Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: হূদ   আয়াত:
فَلَمَّا جَآءَ أَمۡرُنَا جَعَلۡنَا عَٰلِيَهَا سَافِلَهَا وَأَمۡطَرۡنَا عَلَيۡهَا حِجَارَةٗ مِّن سِجِّيلٖ مَّنضُودٖ
Лут коомуна биздин кыйратуучу буйругубуз келгенде алар жашаган айылды көтөрүп астын-үстүн кылып төңкөрүп салдык. Жана аларга асмандан токтоосуз таш жааган жамгыр жаадырдык.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
مُّسَوَّمَةً عِندَ رَبِّكَۖ وَمَا هِيَ مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ بِبَعِيدٖ
Бул таштар Аллахтын алдында атайын белгилер менен белгиленген. Ал таштар курайштык жана андан башка заалымдарга түшүүсү да алыс эмес. Балким ал таштардын түшүүсү жакын. Аллах ал таштардын түшүүсүн качан тагдыр кылган болсо, анда ошол убакта аларга түшөт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
۞ وَإِلَىٰ مَدۡيَنَ أَخَاهُمۡ شُعَيۡبٗاۚ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥۖ وَلَا تَنقُصُواْ ٱلۡمِكۡيَالَ وَٱلۡمِيزَانَۖ إِنِّيٓ أَرَىٰكُم بِخَيۡرٖ وَإِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٖ مُّحِيطٖ
Мадиян коомуна (алардын өзүнөн чыккан) бир тууганы Шуайбды жибердик. Ал мындай деди: «О, элим! Жалгыз Аллахка ибадат кылгыла. Силер үчүн Аллахтан башка ибадатка татыктуу зат жок. Адамдарга бир нерсени өлчөп же таразага тартып берген учурда таразадан же чен-өлчөмдөн азайтып алдабагыла. Чынында, мен силерде кенен ырыскы, жакшылыкты көрүп турамын. Андыктан, өзүңөр күнөө кылып Аллахтын жакшылыктарын азайтып албагыла. Чынында мен силердин ар бириңерге келүүчү күндүн азабынан корком. Ал күндүн азабынан качып кутулууга баш калкалоочу жай таба албайсыңар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَيَٰقَوۡمِ أَوۡفُواْ ٱلۡمِكۡيَالَ وَٱلۡمِيزَانَ بِٱلۡقِسۡطِۖ وَلَا تَبۡخَسُواْ ٱلنَّاسَ أَشۡيَآءَهُمۡ وَلَا تَعۡثَوۡاْ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُفۡسِدِينَ
Оо, элим! Өзүңөрдөн башкаларга бир нерсени өлчөп же тартып жатканыңарда таразаны же өлчөмдү адилеттүүлүк менен тарткыла. Адамдардын акыларынан бир нерсени алдап алып азайтпагыла. Жер бетинде өлтүрүү жана башка күнөөлөр менен бузукулукту таратпагыла.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
بَقِيَّتُ ٱللَّهِ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَۚ وَمَآ أَنَا۠ عَلَيۡكُم بِحَفِيظٖ
Адамдардын акылары адилеттүүлүк менен өтөлгөндөн кийин Аллах силерге калтырган адал нерселерде, жер бетинде бузукулук таратууга жана алдап алынган ашыкча нерселерге караганда өтө көп жакшылыктар жана берекелер бар. Эгерде чыныгы ыймандуу болсоңор, анда калган адал нерселерге ыраазы болгула. Мен силерге кылган ишиңерди эсептеп силер менен эсептешкен көзөмөлдөөчү эмесмин. Бирок Ал бардык нерселерди Көзөмөлдөөчү купуя жана жашыруун сырды билген Зат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالُواْ يَٰشُعَيۡبُ أَصَلَوٰتُكَ تَأۡمُرُكَ أَن نَّتۡرُكَ مَا يَعۡبُدُ ءَابَآؤُنَآ أَوۡ أَن نَّفۡعَلَ فِيٓ أَمۡوَٰلِنَا مَا نَشَٰٓؤُاْۖ إِنَّكَ لَأَنتَ ٱلۡحَلِيمُ ٱلرَّشِيدُ
Шуайбтын эли ага айтышты: «Эй, Шуайб! Аллах үчүн окуган намазың сага биздин ата-бабаларыбыз сыйынган кудайларга сыйынууну таштоого буюрабы? Жана бизди мал-мүлкүбүздү каалагандай иштетүүнү жана каалагандай көбөйтүүнү таштоого буюрабы? Чындыгында сен кечиримдүү туура жолду көргөзүүчүсүн. Сен бизди бул динге чакырардан мурда эле биз сени акылдуу данышман деп таныйт элек. Сага эмне болду?
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالَ يَٰقَوۡمِ أَرَءَيۡتُمۡ إِن كُنتُ عَلَىٰ بَيِّنَةٖ مِّن رَّبِّي وَرَزَقَنِي مِنۡهُ رِزۡقًا حَسَنٗاۚ وَمَآ أُرِيدُ أَنۡ أُخَالِفَكُمۡ إِلَىٰ مَآ أَنۡهَىٰكُمۡ عَنۡهُۚ إِنۡ أُرِيدُ إِلَّا ٱلۡإِصۡلَٰحَ مَا ٱسۡتَطَعۡتُۚ وَمَا تَوۡفِيقِيٓ إِلَّا بِٱللَّهِۚ عَلَيۡهِ تَوَكَّلۡتُ وَإِلَيۡهِ أُنِيبُ
Шуайб өз элине айтты: «Оо, элим! Мага абалыңарды айткылачы! Мен Раббим тараптан ачык далил жана көрөгөч болдум. Мага Раббим тараптан адал ырыскы жана Ал тараптан пайгамбарлык берилди. Андыктан мен силерди бир нерседен кайтарып аны аткаргыла деп каршы чыгууну каалабаймын. Мен күчүмдүн жетишинче силерди Раббиңерге шерик кошпой жалгыз ага сыйынууга чакырып, силерди оңолууңарды гана каалаймын. Мына ушулардын болуусуна аруу Аллах гана ийгилик берет. Бардык иштеримде Ага гана тобокел кылып кайтамын.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• من سنن الله إهلاك الظالمين بأشد العقوبات وأفظعها.
• Аллах заалымдарды өтө катуу жана коркунучтуу азаптар менен кыйратып жок кылат.

• حرمة نقص الكيل والوزن وبخس الناس حقوقهم.
• Өлчөмдөн жана таразадан азайтып адамдардын акысын алдап алуу арам.

• وجوب الرضا بالحلال وإن قل.
• Адал нерсе аз болсо да ага ыраазы болуу милдет.

• فضل الأمر بالمعروف والنهي عن المنكر، ووجوب العمل بما يأمر الله به، والانتهاء عما ينهى عنه.
• Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюунун артыкчылыгы. Аллах буюрган иш-аракеттерди аткарып, тыйган иштерден кайтуу милдет.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: হূদ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