আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: ছুৰা আন-নামল   আয়াত:

Намл

ছুৰাৰ উদ্দেশ্য:
الامتنان على النبي صلى الله عليه وسلم بنعمة القرآن وشكرها والصبر على تبليغه.
Пайгамбардын Куран неьматына шүгүр кылып, аны жеткирүүдө сабыр кылуусу

طسٓۚ تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡقُرۡءَانِ وَكِتَابٖ مُّبِينٍ
Та, сиин. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген. Сага түшүрүлгөн бул аяттар – Куран аяттары жана эч кандай бүдөмүгү жок ачык-айкын Китеп. Ага ой жүгүрткөн адам анын Аллах тараптан экенин билет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
هُدٗى وَبُشۡرَىٰ لِلۡمُؤۡمِنِينَ
Бул аяттар акыйкат жолго багыттоочу, ошондой эле Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиргендерге сүйүнчү кабар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ٱلَّذِينَ يُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُؤۡتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَهُم بِٱلۡأٓخِرَةِ هُمۡ يُوقِنُونَ
Алар намазды толук түрдө аткарышат, тийиштүү жактарга мал-мүлктөрүнөн сарптап зекет беришет жана алар акыретте боло турган сыйлык жана жазага терең ишенишет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ زَيَّنَّا لَهُمۡ أَعۡمَٰلَهُمۡ فَهُمۡ يَعۡمَهُونَ
Ал эми акыреттеги боло турган сыйлык жана жазага ишенбеген каапырларга Биз алардын кылган иштерин кооз кылып көргөзүп койдук. Алар аны кылышкандарын токтоткон жок. Алар тууралыкка да, акыйкатка да келбей дендароо болуп жүрүшөт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ لَهُمۡ سُوٓءُ ٱلۡعَذَابِ وَهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ هُمُ ٱلۡأَخۡسَرُونَ
Ушул айтылган сыпаттагы адамдарга бул дүйнөдө өлтүрүү, туткунга түшүү сыяктуу жаман азаптар бар. Ал эми акыретте алар эң чоң жоготууга учураган адамдардан болот. Анткени алар кыяматта өздөрүн да, үй-бүлөсүн да түбөлүк тозокто калтыруу менен кыйроого учуратат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِنَّكَ لَتُلَقَّى ٱلۡقُرۡءَانَ مِن لَّدُنۡ حَكِيمٍ عَلِيمٍ
Оо, пайгамбар! Чындыгында сен бул түшкөн Куранды Даанышман тараптан алып жатасың. Ал Өз жаратуусунда, башкаруусунда жана өкүм чыгаруусунда Даанышман, пенделеринин кызыкчылыктарынын эч бири Ага жашыруун болбогон Билүүчү.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِذۡ قَالَ مُوسَىٰ لِأَهۡلِهِۦٓ إِنِّيٓ ءَانَسۡتُ نَارٗا سَـَٔاتِيكُم مِّنۡهَا بِخَبَرٍ أَوۡ ءَاتِيكُم بِشِهَابٖ قَبَسٖ لَّعَلَّكُمۡ تَصۡطَلُونَ
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Муса өз үй-бүлөсүнө: «Мен от көрдүм. Ошол от жаккандардан бизге жолду көргөзүп койгула деп сурап же силерге суукта жылынганга ошол оттон бир аз чок алып келейин» – деди.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَلَمَّا جَآءَهَا نُودِيَ أَنۢ بُورِكَ مَن فِي ٱلنَّارِ وَمَنۡ حَوۡلَهَا وَسُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Качан ал көргөн от күйгөн жерге жеткенде Аллах ага кайрылып айтты: «Оттун ичиндегиге жана анын айланасындагы периштелерге береке болсун! Ааламдардын Раббиси улук жана Ал адашуучулар айтып жаткан Ага ылайыксыз сыпаттардан аруу!».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَٰمُوسَىٰٓ إِنَّهُۥٓ أَنَا ٱللَّهُ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Аллах ага айтты: «Оо, Муса! Бул Мен Аллах – эч ким Мени жеңе албаган Кудуреттүүмүн жана жаратуумда, тагдыр жана өкүм кылуумда Даанышманмын.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَأَلۡقِ عَصَاكَۚ فَلَمَّا رَءَاهَا تَهۡتَزُّ كَأَنَّهَا جَآنّٞ وَلَّىٰ مُدۡبِرٗا وَلَمۡ يُعَقِّبۡۚ يَٰمُوسَىٰ لَا تَخَفۡ إِنِّي لَا يَخَافُ لَدَيَّ ٱلۡمُرۡسَلُونَ
Таягыңда ташта!». Муса айтканды аткарды. Качан Муса анын жыландай болуп кыймылдап жатканын көргөндө, бурулуп артына карабай качты. Ошондо Аллах ага айтты: «Андан коркпо! Чындыгында Менин алдымда пайгамбарлар жыландан же башка нерселерден коркушпайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِلَّا مَن ظَلَمَ ثُمَّ بَدَّلَ حُسۡنَۢا بَعۡدَ سُوٓءٖ فَإِنِّي غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Бирок ким күнөө кылып өзүнө зулумдук кылса, андан соң тообо кылган болсо, анда Мен ага Кечиримдүүмүн, Ырайымдуумун.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَأَدۡخِلۡ يَدَكَ فِي جَيۡبِكَ تَخۡرُجۡ بَيۡضَآءَ مِنۡ غَيۡرِ سُوٓءٖۖ فِي تِسۡعِ ءَايَٰتٍ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَقَوۡمِهِۦٓۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمٗا فَٰسِقِينَ
Колуңду моюндан ылдый көйнөгүңдүн ачык жерине сал, аны салгандан кийин ала оорусунун агындай эмес кардай аппак болуп чыгат. Бул Фараодун жана анын коомунун алдында сенин чындылдыгыңды күбөлөндүргөн тогуз керемет белгилерден (кол, таяк, кургакчылык, түшүмдүн жоктугу, суу каптоо, саранчалар, биттер, бакалар, кан). Чындыгында алар каапырлык кылышып Аллахка моюн сунуудан баш тартышкандар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَلَمَّا جَآءَتۡهُمۡ ءَايَٰتُنَا مُبۡصِرَةٗ قَالُواْ هَٰذَا سِحۡرٞ مُّبِينٞ
Качан аларга Биз Өзүбүз колдоп Мусага берген керемет белгилерибиз келгенде алар айтышты: «Муса алып келген бул керемет белгилер анык эле сыйкыр».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• القرآن هداية وبشرى للمؤمنين.
Куран – ыймандуулар үчүн туура жол жана сүйүнүч кабар.

• الكفر بالله سبب في اتباع الباطل من الأعمال والأقوال، والحيرة، والاضطراب.
Аллахка каапырлык кылуу – жалган иштерди жана сөздөрдү ээрчүүгө, дендароо болууга, термелүүгө алып барат.

• تأمين الله لرسله وحفظه لهم سبحانه من كل سوء.
Аллах пайгамбарларды бардык жамандыктардан коргойт.

