ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (158) سورة: الأعراف
قُلۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنِّي رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَيۡكُمۡ جَمِيعًا ٱلَّذِي لَهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ يُحۡيِۦ وَيُمِيتُۖ فَـَٔامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِ ٱلنَّبِيِّ ٱلۡأُمِّيِّ ٱلَّذِي يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ وَكَلِمَٰتِهِۦ وَٱتَّبِعُوهُ لَعَلَّكُمۡ تَهۡتَدُونَ
Оо, элчи, аларга: "Оо, адамдар, мен силердин баарыңарга, арабыңарга да арап эмесиңерге да Аллах тарабынан жиберилген элчимин. Асман жана жердин мүлкү Ага таандык. Андан башка ибадатка татыктуу жок. Ал өлүүлөрдү тирилтет жана тирүүлөрдү өлтүрөт. Эй, адамдар, Аллахка жана Анын жазууну да, окууну да билбеген, Раббиси ага түшүргөн аян-кабарды алып келген, Аллахка ыйман келтирген, анын өзүнө жана өзүнөн мурдагы пайгамбарларга түшүрүлгөн нерсеге эч ажыратып бөлбөстөн ыйман келтирген элчи-пайгамбары Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ыйман келтиргиле. Дүйнөдө да, акыретте да пайдалуу болгон жолго түшүүнү үмүт кылып, ал Раббисинен алып келген динге ээрчигиле.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• تضمَّنت التوراة والإنجيل أدلة ظاهرة على بعثة النبي محمد صلى الله عليه وسلم وعلى صدقه.
Тоорот менен Инжилде Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) пайгамбарлыгына жана анын чындык экенине ачык далилдер келген.

• رحمة الله وسعت كل شيء، ولكن رحمة الله عباده ذات مراتب متفاوتة، تتفاوت بحسب الإيمان والعمل الصالح.
Аллахтын ырайымы бардык нерсени ороп алган, бирок, пенделерине болгон ырайымынын даражалары ар түрдүү, бул алардын ыйманына жана жакшы иштерине жараша ар түрдүү болот.

• الدعاء قد يكون مُجْملًا وقد يكون مُفَصَّلًا حسب الأحوال، وموسى في هذا المقام أجمل في دعائه.
Дуба абалга жараша, кээде жалпы, кээде өзүнчо болот. бул жерде Муса пайгамбар жалпы дуба кылган.

• من صور عدل الله عز وجل إنصافه للقِلَّة المؤمنة، حيث ذكر صفات بني إسرائيل المنافية للكمال المناقضة للهداية، فربما توهَّم متوهِّم أن هذا يعم جميعهم، فَذَكَر تعالى أن منهم طائفة مستقيمة هادية مهدية.
Аз сандагы ыймандууларды да эске алганы - Аллах Тааланын адилеттүүлүгүнөн. Исраил урпактарынын туура жолдон баш тартып, катуу каршылык көрсөтүүчү сыпаттарын айтканда, көп адамдар бул сыпаттар алардын баарына тиешелүү экен деп ойлоп калуусу мүмкүн эле, ошон үчүн Аллах Таала алардын арасында туура жолдогулары да бар экенин эскеркен.

 
ترجمة معاني آية: (158) سورة: الأعراف
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق