আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ আয়াত: (17) ছুৰা: ছুৰা আল-কাহাফ
۞ وَتَرَى ٱلشَّمۡسَ إِذَا طَلَعَت تَّزَٰوَرُ عَن كَهۡفِهِمۡ ذَاتَ ٱلۡيَمِينِ وَإِذَا غَرَبَت تَّقۡرِضُهُمۡ ذَاتَ ٱلشِّمَالِ وَهُمۡ فِي فَجۡوَةٖ مِّنۡهُۚ ذَٰلِكَ مِنۡ ءَايَٰتِ ٱللَّهِۗ مَن يَهۡدِ ٱللَّهُ فَهُوَ ٱلۡمُهۡتَدِۖ وَمَن يُضۡلِلۡ فَلَن تَجِدَ لَهُۥ وَلِيّٗا مُّرۡشِدٗا
Алар буйрулгандай аткарышты. Ошондо Аллах аларды узак уйкуга уктатты. Аларды душмандарынан сактады. Эгерде аларды көргөн болсоң, Күн чыгыштан чыгып үңкүрдүн оң жагына тийип өтөт. Ал эми батып жатканда үңкүрдүн сол жагына тийип батат. Алар дайыма көлөкөдө болуп күндүн ысыгы аларга зыян бербейт. Алар кең үңкүрдө муктаж болгон аба менен дем алып турушат. Алардын узак уйкуга кеткендиги, аларга күн тийбей өтүшү, жаткан жерлеринин кеңдиги жана душмандарынан кутулгандагы жакшылыктар – алар үңкүргө киришкенде болду. Мына бул Аллахтын таң каларлык кудуретинен. Аллах кимди туура жолго багыттаса, анда чыныгы туура жолду тапты. Эгерде кимди адаштырып туура жолдон алыс кылса, анда аны туура жолго салган эч бир жардамчыны таба албайсың. Анткени туура жолго түшүү адамдын колунда эмес, Аллахтын колунда.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• من حكمة الله وقدرته أن قَلَّبهم على جنوبهم يمينًا وشمالًا بقدر ما لا تفسد الأرض أجسامهم، وهذا تعليم من الله لعباده.
Аллах даанышмандуулугу менен жана кудурети менен жер адамдын денесин чиритип жибербеш үчүн адамды уктаганда оң жагына жана сол жагына оодарып турат.

• جواز اتخاذ الكلاب للحاجة والصيد والحراسة.
Үй-жайды кайтаруу үчүн, ууга чыгуу үчүн жана башка муктаждык үчүн ит бакса уруксат.

• انتفاع الإنسان بصحبة الأخيار ومخالطة الصالحين حتى لو كان أقل منهم منزلة، فقد حفظ ذكر الكلب لأنه صاحَبَ أهل الفضل.
Адам такыба жана жакшы адамдар менен туура мамиледе болуш керек. Алардан даражасы төмөн болсо да алар менен бирге жүрүү керек. Анткени бул окуяда айтылган ит такыба адамдар менен бирге болгондуктан, ал туурасында Куранда айтылып калды.

• دلت الآيات على مشروعية الوكالة، وعلى حسن السياسة والتلطف في التعامل مع الناس.
Бул аяттар соодада башка бирөөнү өкүл кылуу уруксат экендигине далил болот. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөз менен жана жумшак мамиледе болууга үндөйт.

 
অৰ্থানুবাদ আয়াত: (17) ছুৰা: ছুৰা আল-কাহাফ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

বন্ধ