ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (7) سورة: الأنفال
وَإِذۡ يَعِدُكُمُ ٱللَّهُ إِحۡدَى ٱلطَّآئِفَتَيۡنِ أَنَّهَا لَكُمۡ وَتَوَدُّونَ أَنَّ غَيۡرَ ذَاتِ ٱلشَّوۡكَةِ تَكُونُ لَكُمۡ وَيُرِيدُ ٱللَّهُ أَن يُحِقَّ ٱلۡحَقَّ بِكَلِمَٰتِهِۦ وَيَقۡطَعَ دَابِرَ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Оо, талашып-тартышкан ыймандуулар, эстегиле, Аллах силерге бутпарастардын эки тобунун бирин жеңдирүүнү убада кылды.Эки топтун бири буюм-терим алып келе жаткан кербен, аны жеңип олжо аласыңар, экинчиси куралдуу аскерлер, алар менен согушуп жеңишке жетесиңер дегенде, силер согушсуз оңой басып алына турган кербенди тандадыңар. Аллах болсо, силер бутпарастардын баатырларын өлтүрүп, көбүн туткун кылып, Исламдын күч-кубатын жарыя кылууңар үчүн согуш аркылуу чындыкты ачыкка чыгарууну каалады.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• ينبغي للعبد أن يتعاهد إيمانه ويُنمِّيه؛ لأن الإيمان يزيد وينقص، فيزيد بفعل الطاعة وينقص بضدها.
Пенде ыйманынын үстүндө иштеп, аны өстүрүүсү зарыл; анткени, ыйман көбөйөт жана азаят, ибадат кылуу менен көбөйөт, күнөө кылуу менен азаят.

• الجدال محله وفائدته عند اشتباه الحق والتباس الأمر، فأما إذا وضح وبان فليس إلا الانقياد والإذعان.
Чындык күмөн болгондо жана даана ачык эмес иштерде талашууга болот жана бул пайдалуу. Ал эми иш ачык болуп турганда баш ийүү жана ээрчүү зарыл.

• أَمْر قسمة الغنائم متروك للرّسول صلى الله عليه وسلم، والأحكام مرجعها إلى الله تعالى ورسوله لا إلى غيرهما.
Олжону бөлүштүрүү Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) тиешелүү. Өкүмдөрдү чыгаруу Аллахтын жана Анын элчисинин колунда.

• إرادة تحقيق النّصر الإلهي للمؤمنين؛ لإحقاق الحق وإبطال الباطل.
Акыйкатты ачыкка чыгарып, жалганды жок кылуу үчүн Аллах ыймандууларга жардам берет.

 
ترجمة معاني آية: (7) سورة: الأنفال
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق