ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (5) سورة: المائدة
ٱلۡيَوۡمَ أُحِلَّ لَكُمُ ٱلطَّيِّبَٰتُۖ وَطَعَامُ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ حِلّٞ لَّكُمۡ وَطَعَامُكُمۡ حِلّٞ لَّهُمۡۖ وَٱلۡمُحۡصَنَٰتُ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ وَٱلۡمُحۡصَنَٰتُ مِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ مِن قَبۡلِكُمۡ إِذَآ ءَاتَيۡتُمُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ مُحۡصِنِينَ غَيۡرَ مُسَٰفِحِينَ وَلَا مُتَّخِذِيٓ أَخۡدَانٖۗ وَمَن يَكۡفُرۡ بِٱلۡإِيمَٰنِ فَقَدۡ حَبِطَ عَمَلُهُۥ وَهُوَ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ
Бүгүн силерге таза тамактардын баарын жеш адал болду, китеп берилген яхуди жана христиандар сойгон малдын эти да силерге адал болду, а силердин сойгонуңар аларга адал. Ошондой эле таза, эркин момун аялдарга никеленүү, силерден мурдагы китеп берилген яхуди жана христиан аялдардын таза (сойку эмес), эркиндерине, эгер алардын махырларын берсеңер жана ойноштук менен зына кылбай, таза болуп, ак никелеп алсаңар, анда аларга никеленүү адал кылынды. Кимде-ким Аллах Таала пенделерине шарият кылган өкүмдөргө баш ийбей каапырлык кылса, ибадаттын кабыл болуусунун негизги шарты болгон ыйманы болбогону үчүн анын ибадаттары жокко чыгат жана кыямат күнү түбөлүк кала турган тозокко киргени үчүн өкүнүүчүлөрдөн болот.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• تحريم ما مات دون ذكاة، والدم المسفوح، ولحم الخنزير، وما ذُكِرَ عليه اسْمٌ غير اسم الله عند الذبح، وكل ميت خنقًا، أو ضربًا، أو بسقوط من علو، أو نطحًا، أو افتراسًا من وحش، ويُستثنى من ذلك ما أُدرِكَ حيًّا وذُكّيَ بذبح شرعي.
Мууздалбастан өлгөн өлүмтүк, мууздаганда оргуштап чыккан кан, чочконун эти, мууздаганда Аллахтын атынан башканын аты аталып мууздалган мал, муунуп, урулуп, бийиктен кулап өлгөн, башка жаныбар сүзүп, тытып өлтүргөн жандыктар арам. Бирок, алардын жаны чыкканча мууздап жетишсе, анда адал

• حِلُّ ما صاد كل مدرَّبٍ ذي ناب أو ذي مخلب.
Азуулуу жана өткүр тырмактуу үйрөтүлгөн жаныбарлардын уулаган уусу адал

• إباحة ذبائح أهل الكتاب، وإباحة نكاح حرائرهم من العفيفات.
Китеп берилгендер мууздаган мал адал жана китеп берилген таза, эркин аялдарга үйлөнүү адал

 
ترجمة معاني آية: (5) سورة: المائدة
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق