ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني سورة: الحجرات   آية:

سورة الحجرات - Хужурат

من مقاصد السورة:
معالجة اللسان وبيان أثره على إيمان الفرد وأخلاق المجتمع.
Тилди даарылоо жана анын жеке адамдын ыйманына жана коомчулуктун ахлагына тийгизген таасирин баяндоо.

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تُقَدِّمُواْ بَيۡنَ يَدَيِ ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٞ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын ээрчигендер! Сөз же иш-аракет менен Аллах жана Анын элчисинен озбогула жана Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула. Чындыгында Аллах силердин сөздөрүңөрдү Угуучу, иш-аракеттериңерди Билүүчү. Ал алардын эч бирин өткөрүп жибербейт. Жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет.
التفاسير العربية:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَرۡفَعُوٓاْ أَصۡوَٰتَكُمۡ فَوۡقَ صَوۡتِ ٱلنَّبِيِّ وَلَا تَجۡهَرُواْ لَهُۥ بِٱلۡقَوۡلِ كَجَهۡرِ بَعۡضِكُمۡ لِبَعۡضٍ أَن تَحۡبَطَ أَعۡمَٰلُكُمۡ وَأَنتُمۡ لَا تَشۡعُرُونَ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын ээрчигендер! Анын элчиси менен болгон мамиледе адепти кармангыла. Ага кайрылганда үнүңөрдү анын үнүнөн бийик көтөрбөгүлө жана бири-бириңерди чакыргандай аны атынан атап чакырбагыла. Бул себептүү иш-аракетиңердин сообу силер билбеген абалда күйүп кетпеш үчүн аны сылыктык менен пайгамбар же элчи деп чакыргыла.
التفاسير العربية:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يَغُضُّونَ أَصۡوَٰتَهُمۡ عِندَ رَسُولِ ٱللَّهِ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ ٱمۡتَحَنَ ٱللَّهُ قُلُوبَهُمۡ لِلتَّقۡوَىٰۚ لَهُم مَّغۡفِرَةٞ وَأَجۡرٌ عَظِيمٌ
Чындыгында Аллах Анын элчисинин алдында үнүн жай чыгаргандардын жүрөгүндөгү такыбалыкты жана ыкластуулукту сынады. Мына ошолордун күнөөлөрүнө жазасыз кечирим жана кыяматта Аллах аларды бейишке киргизген улуу сооптор бар.
التفاسير العربية:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يُنَادُونَكَ مِن وَرَآءِ ٱلۡحُجُرَٰتِ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡقِلُونَ
Оо, пайгамбар! Сага аялдарыңдын бөлмөлөрүнүн сыртынан сени чакырып кыйкырган арабдардын көпчүлүгү акыл жүгүртүшпөйт.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• تشرع الرحمة مع المؤمن، والشدة مع الكافر المحارب.
Шарият боюнча ыймандууларга мээримдүү, согушчан каапырларга катаал болуу керек.

• التماسك والتعاون من أخلاق أصحابه صلى الله عليه وسلم.
Биримдүү болуу жана өз ара жардам берүү сахабалардын сыпаттарынан.

• من يجد في قلبه كرهًا للصحابة الكرام يُخْشى عليه من الكفر.
Жүрөгүндө улуу сахабаларга карата жек көрүү сезими болгон адамдын каапыр болуу коркунучу бар.

• وجوب التأدب مع رسول الله صلى الله عليه وسلم، ومع سُنَّته، ومع ورثته (العلماء).
Пайгамбар, анын сүннөтү жана мураскорлору болгон аалымдар менен адептүүлүктү кармануунун милдеттүүлүгү.

