আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: ছুৰা ছাবা   আয়াত:

Саба

ছুৰাৰ উদ্দেশ্য:
بيان أحوال الناس مع النعم، وسنة الله في تغييرها.
Адамдардын жакшылыктар боюнча абалын жана аны өзгөртүүдөгү Аллахтын жолун баяндоо.

ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي لَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَهُ ٱلۡحَمۡدُ فِي ٱلۡأٓخِرَةِۚ وَهُوَ ٱلۡحَكِيمُ ٱلۡخَبِيرُ
Аллахка мактоолор болсун! Жаратууда, ээлик кылууда жана башкарууда асмандардагы жана Жердеги бүткүл нерселер Ага гана таандык. Жана акыреттеги мактоолор, да Ага гана таандык. Ал Өз жаратуусунда жана башкаруусунда Даанышман, пенделеринин абалдарынан Кабардар. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَعۡلَمُ مَا يَلِجُ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا يَخۡرُجُ مِنۡهَا وَمَا يَنزِلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ وَمَا يَعۡرُجُ فِيهَاۚ وَهُوَ ٱلرَّحِيمُ ٱلۡغَفُورُ
Ал суу, өсүмдүктөр сыяктуу жерге кирген жана өсүмдүктөр жана башка сыяктуу жерден чыккан нерселердин баарын билет. Ошондой эле жамгыр, периштелер, ырыскы сыяктуу асмандан түшкөн жана периштелер, пенделердин иш-аракеттери, жандары сыяктуу асманга көтөрүлгөн нерселерди билет. Ал ыймандуу пенделерине Ырайымдуу, тообо кылгандарга Кечиримдүү.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَا تَأۡتِينَا ٱلسَّاعَةُۖ قُلۡ بَلَىٰ وَرَبِّي لَتَأۡتِيَنَّكُمۡ عَٰلِمِ ٱلۡغَيۡبِۖ لَا يَعۡزُبُ عَنۡهُ مِثۡقَالُ ذَرَّةٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَآ أَصۡغَرُ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكۡبَرُ إِلَّا فِي كِتَٰبٖ مُّبِينٖ
Аллахка каапырлык кылгандар: «Бизге эч качан кыямат келбейт» – дешет. Оо, пайгамбар! Аларга айткын: «Жок! Аллахка ант болсун, силер жалганга чыгарган кыямат сөзсүз келет. Бирок анын убактысын Аллах гана билет. Ал кыяматты жана башка кайып нерселердин баарын билет. Асмандар менен Жердеги кумурскадан да аз салмактагы нерселер Аллахтын илиминде белгисиз калбайт. Ал айтылгандан да кичине жана андан чоң болгон нерселер да белгисиз калбайт, алардын баарысы айкын китепте жазылган. Ал сакталган Китеп (Лаухуль Махфуз), анда кыяматка чейин бүткүл боло турган нерселер жазылган.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
لِّيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُم مَّغۡفِرَةٞ وَرِزۡقٞ كَرِيمٞ
Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга сыйлыгын берүү (Куранда айтылгандай эле сакталган Китепте (Лаухул Махфузда) да белгиленген). Мына ушул сыпаттарга ээ болгондор үчүн Аллах алардын күнөөлөрүнө кечиримди даярдап койду, ал үчүн аларды жазалабайт. Аларга улуу ырыскы бар, ал кыямат күнүндөгү бейиш».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَٱلَّذِينَ سَعَوۡ فِيٓ ءَايَٰتِنَا مُعَٰجِزِينَ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٞ مِّن رِّجۡزٍ أَلِيمٞ
Ал эми Аллах түшүргөн аяттарды жокко чыгарууга аракет кылгандар ал тууралуу «сыйкыр» деп айтышат, пайгамбарыбызды «көзү ачык, сыйкырчы жана акын» дешет. Мына ушул сыпаттардагы адамдарга кыямат күнү эң жаман жана эң катаал азап бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَيَرَى ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ ٱلَّذِيٓ أُنزِلَ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَ هُوَ ٱلۡحَقَّ وَيَهۡدِيٓ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَمِيدِ
Сахабалардын аалымдары жана китеп ээлеринен ыйман келтирген аалымдар Аллахтан сага түшкөн вахий эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат, ал эч ким үстөмдүк кыла албаган Кудуреттүүнүн туура жолуна багыттайт жана бул дүйнөдө мактоого татыктуу деп күбөгө өтүшөт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ هَلۡ نَدُلُّكُمۡ عَلَىٰ رَجُلٖ يُنَبِّئُكُمۡ إِذَا مُزِّقۡتُمۡ كُلَّ مُمَزَّقٍ إِنَّكُمۡ لَفِي خَلۡقٖ جَدِيدٍ
Аллахка каапырлык кылгандар пайгамбар алып келген нерсеге таң калып жана шылдыңдап бири-бирине айтышат: «Силерге бир кишини көргөзөлүбү, ал силерге өлүп, күкүмдөй майдаланып калсаңар да өлгөнүңөрдөн кийин кайра жараласыңар деп айтат?».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• سعة علم الله سبحانه المحيط بكل شيء.
Бүткүл нерсени өзүнө камтып алган Аллахтын илиминин чексиздиги.

• فضل أهل العلم.
Илимдүүлөрдүн артыкчылыгы.

• إنكار المشركين لبعث الأجساد تَنَكُّر لقدرة الله الذي خلقهم.
Мушриктердин адамдардын денелери кайрадан тирилерин четке кагуусу аларды жараткан Аллахтын кудуреттүүлүгүн четке кагууга жатат.

أَفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَم بِهِۦ جِنَّةُۢۗ بَلِ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ فِي ٱلۡعَذَابِ وَٱلضَّلَٰلِ ٱلۡبَعِيدِ
Алар айтышты: «Бу киши Аллахка жалган жалаа жаап, бизди өлгөндөн кийин кайра тирилет деп ойлоп жатабы же ал чындыгы жок нерсени дөөрүгөн жиндиби?». Бул нерсе алар ойлогондой эмес. Бирок нажыйжада акыретке ыйман келтирбегендер кыяматта катуу азапта болушат, дүйнөдө акыйкаттан алыстап адашууда болушат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَفَلَمۡ يَرَوۡاْ إِلَىٰ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِۚ إِن نَّشَأۡ نَخۡسِفۡ بِهِمُ ٱلۡأَرۡضَ أَوۡ نُسۡقِطۡ عَلَيۡهِمۡ كِسَفٗا مِّنَ ٱلسَّمَآءِۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّكُلِّ عَبۡدٖ مُّنِيبٖ
Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар Жердеги бет алдындагы нерселерди, асмандагы арт жагындагы нерселерди көрүшпөй жатабы? Эгерде Биз аларды буттарынын астынан жерге жуткуруп жиберүүнү кааласак, аларды астыларынан жуткуруп жибермекпиз. А эгер алардын үстүнө асмандын бөлүктөрүн кулатууну кааласак, алардын үстүнө кулатып жибермекпиз. Чындыгында бул нерседе ар дайым Раббисине моюн сунууга кайткан пендеси үчүн кескин белгилер бар. Ал муну Аллахтын кудуреттүүлүгүнө далил кылат. Бул нерсеге кудуреттүү Аллах силер өлгөндөн кийин, денеңер ыдырагандан кийин силерди кайрадан тирилтүүгө кудуреттүү.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
۞ وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا دَاوُۥدَ مِنَّا فَضۡلٗاۖ يَٰجِبَالُ أَوِّبِي مَعَهُۥ وَٱلطَّيۡرَۖ وَأَلَنَّا لَهُ ٱلۡحَدِيدَ
Биз Даудга Өзүбүз тараптан пайгамбарлык жана бийлик бердик жана тоолорго айттык: «Эй, тоолор! Дауд менен бирге тасбихти кайталагыла». Ошондой эле канаттуу куштарга да ушинтип айттык. Анан ал өзү каалагандай шаймандарды жасаш үчүн Биз ага темирди жумшартып бердик.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَنِ ٱعۡمَلۡ سَٰبِغَٰتٖ وَقَدِّرۡ فِي ٱلسَّرۡدِۖ وَٱعۡمَلُواْ صَٰلِحًاۖ إِنِّي بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ
Оо, Дауд! Жоокерлериңди душмандын соккусунан коргогон кенен соот кийимдерди жасагын жана мыктарды шакекчелерге ылайыктуу кыл, аларды шалактай тургандай ичке кылба жана ага кирбей тургандай жоон да кылба. Жана жакшылык иштерди кылгыла! Чындыгында Мен силердин кылганыңарды көрүп турам. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Мага жашыруун эмес. Жакында алар үчүн сыйлыгын же жазасын берем.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلِسُلَيۡمَٰنَ ٱلرِّيحَ غُدُوُّهَا شَهۡرٞ وَرَوَاحُهَا شَهۡرٞۖ وَأَسَلۡنَا لَهُۥ عَيۡنَ ٱلۡقِطۡرِۖ وَمِنَ ٱلۡجِنِّ مَن يَعۡمَلُ بَيۡنَ يَدَيۡهِ بِإِذۡنِ رَبِّهِۦۖ وَمَن يَزِغۡ مِنۡهُمۡ عَنۡ أَمۡرِنَا نُذِقۡهُ مِنۡ عَذَابِ ٱلسَّعِيرِ
Биз Дауддун баласы Сулайманга эртең менен бир айлык жолду, кечинде бир айлык жолду басып өткөн шамалды моюн сундурдук. Жана ал өзү каалаган нерсесин жасаш үчүн ага жез булагын агызып койдук. Ошондой эле Раббисинин буйругу менен анын астында иштеген жиндерди ага моюн сундурдук. Ал эми жиндерден кимиси Биз буйруган иштен качса, Биз ага жалындаган тозоктун азабын таттырабыз.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَعۡمَلُونَ لَهُۥ مَا يَشَآءُ مِن مَّحَٰرِيبَ وَتَمَٰثِيلَ وَجِفَانٖ كَٱلۡجَوَابِ وَقُدُورٖ رَّاسِيَٰتٍۚ ٱعۡمَلُوٓاْ ءَالَ دَاوُۥدَ شُكۡرٗاۚ وَقَلِيلٞ مِّنۡ عِبَادِيَ ٱلشَّكُورُ
Ал жиндер Сулайманга ал каалагандай намаз үчүн мечиттерди, кан сарайларды, ал каалагандай айкелдерди, ал каалагандай суу сактаган чоң идиштер сыяктуу табактарды, чоңдугунан кыймылдатуу мүмкүн болбогондой бекем орнотулган тамак жасаган казандарды жасашат. Биз аларга айттык: «Оо, Дауддун үй-бүлөсү! Аллахтын силерге кылган жакшылыктарына шүгүр кылуу максатта иш-аракет кылгыла!». Бирок пенделериме берген жакшылыкка алардын азы гана шүгүр кылышат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَلَمَّا قَضَيۡنَا عَلَيۡهِ ٱلۡمَوۡتَ مَا دَلَّهُمۡ عَلَىٰ مَوۡتِهِۦٓ إِلَّا دَآبَّةُ ٱلۡأَرۡضِ تَأۡكُلُ مِنسَأَتَهُۥۖ فَلَمَّا خَرَّ تَبَيَّنَتِ ٱلۡجِنُّ أَن لَّوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ ٱلۡغَيۡبَ مَا لَبِثُواْ فِي ٱلۡعَذَابِ ٱلۡمُهِينِ
Качан Биз Сулайманга өлүмдү өкүм кылганда, анын таянып олтурган таягын жер курту жеди, ошондо гана жиндер анын өлгөнүн билишти. Качан ал жерге кулап түшкөндө, жиндер кайыпты билбестиги анык болду. Эгер алар аны билишкенде Сулайман үчүн оор жумуштарды аткарып кордолгон азапта болушпайт эле. Алар аны тирүү, көрүп турат деп ойлошкон.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• تكريم الله لنبيه داود بالنبوة والملك، وبتسخير الجبال والطير يسبحن بتسبيحه، وإلانة الحديد له.
Аллах пайгамбары Даудга пайгамбарчылыкты жана бийликти берип урматтады. Ошондой эле Даудка кошулуп тасбих айтып Аллахты аруулаган тоолорду, канаттуу куштарды ага моюн сундурду жана темирди ага жумшак кылды.