وَجَحَدُواْ بِهَا وَٱسۡتَيۡقَنَتۡهَآ أَنفُسُهُمۡ ظُلۡمٗا وَعُلُوّٗاۚ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُفۡسِدِينَ
Алар бул аят-белгилерге каапыр болушту жана Аллах тараптан экенин билип турушса да зулумдуктары жана акыйкатты кабыл алуудан текеберленишкени себептүү аларды моюнга алышкан жок. Оо, пайгамбар! Ойлонуп көрчү, каапырлык жана күнөө кылып жер бетинде бузукулук кылгандардын акыбети кандай болду эле. Биз алардын бүт баарын тыптыйпыл кылып жок кылдык.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا دَاوُۥدَ وَسُلَيۡمَٰنَ عِلۡمٗاۖ وَقَالَا ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي فَضَّلَنَا عَلَىٰ كَثِيرٖ مِّنۡ عِبَادِهِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Биз Дауд менен анын уулу Сулайманга илим бердик. Ал илимдин ичинде канаттуулардын тилин билүү да бар. Дауд менен Сулайман Аллах Таалага шүгүр кылып: «Аллахка алкыш-мактоолор болсун! Ал бизге илим, пайгамбарлык берүү менен көп ыймандуу пенделеринен артык кылды» дешти.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَوَرِثَ سُلَيۡمَٰنُ دَاوُۥدَۖ وَقَالَ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ عُلِّمۡنَا مَنطِقَ ٱلطَّيۡرِ وَأُوتِينَا مِن كُلِّ شَيۡءٍۖ إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلۡفَضۡلُ ٱلۡمُبِينُ
Сулайман атасы Дауддан кийин пайгамбарлыкты, илимди жана бийликти мураска алды. Ал Аллахтын ага жана атасына кылган жакшылыгын сөз кылып мындай деди: «Оо, адамдар! Аллах бизге канаттуулардын үндөрүн түшүнүүнү үйрөттү, бизге пайгамбарларга жана падышаларга берген бардык нерседен берди. Чындыгында Аллахтын бизге берген бул нерсеси ачык-айкын артыкчылык».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَحُشِرَ لِسُلَيۡمَٰنَ جُنُودُهُۥ مِنَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِ وَٱلطَّيۡرِ فَهُمۡ يُوزَعُونَ
Жана Сулайманга адамдардан, жиндерден, канаттуу куштардан турган аскерлери чогултулду жана алар тартип менен тизилип турушту.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
حَتَّىٰٓ إِذَآ أَتَوۡاْ عَلَىٰ وَادِ ٱلنَّمۡلِ قَالَتۡ نَمۡلَةٞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّمۡلُ ٱدۡخُلُواْ مَسَٰكِنَكُمۡ لَا يَحۡطِمَنَّكُمۡ سُلَيۡمَٰنُ وَجُنُودُهُۥ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Алар жол жүрүп отуруп, (Шам жергесиндеги) кумурскалардын өрөөнүнө келишкенде бир кумурска мындай деди: «Эй, кумурскалар! Уяңарга киргиле! Сулайман менен аскерлери силерди байкабай тепселеп өлтүрүп кетишпесин. Эгер алар силерди билишсе, анда тепселешмек эмес».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَتَبَسَّمَ ضَاحِكٗا مِّن قَوۡلِهَا وَقَالَ رَبِّ أَوۡزِعۡنِيٓ أَنۡ أَشۡكُرَ نِعۡمَتَكَ ٱلَّتِيٓ أَنۡعَمۡتَ عَلَيَّ وَعَلَىٰ وَٰلِدَيَّ وَأَنۡ أَعۡمَلَ صَٰلِحٗا تَرۡضَىٰهُ وَأَدۡخِلۡنِي بِرَحۡمَتِكَ فِي عِبَادِكَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Качан Сулайман анын бул айткан сөзүн укканда ага жылмайып күлдү жана Раббисине дуба кылып айтты: «Оо, Раббим! Мага жана ата-энеме берген жакшылыктарыңа шүгүр кылууга мага мүмкүнчүлүк бер жана аны көңүлүмө сал! Ошондой эле Сен ыраазы болгон жакшылык иштерди кылууга ийгилик бер жана такыба пенделериң менен биргеликте мени Өз ырайымыңа ал».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَتَفَقَّدَ ٱلطَّيۡرَ فَقَالَ مَالِيَ لَآ أَرَى ٱلۡهُدۡهُدَ أَمۡ كَانَ مِنَ ٱلۡغَآئِبِينَ
Сулайман канаттуу куштарды бир сыйра кароодон өткөрүп жатып үпүптү таппады. Ошондо ал айтты: «Мага эмне болгон, үпүптү көрбөй жатам? Аны көрүүмө бир нерсе тоскоол болуп жатабы же ал бул жерде жокпу?».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
لَأُعَذِّبَنَّهُۥ عَذَابٗا شَدِيدًا أَوۡ لَأَاْذۡبَحَنَّهُۥٓ أَوۡ لَيَأۡتِيَنِّي بِسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٖ
Анын жок экени ага маалым болгондо ал айтты: «Мен аны катуу азап менен азаптайм же келбегени үчүн жаза катары аны соём же келбей калганынын себебин ачыктаган анык далил алып келсин».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَمَكَثَ غَيۡرَ بَعِيدٖ فَقَالَ أَحَطتُ بِمَا لَمۡ تُحِطۡ بِهِۦ وَجِئۡتُكَ مِن سَبَإِۭ بِنَبَإٖ يَقِينٍ
Үпүптүн жок болгону көпкө созулган жок. Ал келип Сулайманга мындай деди: «Мен сен билбеген нерсени билип келдим. Мен сага Саба элинен эч кандай шеги жок чын кабар менен келдим.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• التبسم ضحك أهل الوقار.
Жылмаюу – салабаттуу адамдардын күлгөнү.

• شكر النعم أدب الأنبياء والصالحين مع ربهم.
Жакшылыктарга шүгүр кылуу пайгамбарлардын жана такыбалуу, жакшы адамдардын Раббиси менен болгон адеби.

• الاعتذار عن أهل الصلاح بظهر الغيب.
Жакшы адамдарды өзү жок кезинде каталарын кечирим менен кароо.

• سياسة الرعية بإيقاع العقاب على من يستحقه، وقبول عذر أصحاب الأعذار.
Кол астындагылардын арасынан жазага татыктууларын жазалоо менен аларды башкаруу жана кечиримдүү себептери бар адамдарга кечирим берүү.

• قد يوجد من العلم عند الأصاغر ما لا يوجد عند الأكابر.
Кээде улууларда болбогон илим кичүүлөрдө болушу мүмкүн.

