আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ আয়াত: (196) ছুৰা: ছুৰা আল-বাক্বাৰাহ
وَأَتِمُّواْ ٱلۡحَجَّ وَٱلۡعُمۡرَةَ لِلَّهِۚ فَإِنۡ أُحۡصِرۡتُمۡ فَمَا ٱسۡتَيۡسَرَ مِنَ ٱلۡهَدۡيِۖ وَلَا تَحۡلِقُواْ رُءُوسَكُمۡ حَتَّىٰ يَبۡلُغَ ٱلۡهَدۡيُ مَحِلَّهُۥۚ فَمَن كَانَ مِنكُم مَّرِيضًا أَوۡ بِهِۦٓ أَذٗى مِّن رَّأۡسِهِۦ فَفِدۡيَةٞ مِّن صِيَامٍ أَوۡ صَدَقَةٍ أَوۡ نُسُكٖۚ فَإِذَآ أَمِنتُمۡ فَمَن تَمَتَّعَ بِٱلۡعُمۡرَةِ إِلَى ٱلۡحَجِّ فَمَا ٱسۡتَيۡسَرَ مِنَ ٱلۡهَدۡيِۚ فَمَن لَّمۡ يَجِدۡ فَصِيَامُ ثَلَٰثَةِ أَيَّامٖ فِي ٱلۡحَجِّ وَسَبۡعَةٍ إِذَا رَجَعۡتُمۡۗ تِلۡكَ عَشَرَةٞ كَامِلَةٞۗ ذَٰلِكَ لِمَن لَّمۡ يَكُنۡ أَهۡلُهُۥ حَاضِرِي ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ
Ажылык жана умраны Аллах тааланын Жүзүн көздөп толук аткаргыла. Эгер оору же душман жолтоо болуп толук аткара албай калсаңар, анда ихрамдан чыгууңар үчүн төөдөн же уйдан же койдон колуңардан келгенин курмандыкка чалгыла. Курмандык малды союуга уруксат болгон жайга жеткенге чейин чачыңарды кырбагыла жана кыскартпагыла. Эгерде аларды Аль-Харамга алып кирүүгө тыюу салынса, анда ошол тыйылган жеринде курмандыкка чалсын. Эгерде Аль-Харамга алып кирүүгө тыюу болбосо, анда Курман айт күнү же андан кийинки ташрик күндөрү Аль-Харамдын ичинде сойсун. Силердин араңардан ким оорулуу болсо же башы биттеп ж.б.у.с. нерселер менен чачынын азабын тартса жана ушундан улам чачын кырып салса, ага эч кандай күнөө болбойт. Ал үчүн мындан кутуулуу акысы – үч күн орозо кармайт, же Аль-Харамдагы кембагалдардан алтоосун тойгузат, же бир кой союп Аль-Харамдагы кедейлерге таркатып берет. Эгерде силер үчүн коркунуч болбосо, араңардан ким ажылык айларында умра кылууну кааласа жана ошол жылы ажылык үчүн ихрамга киргенге чейин ихрам учурундагы тыйылган нерселерди пайдаланса, анда ал колунан келишинче бир кой же жети адам биригип бир төө же бир уй сойсун. Эгерде курмандык чалууга кудурети жетпесе, анын ордуна ажылык күндөрүнүн үч күнүндө орозо кармайт жана үй-бүлөсүнө кайткан кезде жети күн орозо кармайт, ошондо баары биригип он күн болот. Милдеттүү түрдө курмандык чалуу менен билгеликте бул пайдалануу (таматту ажылыгын аткаруу) же курмандык чалууга кудурети жетпегендердин орозо тутуусу Аль-Харамдын эли менен ага жакын жашагандардан башкаларга тийиштүү. Анткени аларга таматту ажылыгын кылуу зарыл эмес. Алар Аль-Харамда болгондуктан ажылыкка чейин умрадан пайдаланып жалпы эле таваф кылганы жетиштүү болот. Аллахтын шариятын ээрчип, чектерин улуктоо менен Андан корккула. Билгиле, Аллахтын буйругуна каршы чыккандарга Анын жазасы катаал.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• مقصود الجهاد وغايته جَعْل الحكم لله تعالى وإزالة ما يمنع الناس من سماع الحق والدخول فيه.
Аллах жолунда согушуунун максаты – өкүмдү Аллах таалага таандык кылуу, адамдардын акыйкатты угуусуна жана аны кабыл кылуусуна тоскоол болгон нерселерди жок кылуу.

• ترك الجهاد والقعود عنه من أسباب هلاك الأمة؛ لأنه يؤدي إلى ضعفها وطمع العدو فيها.
Аллах жолунда согушууну токтотуу жана ага барбай коюу – үммөттүн кыйроосунун себептеринин бири. Анткени ал анын алсыроосуна жана душмандын ага көз артуусуна алып келет.

• وجوب إتمام الحج والعمرة لمن شرع فيهما، وجواز التحلل منهما بذبح هدي لمن مُنِع عن الحرم.
Шарият талап кылгандарга ажылык менен умраны толук аткаруу милдет жана Аль-Харамга кирүүдөн тыйылгандар үчүн курмандык чалуу менен андан кутулуу уруксат.

 
অৰ্থানুবাদ আয়াত: (196) ছুৰা: ছুৰা আল-বাক্বাৰাহ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

বন্ধ