Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আল-বাক্বাৰাহ   আয়াত:
وَإِذۡ نَجَّيۡنَٰكُم مِّنۡ ءَالِ فِرۡعَوۡنَ يَسُومُونَكُمۡ سُوٓءَ ٱلۡعَذَابِ يُذَبِّحُونَ أَبۡنَآءَكُمۡ وَيَسۡتَحۡيُونَ نِسَآءَكُمۡۚ وَفِي ذَٰلِكُم بَلَآءٞ مِّن رَّبِّكُمۡ عَظِيمٞ
Эй, Исраил урпактары! Биз бир кезде силерди Фараондун жан-жөкөрлөрү көрсөткөн түрлүү азаптардан куткарганыбызды эстегиле. Анткени алар силерди кордош жана кемсинтиш максатта тукумуңарды курутуу үчүн уулдарыңарды өлтүрүштү жана чоңойгондо аларга кызмат кылат деп кыздарыңарды тирүү калтырышты. Силерди Фараондун жана анын жан-жөкөрлөрүнүн зомбулугунан куткаруу – Раббиңер тараптан чоң сыноо. Балким шүгүр кыласыңар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِذۡ فَرَقۡنَا بِكُمُ ٱلۡبَحۡرَ فَأَنجَيۡنَٰكُمۡ وَأَغۡرَقۡنَآ ءَالَ فِرۡعَوۡنَ وَأَنتُمۡ تَنظُرُونَ
Жана Биз силер үчүн деңизди экиге бөлүп, ал аркылуу өтүшүңөр үчүн кургак жол кылып, силерди куткарганыбызды жана душманыңар Фараонду жана анын жан-жөкөрлөрүн көз алдыңарда деңизге чөктүрүп жибергенибизди эстегиле.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِذۡ وَٰعَدۡنَا مُوسَىٰٓ أَرۡبَعِينَ لَيۡلَةٗ ثُمَّ ٱتَّخَذۡتُمُ ٱلۡعِجۡلَ مِنۢ بَعۡدِهِۦ وَأَنتُمۡ ظَٰلِمُونَ
Ошондой эле бул жакшылыктардын ичинен нур жана туура жол болгон Тооратты толук түшүрүү үчүн Муса менен кырк түнгө убадалашканыбызды эстегиле. Кийин силер ошол арада торпокко сыйынып кеттиңер. Силер бул кылыгыңар менен залым болдуңар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ثُمَّ عَفَوۡنَا عَنكُم مِّنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ
Андан соң Биз силерди тообо кылганыңардан кийин кечирдик, балким Аллахка жакшылап сыйынып, Ага баш ийүү менен шүгүр кылышат деп жазалабадык.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِذۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡفُرۡقَانَ لَعَلَّكُمۡ تَهۡتَدُونَ
Жана бул жакшылыктардын ичинен силерди туура жолго түшсүн деген үмүттө акыйкат менен жалганды ажыратуучу, туура жол менен адашууну айырмалоочу Тооратты Мусага бергенибизди эстегиле.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِذۡ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوۡمِهِۦ يَٰقَوۡمِ إِنَّكُمۡ ظَلَمۡتُمۡ أَنفُسَكُم بِٱتِّخَاذِكُمُ ٱلۡعِجۡلَ فَتُوبُوٓاْ إِلَىٰ بَارِئِكُمۡ فَٱقۡتُلُوٓاْ أَنفُسَكُمۡ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ عِندَ بَارِئِكُمۡ فَتَابَ عَلَيۡكُمۡۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلتَّوَّابُ ٱلرَّحِيمُ
Дагы бул жакшылыктардын ичинен Аллах силерге торпокко сыйынганыңардан кийин тообо кылууга мүмкүнчүлүк бергенин эстегиле. Анткени Муса силерге айткан: «Силер торпокту кудай тутуп сыйынып, өзүңөргө зулум кылдыңар. Эми Жаратуучуңарга тообо кылгыла жана Ага кайткыла. Анүчүн бири-бириңерди өлтүргүлө. Ушундай жол менен тообо кылуу – тозокто түбөлүк калууга алып баруучу каапырлыктан кайтпай жүргөндөн жакшыраак. Анан силер Аллахтын ийгилиги жана жардамы менен аны аткардыңар, Ал тообоңорду кабыл кылды. Анткени Ал тооболорду көп кабыл кылуучу, пенделерине ырайымдуу.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِذۡ قُلۡتُمۡ يَٰمُوسَىٰ لَن نُّؤۡمِنَ لَكَ حَتَّىٰ نَرَى ٱللَّهَ جَهۡرَةٗ فَأَخَذَتۡكُمُ ٱلصَّٰعِقَةُ وَأَنتُمۡ تَنظُرُونَ
Жана силердин ата-бабаларыңар Мусага тайманбастык менен кайрылып: «Биз Аллахты жашыруусуз өз көзүбүз менен көрмөйүнчө сага ишенбейбиз» – деп айткандарын эстегиле. Ошондо кээ бириңер башкаларды карап турганда силерди алоолонгон от жалмаган себептүү өлтүрүлдүңөр.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ثُمَّ بَعَثۡنَٰكُم مِّنۢ بَعۡدِ مَوۡتِكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ
Кийин силерди Аллахтын берген бул жакшылыктарына шүгүр кылышат деп өлгөнүңөрдөн кийин тирилттик.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَظَلَّلۡنَا عَلَيۡكُمُ ٱلۡغَمَامَ وَأَنزَلۡنَا عَلَيۡكُمُ ٱلۡمَنَّ وَٱلسَّلۡوَىٰۖ كُلُواْ مِن طَيِّبَٰتِ مَا رَزَقۡنَٰكُمۡۚ وَمَا ظَلَمُونَا وَلَٰكِن كَانُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ
Дагы силерге кылган жакшылыктарыбыздан, жер бетинде адашып жүргөнүңөрдө күндүн ысыгынан көлөкө болсун деп булуттарды жибердик жана силерге жакшылык катары бал сыяктуу таттуу суусундукту, бөдөнө сыяктуу эти даамдуу кичинекей канаттууну түшүрдүк. Биз силерге ырыскы кылган адал нерселерден жегиле деп айттык. Алардын бул жакшылыктарды жокко чыгарып, четке кагуулары себептүү Биздин эч нерсебиз кемип кетпейт. Бирок алар энчиленген соопторду азайтып, жазага дуушар кылуу менен өздөрүнө зыян келтиришти.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• عِظَمُ نعم الله وكثرتها على بني إسرائيل، ومع هذا لم تزدهم إلا تكبُّرًا وعنادًا.
Аллахтын Исраил урпактарына кылган жакшылыктарынын улуулугу жана көптүгү. Бирок ага карабастан, бул алардын текеберлигин жана баш ийбестегин күчөттү.

• سَعَةُ حِلم الله تعالى ورحمته بعباده، وإن عظمت ذنوبهم.
Пенделердин күнөөлөрү канчалык чоң болсо да, Аллахтын аларга карата болгон токтоолугу менен ырайымдуулугунун кеңдиги.

• الوحي هو الفَيْصَلُ بين الحق والباطل.
Вахий – акыйкат менен жалганды ажыратуучу.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আল-বাক্বাৰাহ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