إِنِّي وَجَدتُّ ٱمۡرَأَةٗ تَمۡلِكُهُمۡ وَأُوتِيَتۡ مِن كُلِّ شَيۡءٖ وَلَهَا عَرۡشٌ عَظِيمٞ
Мен аларды аял башкарганын көрдүм. Ал аялга кубаттуулуктун жана бийликтин бүткүл себептери берилиптир. Анын чоң тактысы бар экен, ал анын үстүнөн туруп элинин көйгөйлөрүн чечет экен.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَجَدتُّهَا وَقَوۡمَهَا يَسۡجُدُونَ لِلشَّمۡسِ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَزَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ أَعۡمَٰلَهُمۡ فَصَدَّهُمۡ عَنِ ٱلسَّبِيلِ فَهُمۡ لَا يَهۡتَدُونَ
Мен ал аял менен анын коомун Аллахтан башка күнгө сажда кылып жатышканын көрдүм. Шайтан алардын кылган ширк менен күнөө иштерин кооз кылып көргөзүп, аларды акыйкат жолдон адаштырыптыр жана алар ага түшүшкөн жок.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَلَّاۤ يَسۡجُدُواْۤ لِلَّهِ ٱلَّذِي يُخۡرِجُ ٱلۡخَبۡءَ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَيَعۡلَمُ مَا تُخۡفُونَ وَمَا تُعۡلِنُونَ
Шайтан аларды жалгыз Аллахка сажда кылбасын деп ширк менен күнөө иштерди кооздоп көргөзүптүр. Ал асмандагы жашырылган жамгырды жана жердеги жашырылган өсүмдүктөрдү чыгарат. Ал алардын жашырган да, ачык кылган да иштерин билет. Булардын эч бири Ага жашыруун эмес.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ رَبُّ ٱلۡعَرۡشِ ٱلۡعَظِيمِ۩
Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал улуу Арштын Раббиси.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
۞ قَالَ سَنَنظُرُ أَصَدَقۡتَ أَمۡ كُنتَ مِنَ ٱلۡكَٰذِبِينَ
Сулайман үпүпкө айтты: «Айткан сөзүңдүң чын же жалган экенин азыр текшерип көрөбүз».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ٱذۡهَب بِّكِتَٰبِي هَٰذَا فَأَلۡقِهۡ إِلَيۡهِمۡ ثُمَّ تَوَلَّ عَنۡهُمۡ فَٱنظُرۡ مَاذَا يَرۡجِعُونَ
Ошондо Сулайман кат жазды жана аны сасык үпүпкө берип, мындай деди: «Бул катты алгының да, аны Саба элине ташта, аларга жеткир. Анан четкерээк туруп, кат жөнүндө эмне деп айткандарын тыңшап тур».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالَتۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمَلَؤُاْ إِنِّيٓ أُلۡقِيَ إِلَيَّ كِتَٰبٞ كَرِيمٌ
Ханыша аял ал катты алып мындай деди: «Оо, кадырмандар! Мага бир олуттуу кат келиптир.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّهُۥ مِن سُلَيۡمَٰنَ وَإِنَّهُۥ بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
Бул жиберилген кат Сулаймандан экен. Анын мазмуну мындайча башталыптыр: «Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен баштаймын.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَلَّا تَعۡلُواْ عَلَيَّ وَأۡتُونِي مُسۡلِمِينَ
Текеберлик кылбагыла жана мен силерди чакырган нерсеге баш ийип келгиле, жалгыз Аллахка сыйынгыла жана силер Аны менен катар күнгө сыйынуу менен кылып жаткан ширкти таштагыла».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالَتۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمَلَؤُاْ أَفۡتُونِي فِيٓ أَمۡرِي مَا كُنتُ قَاطِعَةً أَمۡرًا حَتَّىٰ تَشۡهَدُونِ
Ханыша айтты: «Оо, башчылар жана кадырмандар! Мага бул иште туура жолду көргөзгүлө. Мен силер катышмайынча жана бул нерседе оюңарды айтмайынча эч бир ишке чечим кылбайм».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالُواْ نَحۡنُ أُوْلُواْ قُوَّةٖ وَأُوْلُواْ بَأۡسٖ شَدِيدٖ وَٱلۡأَمۡرُ إِلَيۡكِ فَٱنظُرِي مَاذَا تَأۡمُرِينَ
Элиндеги кадырмандар айтышты: «Биз чоң күчкө жана согушта эбегейсиз кубаттуулукка ээбиз. Биз сиздин оюңуз менен биргебиз. Бизге кандай буйрук берүүнү ойлонуп көрүңүз. Биз аны аткарууга даярбыз».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالَتۡ إِنَّ ٱلۡمُلُوكَ إِذَا دَخَلُواْ قَرۡيَةً أَفۡسَدُوهَا وَجَعَلُوٓاْ أَعِزَّةَ أَهۡلِهَآ أَذِلَّةٗۚ وَكَذَٰلِكَ يَفۡعَلُونَ
Ханыша айтты: «Чындыгында падышалар кайсы бир шаарга басып киришсе, анын таш-талканын чыгарышат, өлтүрүшөт, талап-тоношот. Ага чейин күч-кудуретке ээ башчыларды жана кадырлуу адамдарды кордукка салышат. Ошондой эле падышалар кайсы бир шаардын элин багындырса, алардын жүрөктөрүнө ар дайым коркунуч салышат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِنِّي مُرۡسِلَةٌ إِلَيۡهِم بِهَدِيَّةٖ فَنَاظِرَةُۢ بِمَ يَرۡجِعُ ٱلۡمُرۡسَلُونَ
Мен каттын ээсине жана элине белек тартуу кылайын. Анан белектерди тартуу кылгандан кийин элчилер эмне менен кайтарын көрөйүн».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• إنكار الهدهد على قوم سبأ ما هم عليه من الشرك والكفر دليل على أن الإيمان فطري عند الخلائق.
Үпүптүн Саба коому кылып жаткан ширк менен каапырлыкты жактырбоосу — жан-жаныбар, адамдардын түпкү табиятында Аллахты таануу, ыйман бар экенине далил болот.

• التحقيق مع المتهم والتثبت من حججه.
Жабыркоочу менен такташуу жана анын далилдерин жакшылап териштирүү.

• مشروعية الكشف عن أخبار الأعداء.
Душмандардын кабарын билип турууга уруксат.

• من آداب الرسائل افتتاحها بالبسملة.
Катты Аллахтын ысымы менен баштоо кат жазуунун адептеринен.

• إظهار عزة المؤمن أمام أهل الباطل أمر مطلوب.
Жалганчылардын алдында ыймандуунун күч-кубатын көргөзүү талап кылынган нерселерден.