وَلَوۡ أَنَّهُمۡ صَبَرُواْ حَتَّىٰ تَخۡرُجَ إِلَيۡهِمۡ لَكَانَ خَيۡرٗا لَّهُمۡۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Оо, пайгамбар! Аялдарыңдын бөлмөлөрүнүн сыртынан сени чакырып жаткандар сен чыкканга чейин чакырбастан сабыр кылып турушканда жана сага үндөрүн жай чыгарып кайрылганда, бул нерсе алар үчүн сырттан чакырып турганга караганда жакшыраак болмок. Анткени бул нерседе урматтап сыйлоо жана таазим кылуу бар. Аллах тообо кылган пенделеринин жана башкалардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, алардын наадандыгын да Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу.
التفاسير العربية:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِن جَآءَكُمۡ فَاسِقُۢ بِنَبَإٖ فَتَبَيَّنُوٓاْ أَن تُصِيبُواْ قَوۡمَۢا بِجَهَٰلَةٖ فَتُصۡبِحُواْ عَلَىٰ مَا فَعَلۡتُمۡ نَٰدِمِينَ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эгерде силерге бир бузуку адам кайсы бир адамдар тууралуу кабар алып келсе, ал кабардын тууралыгын тактагыла жана ага ишенгенге шашылбагыла. Эгерде тактабастан туруп анын кабарына ишенсеңер, анда иштин чоо жайын билбестен адамдарды күнөө ишке кириптер кылуу коркунучу бар. Кийин силер анын кабары жалган экенин билип калсаңар, бул кылганыңарга өкүнүп каласыңар.
التفاسير العربية:
وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ فِيكُمۡ رَسُولَ ٱللَّهِۚ لَوۡ يُطِيعُكُمۡ فِي كَثِيرٖ مِّنَ ٱلۡأَمۡرِ لَعَنِتُّمۡ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ حَبَّبَ إِلَيۡكُمُ ٱلۡإِيمَٰنَ وَزَيَّنَهُۥ فِي قُلُوبِكُمۡ وَكَرَّهَ إِلَيۡكُمُ ٱلۡكُفۡرَ وَٱلۡفُسُوقَ وَٱلۡعِصۡيَانَۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلرَّٰشِدُونَ
Оо, ыймандуулар! Билгиле, араңарда вахий түшүп турган Аллахтын элчиси бар. Жалган айтуудан сак болгула. Болбосо ага силердин жалганыңар тууралуу кабар берген вахий түшпөсүн. Ал силерге эмне пайдалуу экенин жакшы билет. Эгерде ал силердин сунуштарыңардын көпчүлүгүнө макул боло берсе, анда ал силерге ыраа көрбөгөндөй кыйынчылыктарга түшүп каласыңар. Бирок Аллах Өз жакшылыгы менен силерге ыйманды сүйүктүү кылды жана аны жүрөгүңөрдө кооз кылды, анан силер ыйман келтирдиңер. Жана силерге каапырлыкты, Ага баш ийбестикти жана Ага күнөө кылууну жаман көргөздү. Мына ушул сыпаттарга ээ болгон адамдар туура жолго түшкөндөр.
التفاسير العربية:
فَضۡلٗا مِّنَ ٱللَّهِ وَنِعۡمَةٗۚ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ
Жүрөгүңөргө жакшылыктын кооз көрүнүшү, жамандыктын жек көрүнүшү, чындыгында бул Аллахтын силерге кылган айкөлдүгү жана жакшылыгы. Аллах шүгүр кылган пенделерин Билүүчү, Ал аларга ийгилик берет. Ал бардык нерсени өзүнө ылайык орунга койгон Даанышман.
التفاسير العربية:
وَإِن طَآئِفَتَانِ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٱقۡتَتَلُواْ فَأَصۡلِحُواْ بَيۡنَهُمَاۖ فَإِنۢ بَغَتۡ إِحۡدَىٰهُمَا عَلَى ٱلۡأُخۡرَىٰ فَقَٰتِلُواْ ٱلَّتِي تَبۡغِي حَتَّىٰ تَفِيٓءَ إِلَىٰٓ أَمۡرِ ٱللَّهِۚ فَإِن فَآءَتۡ فَأَصۡلِحُواْ بَيۡنَهُمَا بِٱلۡعَدۡلِ وَأَقۡسِطُوٓاْۖ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلۡمُقۡسِطِينَ
Оо, ыймандуулар! Эгерде момундардан эки тайпа өз ара согушуп кетсе, анда алардын ортосундагы талаш-тартышты Аллахтын шарияты менен чечүүгө чакырып аларды жараштыргыла. Эгер алардын бири келишүүдөн баш тартып чектен чыкса, анда чектен ашкан тарап Аллахтын өкүмүнө кайтканга чейин аны менен согушкула. А эгер Аллахтын өкүмүнө кайтса, анда аларды бири- бири менен адилеттик жана калыстык менен жараштыргыла жана алардын ортосунда өкүм кылууда адилеттүү болгула. Чындыгында Аллах адилеттүү өкүм кылгандарды жакшы көрөт.
التفاسير العربية:
إِنَّمَا ٱلۡمُؤۡمِنُونَ إِخۡوَةٞ فَأَصۡلِحُواْ بَيۡنَ أَخَوَيۡكُمۡۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ
Чындыгында ыймандуулар – Исламда бир туугандар. Оо, ыймандуулар! Исламдагы бир туугандык силерден урушуп кеткен эки мусулман бир тууганыңарды жараштырууну талап кылат. Силер Аллахтын ырайымын үмүт кылуу менен Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула.
التفاسير العربية:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا يَسۡخَرۡ قَوۡمٞ مِّن قَوۡمٍ عَسَىٰٓ أَن يَكُونُواْ خَيۡرٗا مِّنۡهُمۡ وَلَا نِسَآءٞ مِّن نِّسَآءٍ عَسَىٰٓ أَن يَكُنَّ خَيۡرٗا مِّنۡهُنَّۖ وَلَا تَلۡمِزُوٓاْ أَنفُسَكُمۡ وَلَا تَنَابَزُواْ بِٱلۡأَلۡقَٰبِۖ بِئۡسَ ٱلِٱسۡمُ ٱلۡفُسُوقُ بَعۡدَ ٱلۡإِيمَٰنِۚ وَمَن لَّمۡ يَتُبۡ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Араңардан бир адамдар башка адамдарды шылдыңдабасын. Балким шылдыңга кабылгандар Аллахтын алдында жакшыраактыр. Эң негизгиси – Аллахтын алдындагы нерсе. Ошондой эле аялдар да башка аялдарды шылдыңдабасын. Балким шылдыңга кабылгандар Аллахтын алдында жакшыраактыр. Мусулман бир туугандарыңарды айыптабагыла, анткени алар силер менен бирдей деңгээлде. Пайгамбар келгенге чейин кээ бир ансарлардын абалы сыяктуу бири-бириңерди жаман аттар менен атабагыла. Араңардан ким ушундай кылса, анда ал бузуку. Ыйман келтиргенден кийин бузукулук сыпатта болуу кандай жаман! Ким бул күнөөлөргө тообо кылбаса, анда алар күнөө кылуу менен өздөрүн кыйроого учуратып өзүнө өзү зыян келтиргендер.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• وجوب التثبت من صحة الأخبار، خاصة التي ينقلها من يُتَّهم بالفسق.
Кабарды тактоонун милдеттүүлүгү, айрыкча бузукулугу менен белгилүү болгон адам айткан болсо.

