ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني سورة: الطلاق   آية:

سورة الطلاق - Талак

من مقاصد السورة:
بيان أحكام الطلاق وتعظيم حدوده وثمرات التقوى.
Талактын өкүмдөрү, анын чегин сактоонун зарылдыгы, такыбалыктын мөмөлөрү тууралуу баяндалган.

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ إِذَا طَلَّقۡتُمُ ٱلنِّسَآءَ فَطَلِّقُوهُنَّ لِعِدَّتِهِنَّ وَأَحۡصُواْ ٱلۡعِدَّةَۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ رَبَّكُمۡۖ لَا تُخۡرِجُوهُنَّ مِنۢ بُيُوتِهِنَّ وَلَا يَخۡرُجۡنَ إِلَّآ أَن يَأۡتِينَ بِفَٰحِشَةٖ مُّبَيِّنَةٖۚ وَتِلۡكَ حُدُودُ ٱللَّهِۚ وَمَن يَتَعَدَّ حُدُودَ ٱللَّهِ فَقَدۡ ظَلَمَ نَفۡسَهُۥۚ لَا تَدۡرِي لَعَلَّ ٱللَّهَ يُحۡدِثُ بَعۡدَ ذَٰلِكَ أَمۡرٗا
О, пайгамбар! Эгерде сен же сенин үммөтүңдөн кимдир бирөө аялына талак бермекчи болсо, ага биринчи идда мөөнөтүндө талак берсин, тагыраак айтканда, айыздан тазалангандан кийин жыныстык катнаш кылбай туруп талак берсин. Эгерде аялыңарды өзүңөргө кайтарууну кааласаңар, анда аларды кайтарып алууңар үчүн идда мөөнөтүн эстеп калгыла. Раббиңердин буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып Аллахтан корккула. Талак берген аялдарыңарды алар жашаган үйдөн чыгарбагыла жана идда мөөнөтү бүтмөйүнчө өздөрү да чыкпасын, эгер алар зына сыяктуу ачык бузукулук кылбаган болсо. Бул өкүмдөр пенделерине Аллахтын белгилеп койгон чектери. Ким Аллахтын чегинен чыкса, анда ал Раббисине баш ийбегени үчүн өзүнө-өзү зыян келтирип зулумдук кылды. Эй, ажырашуучу! Балким, Аллах андан кийин жүрөгүнө каалоо киргизип, аялын кайра өзүнө аялдыкка алар, муну сен билбейсиң.
التفاسير العربية:
فَإِذَا بَلَغۡنَ أَجَلَهُنَّ فَأَمۡسِكُوهُنَّ بِمَعۡرُوفٍ أَوۡ فَارِقُوهُنَّ بِمَعۡرُوفٖ وَأَشۡهِدُواْ ذَوَيۡ عَدۡلٖ مِّنكُمۡ وَأَقِيمُواْ ٱلشَّهَٰدَةَ لِلَّهِۚ ذَٰلِكُمۡ يُوعَظُ بِهِۦ مَن كَانَ يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۚ وَمَن يَتَّقِ ٱللَّهَ يَجۡعَل لَّهُۥ مَخۡرَجٗا
Эгерде алардын идда мөөнөтүнүн бүтүшү жакындап калса, анда аларды чын көңүл жана жакшы мамиле менен кайтарып алгыла же алардын алдындагы милдеттерди аткаруу менен бирге алар өзүнө-өзү ээлик кылыш үчүн аларды кайтарбастан иддасы бүткүчө күткүлө. Эгерде аларды кайтарууну же ажырашууну кааласаңар, анда талаш-тартыш жаралбаш үчүн араңардан эки адилеттүү адамды күбө кылгыла. Эй, күбөлөр! Аллахтын Жүзүн көздөп күбөгө өткүлө. Бул айтылган өкүмдөр Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтиргендерге эскертме. Анткени ошолор эскертмеден жана насааттардан пайда алышат. Ким Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корксо, Аллах аны башына түшкөн бардык кыйынчылыктардан чыгарат.
التفاسير العربية:
وَيَرۡزُقۡهُ مِنۡ حَيۡثُ لَا يَحۡتَسِبُۚ وَمَن يَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِ فَهُوَ حَسۡبُهُۥٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ بَٰلِغُ أَمۡرِهِۦۚ قَدۡ جَعَلَ ٱللَّهُ لِكُلِّ شَيۡءٖ قَدۡرٗا
Жана ага оюна келбеген тараптан ырыскы берет. Ким өз иштеринде Аллахка таянса, Ал ага жетиштүү. Чындыгында Аллах Өз буйругун ишке ашыруучу. Аны эч нерсе алсырата албайт жана Ал бир дагы нерсени өткөрүп жибербейт. Аллах ар бир нерсенин бүтө турган өлчөмүн белгилеп койгон. Кыйынчылыктын да өлчөмү бар, бакубатчылыктын да өлчөмү бар. Инсанда алардын бирөөсү эле дайым боло бербейт.
التفاسير العربية:
وَٱلَّٰٓـِٔي يَئِسۡنَ مِنَ ٱلۡمَحِيضِ مِن نِّسَآئِكُمۡ إِنِ ٱرۡتَبۡتُمۡ فَعِدَّتُهُنَّ ثَلَٰثَةُ أَشۡهُرٖ وَٱلَّٰٓـِٔي لَمۡ يَحِضۡنَۚ وَأُوْلَٰتُ ٱلۡأَحۡمَالِ أَجَلُهُنَّ أَن يَضَعۡنَ حَمۡلَهُنَّۚ وَمَن يَتَّقِ ٱللَّهَ يَجۡعَل لَّهُۥ مِنۡ أَمۡرِهِۦ يُسۡرٗا
Талак берилген аялдар карылык себептүү айызы токтоп калган болсо жана силер алардын идда мөөнөтү тууралуу шектенсеңер, алардын идда мөөнөтү үч айга барабар. Ал эми жаштыгы себептүү айызы келбегендердин идда мөөнөтү да үч айга барабар. Кош бойлуу аялдардын талакка же күйөөсү өлгөнгө байланыштуу идда мөөнөтү бала төрөлүшү менен бүтөт. Ким Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корксо, Аллах анын иштерин жеңилдетет жана ага бардык кыйынчылыктарды жеңил кылат.
التفاسير العربية:
ذَٰلِكَ أَمۡرُ ٱللَّهِ أَنزَلَهُۥٓ إِلَيۡكُمۡۚ وَمَن يَتَّقِ ٱللَّهَ يُكَفِّرۡ عَنۡهُ سَيِّـَٔاتِهِۦ وَيُعۡظِمۡ لَهُۥٓ أَجۡرًا
Оо, ыймандуулар! Талак берүүгө, кайра кайтарууга жана идда мөөнөтүнө байланыштуу бул айтылган өкүмдөр – Аллах силерди иш жүзүндө аткарсын деп түшүргөн өкүмү. Ким Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корксо, Ал анын кылган күнөөлөрүн өчүрөт жана акыретте улуу сыйлыкты берет. Ал –бейишке кирүү жана эч качан бүтпөгөн жыргалчылыкка жетүү.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• خطاب النبي صلى الله عليه وسلم خطاب لأمته ما لم تثبت له الخصوصية.
Пайгамбардын кайрылуусу жекече экени тастыкталмайынча, жалпы үммөткө карата кайрылуу болуп эсептелет.

• وجوب السكنى والنفقة للمطلقة الرجعية.
Күйөөсүнө кайтууга мүмкүнчүлүгү бар талак алган аялдарды турак-жай менен камсыздоо жана аларды каржылоо милдет.

• النَّدْب إلى الإشهاد حسمًا لمادة الخلاف.
Талаш-тартышты жөнгө салыш үчүн күбөлөрдү чакырууга үндөө.

• كثرة فوائد التقوى وعظمها.
Такыбалыктын пайдаларынын көптүгү жана анын улуктугу.

أَسۡكِنُوهُنَّ مِنۡ حَيۡثُ سَكَنتُم مِّن وُجۡدِكُمۡ وَلَا تُضَآرُّوهُنَّ لِتُضَيِّقُواْ عَلَيۡهِنَّۚ وَإِن كُنَّ أُوْلَٰتِ حَمۡلٖ فَأَنفِقُواْ عَلَيۡهِنَّ حَتَّىٰ يَضَعۡنَ حَمۡلَهُنَّۚ فَإِنۡ أَرۡضَعۡنَ لَكُمۡ فَـَٔاتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ وَأۡتَمِرُواْ بَيۡنَكُم بِمَعۡرُوفٖۖ وَإِن تَعَاسَرۡتُمۡ فَسَتُرۡضِعُ لَهُۥٓ أُخۡرَىٰ
Оо, күйөөлөр! Шартыңарга жараша аларды өзүңөр менен чогу жашаткыла. Аллах силерге андан башкасын милдеттендирбейт. Аларга кысым көрсөтүү максатта турак-жай, камсыздоо жана башка боюнча зыян келтирбегиле. Эгерде талак берилген аялдар кош бойлуу болсо, аларды төрөгөнгө чейин камсыздагыла. Эгер балаңарды эмизсе, анда аларга сүт акысын бергиле жана анын акысы тууралуу жакшылап сүйлөшүп алгыла. Эгерде күйөөсү аялы сураган акыга сараңдык кылса жана аял дагы сараңданып, өзү сурагандан башкага канааттанбаса, анда атасы баласын эмизгенге башка аял жалдасын.
التفاسير العربية:
لِيُنفِقۡ ذُو سَعَةٖ مِّن سَعَتِهِۦۖ وَمَن قُدِرَ عَلَيۡهِ رِزۡقُهُۥ فَلۡيُنفِقۡ مِمَّآ ءَاتَىٰهُ ٱللَّهُۚ لَا يُكَلِّفُ ٱللَّهُ نَفۡسًا إِلَّا مَآ ءَاتَىٰهَاۚ سَيَجۡعَلُ ٱللَّهُ بَعۡدَ عُسۡرٖ يُسۡرٗا
Мал-мүлкү кенен адам талак берген аялына жана баласына байлыгынан сарптасын. Ал эми ырыскысы тартыш адам Аллах ага берген нерседен сарптасын. Аллах эч кимге берген нерсесинен башканы милдет кылбайт, андан ашыкчасын жана колунан келбегенин милдеттендирбейт. Аллах ага тарчылык жана кыйынчылык абалынан кийин кененчиликти жана бакубатчылыкты кылат.
التفاسير العربية:
وَكَأَيِّن مِّن قَرۡيَةٍ عَتَتۡ عَنۡ أَمۡرِ رَبِّهَا وَرُسُلِهِۦ فَحَاسَبۡنَٰهَا حِسَابٗا شَدِيدٗا وَعَذَّبۡنَٰهَا عَذَابٗا نُّكۡرٗا
Көптөгөн шаарлар Раббисинин жана Анын элчилеринин буйруктарына баш ийбестик кылышканда, Биз алар менен күнөө иштери үчүн катуу эсептештик жана аларды дүйнөдө жана акыретте коркунучтуу азапка салдык.
التفاسير العربية:
فَذَاقَتۡ وَبَالَ أَمۡرِهَا وَكَانَ عَٰقِبَةُ أَمۡرِهَا خُسۡرًا
Алар күнөө иштеринин жазасын тартышты жана анын дүйнөдөгү жана акыреттери акыбети жоготуу болду.
التفاسير العربية:
أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُمۡ عَذَابٗا شَدِيدٗاۖ فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ يَٰٓأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْۚ قَدۡ أَنزَلَ ٱللَّهُ إِلَيۡكُمۡ ذِكۡرٗا
