আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ আয়াত: (67) ছুৰা: ছুৰা ইউছুফ
وَقَالَ يَٰبَنِيَّ لَا تَدۡخُلُواْ مِنۢ بَابٖ وَٰحِدٖ وَٱدۡخُلُواْ مِنۡ أَبۡوَٰبٖ مُّتَفَرِّقَةٖۖ وَمَآ أُغۡنِي عَنكُم مِّنَ ٱللَّهِ مِن شَيۡءٍۖ إِنِ ٱلۡحُكۡمُ إِلَّا لِلَّهِۖ عَلَيۡهِ تَوَكَّلۡتُۖ وَعَلَيۡهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُتَوَكِّلُونَ
Аларга атасы осуят кылып айтты: «Шаарга киргенде чогу бир эшиктен кирбегиле. Ар башка эшиктен киргиле! Мунун себеби кимдир бирөө силерге зыян берүүнү кааласа зыяны баарыңарга чогу тийип калуусунан сактайт. Бирок бул нерсени Аллах силерге каалаган зыяндан коргош үчүн же Аллах силерге каалабаган пайдага жеткириш үчүн айткан жокмун. Тагдыр – Аллахтын гана жазган тагдыры. Буйрук дагы Анын гана буйругу. Бардык иштеримде Ага гана тобокел кылдым. Тобокел кылгандар бардык иштеринде жалгыз Ага гана тобокел кылышат».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• الأمر بالاحتياط والحذر ممن أُثِرَ عنه غدرٌ، وقد ورد في الحديث الصحيح: ((لَا يُلْدَغُ المُؤْمِنٌ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ))، [أخرجه البخاري ومسلم].
Зыяны тие турган иштен этият болуп сактануу зарыл. Бухари жана Муслимде жазылган ишенимдүү хадисте "Ыймандуу мусулман бир уядан эки жолу чагылбайт" деп айтылган.

• من وجوه الاحتياط التأكد بأخذ المواثيق المؤكدة باليمين، وجواز استحلاف المخوف منه على حفظ الودائع والأمانات.
Касам ичүү менен анык убада алып тастыктатуу – этияттыктын түрлөрүнө кирет жана аманатка берилген нерселерди сакташ үчүн коркунуч туудурган адамды касам ичирүүгө уруксат.

• يجوز لطالب اليمين أن يستثني بعض الأمور التي يرى أنها ليست في مقدور من يحلف اليمين.
Касам ичүүнү сураган адам касам ичкен адамдын мүмкүнчүлүгү жетпеген кээ бир абалдарда жеңилдик берүүсүнө уруксат.

• من الأخذ بالأسباب الاحتياط من المهالك.
Себептерди аткаруу – коркунуч туудурган абалдардан этияттык болуп эсептелет.

 
অৰ্থানুবাদ আয়াত: (67) ছুৰা: ছুৰা ইউছুফ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

বন্ধ