আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

অৰ্থানুবাদ ছুৰা: ছুৰা আল-ইনছান   আয়াত:

Инсан

هَلۡ أَتَىٰ عَلَى ٱلۡإِنسَٰنِ حِينٞ مِّنَ ٱلدَّهۡرِ لَمۡ يَكُن شَيۡـٔٗا مَّذۡكُورًا
Инсандын үстүнөн (ал жарала электе) доорлордун (нечендеген) мезгил(дер)и өткөн. (Анда инсан) эскериле турган нерсе эмес (жок) эле.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّا خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ مِن نُّطۡفَةٍ أَمۡشَاجٖ نَّبۡتَلِيهِ فَجَعَلۡنَٰهُ سَمِيعَۢا بَصِيرًا
Чынында, Биз инсанды (энелик менен аталык уруктун) аралашмасынан турган бир тамчы бел суудан жараттык. (Жана ушул абалын билээр бекен деп) аны сынап, уга турган, көрө турган (аң-сезимдүү) кылдык.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّا هَدَيۡنَٰهُ ٱلسَّبِيلَ إِمَّا شَاكِرٗا وَإِمَّا كَفُورًا
(Кийин) Биз ага (жакшы менен жаман) жолду тааныттык. (Эми ал) же шүгүр (ибадат) кылуучу болот, же каапыр (болот).
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّآ أَعۡتَدۡنَا لِلۡكَٰفِرِينَ سَلَٰسِلَاْ وَأَغۡلَٰلٗا وَسَعِيرًا
Биз чынында каапырлар үчүн чынжырларды, (темир) көгөндөрдү жана тозокту даярдап койдук.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ ٱلۡأَبۡرَارَ يَشۡرَبُونَ مِن كَأۡسٖ كَانَ مِزَاجُهَا كَافُورًا
Жакшы (ыймандуу) адамдар (бейиштерде) «каафуур»[1] аралаштырылган (шарапты) чөйчөктөрдөн ичишет.
[1] “Каафуур” дегени бейиштеги шарапка анын муздактыгын, жыттуулугун жана өткүрлүгүн ашырыш үчүн аралаштырыла турган өтө тунук булак. (Куртубий)
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
عَيۡنٗا يَشۡرَبُ بِهَا عِبَادُ ٱللَّهِ يُفَجِّرُونَهَا تَفۡجِيرٗا
(“Каафуур”) булагы...Аны Аллахтын (бейишке арзыган) пенделери (каалаган жерине) агызышып, (каалагандай) ичишет.[1]
[1] Кааласа, атайын арыкчалар менен «жетелеп» бейиш бактарынын ичине алып кирип, кааласа бал, сүт жана туп-тунук суулар аккан дарыялардын жээгиндеги сөрүлөрдө жамбаштап жатып ичишет. Эгер каалашса алтындан, жакуттан жасалган сарайлардын алдына агызып барышат.
Кийинки аятта мына ушундай бейиш жыргалына кимдер арзый турганы айтылат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يُوفُونَ بِٱلنَّذۡرِ وَيَخَافُونَ يَوۡمٗا كَانَ شَرُّهُۥ مُسۡتَطِيرٗا
Алар (дүйнө жашоосунда) назирлерин[1] аткарышкан жана жамандыгы жайылган күндөн (Кыяматтан жана андагы Аллахтын азабынан) коркушкан.
