ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (64) سورة: الأعراف
فَكَذَّبُوهُ فَأَنجَيۡنَٰهُ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥ فِي ٱلۡفُلۡكِ وَأَغۡرَقۡنَا ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَآۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمًا عَمِينَ
Коому аны жалганга чыгарып, ыйман келтиришпеди, каапырлыктарын уланта беришти. Ошондо аларды кыйратууну суранып Аллахка дуба кылды. Аны жана аны менен бирге ыйман келтирген адамдарды кемеге чыгарып топон суудан сактап калдык. Биздин аяттарыбызды жалган деп, ошол оюнан кайтпаган каапырларды топон сууга чөктүрүп азаптадык. Акыйкатта алардын жүрөгү чындыкты көрбөгөн сокур эле.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• الأرض الطيبة مثال للقلوب الطيبة حين ينزل عليها الوحي الذي هو مادة الحياة، وكما أن الغيث مادة الحياة، فإن القلوب الطيبة حين يجيئها الوحي، تقبله وتعلمه وتنبت بحسب طيب أصلها، وحسن عنصرها، والعكس.
Жашоонун негизи болгон аян кабар түшкөндө аны кабыл кылган таза жүрөк, тирүүлүктүн негизи болгон жамгыр жааганда аны кабыл кылган жумшак топурактуу жакшы жерге окшош. Таза жүрөк ага аян кабар айтылганда кабыл кылып, аны үйрөнөт жана анын таза негизи менен тарбияланып өсөт. Ал эми таза эмес жүрөк, мунун тескерисинче болот.

• الأنبياء والمرسلون يشفقون على الخلق أعظم من شفقة آبائهم وأمهاتهم.
Пайгамбарлар жана элчилер адамдарга алардын ата-энелерине караганда көбүрөөк боорукер болушат.

• من سُنَّة الله إرسال كل رسول من قومه وبلسانهم؛ تأليفًا لقلوب الذين لم تفسد فطرتهم، وتيسيرًا على البشر.
Ар бир элге алардын өздөрүнөн, ошолордун тилинде сүйлөгөн адамды элчи кылып жиберүү Аллахтын сүннөт жолу. Адам баласына жеңил болуусу жана таза ишеними бузулбаган жүрөктөргө ыңгайлуу болуусу үчүн ушундай кылат.

• من أعظم السفهاء من قابل الحق بالرد والإنكار، وتكبر عن الانقياد للعلماء والنصحاء، وانقاد قلبه وقالبه لكل شيطان مريد.
Чындыкты кайтарып, четке кагуу, аалымдарга жана насаат айтуучуларга текеберленүү, шайтандын жолун ээрчип, жүрөгу менен ага берилүү кем акылдыктын жеткен чеги.

 
ترجمة معاني آية: (64) سورة: الأعراف
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق