ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (37) سورة: الأعراف
فَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّنِ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوۡ كَذَّبَ بِـَٔايَٰتِهِۦٓۚ أُوْلَٰٓئِكَ يَنَالُهُمۡ نَصِيبُهُم مِّنَ ٱلۡكِتَٰبِۖ حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَتۡهُمۡ رُسُلُنَا يَتَوَفَّوۡنَهُمۡ قَالُوٓاْ أَيۡنَ مَا كُنتُمۡ تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِۖ قَالُواْ ضَلُّواْ عَنَّا وَشَهِدُواْ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمۡ أَنَّهُمۡ كَانُواْ كَٰفِرِينَ
Аллахтын шериги бар деп же кемчиликтүү деп же Ал айтпаган нерсени айтты деп Ага жалган жалаа жапкан, же туура жолго баштаган аяттарын жалганга чыгарган адамдан өткөн залым болобу. Мына ушул жогорудагы сыпаттардын ээлерине Лавх ал-Махфузда жазылган ажал-мөөнөтү келип, өлүм периштеси жана анын жардамчылары алардын жандарын алганы келгенде, аларды жемелеп: "Аллахты таштап, Анын ордуна ибадат кылган кудайларыңар кана!? Силерге жардам берүүсү үчүн аларды чакыргыла" дешет. Ошондо бутпарастар периштелерге: "Биз ибадат кылган кудайларыбыз жок болуп кетти, алар кайда экенин билбейбиз" дешет. Каапыр болушканын ошентип моюндарына алышат, бирок, ал учурда моюндарына алганы өздөрүнө каршы далил болот жана пайдасын тийгизбейт.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• المؤمن مأمور بتعظيم شعائر الله من خلال ستر العورة والتجمل في أثناء صلاته وخاصة عند التوجه للمسجد.
Ыймандуулар авретин жаап, таза кийинип, айрыкча мечитке барганда таза, жакшы кийинип Аллахтын шариятын кадырлоого буйрулган.

• من فسر القرآن بغير علم أو أفتى بغير علم أو حكم بغير علم فقد قال على الله بغير علم وهذا من أعظم المحرمات.
Ким билбей туруп Куранды чечмелесе, же билбей туруп фатва чыгарса, же билбей туруп өкүм берсе, мындай адамдар Аллахка жалган айткан болуп эсептелет, бул тыюу салынган арам иштердин өтө чоңу

• في الآيات دليل على أن المؤمنين يوم القيامة لا يخافون ولا يحزنون، ولا يلحقهم رعب ولا فزع، وإذا لحقهم فمآلهم الأمن.
Ыймандуу адамдар кыямат күнү коркушпайт жана өкүнүшпөйт, чочулоо жана кабатырлануу болбойт

• أظلم الناس من عطَّل مراد الله تعالى من جهتين: جهة إبطال ما يدل على مراده، وجهة إيهام الناس بأن الله أراد منهم ما لا يريده الله.
Аллахтын каалоосуна эки түрдүү жол менен тоскоол болгондор адамдардын эн залымым: биринчиси, Аллахтын каалоосун билдирген нерселерди жокко чыгаруу, экинчиси, адамдарды Аллах алардан каалабаган нерсени каалайт деп алаксытуу.

 
ترجمة معاني آية: (37) سورة: الأعراف
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق