнө камтып алат.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• علم الساعة عند الله وحده.
Кыяматтын качан болорун Аллах гана билет.

• تعامل الكافر مع نعم الله ونقمه فيه تخبط واضطراب.
Каапыр адамдын Аллахтын жакшылыктары менен жамандыктарына карата болгон мамилесинде катачылык жана экиленүү бар.

• إحاطة الله بكل شيء علمًا وقدرة.
Аллахтын илими жана кудурети бүткүл нерсени өзүмө камтып алат.

 
ترجمة معاني سورة: فصلت
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق