Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: গাফিৰ   আয়াত:
قَالُوٓاْ أَوَلَمۡ تَكُ تَأۡتِيكُمۡ رُسُلُكُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِۖ قَالُواْ بَلَىٰۚ قَالُواْ فَٱدۡعُواْۗ وَمَا دُعَٰٓؤُاْ ٱلۡكَٰفِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَٰلٍ
Тозок сакчылары каапырларга: «Силерге пайгамбарларыңар ачык-айкын далилдер менен келген жок беле?» – деп сурашканда каапырлар айтышты: «Ооба, алар бизге ачык-айкын далилдер менен келишкен». Сакчылар аларды шылдыңдап: «Анда өзүңөр жалбаргыла! Биз каапырларга ортомчу боло албайбыз. Каапырлардын жалынып-жалбаргандары алардын каапырлыгы себептүү кабыл кылынбастан текке кетет» – деп айтышты.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَيَوۡمَ يَقُومُ ٱلۡأَشۡهَٰدُ
Чындыгында Биз пайгамбарларды жана бул дүйнөдө Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтиргендерди далилдерин үстөм кылып, аларды душмандарына каршы колдоп жардам беребиз. Ошондой эле аларга колдоо көргөзүп, аларды бейишке киргизебиз, душмандарын бул дүйнөдө жазалайбыз жана акыретте аларга пайгамбарларды, периштелерди жана ыймандууларды дааваттын жеткенине жана алардын жалганга чыгаргандарына күбө кылып тозокко киргизебиз.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَوۡمَ لَا يَنفَعُ ٱلظَّٰلِمِينَ مَعۡذِرَتُهُمۡۖ وَلَهُمُ ٱللَّعۡنَةُ وَلَهُمۡ سُوٓءُ ٱلدَّارِ
Ал күндө каапырлык жана күнөө кылып өздөрүнө зулумдук кылгандарга ал тууралуу шылтоолору пайда бербейт. Алар ал күнү Аллахтын ырайымынан кууп салынат жана акыретте алар үчүн жан кыйнаган азапка туш кылуучу эң жаман жай бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡهُدَىٰ وَأَوۡرَثۡنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱلۡكِتَٰبَ
Биз Мусага Исраил урпактарын акыйкатка багыттаган илимди бердик жана Тооратты муундан-муунга мурас болуп өткөн китеп кылып койдук.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
هُدٗى وَذِكۡرَىٰ لِأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِ
Ал акыйкат жолго карай багыт жана туура акыл жүгүрткөндөр үчүн эскертме.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَٱصۡبِرۡ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ وَٱسۡتَغۡفِرۡ لِذَنۢبِكَ وَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّكَ بِٱلۡعَشِيِّ وَٱلۡإِبۡكَٰرِ
Оо, пайгамбар! Элиңдин сени жалганга чыгарганына жана алардын зыяндарына сабыр кыл! Чындыгында Аллахтын сени колдойм жана жеңишке жеткирем деген убадасы шек-күмөнсүз чындык. Ошондой эле күнөөң үчүн кечирим сура жана эртең менен жана кечинде Раббиңе мактоолорду айтып аруула!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يُجَٰدِلُونَ فِيٓ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ بِغَيۡرِ سُلۡطَٰنٍ أَتَىٰهُمۡ إِن فِي صُدُورِهِمۡ إِلَّا كِبۡرٞ مَّا هُم بِبَٰلِغِيهِۚ فَٱسۡتَعِذۡ بِٱللَّهِۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡبَصِيرُ
Аллахтын аят-белгилерин эч дайын-далилсиз эле жокко чыгарууга аракет кылып талашып-тартышкандардын мындай ишке баруусуна, алардын бой көтөрүүсү жана акыйкатты моюндабаган текеберлиги түртүп жатат. Алар бой көтөрүү менен көздөгөнүнө жете албайт. О, пайгамбар! Аллахтан коргоо сурагын! Чынында, Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Көрүүчү. Амалдардын эч бири Ага билинбей калбайт, жана ошол амалына жараша аларга сыйын же жазасын берет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
لَخَلۡقُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ أَكۡبَرُ مِنۡ خَلۡقِ ٱلنَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ
Акыйкатта эбегейсиз чоң жана кең болгон асмандар менен жерди жаратуу – адамдарды жараткандан да улуу нерсе. Ал экөөсүнүн улуулугуна карабастан аларды жараткан Аллах – өлүктөрдү да кабырларынан сурак жана жаза-сыйлык үчүн кайрадан тирилтүүгө кудуреттүү. Бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт, сабак алышпайт жана муну айкындыгына карабастан кайра тирилүүгө далил кылышпайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمَا يَسۡتَوِي ٱلۡأَعۡمَىٰ وَٱلۡبَصِيرُ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَلَا ٱلۡمُسِيٓءُۚ قَلِيلٗا مَّا تَتَذَكَّرُونَ
Көзү көргөн адам менен көрбөгөн адам тең эмес. Ошондой эле Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарлардын чынчылдыгын тастыктап, жакшылык иштерди кылгандар менен бузуку ишеним жана күнөөлөр себептүү жамандык иштерди кылгандар тең эмес. Силер өтө аз гана үлгү аласыңар. Эгер силер үлгү алганыңарда, анда бул эки топтун айырмасын билмексиңер, Аллахтын ыраазылыгын көздөп ыйман келтиргендерден жана жакшылык иштерди кылгандардан болууга жанталашмаксыңар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• نصر الله لرسله وللمؤمنين سُنَّة إلهية ثابتة.
Аллахтын пайгамбарларына жана ыймандууларга жардам берүүсү – Аллахтын түзүп койгон анык жолу.

• اعتذار الظالم يوم القيامة لا ينفعه.
Кыяматта залымдын шылтоосу ага пайда бербейт.

• أهمية الصبر في مواجهة الباطل.
Жалганга туруштук берүүдө сабырдуулуктун маанилүүлүгү.

• دلالة خلق السماوات والأرض على البعث؛ لأن من خلق ما هو عظيم قادر على إعادة الحياة إلى ما دونه.
Асмандар менен жердин жаралуусу кайра тирилүүгө далил болот. Анткени ушундай улуу нерселерди жараткан Аллах – алардан төмөн нерсени кайра жашоого алып келүүгө кудурети жетет.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: গাফিৰ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