• وجوب الإصلاح بين من يتقاتل من المسلمين، ومشروعية قتال الطائفة التي تصر على الاعتداء وترفض الصلح.
Бири-бири менен согушкан мусулмандарды жараштыруу милдет жана аша чаап чектен чыккан жана келишүүдөн баш тарткан тарапка каршы согушуу шариятта уруксат.

• من حقوق الأخوة الإيمانية: الصلح بين المتنازعين والبعد عما يجرح المشاعر من السخرية والعيب والتنابز بالألقاب.
Ыйманге негизделген бир туугандыктын акыларынан – урушкандарды жараштыруу жана шылдыңдоо, айыптоо, жаман аттар менен атоо сыяктуу көңүлдү ооруткан нерселерден алыс болуу.

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱجۡتَنِبُواْ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلظَّنِّ إِنَّ بَعۡضَ ٱلظَّنِّ إِثۡمٞۖ وَلَا تَجَسَّسُواْ وَلَا يَغۡتَب بَّعۡضُكُم بَعۡضًاۚ أَيُحِبُّ أَحَدُكُمۡ أَن يَأۡكُلَ لَحۡمَ أَخِيهِ مَيۡتٗا فَكَرِهۡتُمُوهُۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ تَوَّابٞ رَّحِيمٞ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эч кандай себептерге жана далилдерге негизделбеген көпчүлүк айыптоолордон алыс болгула. Чындыгында кээ бир күмөн ойлор күнөө. Мисалы, сыртынан жакшы көрүнгөн адам тууралуу жаман ойлоо сыяктуу. Ошондой эле ыймандуулардын артынан түшүп айып-кемчиликтерин издебегиле жана араңардан эч ким мусулман бир тууганы тууралуу ага жакпагандай сөздөрдү айтпасын. Чындыгында анын ага жакпагандай сөз айтканы өлүмтүктүн этин жеген сыяктуу. Өлгөн мусулман бир тууганынын этин жеш кимиңерге жакмак эле? Ушул сыяктуу эле ал тууралуу ушак айтууну жаман көргүлө. Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделеринин тооболорун Кабыл кылуучу, аларга Ырайымдуу.
التفاسير العربية:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنَّا خَلَقۡنَٰكُم مِّن ذَكَرٖ وَأُنثَىٰ وَجَعَلۡنَٰكُمۡ شُعُوبٗا وَقَبَآئِلَ لِتَعَارَفُوٓاْۚ إِنَّ أَكۡرَمَكُمۡ عِندَ ٱللَّهِ أَتۡقَىٰكُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٞ
Оо, адамдар! Чындыгында Биз силерди Адам атаңар болгон бир эркектен жана Хава энеңер болгон бир аялдан жараттык. Ата-тегиңерди айтып бири-бириңерге мактанбагыла. Андан соң Биз силерди мактанышыңар үчүн эмес, өз ара таанышууңар үчүн көптөгөн элдер жана чачыранды уруулар кылдык. Себеби артыкчылык такыбалык менен гана болот. Ошондуктан Ал: «Аллахтын алдында эң урматтууңар – эң такыбаңар» – деп айтты. Чындыгында Аллах силердин абалдарыңарды Билүүчү, силердеги артыкчылыктар менен кемчиликтер тууралуу Кабардар. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
التفاسير العربية:
۞ قَالَتِ ٱلۡأَعۡرَابُ ءَامَنَّاۖ قُل لَّمۡ تُؤۡمِنُواْ وَلَٰكِن قُولُوٓاْ أَسۡلَمۡنَا وَلَمَّا يَدۡخُلِ ٱلۡإِيمَٰنُ فِي قُلُوبِكُمۡۖ وَإِن تُطِيعُواْ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ لَا يَلِتۡكُم مِّنۡ أَعۡمَٰلِكُمۡ شَيۡـًٔاۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٌ
Кээ бир чөлдүк арабдар пайгамбарга келип: «Биз Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирдик» – деп айтышты. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силер ыйман келтирген жоксуңар». Андан көрө: «Биз моюн сундук жана баш ийдик» – дегиле. Анткени силердин жүрөгүңөргө ыйман али кире элек жана ал бара-бара кирет. Оо, арабдар! Эгерде силер ыйман келтирүүдө жана жакшылык иштерди кылууда Аллахка жана Анын элчисине моюн сунсаңар, анда Аллах силердин кылган иш-аракеттериңердин соопторун кемитпейт. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерин Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу.
التفاسير العربية:
إِنَّمَا ٱلۡمُؤۡمِنُونَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ ثُمَّ لَمۡ يَرۡتَابُواْ وَجَٰهَدُواْ بِأَمۡوَٰلِهِمۡ وَأَنفُسِهِمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلصَّٰدِقُونَ
Чыныгы ыймандуулар – Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирип, андан соң ыймандарына эч кандай шек-күмөн аралашпагандар, мал-мүлкүн жана жанын аябастан Аллах жолунда согушкандар. Мына ушундай сыпаттагы адамдар өз ыймандарында чынчыл адамдар.
التفاسير العربية:
قُلۡ أَتُعَلِّمُونَ ٱللَّهَ بِدِينِكُمۡ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٞ
Оо, пайгамбар! Ошол арабдарга айт: «Силер Аллахка диниңерди билдирип жана сездирип коёюн дедиңерби? Аллах асмандардагы нерселерди билет жана жердеги нерселерди билет. Аллах бүткүл нерселерди билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал силердин диниңерди билдирүүңөргө муктаж эмес».
التفاسير العربية:
يَمُنُّونَ عَلَيۡكَ أَنۡ أَسۡلَمُواْۖ قُل لَّا تَمُنُّواْ عَلَيَّ إِسۡلَٰمَكُمۖ بَلِ ٱللَّهُ يَمُنُّ عَلَيۡكُمۡ أَنۡ هَدَىٰكُمۡ لِلۡإِيمَٰنِ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Оо, пайгамбар! Ал арабдар сага Исламга киргендерин милдет кылышат. Аларга айт: «Аллахтын динине киргениңерди милдет кылбагыла! Анын пайдасы өзүңөргө гана кайтат. Тескерисинче, Аллах силерге ыйманга келүүңөргө ийгилик берип ырайымдуулук кылды, эгер силер Исламга кирдик деп айткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор».
التفاسير العربية:
إِنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ غَيۡبَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَٱللَّهُ بَصِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ
Чындыгында Аллах асмандардагы жана жердеги кайыпты билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Аллах силердин кылып жатканыңарды Көрүүчү. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал алардын жакшысынын сыйлыгын жана жаманынын жазасын берет.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• سوء الظن بأهل الخير معصية، ويجوز الحذر من أهل الشر بسوء الظن بهم.
Жакшы адамдар жөнүндө жаман ойлоо күнөө. Бузуку адамдар жөнүндө жаман ойлоо менен алардан сактанууга уруксат.

• وحدة أصل بني البشر تقتضي نبذ التفاخر بالأنساب.
Адамзаттын түпкү теги бир экендиги алардан ата-тек менен мактанганды таштоону талап кылат.

• الإيمان ليس مجرد نطق لا يوافقه اعتقاد، بل هو اعتقاد بالجَنان، وقول باللسان، وعمل بالأركان.
Ыйман – бул ишенимге туура келбеген курулай сөз эмес. Ал жүрөк менен ишенүү, тил менен айтуу жана дене-мүчөлөр менен иш-аракет кылуу.

• هداية التوفيق بيد الله وحده وهي فضل منه سبحانه ليست حقًّا لأحد.
Туура жолго түшүү ийгилиги Аллахтын гана колунда. Бул Аллахтын жакшылыгы. Мындай укук эч кимге берилген эмес.

 
ترجمة معاني سورة: الحجرات
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق