للإطلاع على الموقع بحلته الجديدة

ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني سورة: الأعراف   آية:
۞ قَالَ ٱلۡمَلَأُ ٱلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦ لَنُخۡرِجَنَّكَ يَٰشُعَيۡبُ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَكَ مِن قَرۡيَتِنَآ أَوۡ لَتَعُودُنَّ فِي مِلَّتِنَاۚ قَالَ أَوَلَوۡ كُنَّا كَٰرِهِينَ
Шуайбдын коомундагы текеберленген чоңдору жана башчылары ага: "Эй, Шуайб, биздин динибизге кайра кайткыла, болбосо сени да, сага ишенип ыйман келтиргендерди да айылдан кууп чыгабыз" - дешти. Шуайб аларга таң калып жана алардын айтканын четке кагып: "Силер тутунган диндин жалган экенин билип, аны жаман көрүп турсак, кантип кабылдамак элек?!" - деди.
التفاسير العربية:
قَدِ ٱفۡتَرَيۡنَا عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا إِنۡ عُدۡنَا فِي مِلَّتِكُم بَعۡدَ إِذۡ نَجَّىٰنَا ٱللَّهُ مِنۡهَاۚ وَمَا يَكُونُ لَنَآ أَن نَّعُودَ فِيهَآ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ رَبُّنَاۚ وَسِعَ رَبُّنَا كُلَّ شَيۡءٍ عِلۡمًاۚ عَلَى ٱللَّهِ تَوَكَّلۡنَاۚ رَبَّنَا ٱفۡتَحۡ بَيۡنَنَا وَبَيۡنَ قَوۡمِنَا بِٱلۡحَقِّ وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلۡفَٰتِحِينَ
"Биз силердин каапырлык жана ширкке негизделген "диниңерге" кайтсак, Аллахка жалганчы болуп калабыз, анткени, Аллах Өзү бизди каапырлык жана ширктен куткарып чыгарган. Силердин жалган ишенимиңерге кайтуу бизге туура да келбейт, ылайык да эмес, бирок, Аллах кааласа гана. Көз карандылыктын баары Аллахтын каалоосунда, Раббибиз илими менен бардык нерсени ороп алган, Ага эч нерсе жашыруун болбойт. Туура жолдон тайдырбай кадамдарыбызды бекем кылуусу жана тозоктун жолунан сактоосу үчүн бир гана Аллахка таянабыз. Оо, Рабби, биз менен каапыр коомубуздун ортосуна Өзүң өкүм чыгар. Көк беттик менен зыян көрсөткөн залымдарга каршы туура жолдо зыян тартып жаткандарга жардам бер.Оо, Рабби, Сен өкүм чыгаруучулардын эң жакшысысың" - деди.
التفاسير العربية:
وَقَالَ ٱلۡمَلَأُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦ لَئِنِ ٱتَّبَعۡتُمۡ شُعَيۡبًا إِنَّكُمۡ إِذٗا لَّخَٰسِرُونَ
Коомундагы Аллахты жалгыз деп билүү дааватына каршы болгон каапырлардын чоңдору жана башчылары Шуайбдан жана анын дининен кайтарып: "Эй, элдер, эгер ата-бабаңардан бери келе жаткан диниңерди таштап, Шуайбдын динине киресеңер, анда кыйрап жок болосуңар" - деп коркутушту.
التفاسير العربية:
فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلرَّجۡفَةُ فَأَصۡبَحُواْ فِي دَارِهِمۡ جَٰثِمِينَ
Анан жер катуу титиреп, ар кимиси тургн жеринде жерге жутулуп жок болушту.
التفاسير العربية:
ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ شُعَيۡبٗا كَأَن لَّمۡ يَغۡنَوۡاْ فِيهَاۚ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ شُعَيۡبٗا كَانُواْ هُمُ ٱلۡخَٰسِرِينَ
Шуайбды жалганга чыгаргандардын баары, ал жерде такыр жашабаган сыяктуу тып-тыйпыл болуп кыйрап жоголду. Шуайбды жалганга чыгаргандар өздөрү зыянга туш болду, анткени алар өздөрүнө, өздөрү ээлик кылгандарга зыян кылып алышты. Ал эми жалганчы каапырлар "кыйрайт" деп ойлогон эл арасындагы ыймандуулар эч кандай зыянга учураган жок.
التفاسير العربية:
فَتَوَلَّىٰ عَنۡهُمۡ وَقَالَ يَٰقَوۡمِ لَقَدۡ أَبۡلَغۡتُكُمۡ رِسَٰلَٰتِ رَبِّي وَنَصَحۡتُ لَكُمۡۖ فَكَيۡفَ ءَاسَىٰ عَلَىٰ قَوۡمٖ كَٰفِرِينَ
Алар кыйрап калгандан кийин Шуайб тескери бурулуп: "Эй, элим, Раббим силерге жеткир деп буйруган нерсени жеткирдим, силерге насаат айттым, насаатымды укпадыңар, мен баштаган жолго баспадыңар. Аллахка каапыр болуп, каапырлыгынан кайтпаган элге эмнеге кайгырмак элем?!" - деди.
التفاسير العربية:
وَمَآ أَرۡسَلۡنَا فِي قَرۡيَةٖ مِّن نَّبِيٍّ إِلَّآ أَخَذۡنَآ أَهۡلَهَا بِٱلۡبَأۡسَآءِ وَٱلضَّرَّآءِ لَعَلَّهُمۡ يَضَّرَّعُونَ
Биз кайсы бир айылга кайсы бир пайгамбарды жиберсек, бирок ал жердин эли аны жалганга чыгарып каапыр болсо, алар каапырлыгын жана текеберлигин таштап, Аллахка баш иеби деген үмүттө, аларды кедейлик, кыйынчылык, оору-сыркоо менен эскертебиз. Ушул эскертүү курайштарга да, бардык каапыр, жалганчыларга тиешелүү Аллахтын сүннөт жолу.
التفاسير العربية:
ثُمَّ بَدَّلۡنَا مَكَانَ ٱلسَّيِّئَةِ ٱلۡحَسَنَةَ حَتَّىٰ عَفَواْ وَّقَالُواْ قَدۡ مَسَّ ءَابَآءَنَا ٱلضَّرَّآءُ وَٱلسَّرَّآءُ فَأَخَذۡنَٰهُم بَغۡتَةٗ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Жакырлык, ооруу-сыркоо менен эскерткенден кийин, алардын жашоосун жакшылык, аманчылыкка айландырдык эле алардын саны өсүп, мал-жаны көбөйдү. Ошондо алар: "Биздин башыбызга келип жаткан каатчылык жана токчулук мурдагылардын да башына түшкөн адаттагы эле көрүнүш" - дешти. Этибар алсын деп берилген кыйынчылыкты да, өнөк алсын деп берилген жыргалчылыкты да сезишкен жок. Анан алар бейкапар, даярдыксыз турганда капыстан азапка алдык.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• من مظاهر إكرام الله لعباده الصالحين أنه فتح لهم أبواب العلم ببيان الحق من الباطل، وبنجاة المؤمنين، وعقاب الكافرين.
Чындык жана жалганды, ыймандуулардын ийгилигин жана каапырлардын акыбетин анык баяндап бергени - Аллахтын саалих пенделерине кылган жакшылыктарынын бири.

• من سُنَّة الله في عباده الإمهال؛ لكي يتعظوا بالأحداث، ويُقْلِعوا عما هم عليه من معاص وموبقات.
Трдүү кырсык-балээлерден сабак алып, күнөө-кылмыштардан кол үзөбү деп, пенделерин күтүү - Аллахтын сүннөт жолу.

• الابتلاء بالشدة قد يصبر عليه الكثيرون، ويحتمل مشقاته الكثيرون، أما الابتلاء بالرخاء فالذين يصبرون عليه قليلون.
Кыйынчылык аркылуу болгон сыноого көп адамдар сабыр кылып, көп адамдар көтөрө алат. Ал эми жыргалчык аркылуу болгон сыноону көп адамдар көтөрө албайт.

 
ترجمة معاني سورة: الأعراف
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

صادرة عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق