আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ আয়াত: (150) ছুৰা: ছুৰা আল-বাক্বাৰাহ
وَمِنۡ حَيۡثُ خَرَجۡتَ فَوَلِّ وَجۡهَكَ شَطۡرَ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِۚ وَحَيۡثُ مَا كُنتُمۡ فَوَلُّواْ وُجُوهَكُمۡ شَطۡرَهُۥ لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَيۡكُمۡ حُجَّةٌ إِلَّا ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ مِنۡهُمۡ فَلَا تَخۡشَوۡهُمۡ وَٱخۡشَوۡنِي وَلِأُتِمَّ نِعۡمَتِي عَلَيۡكُمۡ وَلَعَلَّكُمۡ تَهۡتَدُونَ
Оо, пайгамбар! Кайсы жерден чыксаң да, кайда болсоң да, намаз окууну кааласаң, жүзүңдү Аль-Харам мечити тарапка бур. Оо, ыймандуулар! Адамдар муну силерге каршы далил кылбаш үчүн, силер дагы кайсы жерде болбогула, намаз окууну каалаган кезде жүзүңөрдү ошол тарапка бургула. Бирок алардын арасынан залымдары гана баш ийбестигин улантышат жана эң алсыз далилдерди силерге каршы колдонушат. Алардан коркпогула, Раббиңердин буйруктарын аткарып, тыюуларын таштоо менен жалгыз Андан корккула. Аллах силерди бардык үммөттөрдөн айырмалап, жакшылыгын толук берүү үчүн жана силерди адамдар үчүн эң касиеттүү кыбылыга багыттоо үчүн Каабага жүздөнүүнү шариятка киргизди.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• إطالة الحديث في شأن تحويل القبلة؛ لما فيه من الدلالة على نبوة محمد صلى الله عليه وسلم.
Кыбыланын өзгөрүүсүндө Мухаммаддын пайгамбарлыгына далилдер болгону себептүү ал тууралуу кеңири айтылды.

• ترك الجدال والاشتغالُ بالطاعات والمسارعة إلى الله أنفع للمؤمن عند ربه يوم القيامة.
Талаш-тартышты таштоо, ибадаттар менен алек болуу жана Аллахка карай шашылуу кыямат күнү ыймандуу адам үчүн Раббисинин алдында пайдалуу.

• أن الأعمال الصالحة الموصلة إلى الله متنوعة ومتعددة، وينبغي للمؤمن أن يسابق إلى فعلها؛ طلبًا للأجر من الله تعالى.
Аллахка жеткирүүчү жакшы иштердин түрү көп. Аллахтын сообуна жетүү үчүн ыймандуу адам аларды аткарууга шашылуусу зарыл.

• عظم شأن ذكر الله -جلّ وعلا- حيث يكون ثوابه ذكر العبد في الملأ الأعلى.
Аллах тааланы зикир кылуунун маанилүүлүгү. Анын сыйлыгы катары Аллах пендесин периштелердин алдында эскерет.

 
অৰ্থানুবাদ আয়াত: (150) ছুৰা: ছুৰা আল-বাক্বাৰাহ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

বন্ধ