Эгер Биз кааласак, аларга (мушриктерге өздөрү сурагандай) асмандан белги-керемет түшүрүп, аларды ага (мажбур) моюн сунуучулардан кылмакпыз.[1]
[1] Бирок, мындай мажбурлап ыйманга келтирүүдөн пайда жок. Чыныгы ыйман көрбөй туруп, кайыптагы нерселерге ишенүү. Анан калса, ошол моожиза келсе жана мурдагы каапырлар сыяктуу ыйман келтирбей коюшса, анда аларга азап хак (ылайык) болуп калмак.
Алар (Курандагы тозок-бейишти) жалганга чыгарышты (жана аны окуп берген Мухаммадды мазакташты) эми жакында аларга мазактаган нерселеринин анык кабарлары келип калат.
[1] Ал кааласа зордоп ыйманга келтирип, моюндарын ийип коюууга Кудуреттүү. Бирок, Анын мээрими, каардуулугунан жогору. Пендесине мөөнөт берет, мүмкүнчүлүк берет, Өзүнө өз ыктыяры менен кайтуусун күтөт.
Алардын (оюнда) менин күнөөм бар.[1] Мени өлтүрүп коюуларынан да коркомун».
[1] Мусанын мындай дешинин себеби, ал Мисирде Фараондун сарайында жүргөндө бир египеттик кишини байкоосуздан уруп өлтүрүп алат жана ушул себептүү качып кетет.
Исраил урпактарын (азат кыл жана) биз менен кошуп (ата-журттарына) жибер» дегиле. (Аллахтын элчилери Фараонго барып, буюрулган сөздөрдү айтышты эле...,)
(Фараон мындай) деди: «Балалыгыңда өзүбүздүн арабызда биз тарбия кылбадык беле сени (эй, Муса?) Өмүрүңдөн бир нече жылдарды биздин арабызда өткөрдүң эле го!
Ал эми сенин мага милдет кылган жакшылыгың болсо, Исраил урпактарын кул кылып алагыңдын алдында эч нерсе эмес.[1]
[1] Мусанын жообу «Эгер сен менин уруумду жана анын уул перзенттерин тукум курут кылууга буйрук бербегениңде апам мени себетке салып дарыяга агызбайт эле. Сен мени дарыядан кармап алып, бакма бала кылып албайт элең. Бир элдин баарын азапта, кулчулукта кармап, бир гана перзентин ата-энесинен ажыратып «камкордук» көргөзгөнүң жакшылык деп атоого арзыйбы?» деген маанилерди билдирет.
(Муса сөзүн улап, мындай) деди: «Ал чыгыш менен батыштын жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Раббиси, эгер акылыңарды иштетсеңер».[1]
[1] Инсаният тарыхындагы бардык залим падышалар акыйкатты сүйлөгөн кишилер менен оболу асмандан келип сүйлөшүшөт. Бирок, илим менен зулум «сүйлөшө» албайт. Зулум сөз таба албай калганда күчүн көргөзөт. Фараон да ошол ыкмага өттү.
Алар (чабармандар) сага бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келишсин».[1]
[1] Муса менен сыйкырчылар мелдеш өткөрмөк болушуп, убактысын, жайын келишип алышты. Муса Аллахтын моожиза-кереметин бардык эл көрсүн деп майрам күндү белгиледи.
(Фараон ачууланып, мындай) деди: «Мен силерге уруксат бербей туруп ага ыйман келтирдиңерби?! Демек ал силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар турбайбы! Азыр билип аласыңар (менин ким экенимди!). Колу-бутуңарды каршы-терши чаап, баардыгыңды асып саламын![1]
[1] Залымга даба жок турбайбы. Болбосо, сыйкырчылар менен Муса анын көз алдында биринчи жолу жолугушуп турган болсо, алар мамлекеттин ар тарабынан чогултулуп келинген болсо, дагы кантип Муса алардын устаты болуп калсын?! Акыйкатты кабыл албай, жүрөгү карарып залым өкүмдарлар ушундай болбогур нерселерди шылтоо кылып Акыйкатка каршы чыга беришет.
Биз (Мусага) эң абалкылардан болуп ыйман келтиргенибиз себептүү, Раббибиз биздин каталарыбызды кечиришин үмүт кылабыз».[1]
[1] Сыйкырчылардын окуясы ушинтип аяктады. Бирок Фараон менен адамдары, жалпы эл өз каапырчылыгында калды. Аларга Муса дагы көп Аллахтын моожизаларын көргөздү: аларга суу балээси, чебиртке, кан, бака, бит сыяктуу апаат-балээлер көргөзүлдү. Ар биринде Мусага «Раббиңе дуба кыл, балээни алсын, ыйман келтирели дешип, балээ көтөрүлгөн соң, дагы кайрадан каапырчылыгын улантып жатышты. Аллах таала аларга мөөнөт берүүсүн токтотуп, кырып жоюуга себеп болуучу окуяларды тездетти.
Анан Биз Мусага: «Таягың менен деңизди чап!» - деп вахий кылдык. (Буйрукту аткарганда) деңиз (он эки жол болуп) жарылды жана ар бир бөлүгү чоң тоо сыяктуу болуп калды.[1]
[1] Муса менен анын он эки уруу эли өз жолдоруна түшүп, наркы жээкке жол алышты.
[1] Кудуреттүүлүгү менен Мисирдей чоң мамлекеттин чар тарабынан чогулган Фараондун күчтүү армиясын алеки заматта жок кылып, ырайымдуулугу менен азыр эле кул болуп турган миңдеген Исраил урпактарын алардан калган мүлккө мураскор кылып койду! Субханаллах!
Жана менин атамды кечиргин! Ал адашуучулардан болуп калды![1]
[1] Ибрахим бул сөзүн атасынын ыйманга келүүсүнөн үмүтү бар мезгилде айткан. Ал эми, ыйманга келүүсүнөн үмүтү үзүлгөндө «мен силерден жана силер сыйынган кудайлардан кечтим!» деп атасынан кечкен.
[1] Туура жолду тандоонун ордуна өз каалоолорун ээрчип, Аллахтын пайгамбарлары алып келген Акыйкатка каршы иштеген, Аллахтын арам кылган нерселерин адалга, адалдарын арамга чыгарган адамдарга тозок, ичиндеги бардык азаптары менен даярдап коюлду.
Нухтун коому дагы пайгамбарларды[1] жалганчыга чыгарды.
[1] Алар бир Нухтун өзүн «жалганчы дегенине карабай, аятта «Пайгамбарларды» деп келгенинин себеби, кайсы бир эл бир гана пайгамбарга ишенбесе, бардык пайгамбарларга ишенбеген болуп эсептелет. Себеби, бардык пайгамбарлар бир гана таалимди-жалгыз Аллахтын Өзүнө ибадат кылуу (тавхид) таалимин алып келишкен.
[1] Бул аяттын кайталанып келишинин себеби, Нух бул сөздү каапыр элине көп, кайра кайра айткан. Ал тогуз жүз элүү жыл, тынбай элди Аллахтан коркууга, Аллахтын пайгамбарына моюн сунууга чакырган.
«Эй, Нух! Эгер үгүтүңдү токтотпосоң, ташбараңга алынасың!» (дешти ачууланган төбөлдөр).[1]
[1] (Өздөрүнө насаат айткан пайгамбарга ушундай мамиле жасаган элде эмне жакшылык болсун?! Нух аларды өмүр бою жакшылыкка – Акыреттеги тозок отунан кутулууга чакырса, «токтот, ташбараң кылабыз» дешет! Нух бул элге насаат пайда бербесин билди, өзүнө болгон алардын зулуму, мазактоолору, кежирликтери жанына батты. Анан аларга каргыш дуба кылды.
(Худ пайгамбарды ушинтип) жалганчыга чыгарышты. Анан Биз аларды (добул шамал менен) кыйратып жоготтук. Мында (кудуретибиздин) белгиси бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады.
(Салих аларга Аллах таштан чыгарып берген төөнү көргөзүп), айтты: «Мына бул төө (силерге керемет болсун. Эми, кудуктан кезек менен) силерге бир күн, ага да бир күн белгилүү суу ичүү күнү болсун.
Натыйжада аларды азап (уккан адамдын жүрөгүн жарып жиберчү ач айкырык) кармады. Мында (кудуретибизге) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуулардан болушпады.
Жана алардын үстүнө (таштарды) жамгырдай жаадырдык. Эскертүү берилгендердин «жамгыры» кандай жаман![1]
[1] Аларга «Эгер эсиңерге келип, арам ишиңерди таштап, жалгыз Аллахтын Өзүнө сыйынууга, Анын гана буйруктарын аткарууга кайтпасаңар, башыңарга катуу азап түшөт» деп эскертилген болчу.
Сен биз сыяктуу эле адамсың! (Кантип тамак жеп, базарда жүрө турган жөнөкөй адам пайгамбар болсун?!) Биз, сени анык эле жалганчылардын бири деп ойлойбуз.
Эгер чынчыл болсоң, биздин башыбызга асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи? (Мына ушинтип шылдыңдашты каапырлар Шуайб пайгамбарды. Үгүт пайда бербей, кайра өзүнө кордук көргөзүлгөн соң)
(Шуайб мындай) деди: «Силердин ишиңерди(н жазасын) Раббимдин Өзү гана билет.[1]
[1] Мен болгону Акыйкат сөздү жеткирүүчүмүн. Силердин башыңарга азап түшүрүүнү мен билбеймин, Раббим билет. Ал Өзү каалаган учурда силерге азап түшүрүүгө Кудуреттүү.
Аны (дагы) жалганчыга чыгарышты эле, аларды (капыстан) көлөкөлүү күндүн азабы кармады![1] Бул улук күндүн азабы болчу.
[1] Ошондо, Аллах Күндү аябай ысык кылган. Каапырлар көлөкө таппай, ысыктан кыйналып калганда, Аллах чоң бир кара булут жиберген. Муну көргөн каапырлар, Аллахтын амалкерлиги экенин ойлоп да коюшпай, анын астына чогулушканда..., булуттун арасынан от чыгып, бардыгын күлгө айланткан!
Аны Исраил урпактарынын (яхудилердин) ичиндеги уламалар билиши аларга далил болбойбу?[1]
[1] Араб мушриктери үчүн яхуди уламаларынын сөзү далил болгон. Бир нерседе талашып калчу болушса дароо аларга чуркап барышып, «Тооратты карагылачы, паландай маселеде эмне айтылган экен деп турушкан. Ал эми, Куран маселесинде да ынсаптуу еврей аалымдары Тооратта Куран жана Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам жөнүндө айтылганын маалымдашкан. Бирок, кежирленген мушриктер бул далилге да муюбай коюшту.
Аларга (Куран түшүрүү) ылайык эмес. Жана буга алардын кудуреттери да жетпейт.[1] (Анткени:)
[1] Мушриктердин Куранга, пайгамбарга койгон дооматтарынын кезектегиси - алардын «Куранды Мухаммадга жин-шайтандар шыбыраса керек» деген сөздөрү. Бул аят ошол дооматка жооп. Шайтандар - ыпылас. Билген-кылган иштери азгырык. Ал эми Куран таза жана турган бүткөнү хидаят (туура жол). Демек, шайтан буга ылайык эмес. Анан шайтандар жогорку Арштан Куран аяттарын алып келебиз деп аракет кылган күндө деле, кудуреттери жетпейт.
[1] Жин-шайтандар түшө турган Куран аяттарын же болбосо башка бир кайып кабарларын уурдап алуу үчүн эң жогорку асмандарга сагаласа, аларга жылдыздар атырылып, күйдүрүп жиберчү болгон. Анын үстүнө Куран аяттарын Кудуреттүү периште Жебирейил коргоп, сактап алып түшөт. Аллах таала башка бир аятта: «Зикирди (Куранды) Биз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактоочубуз» деген.
Ал эми акындарга болсо, адашкан кишилер ээрчийт.[1]
[1] Албетте, көпчүлүк акындар сезимтал кишилер. Алар ырдын ар кайсы өрөөнүндө жүрө беришет. Конум (токтоолук) деген болбойт. Бүгүн бирөөнү мактап, көкөлөтсө, эртең эле жети кат жердин түбүнө киргизе жамандап жибериши мүмкүн. Акындарга өздөрү сыяктуу сезимтал (акылынан сезими бийик) адамдар ээрчийт. Ким акылдан сезимди жогору койсо - ал адашат.
Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап, Аллахты көп эскерип, зулумдук көргөндөрүнөн кийин жеңишке жеткен (акын) адамдар (жогорудагы акындардай эмес). Ал эми, залым (каапыр) адамдар жакында кайсы жайга барышаарын билип алышат.
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
অনুসন্ধানৰ ফলাফল:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".