• تكريم الله لنبيه سليمان عليه السلام بالنبوة والملك.
Аллах Сулайман пайгамбарга пайгамбарчылыкты жана бийликти берип урматтады.

• اقتضاء النعم لشكر الله عليها.
Жакшылыктар үчүн Аллахка шүгүр кылуунун милдеттиги.

• اختصاص الله بعلم الغيب، فلا أساس لما يُدَّعى من أن للجن أو غيرهم اطلاعًا على الغيب.
Кайып илими жеке Аллахка таандык. Ал эми жиндер же башкалар кайыпты билет деп айтылган сөздүн негизи жок.

لَقَدۡ كَانَ لِسَبَإٖ فِي مَسۡكَنِهِمۡ ءَايَةٞۖ جَنَّتَانِ عَن يَمِينٖ وَشِمَالٖۖ كُلُواْ مِن رِّزۡقِ رَبِّكُمۡ وَٱشۡكُرُواْ لَهُۥۚ بَلۡدَةٞ طَيِّبَةٞ وَرَبٌّ غَفُورٞ
Сабаа уруусу жашаган жерде Аллахтын кудуреттүүлүгүнө жана аларга берген жакшылыгына ачык-айкын белги болгон эки бакча бар болчу. Алардын бири оң тарапта, экинчиси сол тарапта эле. Биз аларга айттык: «Раббиңердин ырыскысынан жегиле жана Анын жакшылыктарына шүгүр кылгыла! Бул сонун жер, а Аллах болсо тообо кылгандардын күнөөлөрүн Кечирүүчү Рабби».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَأَعۡرَضُواْ فَأَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ سَيۡلَ ٱلۡعَرِمِ وَبَدَّلۡنَٰهُم بِجَنَّتَيۡهِمۡ جَنَّتَيۡنِ ذَوَاتَيۡ أُكُلٍ خَمۡطٖ وَأَثۡلٖ وَشَيۡءٖ مِّن سِدۡرٖ قَلِيلٖ
Алар Аллахка шүгүр кылуудан жана Анын элчилерине ыйман келтирүүдөн баш тартышты. Ошондо Биз алардын жакшылыктарын балээге айлантып жазаладык, алардын суу тосмосун катуу сел менен талкаладык, эгин талааларын суу астында калтырдык жана алардын мөмөлүү эки бакчаларынын мөмөлөрүн ачуу кылып, дагы ал экөөсүн мөмөсүз жылгын дарагы жана аз сандагы сидр дарактарына алмаштырдык.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ذَٰلِكَ جَزَيۡنَٰهُم بِمَا كَفَرُواْۖ وَهَلۡ نُجَٰزِيٓ إِلَّا ٱلۡكَفُورَ
Алар жакшылыктарда болгондон кийинки бул абалдын өзгөрүүсү алардын каапырлыктары жана жакшылыктарга шүгүр кылуудан баш тарткандыктары себептүү болду.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَجَعَلۡنَا بَيۡنَهُمۡ وَبَيۡنَ ٱلۡقُرَى ٱلَّتِي بَٰرَكۡنَا فِيهَا قُرٗى ظَٰهِرَةٗ وَقَدَّرۡنَا فِيهَا ٱلسَّيۡرَۖ سِيرُواْ فِيهَا لَيَالِيَ وَأَيَّامًا ءَامِنِينَ
Жана Биз Йемендеги Сабаа эли менен Өзүбүз берекелүү кылган Шамдагы шаарлардын ортосунда бири-бирине жакын шаар-айылдарды кылдык. Ошентип алар бир шаардан экинчи шаарга кыйынчылыксыз жол жүрүп Шамга жетишет эле. Жана Биз аларга айттык: «Силер ал жерлерден душмандан, ачкалыктан жана чаңкоодон коопсуз абалда түндөсү болобу же күндүзү болобу, каалаган убакта өтө бергиле».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَقَالُواْ رَبَّنَا بَٰعِدۡ بَيۡنَ أَسۡفَارِنَا وَظَلَمُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ فَجَعَلۡنَٰهُمۡ أَحَادِيثَ وَمَزَّقۡنَٰهُمۡ كُلَّ مُمَزَّقٍۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّكُلِّ صَبَّارٖ شَكُورٖ
Аллахтын аларга аралыктарды жакындатып кылган жакшылыгына шүгүр кылышкан жок. Алар айтышты: «Оо, Раббибиз! Сен ал шаарларды жок кылып биздин сапар жолдорубузду алыстат, биз жол түйшүгүн тарталы жана биз минген төөлөрдүн артыкчылыгы да билинсин». Алар Аллахтын жакшылыгын танып, Ага шүгүр кылуудан баш тартышты жана алардан болгон кедейлерге көрө албастык кылып өздөрүнө зулум кылышты. Ошентип Биз аларды кийинкилер кеп кылган сөзгө айландырып койдук, алар бири-бири менен байланыша албай тургандай аларды бытыранды кылып чар тарапка чачтык. Чындыгында Сабаа элине берилген жакшылык, андан соң алардын каапырлыктары жана текеберликтери себептүү аларга келген балээ-азаптарда, Аллахка баш ийген, күнөөлөрдөн алыс болгон, кыйынчылыктарга сабырдуу болгон пенделер үчүн жана Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылгандар үчүн үлгү-сабактар бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلَقَدۡ صَدَّقَ عَلَيۡهِمۡ إِبۡلِيسُ ظَنَّهُۥ فَٱتَّبَعُوهُ إِلَّا فَرِيقٗا مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Чындыгында Иблис аларды азгырам жана акыйкаттан адаштырам деген оюн алардын үстүндө ишке ашырды, алар каапырлыкта жана адашууда аны ээрчип кетишти. Бирок ыймандуулар гана ага ээрчибестен, анын үмүтүн ишке ашырышпады.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمَا كَانَ لَهُۥ عَلَيۡهِم مِّن سُلۡطَٰنٍ إِلَّا لِنَعۡلَمَ مَن يُؤۡمِنُ بِٱلۡأٓخِرَةِ مِمَّنۡ هُوَ مِنۡهَا فِي شَكّٖۗ وَرَبُّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٍ حَفِيظٞ
Иблистин аларды мажбурлап адаштырууга бийлиги жок, ал болгону (күнөөнү) жакшы көргөзүп, аларды азгырат. Бирок, Биз алардын кимиси акыретке, андагы жаза же сыйга ыйман келтирерин жана кимиси акыреттен шек санарын билүү үчүн шайтанга азгырууга уруксат бердик. О, пайгамбар! Раббиң бардык нерсени Сактоочу. Ал пенделеринин иш-аракеттерин сактап коёт жана ошого жараша аларга сыйын же жазасын көрсөтөт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قُلِ ٱدۡعُواْ ٱلَّذِينَ زَعَمۡتُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ لَا يَمۡلِكُونَ مِثۡقَالَ ذَرَّةٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا لَهُمۡ فِيهِمَا مِن شِرۡكٖ وَمَا لَهُۥ مِنۡهُم مِّن ظَهِيرٖ
Оо, пайгамбар! Мушриктерге айткын: «Силер пайда берет же зыянды кетирет деп Аллахтан башка кудайларыңар деп ойлогондорду чакыргылачы?!». Алар асмандар менен Жердеги кыпындай салмактагы нерсеге да ээлик кыла алышпайт. Алар бул нерседе Аллах менен шериктештиги жок. Аллахка жардам берген жардамчы жок. Ал шериктерге жана жардамчыларга муктаж эмес.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• الشكر يحفظ النعم، والجحود يسبب سلبها.
Шүгүр кылуу жакшылыктарды сактайт, аны четке кагуу андан куру калууга себеп болот.

• الأمن من أعظم النعم التي يمتنّ الله بها على العباد.
Тынчтык Аллахтын пенделерине берген эң улуу жакшылыктарынан.

• الإيمان الصحيح يعصم من اتباع إغواء الشيطان بإذن الله.
Туура ыйман Аллахтын каалоосу менен шайтандын азгырыгына ээрчип кетүүдөн сактайт.

• ظهور إبطال أسباب الشرك ومداخله كالزعم بأن للأصنام مُلْكًا أو مشاركة لله، أو إعانة أو شفاعة عند الله.
Кудайчалар бийликке ээ же Аллах менен шериктеш же жардам берет же Аллахтын алдында шапаат кылат деген сыяктуу ширктин себептерин жана кире турган жолдорун жокко чыгарууну баяндоо.

وَلَا تَنفَعُ ٱلشَّفَٰعَةُ عِندَهُۥٓ إِلَّا لِمَنۡ أَذِنَ لَهُۥۚ حَتَّىٰٓ إِذَا فُزِّعَ عَن قُلُوبِهِمۡ قَالُواْ مَاذَا قَالَ رَبُّكُمۡۖ قَالُواْ ٱلۡحَقَّۖ وَهُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡكَبِيرُ
Аллахтын алдында Ал уруксат бергендин гана шапааты пайда берет. Аллах Өз улуктугу менен Өзү ыраазы болгондорго гана шапаат кылууга уруксат берет. Анын улуктуктарынан, эгер Ал асманда сүйлөсө, периштелер Анын сөзүнө бой сунуп канаттарын кагып турушат. Качан алардын жүрөктөрүнөн коркунуч кеткенде периштелер Жебреилден: «Раббиңер эмне айтты?» – деп сурашат. Жебреил: «Ал акыйкатты айтты» – деп жооп берет. Ал Өз Заты жана үстөмдүгү менен Жогору, бүткүл нерсе Анын алдында болгон Улук.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
۞ قُلۡ مَن يَرۡزُقُكُم مِّنَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ قُلِ ٱللَّهُۖ وَإِنَّآ أَوۡ إِيَّاكُمۡ لَعَلَىٰ هُدًى أَوۡ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ
О, пайгамбар! Мушриктерге: «Силерге асмандан жамгыр жаадырып, жерден мөмө-жемишт, эгиндерди өстүрүп ырыскы берген ким?» - деп айткын. Анан: «Силерге асмандан ырыскы берип жаткан - Аллах! Ал эми биз же силер, эй, мушриктер, акыйкат жолдобуз же ал жолдон анык адашуудабыз. Бирөөбүз сөзсүз ушундайбыз. Бирок, шек-күмөн жок, акыйкат жолдогулар - алар, ыймандуулар, ал эми адашкандар - алар, мушриктер».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قُل لَّا تُسۡـَٔلُونَ عَمَّآ أَجۡرَمۡنَا وَلَا نُسۡـَٔلُ عَمَّا تَعۡمَلُونَ
Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силер кыямат күнү биздин кылган күнөөлөрүбүз үчүн суралбайсыңар, биз дагы силердин кылган иштериңер үчүн суралбайбыз».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قُلۡ يَجۡمَعُ بَيۡنَنَا رَبُّنَا ثُمَّ يَفۡتَحُ بَيۡنَنَا بِٱلۡحَقِّ وَهُوَ ٱلۡفَتَّاحُ ٱلۡعَلِيمُ
Аларга айт: «Аллах кыямат күнү силер менен бизди чогултуп, анан силер менен биздин ортобузда адилеттик менен өкүм кылып, чынчылды жалганчыдан айырмалап көргөзөт. Ал адилеттик менен өкүм кылган Өкүмдар, Өзү кылган өкүмүн Билүүчү».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قُلۡ أَرُونِيَ ٱلَّذِينَ أَلۡحَقۡتُم بِهِۦ شُرَكَآءَۖ كَلَّاۚ بَلۡ هُوَ ٱللَّهُ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Аллахка шерик кылып сыйынган шериктериңерди мага көргөзгүлөчү? Жок! Бул нерсе силер Анын шериги бар деп элестеткендей эмес. Ал – Аллах, Аны эч ким жеңе албаган Кудуреттүү, Ал Өз жаратуусунда, тагдырында жана башкаруусунда Даанышман».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ إِلَّا كَآفَّةٗ لِّلنَّاسِ بَشِيرٗا وَنَذِيرٗا وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Биз сени такыба адамдарга сүйүнчү кабарды жеткирүүчү жана каапырларды, бузукуларды тозоктон коркутуучу кылып жалпы адамзатка жибердик. Бирок көпчүлүк адамдар муну билишпейт. Эгер алар муну билишкенде, сени жалганга чыгарышмак эмес.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡوَعۡدُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Мушриктер өздөрү корккон азапты шаштырышып мындай деп айтышат: «Эгерде акыйкат деп айткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор айткылачы, убада кылынган азап качан болот?».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قُل لَّكُم مِّيعَادُ يَوۡمٖ لَّا تَسۡتَـٔۡخِرُونَ عَنۡهُ سَاعَةٗ وَلَا تَسۡتَقۡدِمُونَ
Оо, пайгамбар! Азапты шаштырып жаткандарга айт: «Силерге белгилүү бир күн убада кылынган, ал убакыт силерге кечигип да келбейт, убактысынан эрте да келбейт. Ал күн – кыямат күн».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَن نُّؤۡمِنَ بِهَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانِ وَلَا بِٱلَّذِي بَيۡنَ يَدَيۡهِۗ وَلَوۡ تَرَىٰٓ إِذِ ٱلظَّٰلِمُونَ مَوۡقُوفُونَ عِندَ رَبِّهِمۡ يَرۡجِعُ بَعۡضُهُمۡ إِلَىٰ بَعۡضٍ ٱلۡقَوۡلَ يَقُولُ ٱلَّذِينَ ٱسۡتُضۡعِفُواْ لِلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُواْ لَوۡلَآ أَنتُمۡ لَكُنَّا مُؤۡمِنِينَ
Аллахка каапырлык кылгандар айтышты: «Биз Мухаммад ага түштү деп ойлоп жаткан бул Куранга эч качан ишенбейбиз жана асмандан түшкөн мурунку китептерге да эч качан ишенбейбиз». Оо, пайгамбар! Сен заалымдардын кыяматта Раббисинин алдында сурак үчүн кармалып тургандарын, алардын ар бири жоопкерчиликти, айыпты башканын мойнуна илип, бири-бирине сөз кайтарып тургандарын көрсөң кана эле! Бул дүйнөдө алсыздыкта өз башчыларына ээрчиген алсыздар аларга айтышат: «Эгер силер бизди адаштырбаганда, биз Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиргендерден болмокпуз».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• التلطف بالمدعو حتى لا يلوذ بالعناد والمكابرة.
Ыйманга чакырылган адам баш ийбестик, текеберлик кылбашы үчүн ага жумшак мамиле кылуу.

• صاحب الهدى مُسْتَعْلٍ بالهدى مرتفع به، وصاحب الضلال منغمس فيه محتقر.
Акыйкат жолдогу адам акыйкат менен бийик жана жогору болот. Ал эми адашкан адам адашууга баткан жана кордолгон абалда болот.

• شمول رسالة النبي صلى الله عليه وسلم للبشرية جمعاء، والجن كذلك.
Пайгамбардын пайгамбарчылыгы жалпы адамзатты жана ошондой эле жиндерди да өзүнө камтыйт.

قَالَ ٱلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُواْ لِلَّذِينَ ٱسۡتُضۡعِفُوٓاْ أَنَحۡنُ صَدَدۡنَٰكُمۡ عَنِ ٱلۡهُدَىٰ بَعۡدَ إِذۡ جَآءَكُمۖ بَلۡ كُنتُم مُّجۡرِمِينَ
Акыйкатка текеберлик кылып өздөрүнө ээрчиткендер аларды ээрчиген алсыздарга айтышты: «Мухаммад силерге алып келген туура жолду ээрчүүдөн силерди биз тоскон белек?! Жок! Силер өзүңөр зулум кылган, бузулган жана бузукулук кылган адамдар болдуңар».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ ٱسۡتُضۡعِفُواْ لِلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُواْ بَلۡ مَكۡرُ ٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ إِذۡ تَأۡمُرُونَنَآ أَن نَّكۡفُرَ بِٱللَّهِ وَنَجۡعَلَ لَهُۥٓ أَندَادٗاۚ وَأَسَرُّواْ ٱلنَّدَامَةَ لَمَّا رَأَوُاْ ٱلۡعَذَابَۚ وَجَعَلۡنَا ٱلۡأَغۡلَٰلَ فِيٓ أَعۡنَاقِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْۖ هَلۡ يُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Ал эми аларды ээрчиген алсыздары, чындыкка (муюбай) текеберлик кылган башчыларына минтип айтат: «Жок! Силер күнү-түнү айла-амал кылып бизди туура жолдон тостуңар, бизди Аллахка каапыр болууга, Андан башка нерселерге ибадат кылууга буйрудуңар». Качан алар азапты көргөндө жана азапталарын билгенде бул дүйнөдөгү каапырлыгына ичтеринен өкүнүштү. Биз каапырлардын моюнуна кишен салып койдук. Мындай жазага алардын бул дүйнөдө Аллахтан башкага сыйынып, күнөөгө берилигени гана себеп.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمَآ أَرۡسَلۡنَا فِي قَرۡيَةٖ مِّن نَّذِيرٍ إِلَّا قَالَ مُتۡرَفُوهَآ إِنَّا بِمَآ أُرۡسِلۡتُم بِهِۦ كَٰفِرُونَ
Биз кайсы бир шаарга аларды коркутуш үчүн пайгамбар жибербейли, ал жерде жыргалчылыкта жашаган мансаптуу, атактуу жана бай адамдар: «Эй, пайгамбарлар! Чындыгында биз силерге жиберилген нерсеге каапырлык кылдык» – деп айтышты.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَقَالُواْ نَحۡنُ أَكۡثَرُ أَمۡوَٰلٗا وَأَوۡلَٰدٗا وَمَا نَحۡنُ بِمُعَذَّبِينَ
Мактанып бой көтөргөн атактуу адамдар айтышты: «Биздин байлыгыбыз жана балдарыбыз көп. Ал эми силер бизди азапталат деген оюңар жалган. Биз дүйнөдө да, акыретте да азапталбайбыз».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قُلۡ إِنَّ رَبِّي يَبۡسُطُ ٱلرِّزۡقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقۡدِرُ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Ал берилген жакшылыктарга азгырылгандарга айт: «Менин Раббим Өзү каалаган адамга, ал шүгүр кылабы же танып кетеби деп сынаш үчүн ырыскысын кенен кылат. Ошондой эле Ал Өзү каалаган адамга, ал сабыр кылабы же нааразы болобу деп сынаш үчүн ырыскысын тар кылат». А бирок адамдардын көпчүлүгү Аллах Даанышман Зат экендигин биле беришпейт. Ал эмнени тагдыр кылса, анда терең даанышмандыык бар. Ким аны билсе, билиптир, билбегени билбептир.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمَآ أَمۡوَٰلُكُمۡ وَلَآ أَوۡلَٰدُكُم بِٱلَّتِي تُقَرِّبُكُمۡ عِندَنَا زُلۡفَىٰٓ إِلَّا مَنۡ ءَامَنَ وَعَمِلَ صَٰلِحٗا فَأُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ جَزَآءُ ٱلضِّعۡفِ بِمَا عَمِلُواْ وَهُمۡ فِي ٱلۡغُرُفَٰتِ ءَامِنُونَ
Силер мактанып жаткан байлыгыңар жана балдарыңар силерди Аллахтын ыраазылыгына жеткирбейт. Бирок Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар эселеген сыйлыкка жетишет. Аллах жолунда сарпталган байлыгы жана ага дуба кылган бала-чакасы аны Ага жакындатат. Мына ошолор ыймандуулар, жакшылыктарды кылгандар, аларга кылган жакшылыктары үчүн эселеген сооптор бар. Алар азап, өлүм жана жакшылыктын токтоп калуусу сыяктуу бардык коркунучтардан саламатта болуу менен бейиштин бийик жайларында болушат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَٱلَّذِينَ يَسۡعَوۡنَ فِيٓ ءَايَٰتِنَا مُعَٰجِزِينَ أُوْلَٰٓئِكَ فِي ٱلۡعَذَابِ مُحۡضَرُونَ
Ал эми өздөрүнүн максаттарын ишке ашырыш үчүн адамдарды Биздин аяттарыбыздан бурууга болгон аракеттерин жумшаган каапырлар бул дүйнөдө кыйроого учурашат, акыретте азапталышат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قُلۡ إِنَّ رَبِّي يَبۡسُطُ ٱلرِّزۡقَ لِمَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦ وَيَقۡدِرُ لَهُۥۚ وَمَآ أَنفَقۡتُم مِّن شَيۡءٖ فَهُوَ يُخۡلِفُهُۥۖ وَهُوَ خَيۡرُ ٱلرَّٰزِقِينَ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында Раббим Өзү каалаган пендесине ырыскыны кенен кылат, алардан кимисине кааласа аны тар кылат. Силер Аллах жолуна эмнени сарптасаңар, Аллах анын ордуна бул дүйнөдө силерге андан да жакшысын берет жана акыретте көптөгөн соопторду берет. Аллах таала эң жакшы ырыскы берүүчү. Ким ырыскы издесе, анда Ага кайтсын».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• تبرؤ الأتباع والمتبوعين بعضهم من بعض، لا يُعْفِي كلًّا من مسؤوليته.
Ээрчиткендер менен ээрчигендердин бири-биринен баш тартуусу алардын эч кимисин жоопкерчиликтен куткарбайт.

• الترف مُبْعِد عن الإذعان للحق والانقياد له.
Кесирлик менен болгон бийлик, байлык акыйкатка моюн сунуудан жана ага ээрчүүдөн алыстатат.

• المؤمن ينفعه ماله وولده، والكافر لا ينتفع بهما.
Ыймандууга анын байлыгы жана бала-чакасы пайда берет, каапырга ал экөөсүнүн эч бири пайда бербейт.

• الإنفاق في سبيل الله يؤدي إلى إخلاف المال في الدنيا، والجزاء الحسن في الآخرة.
Аллах жолунда мал-мүлк сарптоо бул дүйнөдө байлыкты арттырат жана акыретте жакшы сыйлыкка жеткирет.

وَيَوۡمَ يَحۡشُرُهُمۡ جَمِيعٗا ثُمَّ يَقُولُ لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ أَهَٰٓؤُلَآءِ إِيَّاكُمۡ كَانُواْ يَعۡبُدُونَ
Оо, пайгамбар! Аллах алардын баарысын чогулткан күндү эстечи. Анан Ал мушриктерди айыптап периштелерден: «Дүйнө жашоосунда Аллахтан башка силерге сыйынгандар ушуларбы?» – деп айтат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قَالُواْ سُبۡحَٰنَكَ أَنتَ وَلِيُّنَا مِن دُونِهِمۖ بَلۡ كَانُواْ يَعۡبُدُونَ ٱلۡجِنَّۖ أَكۡثَرُهُم بِهِم مُّؤۡمِنُونَ
Периштелер айтышат: «Сен аруусуң жана ыйыксың! Алар эмес, Сен биздин колдоочубузсуң. Биз менен алардын ортобузда эч кандай достук мамиле жок. Тескерисинче ал мушриктер жин-шайтардарга сыйынышкан, аларга периште болуп кубулуп көрүнүшкөн, ошондо алар Аллахтан сырткары аларга сыйынышкан, көпчүлүгү аларга ыйман келтиришкен».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَٱلۡيَوۡمَ لَا يَمۡلِكُ بَعۡضُكُمۡ لِبَعۡضٖ نَّفۡعٗا وَلَا ضَرّٗا وَنَقُولُ لِلَّذِينَ ظَلَمُواْ ذُوقُواْ عَذَابَ ٱلنَّارِ ٱلَّتِي كُنتُم بِهَا تُكَذِّبُونَ
Алар дүйнөдө Аллахтан башка сыйынган кудайчалары аларга жыйын жана сурак күнү пайда бере алышпайт жана зыян да келтире алышпайт. Биз каапырлык жана күнөөлөр себептүү өздөрүнө зулум кылгандарга: «Дүйнөдө силер жалганга чыгарган тозок азабын тарткыла» – айтабыз.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتُنَا بَيِّنَٰتٖ قَالُواْ مَا هَٰذَآ إِلَّا رَجُلٞ يُرِيدُ أَن يَصُدَّكُمۡ عَمَّا كَانَ يَعۡبُدُ ءَابَآؤُكُمۡ وَقَالُواْ مَا هَٰذَآ إِلَّآ إِفۡكٞ مُّفۡتَرٗىۚ وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لِلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَهُمۡ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّبِينٞ
Элчибизге түшкөн эч кандай бүдөмүгү жок ачык-айкын аяттарыбыз мушриктерге окулганда алар айтышты: «Муну алып келген бул киши силерди ата-бабаңардын жолунан бурууну каалаган киши». Дагы алар: «Бул Куран Аллахтын атынан ойлоп табылган жалган гана нерсе» – деп айтышты. Жана Аллахка каапырлык кылгандар Аллахтын алдынан келген Куран күйөө менен аялды, ата менен баланы ажыратканы үчүн «Бул сыйкыр гана!» деп айтышты.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمَآ ءَاتَيۡنَٰهُم مِّن كُتُبٖ يَدۡرُسُونَهَاۖ وَمَآ أَرۡسَلۡنَآ إِلَيۡهِمۡ قَبۡلَكَ مِن نَّذِيرٖ
Оо, пайгамбар! Биз аларга бул Куран Мухаммад ойлоп тапкан жалган нерсе деп билдиргендей окуй турган китептерди берген эмеспиз жана Биз сени жибергенге чейин аларды Аллахтын азабынан коркуткан элчини да жиберген эмеспиз.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَكَذَّبَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ وَمَا بَلَغُواْ مِعۡشَارَ مَآ ءَاتَيۡنَٰهُمۡ فَكَذَّبُواْ رُسُلِيۖ فَكَيۡفَ كَانَ نَكِيرِ
Аад, Самуд жана Луттун эли сыяктуу мурда жашаган көп коомдор (динди) жалганга чыгарышкан. Сенин коомуңдагы мушриктер күч, эрк, байлык жана сан жагынан коомдордун ондон бирине да жетпейт. Алардын баары пайгамбарын жалганга чыгарган. Аларга берилген байлыгы, кубаты, саны аларга эч кандай пайдасын тийгизген эмес. Ошентип, алар Менин азабыма кабылды. О, пайгамбар! Мен аларды кандай четке какканымды жана аларды кандай жазалаганымды карачы!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
۞ قُلۡ إِنَّمَآ أَعِظُكُم بِوَٰحِدَةٍۖ أَن تَقُومُواْ لِلَّهِ مَثۡنَىٰ وَفُرَٰدَىٰ ثُمَّ تَتَفَكَّرُواْۚ مَا بِصَاحِبِكُم مِّن جِنَّةٍۚ إِنۡ هُوَ إِلَّا نَذِيرٞ لَّكُم بَيۡنَ يَدَيۡ عَذَابٖ شَدِيدٖ
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Мен силерге бир сыпатты кеңеш кылам: Аллах үчүн напси каалооңорду таштап эки-экиден же жалгыздан тургула, анан Мухаммаддын жинди эместиги силерге ачык болуш үчүн анын өмүр таржымалы тууралуу, ошондой эле силер билген акылдуулугу, чынчылдыгы жана аманаткөйлүгү тууралуу ойлонуп көргүлө. Силер Аллахка кылган ширкке тообо кылбасаңар ал силерге болгону катуу азаптан алдын ала эскертүүчү».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قُلۡ مَا سَأَلۡتُكُم مِّنۡ أَجۡرٖ فَهُوَ لَكُمۡۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَى ٱللَّهِۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدٞ
Оо, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерге айт: «Мен силерге алып келген туура жол жана жакшылык өзүңөрдүн пайдаңарга, ага акы сурабаймын, андан болгон сооп-сыйлыктар өзүңөргө гана насип болот. Ал эми менин сооп-сыйлыгымды Аллах гана берет. Ал бүткүл нерсеге Күбө. Мен силерге жеткиргениме Ал өзү күбө жана силердин иш-аракеттериңерге да күбө, эми алардын сыйлыгын же жазасын Өзү силерге толугу менен берет».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قُلۡ إِنَّ رَبِّي يَقۡذِفُ بِٱلۡحَقِّ عَلَّٰمُ ٱلۡغُيُوبِ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында Раббим акыйкатты жалгандан үстүн кылып, жалганды жокко чыгарат. Ал кайыптарды Билүүчү. Асмандардагы жана Жердеги эч бир нерсе Ага жашыруун эмес, ошондой эле пенделеринин иш-аракеттери да Ага жашыруун эмес».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• التقليد الأعمى للآباء صارف عن الهداية.
Ата-бабаларды сокур ээрчүү акыйкат жолдон чыгарат.

• التفكُّر مع التجرد من الهوى وسيلة للوصول إلى القرار الصحيح، والفكر الصائب.
Напси каалоолордон арылып ой жүгүртүү туура чечимге жана туура ой жүгүртүүгө алып баруучу себептерден.

• الداعية إلى الله لا ينتظر الأجر من الناس، وإنما ينتظره من رب الناس.
Аллахка чакыруучу адам сыйлыгын адамдардан күтпөйт, ал аны адамдардын Раббисинен гана күтөт.

قُلۡ جَآءَ ٱلۡحَقُّ وَمَا يُبۡدِئُ ٱلۡبَٰطِلُ وَمَا يُعِيدُ
Оо, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерге айт: «Акыйкат болгон Ислам келди жана жалган жок болду. Эми жалгандын эч кандай таасири же күчү калбайт жана ал таасирдүүлүгүнө кайтпайт».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قُلۡ إِن ضَلَلۡتُ فَإِنَّمَآ أَضِلُّ عَلَىٰ نَفۡسِيۖ وَإِنِ ٱهۡتَدَيۡتُ فَبِمَا يُوحِيٓ إِلَيَّ رَبِّيٓۚ إِنَّهُۥ سَمِيعٞ قَرِيبٞ
Оо, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерге айт: «Эгерде мен силерге жеткирген нерседе акыйкаттан адашкан болсом, анда ал адашуумдун зыянын өзүм гана тартам, силерге анын эч бир нерсеси жетпейт. А эгер ага карай туура жолго түшсөм, анда Раббимдин мага вахий кылган себебинен болду. Чындыгында Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу, Жакын, менин айткан сөздөрүмдү угуу Ал үчүн кыйын эмес».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلَوۡ تَرَىٰٓ إِذۡ فَزِعُواْ فَلَا فَوۡتَ وَأُخِذُواْ مِن مَّكَانٖ قَرِيبٖ
Оо, пайгамбар! Ал жалганчылар кыямат күнү азапты көргөндө коркушкандарын көрсөң кана! Алар үчүн андан качып кутулуу жок, андан коргонор жай да жок. Алар биринчи жолкусунда эле жакын жерден жеңил эле колго түшүшөт. Эгер аны көргөн болсоң, таң калыштуу ишти көрмөксүң.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَقَالُوٓاْ ءَامَنَّا بِهِۦ وَأَنَّىٰ لَهُمُ ٱلتَّنَاوُشُ مِن مَّكَانِۭ بَعِيدٖ
Алар барар жайын көрүшкөндө: «Биз кыямат күнүнө ишендик» –дешет. Алар сурак кылынбастан иш-аракет кылына турган дүйнө жайынан иш-аракет кылынбастан сурак бере турган акырет жайына өтүп, ошондой эле ыйман кабыл кылына турган дүйнө жайынан алыстап кетишкен болсо, эми алар кантип ыйман келтирүүгө, аны кабыл кылууга жетишмек эле?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَقَدۡ كَفَرُواْ بِهِۦ مِن قَبۡلُۖ وَيَقۡذِفُونَ بِٱلۡغَيۡبِ مِن مَّكَانِۭ بَعِيدٖ
Алар дүйнө жашоосунда ага каапыр болуп, акыйкатты билбей туруп, алыстан эле Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) тууралуу «сыйкырчы, көзү ачык, акын» деп, ар кандай жалаа жаап жатса, ыйман аларга кантип жетип, кантип кабыл кылынсын?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَحِيلَ بَيۡنَهُمۡ وَبَيۡنَ مَا يَشۡتَهُونَ كَمَا فُعِلَ بِأَشۡيَاعِهِم مِّن قَبۡلُۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ فِي شَكّٖ مُّرِيبِۭ
Ал жалганчылар өздөрү каалагандай дүйнө жыргалчылыктарына, каапырлыктан тообо кылууга, тозоктон кутулууга жана дүйнө жашоосуна кайтууга жетүүдөн тосулуп калышты. Аларга окшогон мурунку жалганчы коомдорго да ушундай кылынган. Чындыгында алар пайгамбарлар алып келишкен жалгыз Аллахка сыйынуу, кайра тирилүүгө ишенүү сыяктуу нерселерге каапырлыкка алып барган катуу шектенүүдө болушкан.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• مشهد فزع الكفار يوم القيامة مشهد عظيم.
Кыяматта каапырлардын коркунучка түшкөн көрүнүшү чоң көрүнүш.

• محل نفع الإيمان في الدنيا؛ لأنها هي دار العمل.
Ыймандын пайда бере турган жайы бул дүйнө. Анткени ал иш-аракет кыла турган жай.

• عظم خلق الملائكة يدل على عظمة خالقهم سبحانه.
Периштелердин ушунчалык чоң болуп жаралуусу алардын Жаратуучусунун улуктугуна далил болот.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: ছুৰা ছাবা
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

বন্ধ