[1] “Назир” бул, бир пенденин “Мен паландай ниетиме жеткеним үчүн Аллах таалага арнап түкүндөй ибадат кылып беремин” деп, өзүнө-өзү милдет жүктөшүнө айтылат. Иши оңунан келген кээ бир мусулмандар өзү каалаганча орозо кармап же намаз окуп берүүнү, же болбосо булардан башка ибадаттарды назир кылышат. Кайсы пенде Аллах таалага арнап кандайдыр назир кылса, аны албетте аткарышы – парыз.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَيُطۡعِمُونَ ٱلطَّعَامَ عَلَىٰ حُبِّهِۦ مِسۡكِينٗا وَيَتِيمٗا وَأَسِيرًا
Жана бей-бечараларга, жетимдер менен туткундагыларга, өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедирип[1] (мындай дешкен):
[1] Чыныгы мусулмандар жетимдердин малын баса калып жебейт. Кайра аларга өз жанынан каражат кылып, өзү сүйгөн тамактардан жедирет. Ошондой эле, чыныгы мусулмандар согуш мезгилинде туткундарга катаал мамиле жасабайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّمَا نُطۡعِمُكُمۡ لِوَجۡهِ ٱللَّهِ لَا نُرِيدُ مِنكُمۡ جَزَآءٗ وَلَا شُكُورًا
«Биз силерди Аллахтын Жүзү (ыраазычылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّا نَخَافُ مِن رَّبِّنَا يَوۡمًا عَبُوسٗا قَمۡطَرِيرٗا
Биз Раббибизден (жана жүрөктү) сыга турган, оор күндөн (Кыяматтан) коркобуз».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَوَقَىٰهُمُ ٱللَّهُ شَرَّ ذَٰلِكَ ٱلۡيَوۡمِ وَلَقَّىٰهُمۡ نَضۡرَةٗ وَسُرُورٗا
Анан Аллах аларды ушул күндүн жамандыгынан куткарып (жүздөрүнө) нур жана кубаныч (белгилерин) берди.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَجَزَىٰهُم بِمَا صَبَرُواْ جَنَّةٗ وَحَرِيرٗا
Жана (дүйнө жашоосунда шайтандын, напсинин азгырыктарына) сабыр кылгандары себептүү аларды бейиш менен, жибек (кийимдер) менен сыйлады.[1]
[1] Жибек кийимдерди бул дүйнөдө кийүү мусулман эркектер үчүн арам. Бул текеберленип кетпесин дегендик. Ал эми, ден-соолукка байланыштуу кандайдыр бир себеп менен (маселен, котур сыяктуу жараат чыкканда) жибек кийим кийсе, буга тоскоол жок. Анткени, исламда "зарылдыктар тыюу салууларды жокко чыгарат" деген эреже бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
مُّتَّكِـِٔينَ فِيهَا عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِۖ لَا يَرَوۡنَ فِيهَا شَمۡسٗا وَلَا زَمۡهَرِيرٗا
Алар ал жердеги (бейиштеги) сөрүлөргө жөлөнүп отурушат. Ал жерде алар күндү(н ысыгын) да, кычыраган суукту да көрүшпөйт.[1]
[1] Бул аят бейиштеги аба-ырайы жөнүндө маалымат берет. Ал жерде өтө катуу ысык да, кычыраган суук да жок. Жан эргиткен орточо аба ырайы гана болот.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَدَانِيَةً عَلَيۡهِمۡ ظِلَٰلُهَا وَذُلِّلَتۡ قُطُوفُهَا تَذۡلِيلٗا
Аларга бейиш (бактарынын) көлөкөcү тийип, мөмөлөрү ийилип турат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَيُطَافُ عَلَيۡهِم بِـَٔانِيَةٖ مِّن فِضَّةٖ وَأَكۡوَابٖ كَانَتۡ قَوَارِيرَا۠
Аларга күмүш идиштер(де тамак-аш) жана шише чөйчөктөр(дө шарап) айлантып турулат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَوَارِيرَاْ مِن فِضَّةٖ قَدَّرُوهَا تَقۡدِيرٗا
Күмүш чөйчөктөр… Аны(н ичиндеги шарапты кызматчылар кажетке жараша) өлчөп-ченеп (куюп) турушат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَيُسۡقَوۡنَ فِيهَا كَأۡسٗا كَانَ مِزَاجُهَا زَنجَبِيلًا
Ал жерде (ыймандууларга) занжабил[1] аралаштырылган шарап,
[1] Имбирь. Жыпар жыттуу жана дарылык касиети жогору өсүмдүк.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
عَيۡنٗا فِيهَا تُسَمَّىٰ سَلۡسَبِيلٗا
(жана) «Салсабил» деп аталган (агып турган) булак (суусу ичирилет).
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
۞ وَيَطُوفُ عَلَيۡهِمۡ وِلۡدَٰنٞ مُّخَلَّدُونَ إِذَا رَأَيۡتَهُمۡ حَسِبۡتَهُمۡ لُؤۡلُؤٗا مَّنثُورٗا
Аларды(н кызматында) түбөлүк жаш жигиттер айланып-тегеренишет. Эгер сен аларды көрсөң чачылган берметтерби деп ойлойсуң.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِذَا رَأَيۡتَ ثَمَّ رَأَيۡتَ نَعِيمٗا وَمُلۡكٗا كَبِيرًا
Назар салсаң ал жерде (түгөнгүс) нээматарды жана өтө чоң дөөлөттү көрөсүң.[1]
[1] Бул дүйнөдө дин-ыйманын байлык-мүлккө алмаштырбаган момундарды ал жерде Аллах таала мүлктүн түрүнө көмүп салат. Ал мүлктүн кээ бир түрлөрү жогоруда баяндалды. Кээ бирлеринин баяны кийинки аяттарда.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
عَٰلِيَهُمۡ ثِيَابُ سُندُسٍ خُضۡرٞ وَإِسۡتَبۡرَقٞۖ وَحُلُّوٓاْ أَسَاوِرَ مِن فِضَّةٖ وَسَقَىٰهُمۡ رَبُّهُمۡ شَرَابٗا طَهُورًا
Алардын (бейишке түшкөн ыймандуулардын) үстүндө жашыл жибектен жана (алтын-күмүш, асыл таштар кадалган) баркут-кымкаптан кийимдер… (Эркек-аялынын баарынын колдоруна) күмүш билериктер тагылган… Раббилери аларды тунук-пакиза шарап менен сугарган…
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ هَٰذَا كَانَ لَكُمۡ جَزَآءٗ وَكَانَ سَعۡيُكُم مَّشۡكُورًا
(Оо, ыймандуу пенделер!) Булар – силер үчүн сыйлык! Жана силердин (дүйнөдөгү аз гана) аракетиңер[1] ченемсиз нээматтар менен төлөндү!
[1] Бул дүйнөдө Аллахтын мыйзамын кармап жашоо үчүн анча деле көп аракеттер талап кылынбайт. Булкунган напсини тыйып, ар кадамда чабуулга өтчү шайтан азгырыктарына сергек болсо эле, Шариятты кармап жашоо өтө жеңил. Адамдар убактылуу дүйнө үчүн жасаган аракеттеринин ондон бирин да Дин үчүн жумшашпайт. Көпчүлүк динчил адамдар деле “Бир аз байлык чогултуп, үй-жай курап алайын, андан кийин динге аракет кыламын” деген ой менен жашап жатышат. Алар буга үлгүрөбү?! Аллах таала болсо Куранда оболу ыйманды оңдогула андан кийин баары оңолот, асман-жерден береке эшиктери ачылат деген мааниде насаат айтат. (“Аьраф”-96) Наадан пенде дагы эле өз билгенинен калбайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّا نَحۡنُ نَزَّلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡقُرۡءَانَ تَنزِيلٗا
Чынында Биз (оо, Мухаммад) сага Куранды[1] бөлүп-бөлүп түшүрдүк.
[1] Демек, Курани Каримди тез-тез окуп, эскерип, анда айтылган маанилерди көңүлгө түйүп жүрүш керек. Бул иш Кураан менен амал кылып жашоого өбөлгө болот.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَٱصۡبِرۡ لِحُكۡمِ رَبِّكَ وَلَا تُطِعۡ مِنۡهُمۡ ءَاثِمًا أَوۡ كَفُورٗا
Сен эми, Раббиңдин өкүмүнө сабыр кылгын[1] жана алардан (каапырлардан) болгон шүгүрсүз, күнөөкөр адамдарга моюн сунбагын!
[1] Раббинин эки түрдүү өкүмү бар: 1) Тагдырдагы өкүм. 2) Диний өкүм. Раббисинин тагдырга тиешелүү өкүмү боюнча пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламдын аялы, абасы, баласы жана кызы өзүнөн мурда кайтыш болгон. Буга сабырдан башка даба жок. Диний өкүмгө сабыр кылуу маселен, жихаддардын, дааваттардын оорчулуктарына, түнкү жана эрте мененки намазга туруунун оорчулугуна, Рамазан орозосунун ачкачылыгына ж.б.у.с. ибадаттардын түйшүгүнө сабыр кылуу менен болот.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَٱذۡكُرِ ٱسۡمَ رَبِّكَ بُكۡرَةٗ وَأَصِيلٗا
Жана Раббиңдин ысымын эртели-кеч эскерип (зикир кылып) жүргүн![1]
[1] Албетте, эртели-кеч Аллах тааланы эстеп, Анын ар бир кыймыл-аракетибизди көрүп, билип турганын эсинен чыгарбаган адам күнөө иштерге барбайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمِنَ ٱلَّيۡلِ فَٱسۡجُدۡ لَهُۥ وَسَبِّحۡهُ لَيۡلٗا طَوِيلًا
Түндүн бир бөлүгүндө Ага сажда кыл жана түндөсү узун-узун тасбих айт!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ يُحِبُّونَ ٱلۡعَاجِلَةَ وَيَذَرُونَ وَرَآءَهُمۡ يَوۡمٗا ثَقِيلٗا
Чынында, алар (каапырлар) дүйнөнү сүйөт жана оор күндү (Кыяматты) артына таштап (көңүл бурбай) коюшат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
نَّحۡنُ خَلَقۡنَٰهُمۡ وَشَدَدۡنَآ أَسۡرَهُمۡۖ وَإِذَا شِئۡنَا بَدَّلۡنَآ أَمۡثَٰلَهُمۡ تَبۡدِيلًا
Аларды Биз жаратып, бүт тулку-боюн бекем-кубаттуу кылган элек! Эгер кааласак, аларды (жаратылышы боюнча) өздөрүнө окшогон[1] (бирок, каапыр болбой турган, башка) пенделерге алмаштырып коебуз![2]
[1] Каапырларды да Аллах жараткан. Алар деле Адам-Атанын урпактары. Аллах таала аларга өмүр тартуулады. Бакубат жашоого себеп боло турган акыл-эс менен күч-кубаттан да кем кылбады. Бирок, алар Аллах берген акыл-эс менен күч-кудуретти кайра Аллах тааланын жолуна каршы иштетишти. Бул жеткен кыянатчылык эле.
[2] Тарых бою Аллах таала кыянатчыл коомдордон канчасын кыйратты... Алар мекендеген жайлар башка коомдорго мурас калды. Бирок, каапырлар тарыхтан үлгү албай келе жатышат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ هَٰذِهِۦ تَذۡكِرَةٞۖ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ سَبِيلٗا
Аныгында, бул (Куран) - эскерме. Ким кааласа, Раббиси тарапка (түз) жолду кармай алат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمٗا
(Бирок) силер Аллах каалаган нерсени гана каалай аласыңар. Аллах - Билүүчү, Даанышман!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يُدۡخِلُ مَن يَشَآءُ فِي رَحۡمَتِهِۦۚ وَٱلظَّٰلِمِينَ أَعَدَّ لَهُمۡ عَذَابًا أَلِيمَۢا
Ал Өзү каалаган пенделерин ырайымынын астына алат. Ал эми, залымдарга болсо, катуу азапты даярдап койгон!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: ছুৰা আল-ইনছান
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

বন্ধ