فَلَمَّا جَآءَ سُلَيۡمَٰنَ قَالَ أَتُمِدُّونَنِ بِمَالٖ فَمَآ ءَاتَىٰنِۦَ ٱللَّهُ خَيۡرٞ مِّمَّآ ءَاتَىٰكُمۚ بَلۡ أَنتُم بِهَدِيَّتِكُمۡ تَفۡرَحُونَ
Качан анын элчиси менен жардамчылары Сулайманга белектерди алып келишкенде, ал алардын белек тартуу кылгандарын четке кагып мындай деди: «Мени силерге тийишпесин деп мага мал-мүлк менен жардам берейин дедиңерби? Аллах мага берген пайгамбарлык, бийлик жана байлык силердин берген нерсеңерден жакшыраак. Тескерисинче, силерге бул дүйнөнүн арзыбаган нерселери белек кылынса, сүйүнгөн адамдардансыңар».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ٱرۡجِعۡ إِلَيۡهِمۡ فَلَنَأۡتِيَنَّهُم بِجُنُودٖ لَّا قِبَلَ لَهُم بِهَا وَلَنُخۡرِجَنَّهُم مِّنۡهَآ أَذِلَّةٗ وَهُمۡ صَٰغِرُونَ
Сулайман анын элчисине айтты: «Белектериңди ал дагы, кайра аларга кайтып бар! Эми биз ага жана элине алар туруштук бере албай тургандай аскер менен барып, аларды Сабадан кууп чыгабыз. Эгер алар мага моюн сунуп келишпесе, буга чейинки күч-кубаттуулугун жоготуп, кордукка туш болушат».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالَ يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمَلَؤُاْ أَيُّكُمۡ يَأۡتِينِي بِعَرۡشِهَا قَبۡلَ أَن يَأۡتُونِي مُسۡلِمِينَ
Сулайман падышалык башчыларга кайрылып: «Оо, төбөлдөр! Алар мага моюн сунуп келишкенге чейин ким анын бийлик тактысын алып келе алат?» – деди.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالَ عِفۡرِيتٞ مِّنَ ٱلۡجِنِّ أَنَا۠ ءَاتِيكَ بِهِۦ قَبۡلَ أَن تَقُومَ مِن مَّقَامِكَۖ وَإِنِّي عَلَيۡهِ لَقَوِيٌّ أَمِينٞ
Жиндердин дөө-шааларынан болгон бирөөсү айтты: «Мен анын тактысын сен ушул отурган жериңден турганга чейин алып келе алам. Чындыгында мен аны алып келүүгө кудуреттүүмүн, андан эч нерсени кемитпей толук алып келүүгө ишеничтүүмүн».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالَ ٱلَّذِي عِندَهُۥ عِلۡمٞ مِّنَ ٱلۡكِتَٰبِ أَنَا۠ ءَاتِيكَ بِهِۦ قَبۡلَ أَن يَرۡتَدَّ إِلَيۡكَ طَرۡفُكَۚ فَلَمَّا رَءَاهُ مُسۡتَقِرًّا عِندَهُۥ قَالَ هَٰذَا مِن فَضۡلِ رَبِّي لِيَبۡلُوَنِيٓ ءَأَشۡكُرُ أَمۡ أَكۡفُرُۖ وَمَن شَكَرَ فَإِنَّمَا يَشۡكُرُ لِنَفۡسِهِۦۖ وَمَن كَفَرَ فَإِنَّ رَبِّي غَنِيّٞ كَرِيمٞ
Сулаймандын алдындагы бир такыба аалым киши айтты. Анын Китептен илими бар эле, анын ичинде Аллахтын улуу ысымы айтылган, аны атап дуба кылынса, жооп берилген. Ошол киши айтты: «Мен аны көзүңдү ирмегенче эле алып келе алам. Мен Аллахка дуба кылам, Ал ошол замат алып келет. Ошондо ал дуба кылды, Аллах анын дубасына жооп берди. Качан Сулайман көз алдында тактынын турганын көргөндө мындай деди: «Бул Раббимдин мени жакшылыктарга шүгүр кылабы же аларды танып кетеби деп сынаш үчүн берген артыкчылыгы. Кимде-ким Аллахка шүгүр кылса, анда анын шүгүр кылганынын пайдасы өзүнө гана кайтат. Аллах Беймуктаж, пенделердин шүгүр кылганы Ага эч нерсени кошпойт. Ал эми ким Аллахтын жакшылыктарын танып, Ага шүгүр кылбаса, анда Раббим анын шүгүр кылуусуна Беймуктаж, Кеңпейил. Жакшылыктарды тангандарга да жоомарттык кылуусу – Анын кең пейилдигинен».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالَ نَكِّرُواْ لَهَا عَرۡشَهَا نَنظُرۡ أَتَهۡتَدِيٓ أَمۡ تَكُونُ مِنَ ٱلَّذِينَ لَا يَهۡتَدُونَ
Сулайман айтты: «Анын бийлик тактысын мурунку көрүнүшүнөн башкача кылып өзгөртүп койгула. Көрөлү, ал өз тактысын таанып кетер бекен же өз буюмдарын да тааныбаган адамдардан болот бекен?».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَلَمَّا جَآءَتۡ قِيلَ أَهَٰكَذَا عَرۡشُكِۖ قَالَتۡ كَأَنَّهُۥ هُوَۚ وَأُوتِينَا ٱلۡعِلۡمَ مِن قَبۡلِهَا وَكُنَّا مُسۡلِمِينَ
Качан Сабанын ханышасы Сулайманга келгенде, аны сынаш үчүн: «Бул сенин тактыңа окшош бекен?» – деп суралды. Ал: «Дал өзү го!» – деп жооп берди. Ошондо Сулайман айтты: «Аллах бизге андан алдын ушундай нерселерди ишке ашырууга болгон кудуреттүүлүгү тууралуу илимди берген. Биз Аллахтын буйругуна ээрчийбиз, Ага моюн сунабыз».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَصَدَّهَا مَا كَانَت تَّعۡبُدُ مِن دُونِ ٱللَّهِۖ إِنَّهَا كَانَتۡ مِن قَوۡمٖ كَٰفِرِينَ
Ал эми ханышаны жалгыз Аллахка сыйынуудан өз элин ээрчип Андан башкага сыйынып келген нерсеси тосуп турду. Чындыгында ал Аллахка каапырлык кылган коомдордон эле. Ошолор сыяктуу каапыр болчу.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قِيلَ لَهَا ٱدۡخُلِي ٱلصَّرۡحَۖ فَلَمَّا رَأَتۡهُ حَسِبَتۡهُ لُجَّةٗ وَكَشَفَتۡ عَن سَاقَيۡهَاۚ قَالَ إِنَّهُۥ صَرۡحٞ مُّمَرَّدٞ مِّن قَوَارِيرَۗ قَالَتۡ رَبِّ إِنِّي ظَلَمۡتُ نَفۡسِي وَأَسۡلَمۡتُ مَعَ سُلَيۡمَٰنَ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Ага: «Хансарайга кириңиз!» – деп айтылды. Ал суунун бетиндей көрүнүштө эле. Аны көргөндө суу экен деп ойлоп, аны кечейин деп кийимин балтырына чейин көтөргөндө Сулайман ага: «Бул хансарай жылмакайлап тегизделген айнектен курулган» – деди. Анан аны Исламды кабыл алууга чакырды. Ал анын чакырыгына жооп берип мындай деди: «Оо, Раббим! Чындыгында мен Сени менен катар башкаларга сыйынып өзүмө зыян келтирип жүрүпмүн. Мен эми Сулайман менен биргеликте бүткүл ааламдардын Жаратуучусу, Башкаруучусу болгон Аллахка моюн сундум».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• عزة الإيمان تحصّن المؤمن من التأثر بحطام الدنيا.
Ыймандын кубаттуулугу ыймандуу адамды бул дүйнөдөгү нерселерге таасирленүүдөн сактайт.

• الفرح بالماديات والركون إليها صفة من صفات الكفار.
Материалдык байлыктарга сүйүнүү жана ага берилүү – каапырлардын сыпаттарынан.

• يقظة شعور المؤمن تجاه نعم الله.
Ыймандуу адамдын Аллахтын жакшылыктарына катара болгон сезимдери дайым ойгоо болот.

• اختبار ذكاء الخصم بغية التعامل معه بما يناسبه.
Душманга кандай мамиле кылуу керектигин билиш үчүн анын акылдуулугун текшерип көрүү.

• إبراز التفوق على الخصم للتأثير فيه.
Душманга таасир этүү үчүн өз үстөмдүгүн көрсөтүү.

وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَآ إِلَىٰ ثَمُودَ أَخَاهُمۡ صَٰلِحًا أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ فَإِذَا هُمۡ فَرِيقَانِ يَخۡتَصِمُونَ
Биз Самуд эли жалгыз Аллахка гана сыйынышсын деп аларга өздөрүнөн болгон тектеш тууганы Салихти жибердик. Алар анын чакырыгынан кийин эле ыймандуулар жана каапырлар болуп эки топко бөлүнүшүп, кимиси акыйкатта деп өз ара талашып тартыша баштады.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالَ يَٰقَوۡمِ لِمَ تَسۡتَعۡجِلُونَ بِٱلسَّيِّئَةِ قَبۡلَ ٱلۡحَسَنَةِۖ لَوۡلَا تَسۡتَغۡفِرُونَ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ
Салих аларга айтты: «Эмнеге силер ырайымдан мурун азапты тездет деп талап кылып жатасыңар? Андан көрө Аллах силерге ырайым кылсын деп күнөөлөрүңөр үчүн Андан кечирим тилесеңер болбойбу?».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالُواْ ٱطَّيَّرۡنَا بِكَ وَبِمَن مَّعَكَۚ قَالَ طَٰٓئِرُكُمۡ عِندَ ٱللَّهِۖ بَلۡ أَنتُمۡ قَوۡمٞ تُفۡتَنُونَ
Эли акыйкаттан баш тартып ага: «Биз сенден жана сени менен бирге болгон ыймандуулардан бир жамандык болорун жоруп жатабыз» – дешти. Салих (ага Аллахтын саламаттыгы жана тынчтыгы болсун) аларга айтты: «Башыңарга жамандык келет деп ойлоп жаткан жоромолуңардын билими Аллахтын алдында. Анын эч бири Ага жашыруун эмес. Тескерисинче, силерге берилген көптөгөн жакшылыктар жана башыңарга түшкөн жамандыктар себептүү сыналып жаткан коомсуңар».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَكَانَ فِي ٱلۡمَدِينَةِ تِسۡعَةُ رَهۡطٖ يُفۡسِدُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا يُصۡلِحُونَ
Хижр шаарында тогуз киши бар эле. Алар жер бетинде каапырлык жана күнөөлөрдү кылып бузулукулук кылышчу. Жана алар ыйман келтирип жана жакшылык иштерди кылып жер бетин оңдошкон эмес.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالُواْ تَقَاسَمُواْ بِٱللَّهِ لَنُبَيِّتَنَّهُۥ وَأَهۡلَهُۥ ثُمَّ لَنَقُولَنَّ لِوَلِيِّهِۦ مَا شَهِدۡنَا مَهۡلِكَ أَهۡلِهِۦ وَإِنَّا لَصَٰدِقُونَ
Алар (Салих пайгамбарды өлтүрмөкчү болгондор) бири-бирине: «Түндө анын үйүнө барып, аларды өлтүрөлү. Ушундай кылууга баарыбыз Аллахка ант берели». Кийин жакын туугандарына: «Биз Салих менен анын үй-бүлөсүнүн өлгөнүнөн кабарыбыз жок. Биз чындыкты сүйлөгөн адамдарбыз» – деп коёбуз» дешти.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمَكَرُواْ مَكۡرٗا وَمَكَرۡنَا مَكۡرٗا وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Алар Салих жана аны ээрчиген ыймандууларды жок кылуу үчүн жашыруун айла кылышты эле, анан Биз дагы аны колдоп, алардын айла-амалдарынан куткарып жана анын элиндеги каапырларды жок кылыш үчүн айла кылдык. Бирок алар аны билбей калышты.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ مَكۡرِهِمۡ أَنَّا دَمَّرۡنَٰهُمۡ وَقَوۡمَهُمۡ أَجۡمَعِينَ
Оо, пайгамбар! Карачы, алардын айла-амалдарынын акыбети эмне болгонун? Биз аларды Өз азабыбыз менен түп тамыры менен жок кылдык. Алардын бири да калбай жок болду.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَتِلۡكَ بُيُوتُهُمۡ خَاوِيَةَۢ بِمَا ظَلَمُوٓاْۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّقَوۡمٖ يَعۡلَمُونَ
Мына алардын үйлөрү, дубалдары бузулуп урап, зулумдук кылышкандары себептүү ээсиз бош калды. Чындыгында алардын зулумдуктары себептүү аларга азаптын түшүүсүндө ыйман келтирген коом үчүн үлгү-сабактар бар. Мына ошолор аят-белгилерден сабак алышат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَأَنجَيۡنَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَكَانُواْ يَتَّقُونَ
Биз Салихтин элинен Аллахка ыйман келтиргендерин сактап калдык. Алар Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан коркушат эле.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلُوطًا إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِۦٓ أَتَأۡتُونَ ٱلۡفَٰحِشَةَ وَأَنتُمۡ تُبۡصِرُونَ
Оо, пайгамбар! Лутту эстечи, бир кезде ал коомуна катуу эскертип айтты: «Силер чогулган жайыңарда эле бири-бириңердин көзүңөрчө жийиркеничтүү жорукту (бачабаздыкты) кыла бересиңерби?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَئِنَّكُمۡ لَتَأۡتُونَ ٱلرِّجَالَ شَهۡوَةٗ مِّن دُونِ ٱلنِّسَآءِۚ بَلۡ أَنتُمۡ قَوۡمٞ تَجۡهَلُونَ
Силер абийирди сактоону, балалуу болууну каалабастан, айбан кумарыңарды кандырыш үчүн аялдарды таштап, эркектер менен кошулуп жатасыңарбы?! Жок! Силер өзүңөргө милдет болгон ыймандан, тазалыктан жана күнөөдөн алыс болуу дегенди билбеген наадан коомсуңар».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• الاستغفار من المعاصي سبب لرحمة الله.
Күнөөлөр үчүн кечирим суроо – Аллахтын ырайымына жетүүгө себеп болот.

• التشاؤم بالأشخاص والأشياء ليس من صفات المؤمنين.
Адамдар жана башка нерселер менен жамандыкты жоромол кылуу ыймандуулардын сыпаттарынан эмес.

• عاقبة التمالؤ على الشر والمكر بأهل الحق سيئة.
Акыйкат ээлерине каршы жамандыкта жана айлакерликте бири-бирине жардам берүүнүн акыбети жамандык менен бүтөт.

• إعلان المنكر أقبح من الاستتار به.
Күнөөнү ачык кылуу аны жашырып кылгандан да жаман.

• الإنكار على أهل الفسوق والفجور واجب.
Бузукулук кылгандарды тыюу парз.

