আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ আয়াত: (255) ছুৰা: ছুৰা আল-বাক্বাৰাহ
ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡحَيُّ ٱلۡقَيُّومُۚ لَا تَأۡخُذُهُۥ سِنَةٞ وَلَا نَوۡمٞۚ لَّهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۗ مَن ذَا ٱلَّذِي يَشۡفَعُ عِندَهُۥٓ إِلَّا بِإِذۡنِهِۦۚ يَعۡلَمُ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡۖ وَلَا يُحِيطُونَ بِشَيۡءٖ مِّنۡ عِلۡمِهِۦٓ إِلَّا بِمَا شَآءَۚ وَسِعَ كُرۡسِيُّهُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَۖ وَلَا يَـُٔودُهُۥ حِفۡظُهُمَاۚ وَهُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡعَظِيمُ
Аллах – жалгыз Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү, анда эч кандай өлүм да, кемчилик да болбойт. Ал Өзү жеке бүт баарын кармап Туруучу жана жараткандарынын эч бирине муктаж эмес. Бардык макулуктар Ал себептүү кармалып турат жана алар бардык абалдарында Ага муктаж. Анын кемчиликсиз тирүүлүгү жана бүт баарын кармап турганы себептүү Аны үргүлөө да, уйку да албайт. Асмандар менен жердин мүлкү жалгыз Ага таандык. Анын уруксаты жана макулдугу болмоюнча эч ким Анын алдында шапаат кылууга акысы жок. Ал жараткандардын иштерине байланыштуу болуп өткөн жана келечекте боло турган нерселерди билет. Ал эми алар Анын илиминен Өзү каалап билдирген нерсени гана биле алышат. Анын Курсийи (Раббинин эки таманынын орду) асмандар менен жерди кеңдигине жана чоңдугуна карабастан өзүнө камтып турат. Аларды сактап туруу Ага оорчулук жана машакат жаратпайт. Ал Өз Заты, кудурети жана үстөмдүгү менен Бийик, Өз мүлкүндө жана падышалыгында Улук.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• أن الله تعالى قد فاضل بين رسله وأنبيائه، بعلمه وحكمته سبحانه.
Аллах таала Өзүнүн илими жана даанышмандыгы менен пайгамбарларын жана элчилерин бири-биринен артык кылды.

• إثبات صفة الكلام لله تعالى على ما يليق بجلاله، وأنه قد كلم بعض رسله كموسى ومحمد عليهما الصلاة والسلام.
Аллах таала Өз улуулугуна жараша сүйлөө сыпатына ээ экендигин тастыктоо. Ал Муса жана Мухаммад сыяктуу кээ бир пайгамбарлары менен сүйлөшкөн.

• الإيمان والهدى والكفر والضلال كلها بمشيئة الله وتقديره، فله الحكمة البالغة، ولو شاء لهدى الخلق جميعًا.
Ыйман, туура жол, каапырлык жана адашуу, мунун баарысы Аллахтын каалоосу жана тагдыры менен болот. Мунун артында чоң сыр бар. Эгер Аллах кааласа, бардык адамдарды туура жолго салып коймок.

• آية الكرسي هي أعظم آية في كتاب الله، لما تضمنته من ربوبية الله وألوهيته وبيان أوصافه .
Аят аль-Курси – Аллахтын китебиндеги эң улук аят. Анткени ал өзүнө Аллахтын жаратуучулугун, сыйынууга татыктуулун жана Анын сыпаттарынын түшүндүрмөсүн камтыган.

• اتباع الإسلام والدخول فيه يجب أن يكون عن رضًا وقَبول، فلا إكراه في دين الله تعالى.
Исламды ээрчүү жана ага кирүү ыраазылык жана макулдук менен болуусу керек. Аллах тааланын дининде мажбурлоо жок.

• الاستمساك بكتاب الله وسُنَّة رسوله أعظم وسيلة للسعادة في الدنيا، والفوز في الآخرة.
Аллахтын китебин жана Анын элчисинин сүннөтүн кармануу – бул дүйнөдөгү бактылуулуктун жана акыреттеги жеңиштин эң чоң себеби.

 
অৰ্থানুবাদ আয়াত: (255) ছুৰা: ছুৰা আল-বাক্বাৰাহ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

বন্ধ