ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (20) سورة: المزمل
۞ إِنَّ رَبَّكَ يَعۡلَمُ أَنَّكَ تَقُومُ أَدۡنَىٰ مِن ثُلُثَيِ ٱلَّيۡلِ وَنِصۡفَهُۥ وَثُلُثَهُۥ وَطَآئِفَةٞ مِّنَ ٱلَّذِينَ مَعَكَۚ وَٱللَّهُ يُقَدِّرُ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَۚ عَلِمَ أَن لَّن تُحۡصُوهُ فَتَابَ عَلَيۡكُمۡۖ فَٱقۡرَءُواْ مَا تَيَسَّرَ مِنَ ٱلۡقُرۡءَانِۚ عَلِمَ أَن سَيَكُونُ مِنكُم مَّرۡضَىٰ وَءَاخَرُونَ يَضۡرِبُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ يَبۡتَغُونَ مِن فَضۡلِ ٱللَّهِ وَءَاخَرُونَ يُقَٰتِلُونَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِۖ فَٱقۡرَءُواْ مَا تَيَسَّرَ مِنۡهُۚ وَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُواْ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَقۡرِضُواْ ٱللَّهَ قَرۡضًا حَسَنٗاۚ وَمَا تُقَدِّمُواْ لِأَنفُسِكُم مِّنۡ خَيۡرٖ تَجِدُوهُ عِندَ ٱللَّهِ هُوَ خَيۡرٗا وَأَعۡظَمَ أَجۡرٗاۚ وَٱسۡتَغۡفِرُواْ ٱللَّهَۖ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمُۢ
Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң кээде сенин түндүн үчтөн экисинен азыраагын, кээде жарымын, кээде үчтөн бир бөлүгүн намаз окуганыңды билет жана ыймандуулардын тобу да сени менен бирге туруп намаз окушат. Аллах күн менен түндүн өлчөмүн белгилейт жана алардын сааттарын эсептейт. Ал силерди анын сааттарын тактык менен эсебин чыгара албай, ал себептүү силер көздөгөнүңөргө жетиш үчүн анын көпчүлүк бөлүгүн намаз окуп, кыйналып калууңар мүмкүн экенин билди. Ошол себептен Ал силердин тообоңорду кабыл кылды. Андыктан алыңар келишинче түндөсү намаз окугула. Оо, ыймандуулар! Аллах силердин араңарда оорудан чарчаган оорулуулар болушун, кээ бирөөлөр Аллахтын ырыскысын издеп жер кезип жүргөнүн, башкалары болсо Аллахтын сөзү бийик болсун деп Анын ыраазылыгы үчүн каапырлар менен согушуп жатканын билет. Мына ошолорго түнкү намазды окуш кыйын. Андыктан алыңардын келишинче түндөсү намаз окугула, парз намазды талаптагыдай толук аткаргыла, мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле жана Аллах жолуна мал-мүлкүңөрдөн сарптагыла. Өзүңөр үчүн кандай жакшылык кылбагыла, аны эң жакшы жана эң сооптуу абалда табасыңар. Жана Аллахтан кечирим сурагыла. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• المشقة تجلب التيسير.
Кыйынчылык жеңилдикти алып келет.

• وجوب الطهارة من الخَبَث الظاهر والباطن.
Сырткы жана ички ыпластыктан тазалануунун милдеттүүлүгү.

• الإنعام على الفاجر استدراج له وليس إكرامًا.
Бузуку адамга жакшылыктарды берүү – аны сыйлагандык эмес, аны акырындык менен жазалоо.

 
ترجمة معاني آية: (20) سورة: المزمل
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق