Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আচ-ছাজদাহ   আয়াত:
وَلَوۡ تَرَىٰٓ إِذِ ٱلۡمُجۡرِمُونَ نَاكِسُواْ رُءُوسِهِمۡ عِندَ رَبِّهِمۡ رَبَّنَآ أَبۡصَرۡنَا وَسَمِعۡنَا فَٱرۡجِعۡنَا نَعۡمَلۡ صَٰلِحًا إِنَّا مُوقِنُونَ
Жакында кыямат күнү күнөөкөрлөргө баары ачык болгондо, алар кайра тирилүүгө каапырлык кылышканы себептүү кордуктан баштарын жерге салып кордолгон абалда турушканда айтышат: «Раббибиз! Биз жалганга чыгарган кайра тирилүүнү өз көзүбүз менен көрдүк, Сен тараптан пайгамбарлар алып келген нерселердин чындык экенин өз кулагыбыз менен уктук. Эми бизди дүйнө жашоосуна кайтар, биз Сени ыраазы кылган жакшылык иштерди кылалы. Биз кайра тирилүүгө жана пайгамбарлар алып келген нерселердин чындык экенине эми ишендик». Эгер сен күнөөкөрлөрдүн мына ошондой абалда болгондорун көрсөң, абалдары кандай гана оор болгондугун көрөсүң.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلَوۡ شِئۡنَا لَأٓتَيۡنَا كُلَّ نَفۡسٍ هُدَىٰهَا وَلَٰكِنۡ حَقَّ ٱلۡقَوۡلُ مِنِّي لَأَمۡلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنَ ٱلۡجِنَّةِ وَٱلنَّاسِ أَجۡمَعِينَ
Эгер Биз ар бир жанга тууралыкты, ийгиликти берүүнү кааласак, анда Биз аны ошого алып бармакпыз. Бирок даанышмандыктан жана адилеттиктен Менин: «Кыямат күнү тозокту каапыр адамдар жана каапыр жиндер менен сөзсүз толтурамын. Анткени алар ыйман жана тууралык жолду таштап, каапырлык жана адашуу жолун тандашты» деген сөзүм сөзсүз ишке ашат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَذُوقُواْ بِمَا نَسِيتُمۡ لِقَآءَ يَوۡمِكُمۡ هَٰذَآ إِنَّا نَسِينَٰكُمۡۖ وَذُوقُواْ عَذَابَ ٱلۡخُلۡدِ بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Кыямат күнү айыптоо максатта аларга мындай деп айтылат: «Кыямат күнүндө сурак бериш үчүн Аллах менен жолугушууну дүйнө жашоосунда унутканыңар себептүү азапты тарткыла! Чындыгында Биз силерди кыйналганыңарга карабастан азапка таштайбыз. Дүйнөдө күнөөлөрдү, каапырлыкты кылганыңар себептүү эч качан бүтпөгөн түбөлүк азапты тарткыла».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّمَا يُؤۡمِنُ بِـَٔايَٰتِنَا ٱلَّذِينَ إِذَا ذُكِّرُواْ بِهَا خَرُّواْۤ سُجَّدٗاۤ وَسَبَّحُواْ بِحَمۡدِ رَبِّهِمۡ وَهُمۡ لَا يَسۡتَكۡبِرُونَ۩
Чындыгында Биз пайгамбарларыбызга түшүргөн аяттарыбызга, алар насаат кылынганда Аллахты мактоо менен аруулап сажда кылгандар, Аллахка сыйынуудан жана кандай абалда болсо да сажда кылуудан текеберлик кылбагандар ыйман келтиришет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
تَتَجَافَىٰ جُنُوبُهُمۡ عَنِ ٱلۡمَضَاجِعِ يَدۡعُونَ رَبَّهُمۡ خَوۡفٗا وَطَمَعٗا وَمِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ يُنفِقُونَ
Алар уйкусунан ойгонуп капталдап жаткан жеринен төшөктөн турушат жана Аллахка бет алышып, намаздарында жана башка ибадаттарында Анын азабынан коркуу менен, Анын ырайымын үмүт кылуу менен дуба кылышат. Ошондой эле алар Биз берген мал-мүлктөрдү Аллах жолунда сарпташат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَلَا تَعۡلَمُ نَفۡسٞ مَّآ أُخۡفِيَ لَهُم مِّن قُرَّةِ أَعۡيُنٖ جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Алардын дүйнөдө кылган жакшылык иштеринин сыйлыгы катары Аллах алар үчүн көздөрдү кубанткан кандай гана нерселерди даярдап койгондугун эч бир жан билбейт. Ал сыйлык аябагандай бийик-чоң, Анын акыйкатын бир гана Аллах билет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَفَمَن كَانَ مُؤۡمِنٗا كَمَن كَانَ فَاسِقٗاۚ لَّا يَسۡتَوُۥنَ
Аллахка ыйман келтирип, Анын буйруктарын аткарган жана тыйгандарын таштаган адам Ага моюн сунуудан баш тарткан адамдай эмес. Бул эки тарап сыйлык же жаза алууда Аллахтын алдында бирдей эмес.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَلَهُمۡ جَنَّٰتُ ٱلۡمَأۡوَىٰ نُزُلَۢا بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга даярдалган алардын сыйлыгы бейиштер болот. Алар ал жайда Аллахтын берешендиги менен туруктуу жашашат. Бул алардын дүйнөдө кылган жакшылык иштеринин сыйлыгы.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَأَمَّا ٱلَّذِينَ فَسَقُواْ فَمَأۡوَىٰهُمُ ٱلنَّارُۖ كُلَّمَآ أَرَادُوٓاْ أَن يَخۡرُجُواْ مِنۡهَآ أُعِيدُواْ فِيهَا وَقِيلَ لَهُمۡ ذُوقُواْ عَذَابَ ٱلنَّارِ ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ
Ал эми каапырлык жана күнөөлөрдү кылуу менен Аллахка баш ийбегендер үчүн кыямат күнү даярдалган жайлары тозок болот. Алар ал жакта түбөлүк калышат. Алар ал жерден чыгууга аракет кылышса, кайра ага кайтарылат жана айыптоо катары аларга айтылат: «Дүйнөдө пайгамбарларыңар силерди эскерткен кезде аны жалганга чыгарган тозок азабын тарткыла».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• إيمان الكفار يوم القيامة لا ينفعهم؛ لأنها دار جزاء لا دار عمل.
Кыяматта каапырлардын ыйман келтирүүсү аларга пайда бербейт. Анткени ал жак иш-аракет кыла турган жай эмес, сыйлык же жаза ала турган жай.

• خطر الغفلة عن لقاء الله يوم القيامة.
Кыямат күнү Аллах менен жолугушууну унутуунун коркунучу.

• مِن هدي المؤمنين قيام الليل.
Түнкү намазды окуу ыймандуулардын тутунган жолу.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আচ-ছাজদাহ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