ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (91) سورة: الأنعام
وَمَا قَدَرُواْ ٱللَّهَ حَقَّ قَدۡرِهِۦٓ إِذۡ قَالُواْ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ عَلَىٰ بَشَرٖ مِّن شَيۡءٖۗ قُلۡ مَنۡ أَنزَلَ ٱلۡكِتَٰبَ ٱلَّذِي جَآءَ بِهِۦ مُوسَىٰ نُورٗا وَهُدٗى لِّلنَّاسِۖ تَجۡعَلُونَهُۥ قَرَاطِيسَ تُبۡدُونَهَا وَتُخۡفُونَ كَثِيرٗاۖ وَعُلِّمۡتُم مَّا لَمۡ تَعۡلَمُوٓاْ أَنتُمۡ وَلَآ ءَابَآؤُكُمۡۖ قُلِ ٱللَّهُۖ ثُمَّ ذَرۡهُمۡ فِي خَوۡضِهِمۡ يَلۡعَبُونَ
Бутпарастар Аллахтын пайгамбары Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Аллах адамзатка эч кандай аян-кабар түшүргөн эмес" - дегенде, Аллахты Өз улуулугуна жараша баалашкан жок. Эй, элчи, аларга минтип айт: "Мусага анын коому үчүн нур, туура жол жана багыт кылып Тооротту ким түшүргөн?" Жөөттөр анын жазып алышып, көңүлүнө жаккан жерин ачык көрсөтүп, Мухаммаддын сыпаттары сыяктуу көңүлдөрүнө жакпаган жерин жашырып коюшкан. Эй, араптар, силер өзүңөр да, силерден мурдагылар да билбеген нерселерди Курандан үйрөндүңөр. Эй, элчи, аларга: "Аны Аллах түшүргөн" - деп айт. Кийин аларды чындык ачыкка чыкчу күн келгиче, караңгы, адашкан, шылдыңдаган абалдарында таштап кой.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• إنزال الكتب على الأنبياء هو سُنَّة الله في المرسلين، والنبي عليه الصلاة والسلام واحد منهم.
Пайгамбарларына китептерди түшүрүү Аллахтын сүннөт жолу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ошол элчилердин бири.

• أعظم الناس كذبًا وفرية هو الذي يكذب على الله تعالى، فينسب أو ينفي ويثبت في حق الله تعالى أمرًا ليس عليه دليل صحيح.
Адамдардын эң жалганчы жана жалаа жабуучулары Аллах Таалага жалган айткандар. Алар эч кандай туура далили жок эле кайсы бир ишти Аллахка ыйгарып, же тескерисинче, Аллахка тиешелүү ишти өздөрүнө ыйгарып алышкан.

• كل أحد يبعث يوم القيامة فردًا متجردًا عن المناصب والألقاب، فقيرًا، ويحاسب وحده.
Ар бир адам Кыяматта, мансап, наамдарынан ажырап, жалгыз тирилет жана жалгыз сурак берет

 
ترجمة معاني آية: (91) سورة: الأنعام
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق