Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - কিৰ্গিজ অনুবাদ- শ্বামছুদ্দিন হাকীমোভ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আল-আ'ৰাফ   আয়াত:
وَٱلۡبَلَدُ ٱلطَّيِّبُ يَخۡرُجُ نَبَاتُهُۥ بِإِذۡنِ رَبِّهِۦۖ وَٱلَّذِي خَبُثَ لَا يَخۡرُجُ إِلَّا نَكِدٗاۚ كَذَٰلِكَ نُصَرِّفُ ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَشۡكُرُونَ
(Жери) таза шаардын өсүмдүктөрү Аллахтын уруксаты менен (тез) өнүп чыгат. Ал эми, таза эмес (таштак же шор баскан) жердин өсүмдүгү кыйынчылык менен чыгат. Биз аяттарды шүгүр кылуучу коом үчүн мына ушинтип ачык-айкын баян кылабыз.[1]
[1] Жер – бул жүрөктөр. Жамгыр – бул Алахтын Сөзү. Жамгыр таза, болук жерге да, таштак, шор жерге да бирдей жаайт. Ошондой эле, Аллахтын сөздөрүн адамдар бирдей угушат. Бирок, бул аяттар таза жүрөккө жетсе, таза иштерди өндүрөт. Бузук жүрөктөр болсо, сыйда таш жамгырды кабыл алалбаган сыяктуу, аяттарды кабыл албайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
لَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوۡمِهِۦ فَقَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥٓ إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٍ عَظِيمٖ
Биз Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик.[1] Ал айтты: “О, коомум! Жалгыз Аллахка ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка кудай жок! (Эгер көнбөсөңөр) мен силердин Улуу Күндүн (Кыямат) азабына кабылууңардан корком!”
[1] Нухтун коому бутпарас болуп, өздөрүнүн арасында өткөн олуялардын айкелдерин Аллахка шерик кылып, ошолордун арбагына дуба кылып, жардам сурап, ибадат кылышчу.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالَ ٱلۡمَلَأُ مِن قَوۡمِهِۦٓ إِنَّا لَنَرَىٰكَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ
Анын коомунан болгон (текебер) бийлер ага: “Биз сенин анык адашууда экениңди көрүп турабыз” – дешти.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالَ يَٰقَوۡمِ لَيۡسَ بِي ضَلَٰلَةٞ وَلَٰكِنِّي رَسُولٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
(Нух) айтты: “О, коомум. Мен адашкан эмесмин, ааламдардын Раббиси тарабынан (жиберилген) пайгамбармын.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أُبَلِّغُكُمۡ رِسَٰلَٰتِ رَبِّي وَأَنصَحُ لَكُمۡ وَأَعۡلَمُ مِنَ ٱللَّهِ مَا لَا تَعۡلَمُونَ
Силерге Раббимдин буйруктарын жеткирип, насаат айтамын жана Аллах тарабынан силер билбеген нерселерди билемин.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَوَعَجِبۡتُمۡ أَن جَآءَكُمۡ ذِكۡرٞ مِّن رَّبِّكُمۡ عَلَىٰ رَجُلٖ مِّنكُمۡ لِيُنذِرَكُمۡ وَلِتَتَّقُواْ وَلَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ
Эмне, такыба болуп, Аллахтын ырайымына бөлөнүүңөр үчүн Раббиңердин эскертүүсү өзүңөрдүн араңардагы бир (жөнөкөй) адам аркылуу – силерди эскертүү үчүн – келгенине таң калып жатасыңарбы!”
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَكَذَّبُوهُ فَأَنجَيۡنَٰهُ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥ فِي ٱلۡفُلۡكِ وَأَغۡرَقۡنَا ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَآۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمًا عَمِينَ
Алар Нухту “жалганчы” – дешти. Кийин Биз аны жана аны менен бирге болгон (ыймандуу) адамдарды кемеде куткарып, аяттарыбызды “жалган” дегендерди (топон сууга) чөктүрүп жибердик. Анткени, алар (дили) сокур коом эле.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
۞ وَإِلَىٰ عَادٍ أَخَاهُمۡ هُودٗاۚ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥٓۚ أَفَلَا تَتَّقُونَ
Аад коомуна туугандары Худду пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: “О, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн андан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок! (Анын азабынан) коркпойсуңарбы?”
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالَ ٱلۡمَلَأُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦٓ إِنَّا لَنَرَىٰكَ فِي سَفَاهَةٖ وَإِنَّا لَنَظُنُّكَ مِنَ ٱلۡكَٰذِبِينَ
(Ошондо) анын коомунун каапырлары : “Биз сенин наадан экениңди көрүп турабыз. Биз сени жалганчылардын бири деп ойлойбуз!” – дешти.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالَ يَٰقَوۡمِ لَيۡسَ بِي سَفَاهَةٞ وَلَٰكِنِّي رَسُولٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
(Худ) айтты: “О, коомум. Мен наадан эмесмин, ааламдардын Раббиси тарабынан (жиберилген) пайгамбармын.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আল-আ'ৰাফ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - কিৰ্গিজ অনুবাদ- শ্বামছুদ্দিন হাকীমোভ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

ইয়াক শামছুদ্দিন হাকিমোভ আব্দুলখালেকৰ দ্বাৰা অনুবাদ কৰা হৈছে, আৰু মৰ্কজ ৰুৱাদুত তাৰ্জামাৰ তত্ত্বাৱধানত উন্নীত কৰা হৈছে।

বন্ধ