۞ فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوۡمِهِۦٓ إِلَّآ أَن قَالُوٓاْ أَخۡرِجُوٓاْ ءَالَ لُوطٖ مِّن قَرۡيَتِكُمۡۖ إِنَّهُمۡ أُنَاسٞ يَتَطَهَّرُونَ
Ошондо эли ага жооп кылып ушул гана сөздү айтты: «Луттун үй-бүлөсүн шаарыңардан чыгаргыла! Чындыгында алар ыпылас нерселерден тазаланабыз деген адамдар экен». Алар муну Луттун үй-бүлөсүн шылдыңдоо максатта айтышты. Анткени алардын кылып жаткан бузукулуктарына кошулган жок. Тескерисинче, аларды андай кылуудан эскертишти.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَأَنجَيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥٓ إِلَّا ٱمۡرَأَتَهُۥ قَدَّرۡنَٰهَا مِنَ ٱلۡغَٰبِرِينَ
Кийин Биз аны жана үй-бүлөсүн куткардык. Ал эми аялын азапка дуушар болуп, кыйрагандардын катарында болсун деп өкүм кылгандыктан куткарбадык.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَأَمۡطَرۡنَا عَلَيۡهِم مَّطَرٗاۖ فَسَآءَ مَطَرُ ٱلۡمُنذَرِينَ
Жана Биз аларга асмандан таш жаадырдык. Азап менен коркутулса да жооп бербегендерди ойрон кылуучу жамгыр кандай жаман!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قُلِ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ وَسَلَٰمٌ عَلَىٰ عِبَادِهِ ٱلَّذِينَ ٱصۡطَفَىٰٓۗ ءَآللَّهُ خَيۡرٌ أَمَّا يُشۡرِكُونَ
Оо, пайгамбар! Айт: «Жакшылыктар үчүн Аллахка мактоолор болсун жана Лут менен Салихтин коомун азаптаган азабынан пайгамбардын сахабаларына амандык болсун! Бүткүл нерсенин бийлиги Анын колунда болгон сыйынууга татыктуу Аллах жакшыбы, же пайда да, зыян да келтире албаган мушриктер сыйынып жаткан кудайларбы?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَمَّنۡ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَأَنزَلَ لَكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَنۢبَتۡنَا بِهِۦ حَدَآئِقَ ذَاتَ بَهۡجَةٖ مَّا كَانَ لَكُمۡ أَن تُنۢبِتُواْ شَجَرَهَآۗ أَءِلَٰهٞ مَّعَ ٱللَّهِۚ بَلۡ هُمۡ قَوۡمٞ يَعۡدِلُونَ
Же болбосо, асмандар менен жерди мурда болбогон көрүнүштө жаратып, силерге асмандан жамгыр суусун түшүргөн Затпы, эй адамдар?! Биз аны менен силер үчүн кооз бакчаларды өстүрдүк. Ал бакчалардагы дарактарды өстүрүү силердин колуңардан келбейт болчу. Аларды Аллах гана өстүрдү. Аллах менен катар ушундай кыла алган кудай бар бекен?! Жок! Бирок алар акыйкаттан чыгып, зулумдук кылып жаратылгандарды Жаратуучуга теңеген коом болушту.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَمَّن جَعَلَ ٱلۡأَرۡضَ قَرَارٗا وَجَعَلَ خِلَٰلَهَآ أَنۡهَٰرٗا وَجَعَلَ لَهَا رَوَٰسِيَ وَجَعَلَ بَيۡنَ ٱلۡبَحۡرَيۡنِ حَاجِزًاۗ أَءِلَٰهٞ مَّعَ ٱللَّهِۚ بَلۡ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Же болбосо, ким Жерди анын үстүндөгүлөрдү силкибей тургандай туруктуу бекем кылды, анын ичинде дарыяларды агызды, ага бекем тоолорду орнотту, ошондой эле туссуз суу бузулуп ичүүгө жараксыз болбош үчүн туздуу жана тузсуз деңиздин ортосун бөлгөн тосмо кылып койду? Аллах менен катар ушундай кыла алган кудай бар бекен?! Жок! Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт. Эгерде алар билишкенде, анда Аллахка жаратылгандарды шерик кылышмак эмес.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَمَّن يُجِيبُ ٱلۡمُضۡطَرَّ إِذَا دَعَاهُ وَيَكۡشِفُ ٱلسُّوٓءَ وَيَجۡعَلُكُمۡ خُلَفَآءَ ٱلۡأَرۡضِۗ أَءِلَٰهٞ مَّعَ ٱللَّهِۚ قَلِيلٗا مَّا تَذَكَّرُونَ
Же болбосо, ким иши оорлошуп кыйналгандын дубасына жооп берет, ооруга жана жакырлыкка ж.б. кабылган адамды куткарат, силерди Жер бетине муундан муунга бири-бириңердин ордун баскан орунбасар кылат? Аллах менен катар ушундай кыла алган кудай бар бекен?! Жок! Бирок силер өтө аз үлгү-сабак аласыңар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَمَّن يَهۡدِيكُمۡ فِي ظُلُمَٰتِ ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِ وَمَن يُرۡسِلُ ٱلرِّيَٰحَ بُشۡرَۢا بَيۡنَ يَدَيۡ رَحۡمَتِهِۦٓۗ أَءِلَٰهٞ مَّعَ ٱللَّهِۚ تَعَٰلَى ٱللَّهُ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
Же болбосо, силер үчүн белгилерди жана жылдыздарды жайгаштыруу аркылуу кургактык менен деңиз караңгылыктарында ким силерге жол көргөзөт? Жана пенделерине ырайым кылып жамгырдын жаашын сүйүнчүлөгөн шамалдарды ким жиберет? Аллах менен катар ушундай кыла алган кудай бар бекен?! Аллах алардын кылган ширктеринен аруу жана ыйык!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• لجوء أهل الباطل للعنف عندما تحاصرهم حجج الحق.
Адашкан адамдарды акыйкат далилдер менен бурчка кептегенде алар орой мамиле кылууга өтүшөт.

• رابطة الزوجية دون الإيمان لا تنفع في الآخرة.
Жубайлардын ортосундагы ыймансыз байланыш акыретте пайда бербейт.

• ترسيخ عقيدة التوحيد من خلال التذكير بنعم الله.
Аллахтын жакшылыктарын айтуу менен жалгыз Аллахка сыйынуу ишенимин бекемдөө.

• كل مضطر من مؤمن أو كافر فإن الله قد وعده بالإجابة إذا دعاه.
Кыйынчылыкка кабылган адам, ыймандуу болобу же каапыр болобу, Аллах анын дубасына жооп берем деп убада кылган.

