للإطلاع على الموقع بحلته الجديدة

ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني سورة: الزخرف   آية:

سورة الزخرف - Зухруф

من مقاصد السورة:
التحذير من الافتتان بزخرف الحياة الدنيا؛ لئلا يكون وسيلة للشرك.
Аллахка шерик кошууга себеп болуп калбоосу үчүн, дүйнө жашоосунун ырахаттарынан сактануу зарылдыгы (айтылган).

حمٓ
Бул тууралуу Бакара сүрөсүнүн башталышында сөз болгон.
التفاسير العربية:
وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُبِينِ
Аллах акыйкатка карай багыттоо жолун ачык көргөзгөн Куран менен ант берди.
التفاسير العربية:
إِنَّا جَعَلۡنَٰهُ قُرۡءَٰنًا عَرَبِيّٗا لَّعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ
Эй, силердин тилиңерде Куран түшкөн коом! Силер аны башка коомдорго жеткириш үчүн анын маанилерине акыл жүгүртүп түшүнөт деген үмүттө Биз Куранды араб тилинде кылдык.
التفاسير العربية:
وَإِنَّهُۥ فِيٓ أُمِّ ٱلۡكِتَٰبِ لَدَيۡنَا لَعَلِيٌّ حَكِيمٌ
Чындыгында бул Куран бийиктикке, улуктукка жана даанышмандыкка ээ болгон Сакталган Тактада (Лаухул Махфузда). Анын буйруктары жана тыюулары тууралуу аяттары бекемделген.
التفاسير العربية:
أَفَنَضۡرِبُ عَنكُمُ ٱلذِّكۡرَ صَفۡحًا أَن كُنتُمۡ قَوۡمٗا مُّسۡرِفِينَ
Силер ширк менен күнөөлөрдү көп кылганыңар үчүн эле Биз силерден баш тартып Куранды түшүрбөй коймок белек? Биз андай кылбайбыз. Тескерисинче силерге болгон мээримдүүлүгүбүз мунун карама-каршысын талап кылат.
التفاسير العربية:
وَكَمۡ أَرۡسَلۡنَا مِن نَّبِيّٖ فِي ٱلۡأَوَّلِينَ
Биз мурунку коомдорго канчалаган пайгамбарларды жибердик.
التفاسير العربية:
وَمَا يَأۡتِيهِم مِّن نَّبِيٍّ إِلَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ
Ал коомдорго Аллах тарабынан кандай пайгамбар келсе да, аны шылдыңдашкан.
التفاسير العربية:
فَأَهۡلَكۡنَآ أَشَدَّ مِنۡهُم بَطۡشٗا وَمَضَىٰ مَثَلُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Анан Биз ал коомдордон да күч-кубаттуу болгондорду жок кылдык. Биз алардан да алсыз коомду жок кылып коюуга күчсүз эмеспиз. Куранда Аад, Самуд, Лут коому жана Мадиян ээлери сыяктуу мурунку коомдор кандай сыпатта жок кылынганы тууралуу өткөн.
التفاسير العربية:
وَلَئِن سَأَلۡتَهُم مَّنۡ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ لَيَقُولُنَّ خَلَقَهُنَّ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡعَلِيمُ
Оо, пайгамбар! Жалганчы мушриктерден: «Асмандарды ким жараткан? Жерди ким жараткан?» – деп сурасаң, алар сурооңо жооп кылып: «Аларды эч кимге жеңилбес Кудуреттүү, бүткүл нерсени Билүүчү жараткан» – деп гана айтышат.
التفاسير العربية:
ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلۡأَرۡضَ مَهۡدٗا وَجَعَلَ لَكُمۡ فِيهَا سُبُلٗا لَّعَلَّكُمۡ تَهۡتَدُونَ
Аллах силерге Жерди жайык кылып, аны бутуңар менен басууга ылайыктуу төшөк кылды. Жана силер жол жүргөндө туура багыт алсын деп андагы тоолор менен өрөөндөрдө жолдорду кылып койду.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• سمي الوحي روحًا لأهمية الوحي في هداية الناس، فهو بمنزلة الروح للجسد.
Адамдарды туура жолго салууда вахий маанилүү болгону үчүн ал рух деп аталды. Ал рухтун денеге карата болгон маанилүүлүгү сыяктуу.

• الهداية المسندة إلى الرسول صلى الله عليه وسلم هي هداية الإرشاد لا هداية التوفيق.
Пайгамбарга тийиштүү болгон хидаят – ал багыт берүү хидаяты, туура жолго салуу хидаяты эмес.

• ما عند المشركين من توحيد الربوبية لا ينفعهم يوم القيامة.
Мушриктердин Аллахтын Жаратуучу экенин моюнга алуулары кыямат күнү аларга пайда бербейт.

 
ترجمة معاني سورة: الزخرف
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

صادرة عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق