আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ আয়াত: (286) ছুৰা: ছুৰা আল-বাক্বাৰাহ
لَا يُكَلِّفُ ٱللَّهُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَاۚ لَهَا مَا كَسَبَتۡ وَعَلَيۡهَا مَا ٱكۡتَسَبَتۡۗ رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذۡنَآ إِن نَّسِينَآ أَوۡ أَخۡطَأۡنَاۚ رَبَّنَا وَلَا تَحۡمِلۡ عَلَيۡنَآ إِصۡرٗا كَمَا حَمَلۡتَهُۥ عَلَى ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِنَاۚ رَبَّنَا وَلَا تُحَمِّلۡنَا مَا لَا طَاقَةَ لَنَا بِهِۦۖ وَٱعۡفُ عَنَّا وَٱغۡفِرۡ لَنَا وَٱرۡحَمۡنَآۚ أَنتَ مَوۡلَىٰنَا فَٱنصُرۡنَا عَلَى ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Аллах эч бир жанга анын мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча нерсени жүктөбөйт. Анткени Аллахтын дини жеңилдикке негизделген, анда эч кандай кыйынчылык жок. Ким жакшылык кылса, анын сыйлыгын алат, андан эч нерсе кемитилбейт. Ким жамандык кылса, анын жазасын тартат, аны башка бирөө көтөрбөйт. Пайгамбар жана ыймандуулар айтышты: «Оо, Раббибиз! Кайсы бир иште же сөздө атайлабастан ката кетирсек же унутуп калсак бизди азаптаба. Оо, Раббибиз! Сен бизден мурун зулумдуктары себептүү жазалаган жөөттөргө милдет кылгандай бизге оорчулукту жараткан жана аткара албаган иштерди милдет кылба, бизге кыйынчылыкты жараткан жана күчүбүз жетпеген буйруктарды жана тыюуларды жүктөбө, күнөөлөрүбүздү кеч, бизди кечир жана бизге айкөлдүгүң менен ырайым кыл. Сен биздин Комкорчубузсуң жана Колдоочубузсуң, каапырлар коомуна каршы бизге жардам бер».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• جواز أخذ الرهن لضمان الحقوق في حال عدم القدرة على توثيق الحق، إلا إذا وَثِقَ المتعاملون بعضهم ببعض.
Укуктук документтерди ырастоо мүмкүн болбогон учурда укуктардын кепилдиги катары күрөө алууга уруксат. Эгерде тараптар бири-бирине ишенген болсо, анда зарыл эмес.

• حرمة كتمان الشهادة وإثم من يكتمها ولا يؤديها.
Күбөлүктү жашыруу арам жана аны жашырып, аткарбагандар күнөөкөр.

• كمال علم الله تعالى واطلاعه على خلقه، وقدرته التامة على حسابهم على ما اكتسبوا من أعمال.
Аллах тааланын илими жана жараткандары тууралуу билгичтиги кемчиликсиз жана алардан иш-аракеттери үчүн сурак алууда кудуреттүүлүгү чексиз.

• تقرير أركان الإيمان وبيان أصوله.
Ыймандын түркүктөрүн жана анын негиздеринин баяндоо.

• قام هذا الدين على اليسر ورفع الحرج والمشقة عن العباد، فلا يكلفهم الله إلا ما يطيقون، ولا يحاسبهم على ما لا يستطيعون.
Бул дин жеңилдикке, пенделердин түйшүгүн жана кыйынчылыгын жок кылууга негизделген. Аллах аларга мүмкүнчүлүктөрү жеткен нерселерди гана милдет кылат жана аларды колунан келбеген нерселер үчүн жоопко тартпайт.

 
অৰ্থানুবাদ আয়াত: (286) ছুৰা: ছুৰা আল-বাক্বাৰাহ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

বন্ধ