أَمَّن يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ وَمَن يَرۡزُقُكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِۗ أَءِلَٰهٞ مَّعَ ٱللَّهِۚ قُلۡ هَاتُواْ بُرۡهَٰنَكُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Же болбосо, инсанды жатында баскыч-баскыч кылып абалкы ирет жаратып, жашоодон өлтүрүп кийин кайра тирилте турган ким? Жана силерге асман тараптан түшкөн жамгыр менен ырыскы берген, Жер бетинде өстүргөн өсүмдүктөр менен ырыскы берген ким? Аллах менен катар ушундай кыла алган кудай бар бекен?! Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Силер кылып жаткан ширкке далилиңерди алып келгилечи, эгерде биз акыйкаттабыз деп айтып жаткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قُل لَّا يَعۡلَمُ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ ٱلۡغَيۡبَ إِلَّا ٱللَّهُۚ وَمَا يَشۡعُرُونَ أَيَّانَ يُبۡعَثُونَ
Оо, пайгамбар! Айт: «Асмандардагы периштелер менен жердеги адамдар кайыпты билишпейт. Бирок жалгыз Аллах гана билет. Алар сурак үчүн кайра качан тирилерин Аллахтан башка асмандардагылардын жана жердегилердин эч кимиси билбейт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
بَلِ ٱدَّٰرَكَ عِلۡمُهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِۚ بَلۡ هُمۡ فِي شَكّٖ مِّنۡهَاۖ بَلۡ هُم مِّنۡهَا عَمُونَ
Же алардын акырет тууралуу билими артып, аны анык билишиптирби? Жок! Тескерисинче, алар акырет тууралуу шектенип, дендароо болуп жүрүшөт. А түгүл андан көр болуп калышты».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَءِذَا كُنَّا تُرَٰبٗا وَءَابَآؤُنَآ أَئِنَّا لَمُخۡرَجُونَ
Каапырлык кылгандар четке кагып мындай дешти: «Биз өлүп топуракка айлангандан кийин кайра кантип тирилмек элек?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
لَقَدۡ وُعِدۡنَا هَٰذَا نَحۡنُ وَءَابَآؤُنَا مِن قَبۡلُ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّآ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Бизге жана буга чейин ата-бабаларыбызга кайра тирилесиңер деген убадалар айтылган. Бирок биз бул убада ишке ашпайт деп ойлойбуз. Бизге айтылган бул убадалардын баарысы абалкылар китептерине жазып кеткен калп уламыштан башка эч нерсе эмес».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قُلۡ سِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُجۡرِمِينَ
Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү четке каккандарга айт: «Жердин бүт тарабын кезгиле! Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган күнөөкөрлөрдүн акыбети кандай болгонун көргүлө! Алар аны жалганга чыгарганы үчүн Биз аларды жок кылдык».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلَا تَحۡزَنۡ عَلَيۡهِمۡ وَلَا تَكُن فِي ضَيۡقٖ مِّمَّا يَمۡكُرُونَ
Мушриктер сенин чакырыгыңдан баш тарткандары үчүн кайгырба жана алардын айла-амалдары үчүн көкүрөгүңдөн сыгылба. Аллах сага алардын үстүнөн жеңиш берет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡوَعۡدُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Кайра тирилүүнү четке каккан элиңдеги каапырлар айтышат: «Сен жана ыймандуулар бизге убада кылып жаткан азап качан ишке ашат, эгер силер бул айтып жаткан нерсеңерде чынчыл болсоңор?».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قُلۡ عَسَىٰٓ أَن يَكُونَ رَدِفَ لَكُم بَعۡضُ ٱلَّذِي تَسۡتَعۡجِلُونَ
Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силер шаштырып жаткан азаптын кээ бири жакындап калган болушу мүмкүн».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِنَّ رَبَّكَ لَذُو فَضۡلٍ عَلَى ٱلنَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَشۡكُرُونَ
Оо, пайгамбар! Чындыгында сенин Раббиң адамдарга ырайым кылуучу. Анткени алар каапырлык жана күнөө кылышса да аларды жазалоого шашылган жок. Бирок адамдардын көпчүлүгү Аллахтын аларга берген жакшылыктарына шүгүр кылышпайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِنَّ رَبَّكَ لَيَعۡلَمُ مَا تُكِنُّ صُدُورُهُمۡ وَمَا يُعۡلِنُونَ
Чындыгында Раббиң пенделеринин жүрөктөрү эмнени жашырып, эмнени ашкере кылганын жакшы билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында анын сыйлыгын же жазасын берет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمَا مِنۡ غَآئِبَةٖ فِي ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ إِلَّا فِي كِتَٰبٖ مُّبِينٍ
Адамдар үчүн асмандар менен Жердеги кандай гана кайып нерсе болбосун, ал анык Китеп Лавхул Махфузда (Сакталган Тактада) жазылган.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانَ يَقُصُّ عَلَىٰ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ أَكۡثَرَ ٱلَّذِي هُمۡ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ
Чындыгында Мухаммадга түшкөн бул Куран Исраил урпактарынын талашып-тартышкан көп нерселерин баяндап, алардын адашкандарын ачыктап берет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• علم الغيب مما اختص به الله، فادعاؤه كفر.
Кайып илими Аллахка гана таандык. Кайыпты билем деп айтуу каапырлык.

• الاعتبار بالأمم السابقة من حيث مصيرها وأحوالها طريق النجاة.
Мурунку коомдордун акыбетинен жана абалдарынан сабак алуу – кутулуунун жолу.

• إحاطة علم الله بأعمال عباده.
Аллахтын илими пенделеринин бүткүл иштерин өзүнө камтыйт.

• تصحيح القرآن لانحرافات بني إسرائيل وتحريفهم لكتبهم.
Исраил урпактарынын адашууларын жана китептерине өзгөртүү киргизгендерин Куран оңдоп, туура кабарын берет.

وَإِنَّهُۥ لَهُدٗى وَرَحۡمَةٞ لِّلۡمُؤۡمِنِينَ
Чындыгында Куран андагы келгендерди аткарган ыймандуулар үчүн туура жол жана ырайым.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ رَبَّكَ يَقۡضِي بَيۡنَهُم بِحُكۡمِهِۦۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡعَلِيمُ
Оо, пайгамбар! Чындыгында сенин Раббиң кыямат күнү адамдардын ыймандуулары менен каапырларынын ортосунда адилеттүү өкүм жүргүзөт. Ал Өз душмандарынан өч алган, эч ким аны жеңе албаган Кудуреттүү, чынчыл менен жалганчыны жаңылбай айырмалаган Билүүчү.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِۖ إِنَّكَ عَلَى ٱلۡحَقِّ ٱلۡمُبِينِ
Эми сен бүткүл ишиңде Аллахка тобокел кыл жана Ага таян. Чындыгында сен анык акыйкаттасың.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّكَ لَا تُسۡمِعُ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَلَا تُسۡمِعُ ٱلصُّمَّ ٱلدُّعَآءَ إِذَا وَلَّوۡاْ مُدۡبِرِينَ
О, пайгамбар! Сен, Аллахка каапыр болгону үчүн жүрөгү өлүп калган өлүктөргө угуза албайсың жана Аллах кулактарын дүлөй кылып сен чакырган чындыкты укпай калгандарга да угуза албайсың, анткени алар сенден жүз буруп кайтып кетишкен.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمَآ أَنتَ بِهَٰدِي ٱلۡعُمۡيِ عَن ضَلَٰلَتِهِمۡۖ إِن تُسۡمِعُ إِلَّا مَن يُؤۡمِنُ بِـَٔايَٰتِنَا فَهُم مُّسۡلِمُونَ
Акыйкатты көрүүдөн көзү көр болуп калгандарды да туура жолго сала албайсың. Алар үчүн кайгырба, өзүңдү кыйнаба. Сен чындыкты Биздин аяттарыбызга ыйман келтиргендерге гана жеткире аласың. Алар Аллахтын буйруктарына баш ийгендер.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
۞ وَإِذَا وَقَعَ ٱلۡقَوۡلُ عَلَيۡهِمۡ أَخۡرَجۡنَا لَهُمۡ دَآبَّةٗ مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ تُكَلِّمُهُمۡ أَنَّ ٱلنَّاسَ كَانُواْ بِـَٔايَٰتِنَا لَا يُوقِنُونَ
Качан алар каапырлыктан жана күнөөлөрүнөн баш тартпаганы себептүү аларга азап милдет болуп, эң жаман адамдар калганда, акыр заман жакындаганда Биз аларга чоң белгилерибизден болгон бир белгини чыгарабыз, ал Жерден чыккан Жаныбар (Даабба). Ал аларга адамдар Биздин пайгамбарга түшкөн аяттарыбызга ишенишкен жок деп алар түшүнө тургандай сүйлөйт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَيَوۡمَ نَحۡشُرُ مِن كُلِّ أُمَّةٖ فَوۡجٗا مِّمَّن يُكَذِّبُ بِـَٔايَٰتِنَا فَهُمۡ يُوزَعُونَ
Оо, пайгамбар! Эстечи, ал күнү Биз ар бир үммөттүн ичинен аяттарыбызды жалганга чыгаргандардан болгон башчылардын топторун чогултабыз, алар абалкысынан акыркысына чейин жыйналып, андан соң сурак берүүгө жөнөшөт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءُو قَالَ أَكَذَّبۡتُم بِـَٔايَٰتِي وَلَمۡ تُحِيطُواْ بِهَا عِلۡمًا أَمَّاذَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Алар жүрүп отуруп сурак майданына жеткенде Аллах аларды айыптап мындай деп айтат: «Менин жалгыздыгыма далил болгон жана шариятымды камтыган аяттарымды жалганга чыгардыңарбы жана силер анын кандай экенин анык билбей туруп, аны жалганга чыгаруу уруксат дедиңерби?! Же анын акыйкаттыгын же жалгандыгын тастыкташ үчүн эмне кылдыңар?!».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَوَقَعَ ٱلۡقَوۡلُ عَلَيۡهِم بِمَا ظَلَمُواْ فَهُمۡ لَا يَنطِقُونَ
Алар Аллахка каапырлык кылып, Анын аяттарын жалганга чыгарып зулумдук кылышкандары себептүү аларга азап түштү. Алар өздөрүн коргоп сүйлөй алышпайт, себеби андай кылууга чамасы жетпейт жана далилдери да жалган.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّا جَعَلۡنَا ٱلَّيۡلَ لِيَسۡكُنُواْ فِيهِ وَٱلنَّهَارَ مُبۡصِرًاۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар карашпайбы, Биз алар уктап эс алуулары үчүн түндү жараттык жана алар көрүп, жумуштарын кылуу үчүн күндүздү жарык кылдык. Чындыгында бул кайра-кайра кайталанган өлүмдө жана андан кийин кайра тирилүүдө ыйман келтирген адамдар үчүн ачык-айкын белгилер бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَيَوۡمَ يُنفَخُ فِي ٱلصُّورِ فَفَزِعَ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ إِلَّا مَن شَآءَ ٱللَّهُۚ وَكُلٌّ أَتَوۡهُ دَٰخِرِينَ
Оо, пайгамбар! Эстечи, ал күнү сурнай тартууга жоопкер периште Сур кернейин экинчи жолу тартканда, асмандар менен жердегилер коркунучка түшөт. Бирок Аллах Өз жакшылыгы менен коркунучтан сактагандарга гана андай болбойт. Ал күнү Аллахтын бүткүл жараткандары Ага кор болуп моюн сунган абалда келишет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَتَرَى ٱلۡجِبَالَ تَحۡسَبُهَا جَامِدَةٗ وَهِيَ تَمُرُّ مَرَّ ٱلسَّحَابِۚ صُنۡعَ ٱللَّهِ ٱلَّذِيٓ أَتۡقَنَ كُلَّ شَيۡءٍۚ إِنَّهُۥ خَبِيرُۢ بِمَا تَفۡعَلُونَ
Сен ал күнү тоолорду көрүп бир ордунда кыймылсыз турат деп ойлойсуң, бирок аныгында алар булуттардай тез жүрүшөт. Бул Аллахтын жасаганы. Ал аны кыймылга келтирет. Чындыгында Ал силердин кылганыңарды билет. Силердин иштериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында ал үчүн силерге сыйлыгын же жазасын берет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• أهمية التوكل على الله.
Аллахка тобокел кылуунун маанилүүлүгү.

• تزكية النبي صلى الله عليه وسلم بأنه على الحق الواضح.
Пайгамбар анык акыйкатта экендигин айтып аны айыптардан тазалоо.

• هداية التوفيق بيد الله، وليست بيد الرسول صلى الله عليه وسلم.
Туура жолго салуу пайгамбардын эмес, Аллахтын колундагы иш.

• دلالة النوم على الموت، والاستيقاظ على البعث.
Уйку өлүмгө, ойгонуу кайра тирилүүгө далил болот.

مَن جَآءَ بِٱلۡحَسَنَةِ فَلَهُۥ خَيۡرٞ مِّنۡهَا وَهُم مِّن فَزَعٖ يَوۡمَئِذٍ ءَامِنُونَ
Кимде-ким кыямат күнү ыйманы жана жакшылык иштери менен келсе, анда ага бейиш болот. Алар Аллахтын кепилдиги менен кыяматтагы коркунучтан амандыкта болушат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمَن جَآءَ بِٱلسَّيِّئَةِ فَكُبَّتۡ وُجُوهُهُمۡ فِي ٱلنَّارِ هَلۡ تُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Ал эми ким каапырлык жана күнөөлөр менен келсе, анда аларга тозок болот. Алар ага жүздөрү менен ыргытылат. Ошондо аларга кордук жана айыптоо катары: «Силер дүйнөдө кылган каапырлык менен күнөөлөрүңөрдүн гана жазасын алып жатпайсыңарбы?» – деп айтылат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّمَآ أُمِرۡتُ أَنۡ أَعۡبُدَ رَبَّ هَٰذِهِ ٱلۡبَلۡدَةِ ٱلَّذِي حَرَّمَهَا وَلَهُۥ كُلُّ شَيۡءٖۖ وَأُمِرۡتُ أَنۡ أَكُونَ مِنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ
Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Чындыгында мен ыйык болгон Меккенин Раббисине сыйынууга буйрулдум. Ал жерде кан төгүлбөйт, эч кимге зулум кылынбайт, аңчылык айбанаттары өлтүрүлбөйт, дарактары кыйылбайт. Бүткүл мүлк Ага гана таандык. Жана мен Аллахка баш ийип моюн сунууга буйрулдум.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَأَنۡ أَتۡلُوَاْ ٱلۡقُرۡءَانَۖ فَمَنِ ٱهۡتَدَىٰ فَإِنَّمَا يَهۡتَدِي لِنَفۡسِهِۦۖ وَمَن ضَلَّ فَقُلۡ إِنَّمَآ أَنَا۠ مِنَ ٱلۡمُنذِرِينَ
Жана адамдарга Куранды окуп берүүгө буйрулдум. Ким туура жолго түшсө жана андагы айтылгандарды аткарса, анда анын туура жолго түшкөнү өзү үчүн пайда. Ал эми ким андагы айтылгандардан адашса, четке какса жана иш жүзүндө аткарбаса, анда: «Чындыгында мен жөн гана эскертүүчүмүн. Силерге Аллахтын азабын эскертем. Силерди туура жолго салуу менин колумда эмес» – деп айткын.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَقُلِ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ سَيُرِيكُمۡ ءَايَٰتِهِۦ فَتَعۡرِفُونَهَاۚ وَمَا رَبُّكَ بِغَٰفِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُونَ
Оо, пайгамбар! Айт: «Сансыз жакшылыктарды берген Аллахка мактоолор болсун! Жакында Ал силерге Өзүнүн аят-белгилерин өзүңөрдөн, асмандан, Жерден жана ырыскыдан көргөзөт. Ошондо силер аларды таанып билип, алар силерди акыйкатка моюн сунууга багыттайт. Раббиң силердин кылып жатканыңардан бейкапар эмес. Ал аны билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында ал үчүн силерге сыйлыгын же жазасын берет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• الإيمان والعمل الصالح سببا النجاة من الفزع يوم القيامة.
Ыйман келтирүү жана жакшы иштерди кылуу кыямат күндөгү коркунучтан кутулууга себеп болот.

• الكفر والعصيان سبب في دخول النار.
Каапырлык жана баш ийбестик кылуу тозокко кирүүгө себеп болот.

• تحريم القتل والظلم والصيد في الحرم.
Аль-Харамда өлтүрүү, зулумдук кылуу жана аңчылык кылуу тыйылган.

• النصر والتمكين عاقبة المؤمنين.
Жеңишке жетүү жана бийлик кылуу акыры ыймандууларга келет.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: ছুৰা আন-নামল
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

বন্ধ