ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (1) سورة: المجادلة

سورة المجادلة - Мужадила

من مقاصد السورة:
إظهار علم الله الشامل وإحاطته البالغة، تربيةً لمراقبته، وتحذيرًا من مخالفته.
Аллах көрүп турат деп тарбиялоо жана Ага каршы чыгуудан эскертүү максатта Аллахтын илиминин чексиздигин жана ал бүткүл нерсени камтып турарын баяндоо.

قَدۡ سَمِعَ ٱللَّهُ قَوۡلَ ٱلَّتِي تُجَٰدِلُكَ فِي زَوۡجِهَا وَتَشۡتَكِيٓ إِلَى ٱللَّهِ وَٱللَّهُ يَسۡمَعُ تَحَاوُرَكُمَآۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعُۢ بَصِيرٌ
Оо, пайгамбар! Аллах Хаулат бинт Саалаба деген аялдын сөзүн укту. Аны күйөөсү Аус ибн ас-Самит «зихар» кылганда, ал күйөөсү тууралуу сени менен сүйлөшкөнү келди жана анын кылганын Аллахка айтып даттанды. Аллах экөөңөрдүн талаш сөзүңөрдү укту. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Чындыгында Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Көрүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• لُطْف الله بالمستضعفين من عباده من حيث إجابة دعائهم ونصرتهم.
Аллахтын алсыз пенделерине болгон мээримдүүлүгү. Анткени ал алардын дубаларына жооп берет жана аларды колдойт.

• من رحمة الله بعباده تنوع كفارة الظهار حسب الاستطاعة ليخرج العبد من الحرج.
Пенде кыйынчылык абалдан чыгыш үчүн анын кудуретине жараша зихардын күнөөсүнөн арылуу жолдорунун түрдүү болушу – Аллахтын пенделерине болгон ырайымдуулугунан.

• في ختم آيات الظهار بذكر الكافرين؛ إشارة إلى أنه من أعمالهم، ثم ناسب أن يورد بعض أحوال الكافرين.
Зихар тууралуу аяттардын акырында каапырлар тууралуу айтылуусу (зихар) алардын иш-аракеттеринен экенине ишаара. Андан соң ошого ылайык каапырлардын айрым абалдары тууралуу айтылды.

 
ترجمة معاني آية: (1) سورة: المجادلة
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق