ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (133) سورة: الأعراف
فَأَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمُ ٱلطُّوفَانَ وَٱلۡجَرَادَ وَٱلۡقُمَّلَ وَٱلضَّفَادِعَ وَٱلدَّمَ ءَايَٰتٖ مُّفَصَّلَٰتٖ فَٱسۡتَكۡبَرُواْ وَكَانُواْ قَوۡمٗا مُّجۡرِمِينَ
Жалганга чыгарганы жана тоң моюндугу үчүн аларды жазалап, эгин талааларын, мөмө бактарын сууга чайпаттык, жыйган-терген түшүмдөрүнө чегиртке каптаттык, эгиндерин куурата турган жана адамдардын чачын аралап аза бере турган биттерди пайда кылдык, идиш-аяктарын аралап, тамак-аштарын бузуп,төшөк-орундарын аралап кеткен бакаларды жибердик, кудуктарындагы, дарыяларындагы сууларына кан аралаштырдык. Мына ушул ачык-айкын белгилерди биринин-артынан бирин удаа-удаа жибердик. Бирок, бул белгилер келген сайын ыйман келтирүүдөн жана Муса алып келген динди тастыктоодон текеберленип баш тарта беришти. Ошентип күнөөгө баткан коом болушту, жалгандан суурулуп чыга алышпады, чындыктын жолуна түшө алышпады.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• الخير والشر والحسنات والسيئات كلها بقضاء الله وقدره، لا يخرج منها شيء عن ذلك.
Жакшылык жана жамандык, жакшы иштер жана күнөөлөр, баары Аллахтын тагдыры жана ишке ашыруусу менен болот, каза-кадардан сырткары эч нерсе болбойт.

• شأن الناس في وقت المحنة والمصائب اللجوء إلى الله بدافع نداء الإيمان الفطري.
Кыйынчылык, балээ келген учурда адамдар таза табиятындагы ыйманы менен Аллахка таянып калышат

• يحسن بالمؤمن تأمل آيات الله وسننه في الخلق، والتدبر في أسبابها ونتائجها.
Ыймандуулар Аллахтын аят-белгилерине жана жаратуудагы сүннөт жолуна пикир кылып, анын себептерине жана натыйжасына ой жүгүртүүсү керек.

• تتلاشى قوة الأفراد والدول أمام قوة الله العظمى، والإيمان بالله هو مصدر كل قوة.
Аллахтын улуу күч-кубатынын алдында жеке адамдын же өлкөнүн күч-кубаты түккө турбайт, Аллахка ыйман келтирүү бардык күч кыбаттын негизи

• يكافئ الله تعالى عباده المؤمنين الصابرين بأن يمكِّنهم في الأرض بعد استضعافهم.
Алллах Таала ыймандуу, сабырдуу пенделерин алар алсыз болуп азап тарткандан кийин жакшы жерге жайгаштырууну мойнуна алган

 
ترجمة معاني آية: (133) سورة: الأعراف
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق