ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (17) سورة: المائدة
لَّقَدۡ كَفَرَ ٱلَّذِينَ قَالُوٓاْ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡمَسِيحُ ٱبۡنُ مَرۡيَمَۚ قُلۡ فَمَن يَمۡلِكُ مِنَ ٱللَّهِ شَيۡـًٔا إِنۡ أَرَادَ أَن يُهۡلِكَ ٱلۡمَسِيحَ ٱبۡنَ مَرۡيَمَ وَأُمَّهُۥ وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗاۗ وَلِلَّهِ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَاۚ يَخۡلُقُ مَا يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Христиандардын арасындагы "Мариямдын уулу Иса Кудай "дегендер каапыр болду. Эй, элчи, аларга айт: Мариямдын уулу Исаны жок кылуудан, анын энесин жок кылуудан, жер бетиндегинин баарын жок кылуудан Аллахты ким тыя алат, эгер Ал ушуну кааласа?! Эч ким Аны мындан тыя албаганы, демек Ал Андан башка ибадат кылууга ылайыктуу эч бир кудай болбогон Жалгыз Аллах экенине далил. Ал эми Мариямдын уулу Иса, анын энеси, жана ал экөөнөн башканын баары Аллах жараткан нерселер. Асман-жердеги жана алардын ортосундагы мүлк, падышалыктын баары Аллахка таандык. Ал эмне кааласа жаратат, мына ошол жараткандарынын бири Мариямдын уулу Иса; ал Аллахтын пендеси жана элчиси, Аллах бардык нерсеге күчү жетүүчү Кудуреттүү.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• تَرْك العمل بمواثيق الله وعهوده قد يوجب وقوع العداوة وإشاعة البغضاء والتنافر والتقاتل بين المخالفين لأمر الله تعالى.
Аллах Тааланын ант-убадасын бузуу, Аллахтын буйруктарына каршы чыккандардын ортосуна душмандык, жек көрүү, согушуу жана бөлүнүп жарылууну пайда кылат.

• الرد على النصارى القائلين بأن الله تعالى تجسد في المسيح عليه السلام، وبيان كفرهم وضلال قولهم.
Кудай Исанын келбетинде келди деген христиандардын адашуусу жана каапыр болгону баяндалды.

• من أدلة بطلان ألوهية المسيح أن الله تعالى إن أراد أن يهلك المسيح وأمه عليهما السلام وجميع أهل الأرض فلن يستطيع أحد رده، وهذا يثبت تفرده سبحانه بالأمر وأنه لا إله غيره.
Исанын Кудай эмес экендигине, эгер Аллах Таала Исаны, анын энесин жана жер бетиндегинин баарын жок кылып жиберүүчү болсо, Ага эч ким жолтоо боло албастыгы далил. Бул башкаруу аруу болгон Аллахка гана таандык экендигин, андан башка ибадатка ылайык кудай жок экенин бекемдейт.

• من أدلة بطلان ألوهية المسيح أن الله تعالى يُذَكِّر بكونه تعالى ﴿ يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ﴾ (المائدة: 17)، فهو يخلق من الأبوين، ويخلق من أم بلا أب كعيسى عليه السلام، ويخلق من الجماد كحية موسى عليه السلام، ويخلق من رجل بلا أنثى كحواء من آدم عليهما السلام.
Исанын кудай эместигине дагы бир далили: Аллах Тааланын: "Ал каалаганын жаратат" деген сөзү (Мааида, 17-аят), Ал жандууларды ата-энеден жаратат, же атасы жок эле энеден жаратат, Иса пайгамбарды жараткан сыяктуу, же кайсы бир заттан жаратат, Муса пайгамбардын жыланын таяктан жараткан сыяктуу, же аялы жок эле эркектен жаратат, Хава энени Адам атанын кабыргасынан жараткан сыяктуу.

 
ترجمة معاني آية: (17) سورة: المائدة
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق