ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (50) سورة: الأنعام
قُل لَّآ أَقُولُ لَكُمۡ عِندِي خَزَآئِنُ ٱللَّهِ وَلَآ أَعۡلَمُ ٱلۡغَيۡبَ وَلَآ أَقُولُ لَكُمۡ إِنِّي مَلَكٌۖ إِنۡ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰٓ إِلَيَّۚ قُلۡ هَلۡ يَسۡتَوِي ٱلۡأَعۡمَىٰ وَٱلۡبَصِيرُۚ أَفَلَا تَتَفَكَّرُونَ
Оо, элчи, тиги бутпарастарга дагы минтип айт: Менде өзүм каалагандай алып иштете турган Аллахтын ырыскы казынасы бар деп айтпаймын. Мага Аллах аян-кабар аркылуу билдиргенден башка кайыптарды да билем деп айтпаймын. Мен периштелердин биримин деп да айтпаймын. Мен Аллахтын элчисимин, мага аян-кабар болгон нерсени гана ээрчийм, өзүмдо болбогон нерсени айтпайм. Эй, элчи, аларга дагы мындай де: Чындыктан көзү тосулуп калган каапыр менен чындыкты көрүп ага ишенген ыймандуу бирдей болобу? Эй, бутпарастар, айлан-чөйрөңөрдөгү белгилерге акылыңарды иштетпейсиңерби?
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• الأنبياء بشر، ليس لهم من خصائص الربوبية شيء البتة، ومهمَّتهم التبليغ، فهم لا يملكون تصرفًا في الكون، فلا يعلمون الغيب، ولا يملكون خزائن رزق ونحو ذلك.
Пайгамбарлар адам, аларда Кудайга тиешлүү сыпаттар жок, алардын милдети жеткирүү, жаратылышты башкарууга ээлик кыла алышпайт, кайыпты билишпейт, ырыскынын ж.б. нерселердин казынасына ээ эмес.

• اهتمام الداعية بأتباعه وخاصة أولئك الضعفاء الذين لا يبتغون سوى الحق، فعليه أن يقرِّبهم، ولا يقبل أن يبعدهم إرضاء للكفار.
Даават кылуучу өзүн ээрчигендерге көңүл буруусу зарыл, айрыкча алар Аллахтын ыраазылыгын гана көздөгөн кедей-кембагалдар болсо, аларды өзүнө жакныдатуусу керек. Каапырларды ыраазы кылуу үчүн кедейлерди жанынан алыстатуу кабыл кылынбай турган туура эмес, иш

• إشارة الآية إلى أهمية العبادات التي تقع أول النهار وآخره.
Эртең мененки жана кечиндеги ибадаттардын зарылдыгына көрсөтмө берилген

 
ترجمة معاني آية: (50) سورة: الأنعام
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق