আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ আয়াত: (34) ছুৰা: ছুৰা আল-ইছৰা
وَلَا تَقۡرَبُواْ مَالَ ٱلۡيَتِيمِ إِلَّا بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُ حَتَّىٰ يَبۡلُغَ أَشُدَّهُۥۚ وَأَوۡفُواْ بِٱلۡعَهۡدِۖ إِنَّ ٱلۡعَهۡدَ كَانَ مَسۡـُٔولٗا
Аталары өлгөн жаш балдардын мал-мүлктөрүн пайдаланбагыла. Бир гана ага пайда болуп көбөйө турган болсо жана сакталып тура турган болсо, анда анын акылы толуп чоңойгонго чейин пайдалансаңар болот. Аллах менен силердин ортоңордогу келишимди жана силер менен Анын пенделеринин ортосундагы келишимдерди бузбай же кемитпей аткаргыла. Чындыгында Аллах убада берген адамдан убадасын аткардыбы же аткарбадыбы сурайт. Эгерде аткарган болсо, анда ага сыйлыгын берет, а эгер аткарбаган болсо, анда ага жазасын берет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• الأدب الرفيع هو رد ذوي القربى بلطف، ووعدهم وعدًا جميلًا بالصلة عند اليسر، والاعتذار إليهم بما هو مقبول.
Жакын туугандарга жумшактык менен жооп кайтаруу, бакубатчылыкта алар менен карым-катнашты кубаттоо жана үзүрлүү абалдарда алардан кечирим суроо – улуу адептерден болуп эсептелет.

• الله أرحم بالأولاد من والديهم؛ فنهى الوالدين أن يقتلوا أولادهم خوفًا من الفقر والإملاق وتكفل برزق الجميع.
Аллах таала балдарга ата-энесинен да мээримдүү. Ошондуктан Ал кедейликтен, жокчулуктан коркуп ата-энелерди өз балдарын өлтүрүүсүнөн тыйды жана бүт баарынын ырыскысын Өз мойнуна алды.

• في الآيات دليل على أن الحق في القتل للولي، فلا يُقْتَص إلا بإذنه، وإن عفا سقط القصاص.
Кылмышкерди өлтүрүү укугу өлгөн адамдын жакындарына гана берилет жана алардын уруксаты менен гана өч алынат. Эгер аны кечип жиберишкен болсо, анда өч алынбайт. Буга аяттарда далилдер келди.

• من لطف الله ورحمته باليتيم أن أمر أولياءه بحفظه وحفظ ماله وإصلاحه وتنميته حتى يبلغ أشده.
Жетимдин жоопкерчилигин алган адамдарга ал бой жеткенге чейин анын мал-мүлкүн жок кылбай сактоого жана туура пайдаланып аны көбөйтүүгө болгон Аллахтын буйругу – Анын жетимдерге болгон мээримдүүлүгүнөн жана ырайымдуулугунан.

 
অৰ্থানুবাদ আয়াত: (34) ছুৰা: ছুৰা আল-ইছৰা
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

বন্ধ