Аллах аларга катуу азапты даярдап койду. Оо, Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирген акыл ээлери! Алардын башына келген нерсе силерге да келбеш үчүн Аллахтын буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштап Андан корккула. Аллах силерге Ага баш ийбестик кылуунун арты жаман бүтөрүн жана Ага баш ийүүнүн акыбети жакшы болорун эскерткен эскертмени түшүрдү.
التفاسير العربية:
رَّسُولٗا يَتۡلُواْ عَلَيۡكُمۡ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ مُبَيِّنَٰتٖ لِّيُخۡرِجَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ مِنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِۚ وَمَن يُؤۡمِنۢ بِٱللَّهِ وَيَعۡمَلۡ صَٰلِحٗا يُدۡخِلۡهُ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدٗاۖ قَدۡ أَحۡسَنَ ٱللَّهُ لَهُۥ رِزۡقًا
Ал эскертме – Анын элчиси. Ал Аллахка ыйман келтирип, Анын элчисин чынчыл деп тастыктагандарды жана жакшылык иштерди кылгандарды адашуунун караңгылыгынан туура жолдун нуруна чыгаруу үчүн эч кандай бүдөмүгү жок ачык-айкын аяттарды окуп берет. Ким Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылса, Аллах аны хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Ал жакта түбөлүк калат. Аллах аны жыргалчылыгы бүтпөгөн бейишке киргизип, анын ырыскысын сонун кылып койду.
التفاسير العربية:
ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَ سَبۡعَ سَمَٰوَٰتٖ وَمِنَ ٱلۡأَرۡضِ مِثۡلَهُنَّۖ يَتَنَزَّلُ ٱلۡأَمۡرُ بَيۡنَهُنَّ لِتَعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ وَأَنَّ ٱللَّهَ قَدۡ أَحَاطَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عِلۡمَۢا
Аллах жети кабат асманды жаратты жана жети кабат асманды жараткан сыяктуу жети кабат жерди да жаратты. Силер Аллахтын бүткүл нерсеге болгон кудуреттүүлүгүн, Аны эч бир нерсе алсырата албасын жана Ал илими менен бүткүл нерсени камтып, асмандар менен жердеги эч бир нерсе Ага жашыруун эмес экенин билишиңер үчүн Аллахтын ааламдык жана шарияттык өкүмдөрү алардын ортосуна түшүп турат.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• عدم وجوب الإرضاع على الحامل إذا طلقت.
Кош бойлуу кезде талак берилген аялга бала эмизүү милдет эмес.

• التكليف لا يكون إلا بالمستطاع.
Шарият милдеттерин жүктөө – аны аткарууга мүмкүн болгон нерселер менен гана болот.

• الإيمان بقدرة الله وإحاطة علمه بكل شيء سبب للرضا وسكينة القلب.
Аллахтын кудуреттүлүгүнө жана Анын илими бүткүл нерсени өзүнө камтыйт деп ыйман келтирүү – канааттанууга жана жүрөктүн тынч алуусуна себеп.

 
ترجمة معاني سورة: الطلاق
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق